Франко Галдини менен Рыскелди Сатыке Кумтөр алтын кениндеги мыйзам бузууларды иликтешкен. Төмөндө ошол иликтөөнүн айрым бөлүктөрүн “Центерра Голд” компаниясынын өкүлдөрүнүн иликтөөнүн корутундусуна берген жооптору менен чогуу жарыялайбыз.
 
2012-жылдын жайында Кыргыз Республикасы (КР) Израилдеги эки юридикалык жана бухгалтердик «Мушкат» (Muszkat Consultants) жана аудитордук Барлев (Barlev Investigative Auditing) компанияларына Кумтөр кени боюнча мурдагы келишимдерге деталдуу түрдө анализ жасап, КР элинин кызыкчылыгы үчүн “Кумтөр” долбоорунун пайдасын көбөйтүп жана кыргыз өкмөтүнө мыйзамга туура келбеген иш-аракети үчүн “компенсация” алууну аналидөөнү тапшырган (Muszkat Consultants отчету боюнча).
 
Кумтөр кени – Борбор Азияда алтын ачык ыкма менен казылган, деңиз деңгээлинен төрт миң метр бийиктикте Тянь-Шань тоолорунда жайгашкан, Ысык-Көл облусунундагы кен. Эл аралык Рейтер маалымат агенттиги 2013-жылы "Кумтөр Кыргызстандын экономикасынын 7,7%, өндүрүштүн 24% жана өлкөнүн жалпы экспортунун 36,5% түзөөрүн” жазган.
 
Ага карабай алтын кен көп жылдардын бери саясий жана экологиялык талкууларга айланып, анын натыйжасында Кумтөр коомдук карама-каршылыктарды пайда кылган. Айрыкча соңку беш жылда коррупциялык схемалар ачыкка чыккан. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында “Кумтөр” долбоорундагы үлүштүн көлөмү боюнча парламенттик оппозиция менен президент Атамбаевдин ортосундагы айлап созулган кызуу талаш-тартыштан кийин парламенттеги көпчүлүк коалиция оппозициялык партиялардын кенди улутташтыруу талабын четке кагып, “кен казууну улантуу үчүн “Центерра Голд” компаниясы менен 50/50 үлүшүндө биргелешкен ишкана түзүү” долбоорун жактырган. Эки тарап тең макулдашуунун үстүндө иштөөнү улантууда.
 
Кумтөр кенин иштетүү боюнча биринчи макулдашууга 1992-жылдын 4-декабрында кол коюлган. КР жана канадалык тоо-кен иштетүүчү жана энергетикалык гигант саналган “Камеко” компаниясы ортосунда кол коюлган макулдашуу Аскар Акаев өлкөнүн алгачкы президенти болуп шайлангандан кийин экинчи жылы күчүнө кирген.     
 
Тараптар «Кумтөр» (Kumtor Gold Company) алтын казуучу компаниясын түзүүнү макулдашып, анын 67% “Кыргызалтын” мамлекеттик компаниясына жана 33% “Камеко” ишканасына таандык болуп бекитилген. 1997-жылдын 7-январында кен казуу иштери башталардан бир жыл мурун “Камеко” Kumtor Gold Company ишканасындагы канадалыктардын кызыкчылыктарын эффективдүү башкаруу үчүн Cameco Gold Inc филиалын түзгөн.
 
Төрт миллион АКШ долларынын табышмактуу төлөнүшү
 
Muszkat Consultants компаниясынын юридикалык анализинин жыйынтыгында жана Barlev Investigative Auditing компаниясынын экономикалык баасында канадалык “Камеко” компаниясы чет мамлекеттик расмий адамдарды сатып алууга (паралоого) тиешеси бардыгы укуктук суроолорду жаратат. 1998-жылкы Канаданын “чет элдик адамды сатып алуу жөнүндө” мыйзамы 14 жылга чейин эркинен ажыраткан жаза чектейт. 2013-жылдын 19-июнунда Muszkat Consultants юридикалык фирмасы Жогорку Кеңешке жиберген катта аталган фирма “Камекого” каршы 3.5 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө чыгым келтирди деген доо арыз берүүнү сунуштап, кыргыз өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргоп берүүгө даярдыгын билдирет.
 
Биз эксперттик корутундулардын көчүрмөлөрүн орус тилинде алдык. Алардын айрым бүтүмдөрү төмөнкүдөй:
 
2002-жылы сентябрда КРнын өкмөтү менен “Камеконун” ортосундагы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо боюнча долбоордо төрт миллион АКШ доллары “Камеконун” эсебинен “Кыргызалтынга” которулган. 2002-жылдын 25-сентябрында ошол кездеги финансы министри Болот Абилдаев “Камеконун” Директорлор кеңешинин төрагасы Бернан Мишелге жолдогон катында Kumtor Gold Company ишканасын реструктуризациялоо үчүн аванс катары төрт миллион доллар алынганын тастыктап, иш 2002-жылдын 1-декабрына чейин бүтүшү керектиги эскертилет.   
 
Кыргызстандын Финансы министрлиги белгиленген мөөнөттө иш аткарылбаса, “Kumtor Gold Company ишканасынын концессиондук төлөмдөрүнөн жана башка салыктын” эсебинен төлөп берүүгө милдеттеме алганы Barlev Investigative Auditing компаниясынын отчетунда белгиленет.
 
2002-жылдагы «Камеко» компаниясынын жылдык отчетунда төрт миллион АКШ доллары которулганы, же аванс түрүндө төлөнгөнү көрсөтүлбөгөнү таң каларлык факт.  
 
Бирок бул сумма 2003-жылдын 11-июлунда Cameco Gold Inc. компаниясынын президенти Леонард Хоменюктун Финансы министрлигине жазган катында көрсөтүлөт. Muszkat Consultants компаниясынын отчетуна ылайык, төрт миллион АКШ доллары Kumtor Gold Company ишканасынын “келечектеги салыктарынын” эсебинен деп көрсөтүлөт. Эки тарап тең 2002-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөткө үлгүрбөй калгандыктан бул ага чейинки макулдашууга туура келет.
 
Бирок буга катар эле Британиянын Виргин аралдарында катталган Eckerd Ltd деген оффшордук компаниянын директору Жесси Грант Хэстер пайда болот. Ал 2003-жылдын 27-майында Финансы министрлигинин сунуштамасы боюнча «Кыргызалтынга» кайрылып, кыргыз өкмөтүнүн «Камекого» төрт миллион АКШ доллар карызын жаап берүүгө жардамын сунуштайт.   
 
2012-жылы Би-би-си жаңылыктар бюросунун Panorama программасынын иликтөө материалында бирөөнү жалган директор дайындап, “оффшордук структураларды түзүү аркылуу каражаттын изин жоготкон” финансылык схемаларды колдонууда Хэстер мырзанын аты аталган.    
 
Аны менен катар Хэстер мырза ирландиялык Candonly Limited компанияснын директору болгон. Бул компания  Ирактын диктатору Саддам Хусейндин режими тарабынан БУУнун «Соода-сатыкка нефть айырбаштоо» программасы менен көз боемочулук жасоого колдонулганы кийинчерээк ачыкка чыккан. Акыры соңунда 2003-жылдын 5 - июлунда «Кыргызалтын» Eckerd Ltd. менен келишим түзөт. Ага чейин 2003-жылдын 20-июнунда Лондондогу «Атенеум» мейманканасында Хэстер мырза менен «Кыргызалтындын» президенти Камчыбек Кудайбергенов жолугат.
 
Макулдашуунун шарты боюнча Eckerd Ltd. төрт миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү карызды 2002-жылдын 8-июлунда Кумтөр кенинде болгон аварияга компенсация катары берилчү камсыздандыруу төлөмүнүн үчтөн эки бөлүгүнө айырбаштайт. Кендеги дубал кулап кеткен кырсыкта жергиликтүү жумушчу набыт болуп, бир топ материалдык чыгымдарды пайда кылган.
 
2003-жылкы Кумтөрдү реструктуризациялоо
 
Төрт миллион АКШ доллары «карыз» катары берилгени шек туудурбай койбойт. Muszkat Consultants компаниясынын отчетунда «Төрт миллион АКШ доллары боюнча (Eckerd Ltd менен) макулдашуу - фальсификация» деп, камсыздандыруу төлөмү деген термин «параны жаап-жашыруу» экени жана Eckerd Ltd «чыныгы кожоюндары мурдагы президент Акаев менен байланышы бар делген оффшордук компания» экени белгиленет.
 
Ошондой эле Barlev Investigative Auditing компаниясынын корутундусунда “төрт миллион АКШ доллары “Кумтөр” долбооруна тиешеси жок эле “Камеконун” ишмердүүлүгүнөн алынган коррупциялык схеманын бөлүгү” деген бүтүм чыгарылат. “Эмне ишмердүүлүк тууралуу сөз болушу мүмкүн?” Отчеттор көрсөткөндөй, мунун жоопторун 2003-жылкы “Кумтөрдү” реструктуризиациялоо жөнүндө макулдашуудан тапса болот.  
 
2002-жылкы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Cameco Gold Inc. реструктуризация боюнча макулдашуунун эки вариантын сунуштаган. Ага удаа “Кыргызалтын” эки чет элдик компанияны:  Blake жана Cassels & Graydon LLP (Канадада коммерциялык укук боюнча таанымал фирмалардын бири) жана Standard Bank London Limited деген түштүк африкалык эл аралык финансы компаниянын филиалын макулдашуунун кийинки варианттарын анализдөөгө жалдаган.
 
Muszkat Consultants компаниясынын отчетуна ылайык, Standard Bank “башында “Кыргызалтынга” «Центеррадан» 38% акцияны алууну, андан кийинки сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 33% үлүш туура” болоорун көрсөткөн. Үлүштүн процентик катышын кайра кароо “Камеко” сунуштаган альтернативалардын бири экени өзүнчө кызыктуу факт.  
 
2003-жылдын 31-декабрында Cameco Gold Inc., «Кыргызалтын» жана Centerra Gold Inc. «Кумтөрдү» реструктуризациялоо боюнча макулдашууга кол коюшат. Макулдашуунун шартына “Кыргызалтынга” тиешелүү Kumtor Gold Company бардык акцияларын (67%) жана Cameco Gold Inc. (33%)  2002-жылдын 7-ноябрында түзүлгөн, баш кеңсеси Канаданын Торонто шаарында жайгашкан «Центерра Голд Инк» деген жаңы компанияга өткөрүп берүү киргизилген. Реструктуризацияга ылайык, “”Центерранын“ 28,8% "Кыргызалтын” ээлик кылса, 58,5% Cameco Gold Inc. алат. Muszkat Consultants бул “Кыргызалтындын” үлүштүк позициясын “эффективдүү жедирип ийүү” гана эмес, Standard Bank сунуштагандан дагы аз экенин белгилейт. Андан сырткары Muszkat Consultants белгилегендей, төрт миллион АКШ доллары КР өкмөтүнүн "карызы” катары жазылып, “Камеко” “Центерраны” кредитор дайындайт. “Кыргызалтын” болсо өз эсебинен “карызга” илинет.         
 
«Кумтөрдүн» акциялар пакетинин башкы ээси «Кыргызалтын» же КР өкмөтү болгон долбоордогу менчик үлүшүнүн мурдагы катышын эффективдүү бөлүштүрүүдө коррупциялык схема болгонбу? Muszkat Consultants бул суроону Канаданын бийликтеринин компетентүү органдарынын кароосуна, тактап айтканда, Онтарио  баалуу кагаздар комиссиясына жана Канаданын полициясына жолдоону сунуштайт.
 
11 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү пара боюнча айыптоо
 
«Центерра»1994-жылдан бери Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында биринчи чыкканда көп акция көрсөткөн (IPO - Initial public offering), келечеги кең алтын казган компания катары 2004-жылдын 3-июнунда сунушталган. IPO “Кыргызалтынга” Cameco Gold Inc. компаниясынын 11 миллион долларлык акциясын сатып алууга чектелген шарт (опцион) койгон.     
 
Бул шарт (опцион) белгиленген 30 күндүк мөөнөттө ишке ашкан эмес. Чындыгында 11 миллион доллар үчүнчү тарапка Barlev Investigative Auditing атагандай, паракор жана акча уурдоонун “татаал коррупциялык схемасынын” чынжыры аркылуу берилген. Бул тууралуу эмки макалада баяндалат.   
 
Кошумча маалымат:
 
Франко Галдини – көз карандысыз аналитик жана журналист, Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада 10 жыл иштегенден кийин Борбор Азияга көчүп келген. 2013-жылы Сирия боюнча БУУнун атайын комиссиясынын саясий жана медиа аналитиги болуп шайланган.
 
Рыскелди Сатке – көз карандысыз корреспондент, Борбор Азиядагы, Кавказдагы Түркиядагы жана АКШдагы изилдөө институттары жана маалымат агенттиктери менен кызматташат.
 
Булак: "Азаттык"