Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1729

Быйылкы күзгү саясий сезондун башкаларынан айырмасы –2015-жылы боло турган парламенттик шайлоого байланыштуу, бардык демилгелер, мышык-чычкан оюндар электоратты өзүнө бурдуруу же болбосо калктын башын айлантууга багытталат. Алтын шилекейлер чачырай турган учур келди. Кооз ураандар, жарашса да жарашпаса да өзүн мактатмайлар, атаандаштарын каралоолор биздин күнүмдүк жей турган тамагыбызга айланып калат. Электоратка бир чети жакшы, себеби, саясатчылар чыныгы жүзүн ача баштайт, мындай бекер шоуну бир да концерттен көрө албайсың. Кыскасы, эгемен элибиз зерикпейт, күбө болуп атканына ишенеби-жокпу, албетте жыйырма биринчи маселе...

 

“Ата-Мекен”: популисттик ураандардын атасы

 

Кыргызстандагы саясий партиялардын “карышкыры” экени чын. Саясий уюмдун түбөлүктүү лидери Өмүрбек Текебаевдин жеке авантюралары, акыл жөндөмү, алдыда боло турган нерсени көрө билген көсөмдүгүнүн арты менен “ата-мекенчилер” 4 жыл мурда вокзалдан чыгып бара жаткан жеринен “парламент” багытын алган поезддин акыркы вагонуна учкаша калган эле. Ошондон улам да, азыркыга чейин Жогорку Кеңеште “Ата-Мекен” эмес, андан арбын добуш алган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы олтурушу керектиги тууралуу талаштар токтобой келет. Бир чети, эгерде “ата-мекенчилер” элге берген убадасында туруп, милдетин так аткарышса, эл өзү мындай сөздөргө чекит коймок. Текебаевдин партиясы бирок, ордо оюндарынан колу бошобой, улам бир коалициянын бузулушуна, өкмөттүн кетирилишине салым кошуп келатканы эле болбосо, мактана турган деле эч нерсе кыла албады.

 

Аталган партиянын шайлоо алдында берген убадаларынын эң негизгиси – кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш болчу. Бул жаатта эмне кылды? Иш жүзүндө бул күрөш Текебаевдин Атамбаев баштаган күрөштү ооз жүзүндө колдоосу менен эле чектелди. Башкача айтканда, Өмүрбек Чиркешович азыркы бийликтин тап душмандарынын коррупция шылтоосу менен камалып жатканын өз пайдасына оодарганга аракет жасады. Айрыкча, Ахматбек Келдибековго тийешелүу маселеде “бул коррупцияга каршы күрөштүн алкагындагы иш” таризинде билдирип жатканы – Текебаевдин түштүктөгү ансыз дагы аз электоратын азайтты. Бирок Өмүке замандын күрөө тамырын кармаганды билет. Акыркы кезде Текебаев кайрадан ошол чийилген пластинкени алып чыгып, өлкөдө криминалга жана коррупцияга каршы күрөш жеткиликтүү деңгээлде жүрбөй жатканын билдирди. Тийешелүү министрлик жетекчилерин бутага алганы менен, буга бүтүндөй өкмөттү күнөөлүү кылууга аракет жасоодо. Дал ушул шылтоо бир, башка жагынан өлкөдө орун алган социалдык-экономикалык кризис, баалардын жогорулашын бетке тутуп, Текебаев коалицияны бузуп, өз партиясын оппозицияга алып кетүүнү пландап жатканын эксперттер айтышууда. Бирок, өлкөдө маселен уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жакшы жүрбөй жатканына же болбосо энергетикалык кризистин орун алганына дал ушул “Ата-Мекендин” да түздөн-түз тийешеси бар экенин калайык калк билбейт дейсизби? Бизде келесоолор да “Ата-Мекен” биринин артынан бири кеткен өкмөттөрдү куроого катышканын билет. Ошол себептүү, бул ирет мындай интригалар менен элдин башын айлантуу Текебаевге кыйыныраак болот. Анткен менен “ата-мекенчилердин” башка жолу жок. Элдин ар убак куугунтуктагы, оппозициядагы адамдарга жан тартаары бул ирет да “Ата-Мекендин” пайдасына ойноп кетерине “ставка” жасашууда.

 

Адилеттүүлүк үчүн айтып коюу зарыл – эгерде оппозиционер болсо Текебаев бийлик үчүн чынында коркунучтуу. Бекеринен өзүн карышкыр, калгандарын бөлтүрүк санап аткан жок да. Эгер “Ата-Мекен” оппозицияга кетсе – Атамбаевге кыйын кырдаал түзүлөт. Өмүкени от алып кетсе, парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу же президентке ишенбөөчүлүк көрсөтүү оюндары башталып кетиши ыктымал. А булардын механизмдерин бизде бир гана Текебаев сааттын жебесиндей тыкылдатып иштете алат.

 

Балким, Текебаевден дал ушундай катуу кадамдарды күткөнү үчүн да учурда анын тегерегине бир катар саясий күчтөр бириккени тургандыр. Эгерде Өмүке кааласа, анда мурдагыдай кеңири мүмкүнчүлүктөрдү өзүнө оодарып ала турган харизмасы бар экенин жашырып болбойт. Оппозицинер Текебаев катарына чынында күчтүү саясатчыларды топтой алса, анда албетте шайлоодо шансы жогорулайт.

 

Саясий сезонго старт берилердин алдында Ө.Текебаев Баткен облусундагы чек аралуу аймактарды кыдырды, эл менен жолукту. “Ата-Мекенчини” жакшы тосуп алышканын айтышууда. Жолугушууда Текебаев чек ара маселесин чече албаган бийликти катуу сынга алган. Эл бул сөздөрдү кол чабуу менен кабыл алды. Канткен күндө да Өмүке качан, кайсы жерге барып, кандай сүйлөштү билген адам. Анан кантип ал партиясын жеңдирип коюп, карап олтуруп алат?

 

Президенттин партиясы жана административдик ресурс

 

Иш жүзүндө өлкөнүн өнүгүү багытына башкы жоопкерчилик президенттик Кыргызстан социал-демократтар партиясына (КСДП) жүктөлөрү турган иш. Кыргызстан аталышындагы кеме чөгө баштаганы эксперттер тарабынан акыркы кезде көп кайталанчу болду. Президент Атамбаев деле келгенден бери коалицияны куроону парламенттик шайлоону жеңген “Ата-Журтка” эмес, дайыма КСДПга берип келатат. Башкача айтканда, өзү жоопкерчиликти алып атат. Азыр карай турган болсоң, президент да, парламенттин төрагасы да, облусттагы өкмөт өкүлдөрүнүн көпчүлүг да бүт КСДПдан (министрлер, акимдерди санабай эле коёлу). Буга чейин премьер-министр да КСДПдан болчу, бирок, акыркысында четтен Жоомарт Оторбаевди алып келишти. Азыркы өкмөт башчыны “Ата-Мекен” жылдырганы менен, сөөгү президенттин адамы. Алмазбек Шаршенович менен достук мамилеси бар. Анын кээде Текебаевдин айтканын жасап койгону деле президент менен кеңешип жасалып жаткан кадам. “Ошону тантыратпай, айтканын кылып койчу”,- дегендей команда түшсө керек.

 

КСДП парламенттик шайлоодо: Акыркы жылдары бийликти бир колго топтоо күчөгөн, президент жана анын аппараты бийликтин бардык органдарын өзүнө баш ийдирип, жадагалса парламент башкалардын көрсөтмөсүн аткарып, куралга айланган. Биздин партия мындайга жол бербөө үчүн жаңы саясий системаны, парламенттик-президенттик башкарууну колдоду,”- деген билдирүү менен чыккан. Турмуш өзү көрсөткөндөй, бийлик бир партия тарабынан менчиктештирилди. Азыр өлкөдө КСДПнын мүчөсү болгон мода. Анткени, президенттин партиясынын атынан барсаң, маселең оңой чечилет. Өткөндө бала бакчага путевка алганы барсак, элдин кезегин күтпөстөн, чокчоңдогон бирөөсү түз эле кирип кетти. Адамдар 3-4 айлап, 1 жылдап путевка ала албайт. А тигил аялдын артынан чуркап жүрүшөт, “бизди уят кыла көрбөңүз, мобул керектүү документтерди таштатып коюңуз”,- деп. Көрсө, ал аял КСДП партиясынын өкүлү экен, путевканы да заматта алып кетти. Мына ушуга окшогон көрүнүштөр бийлик партиясынын аброюн көкөлөтөт дейсизби? Мода үчүн эле жазылып коюшпаса, бул партияга нааразы болгондор арбын.

 

Мына ушундай шартта КСДПнын ишенгени административдик ресурста болууда. 2011-жылы да аталган партиянын талапкери президенттик жарышты утуп алган. Бирок, чын айтуу керек, көз боёмочулук, бурмалоолордун арты менен. Быйыл болсо бийлик “биометрика” деген батыш өлкөлөрү тарабынан четке кагылган нерсени ойлоп табышты. Көрсө, ошону менен таза шайлоо өткөзөт экен. БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков ачык эле айтты го, мунун кезектеги көз боёмочулук экенин. Кадамжайда ушул система менен шайлоо өткөзсө, колдо саналган бюллетень менен мунун айырмасы асман менен жердей болуп чыгыптыр. Демек, бул дагы чоң афёра. Шайлоону утуунун гана амалы...

 

Куловдун “ар-намысы” калдыбы?

 

Феликс Кулов унчукпас, президенттин айтканынан чыкпас саясатчыга айланып калгандан бери, партиясынын кадыры да ылдыйлап кеткен. Анын үстүнө, эл ичинде “Ар-Намысты”: “Парламентке соода кылганы келген го...”- деп шылдыңга алышат. Чынында эле, аталган партиянын ишмердүүлүгүн карай турган болсок, көзгө уруна турган иши жок. Өз катарындагы депутаттарды өкмөткө, майлуу-сүттүү жерлерге жылдыруу менен алек. Же алары жакшы иштеп, партияга аброй алып келсечи?!

 

Мисалы Абдырахман Маматалиевдин вице-премьер болуп дайындалганы чек арадагы элге жаккан жок. “Өзү туткунга түшкөн адам кантип чек ара боюнча сүйлөшө алат”,- деп тынчсызданышкан. Айткандай эле, Маматалиевдин тушунда чек ара жаңжалдары огобетер күчөп, өзү болсо баткенчи жергиликтүү калктын туткунуна түшкөнгө да үлгүрдү. Дагы бир “ар-намысчы” Камила Талиеваны эч бир тийешеси жок болсо да, Маданият министрлигине жылдырышты. Коомчулук муну түз айтанда өкүрүк менен кабыл алды. Маданият ишмерлдери Талиева дайындалганда өкмөт үйүнүн алдында өкүрүк акциясын өткөзүүгө үлгүрдү. Ал эми “Ар-Намыска” энчиленген Мамлекеттик каттоо кызматы коррупциялык чырлардан башы чыкпайт. Ушинтип санай берсек сөз бүтпөйт. Демек, бул партия да элге берген убадасын унутуп, парламентти бизнес жүргүзүүчү жайга айландырып алды.

 

“Ар-Намыстын” эл ичиндеги реалдуу салмагын Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоолор көрсөткөн. “Өмүрбек Суваналиев – наш мэр”,- деп килейген баннерлерди илип алышканы менен, жыйынтыгында “ар-намысчылар” көчтүн артында калды. Республиканын аймагында да “Ар-Намыстын” реалдуу салмагы ушундай.

 

Соңку сөз ордуна

 

Эмнеси болсо да, кыргыз эли шайлоо эмне экенин акыры түшүнүшү керек. Мурункудай акчага алданса, дагы эле баягылар келет. Туура тандоо жүргүзүүдөн Кыргызстандын жакынкы келечеги көз каранды. Ошондуктан жүрөгүңөр менен шайлаганды үйрөнгүлө, кыргыздар! Өзүбүз туура эмес тандап, анын артынан революция кылып жүрө беребизби?

 

Автандил Белеков

 

Автордон: Парламенттеги башка эки партия – “Ата-Журт” жана “Республика” тууралуу кеп кийинкиде козголот...

 

Булак: “Майдан.kg”