Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 2845
Кыргызстандын экс-башкы прокурору Кубатбек Байболов "Майдан.kg" гезитине берген маегинде 2010-жылдын 7-апрель окуясына байланыштуу бир катар сенсациялуу фактыларды ачыкка чыгарды
 

Бийликти басып алгандар революциянын логикасын бузду

 

- Кубатбек Калбекович, жакында 7-апрель окуясы боюнча сот өз өкүмүн чыгарды, ушул өкүм боюнча сиздин көз карашыңыз?

 

- Алды менен сот  жөнүндө сөз кылгандан мурун, биз кененирээк, ошол болуп өткөн окуяга чейинки тарыхый окуялар туралуу, революция, социалдык революция жөнүндө сөз кылып көрөлүчү. Бул деген айрым учурда куралдуу, айрым учурда куралсыз бийликти алмаштыруу болуп саналат. Ушуга окшогон чейеленишкен драмалуу окуялардын аягы. Мына азыркы бизде кабыл алынып жаткан чечимдер, өзгөчө сот чечими ошол болуп өткөн каргашалуу, драмалуу окуялардын жыйынтыктарынын бири. Мисалы 1917-жылкы Улуу Октябрь Социалисттик революциян алалы, буга Лениндин жетекчилиги менен, «революция» деген түшүнүктүн логикасына, ошонун табиятына жараша иш жүргүзүп, менин оюмча ушуга байланыштуу алар 80 жыл бийликте отурушту. Мына ошол Совет доору бүткөнгө чейин, бийлик туралуу, менчик туралуу сөз болгон жок. Азыр гана куулган дворяндардын жана алардын менчиктери дайынсыз жоголуп изи суугандан кийин гана, большевиктердин  жасаган иштери, айрым учурда чоң-чоң кылмыштары туралуу сөз болуп атпайбы. А эмне үчүн «биздин революция» деген окуянын талаш-тартышы  үч жылдын ары-берисинде эле башталып отурат? Мына чоң табышмак кайда жатат? Себеп дегенде бийликти күч менен басып алгандан кийинки, жаңы келген бийлик революциянын логикасын бузду. Оодарылган бийликтин көрүнүктүү өкүлдөрүн, эң мыкчыгерлерин, ошолордун бирден бир функционерлерин жаңы бийликке аралаштырып революциянын логикасы жокко чыкты. Мына ошол кашанын негизинде кырылышкан, оодарылган күчтөр кайра эле “реанимация” болуп, мына азыр күрөштүн жаңы этабын баштап турган кездери. Бул бир жагы. Экинчи жагы жаңы келген бийлик революциялык жаңы өзгөртүүлөрдү, чоң-чоң социалдык реформаларды жасаганга кудрети жеткен жок. Экономикада болобу, коомдо болобу, маданий болобу мамлекеттик башкаруу жаатында болобу бир дагы чоң реформаны жасай алышпады. Мамлекеттеги бийлик баягы эски өңүттө өнүгүп, менчиктер баягыдай эле кирминалдык жолдор менен бөлүштүрүлүп жаткандыгына байланыштуу, азыр мына күрөштүн жаңы этабы башталып жатат.

 

Эми сотко келсек, мына революциянын логикасы бузулуп, болуп өткөн, болуп жаткан окуяларды мыйзамдаштыруу аракетинен жанагы ботко чалынып жатат. Себеби дегенде революциялык жол менен алмаштырылып, анын аркасында болуп өткөн тополоңдуу окуяларды биздин иштеп жаткан мыйзамдарга шайкеш келтирүү дээрлик мүмкүн эмес. Анткени бийликти куралдуу алмаштыруу, же болбосо “менчикти улутташтырып тартып алуу, декрет, улутташтыруу” деген жоболор биздин  мыйзамдарда, Конституцияда көргөзүлгөн эмес.  Мына ошондуктан азыркы бийлик, ушул баш мыйзамда көргөзүлбөгөн жоболорду эптеп лигитимдештирип, мыйзамдаштырууга аракет кылып жатат. 7-апрель боюнча болуп өткөн сот дагы башынан саясий өңүттө башталып, акыры аягы жүрүп отуруп саясий өңүттөн чечилишке мажбур болду.

 

- Белгилүү юрист, убагында өлкөнү башкы прокуротурасын жетектеген адам катары ушул соттун өкүмүн кандай өңүттө карайт элеңиз?

 

- Бул соттун чечимин биз эки өңүттө анализ кылсак болот. Биринчиси баягы жарандык, коомдук пикир катары революциялык жагдайда, экинчиси мыйзам чегинде, мыйзамдуу жагдайда. Албетте, нечендеген балдар өлүп атса, канчалаган ата-эне ай мончоктой балдарынан ажырап атса, коомдо топтолгон ыза, “айрым бир күнөөкөр адамдар жоопко тартылса” деген көксөөсү суубаган адамдардан турган коомдун пикирин бир өңүттө. Ал эми айыпталып жаткан, айып тагылып жаткан адамдардын “эмнеси болсо да  мыйзамдуу болсо” деген пикирин экинчи өнүттө кароого болот. Мен деле жөнөкөй жаран катары албетте, ошончо адамдын өмүрүнө залал тийгизген биринчи күнөөлүүлөр жоопко тартылса деп келе жатам. Бирок юрист катары күнөөлөр дагы мыйзамдуу түрдө тагылса туура болмок, себеп дегенде биз калпыс коюлган айыптар менен, мыйзамсыз, революциялык маанай менен, адамдарды жоопко тартып, доого жыга турган болсок, кийинки мамлекеттик өнүгүүбүздүн логикасына, мыйзамдуулугуна абдан чоң доо кетирип алабыз.

 

Эми мыйзамдуу жагын алып көрөлү, биринчиден соттун чечиминде “ошол адамдарды өлтүргөн”  деп айыпка тартылып жаткан балдар акталды. Демек аткаруучулар жок. А аткаруучу жок болгон жагдайда калган айыпка тартылып жаткан адамдардын баары акталышы керек эле. Мыйзам боюнча шек санаган аткаруучулар акталгандан кийин, чыныгы адам өлтүргөндөр табылмайынча башкаларга айып тагуу эртерээк болот же “күнөөсүз” деп табылышы зарыл. Экинчиден ошол жоопко тартылган эки башкы прокурор, президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары, канцеляриянын жетекчиси бул өзүнүн кызмат абалы боюнча аскердеги кызматкерлерге  түздөн-түз көрсөтмө берүүгө укугу жок. Ал эми жанагындай “түздөн-түз өлүмгө катышы бар, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп буларды доого жыгыш юридикалык көз караш менен карап көргөндө туура болбой калды.

 

- Кубатбек Калбекович, айтсаңыз жогорудагы адамдарга айыптар туура эмес тагылганы аз келгенсип, эмне себептен буларды оор мүнөткө соттоп жатышат?

 

- Себеби, көксөсү суубаган адамдардан турган коом, кимдир бирөөлөрдүн жазалануусун талап кылууда. Ал эми негизги айыпкерлер, жоопко тартылуучулар качып кетишти. Анан буларды да жоопко тартпаса “ай бу силер кандайсыңар, аскерлерди актап ийсеңер буларды да актап ийсеңер” деп айтат деп, ошол жабырлануучулардын маанайына, талабына жараша чыгарылган  чечим болду.  Дагы баса белгилеп айткым келет, бул соттун өкүмү юридикалык эмес, коомдун талабына жараша чыгарылган чечим.  

 

- Ушул соттун чеими боюнча жабырлануучу тараптын өкүлдөрү менен баарлаша алдыңызбы?

 

- Өткөндө Ала-Арчада жүрсөм, жабыр тарткандардын өкүлдөрү ушул соттун өкүмүн майрамдап аткан кези экен таанып, чакырып калышты. Мен ошол жерде башка ойду түшүндүргөнгө аракет кылдым, бирок алар көп жакшы кабыл алышкан жок. Маселен мен айттым, “Айланайындар, алданып калдыңар силер. Анткени азыркы соттун чечими ушул бийлик турганга чейин гана боло турган болуп калды. Себеби биринчи эле мүмкүнчүлүк түзүлсө соттун чечими кайра каралып, бул кишилер акталып кеткени калды”,- дедим. Себеп дегенде биринчиден негизги адамдарды аткан аткаруучулар акталып атпайбы? Эми калгандары да акталышы керек. 

 

- Кубатбек Калбекович, сиз башкы прокурор болуп турган убакта 7-апрель боюнча тергөө иштери сиздин да көзөмөлүңүздөн өттү. Эми айтыңызчы тергөө канчалык деңгээлде ачык-айкын жүргөн деп ойлойсуз?

 

- Албетте ал тергөөлөргө менин да катышым бар. Бирок мен башкы прокурор болуп дайындалып барган учурда иш таанышууда болчу. Ошондуктан мен бул иштин үтүрүн да өзгөртө алган жокмун. Чындап айтсам анын баарын барактап да бүтпө албадым. Иш сотко жөнөтүлдү, мына аягы. Жабырлануучулардын көксөөсү суусун деген гана чечим чыкты. Бирок, биз  сотту туура эмес чечим чыгарды деп айыптагандан алыс болушубуз керек. Сотко материалдар кандай ийленип, кандай далилдер менен барат, мына ушул жагы чоң маселе. Тергөө абдан калпыс жүргүзүлгөн. Иш жүзүндө сот балдарды актап жиберди. Тергөө материалдарында бир дагы адам автоматтан болобу, мылтыктан болобу “ушундан өлтүрүлгөн” деген негизги далил жок болуп атпайбы. Ошондой эле далил катары өлтүрүлгөн курал жарактарды таппай жатышат.

 

Элмурза Сатыбалдиев сыяктуу Ак үй көрсөтмөсү менен соттолгондор бар

 

- Кубатбек Калбекович белгилүү юрист же Жогорку Кеңештин бир канча чакырылышынын депутаты эмес, чыныгы генералдын сөзү менен айтыңызчы, Сизге башкы прокурор кызматын аркалап турган маалда, “7-апрель окуясы боюнча айыпталуучулардын кимдир бирөөсүнө биз айткандай айып тагасың” деп Ак үй тараптан  мажбурлоо болду беле?

 

 - Ооба, болгон. Мен башкы прокурор болуп турган убагымда, Ак үйгө чакырып төрт адамга “адам өлтүрүүгө катыштыгы бар”,- деген айыпты коюууга мажбурлашкан.  

 

- Сыр болбосо кимдерге?

 

- Элмурза Сатыбалдиевге, Турсункулов, Жороев жана Малеванаяна төртөөнө. “Алардын кыймыл аракеттеринде мындай белгилер, адам өлтүрүүгө катыштыгы тууралуу материалдар жок. Ошондуктан мен андай айыпты тага албайм”,- деп баш тарткам. Болбой эле ал айыпты тагышты. Мына көрдүңөрбү айтылган беренелер боюнча ал адамдарды сот актап жиберди. Эгерде мен ошол учурда Ак үй, президент айтты эле деп макул болуп ошол айыпты таканымда юрист, прокурор, ал гана эмес адам катары  азыр мен уят болмокмун.

 

Бул адамдар бир нече жыл ушул берененин алдында жүрүп моралдык жана башка жоготууларга учурашты. Мунун айыбын ким тартат? Ооба, убагында Сатыбалдиев башкы прокурор болуп турган маалда мага да кылмыш ишин козгогон. Бирок кандай гана ызабыз, кандай гана дооматыбыз болбосун баары мыйзам негизинде чечилгени жакшы. Ал эми бул соттун чечими саясий өңүттө болуп калгандыгы туралуу азыр көп жерлерде айтылып жүрөт. Канча адамдарды өлтүргөн деп шектелип аткандардын акталганы, экинчиден ушунча убакытка чейин, ошончо адам өлүп атса, ошол атты деген бир да  кишинин айыбы жеткелең деңгээлде моюнуна коюлбай жаткандыгы кызык болуп жатпайбы.

 

- Айыптардын жеткилеңдүү деңгээлде коюлбай жатканына эмне себеп деп ойлойсуз?

 

- Менимче бийликтин ошол мыйзамдарды пайдаланууга лигитимдүүлүгү жеткелең болбой жатат. Мисалы чү дегенде эле эрге кыйшык отурган чабандес алыска узабайт. Булар тополоңдордон абдан коркуп калган. Башында жабыр тарткандардын талапкерлеринин тополоңдорунан коркуп «аа» дегенин эле оозуна акча тыгып, ячейкалардан алынган акчалардын далайы ошол жакка кеткен. “Айланайындар, ызы-чуу сала көрбөгүлө”,- деп квартира берип тообокелдеп отуруп, алары мамалекетти көбүн эсе барымта кылып ушул убакка чейин келишти. Ошол 50 миң сомдон алгандардын жана жабырлануучуларга деп берилген квартиралардын көбүнүн чет жакасы азыр чыгып атпайбы. Ал каражаттардын баары тең эле асмандан келип түшкөн жок. Ал биздин, силердин, эл-журттун салык төлөчүүлөдүн мээнет-акы, маңдай-тери.

 

- 7-апрель окуясы боюнча көп суроолор жоопсуз, анан көп адамдар жоопкерчиликтен тыш калды окшойт. Сиздин оюңуз?

 

- Айыпталуучулардын  башчысы Бакиев болуп атпайбы. Ал эми Бакиевге уруксат берип өлкөдөн чыгарып жатышканда аянтта өлтүрүлгөндөрдүн саны жеткелең болчу. Демек номер биринчи айыпталуучуну, азыркы соттун чечими менен күнөөлүү деп табылган адамды өлкөдөн уруксат берип чыгарып жибергендер дагы мыйзам боюнча айыпка тартылышы керек. А эмне үчүн тартылбай жатат? Же мыйзамда, акыбалга жараша, айрым чоң кызматкерлер, кылмыш жасагандарды бошотсо болот деген жобо барбы? Бул бир. Экинчи “Форумдун” жанынан куралдарды мамлекеттик ыйгарым укукка ээ болгон атайын кызматтардан тартып алгандар, булар да жоопко тартылышы керек. Бул мыйзамда көрсөтүлгөн. Анан эң негизгиси Ак үйдү коргоп турган балдардын жабырланышы, мисалы, эки бала ким тарабынан ыргытылган гранатадан каза тапты? Ал эми өлгөн, өтө оор жаракат алган милиция кызматкерлерине ким жооп берет?

 

Эмне себептен 25 жылга эркинен ажыратылгандардын баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калып, үй камагында калтырылды? Ден соолугуна байланыштуубу? Ыйгарым милдеттери боюнча түздөн түз аскердик буйрутма берүүгө укуктары жок Сатыбалдиев, Турсункулов, Малеваная, Жороевдер аталган кылмыштын субьектилери боло алышабы? Менимче алардын күнөөлөрү башка статьялар менен тескелиши керек эле.

 

Маселен дагы бир айыпталуучу Данияр Үсөновду өлкөдөн ким чыгарган?  Ушул адамды ким чыгаргандыгы тууралуу, ал эле эмес канча суммага  чыгаргандыгы туралуу аңыз азыр  эл арасында айтылып жүрбөйбү, муну баарыбыз эле билебиз. Мына ошондуктан биринчи күнөөлүүлөрдү чыгарып ийишип, айла кеткенде ортодо жүргөн кызматкерлерди жоопко тартып, “эми ыраазы болгула ушуларды доого жыгып берели”,- деп аткандагы кербездери. Эгер ушул соттун чечими 30-жылдын аягында же он биринчи кылымдын башында чыкканда “ура-а” деп элдин баары макул болмок. А азыр деген жагдай башка да.

 

- Бакиевдердин сырттан соттолуусуна кандай баа бересиз?

 

- Сырттан соттоо биздин мыйзамда көргөзүлбөгөндүгүнө байланыштуу Бакиевдердин өкүмү, азыркы бийликтин иштөө мөөнөтүнө гана байланыштуу болуп калды. Эң негизгиси Кылмыш-Жаза кодексинде көргөзүлгөн шериктештик институтунун конструкциясы бузулуп, айыпталуу өкүмү кылмышты аткаруучулар жок жагдайда кабыл алынды. Эми иш ушул негизде да тобокел фундаменти борпоң болуп калды. Анын үстүнө ЖС КП революцияларды мыйзамдаштырып салбадыбы. Кыскасын айтканда, саясий кызыкчылыктар аралашкан ревоюциялык укуктун пайда болушу, ага негизделген сот өкүмдөрү келечекте, бийлик алмашканда, жаңы жоопкерлердин тагдырын мыйзамсыз, өч алуу мейкиндигинде калтырды (расправа с использованием фиктивного правосудия) жана тобокелге салды.

 

Апрель окуясы учурунда 17 эле адам каза тапкан

 

- 7-апрель күнү аянтта каза болгон адамдардын саны да көпчүлүктүн күмөнүн туудуруда. Каза болгондорду, жабыр тарткандарды көбөйтүп, элди алдагандар дагы мыйзам чегинде жоопко тартылыш керек эле да. Сиз кандай деп ойлойсуз?

 

- Мына айыпталып жаткандардын адвокаты белгилүү юрист Чолпон Жакупова “Аянтта каза болгондордун саны жыйырма” деп жакында маек берди. Менин маалыматым боюнча 17 киши. Жарадар болуп ооруканада каза болгондор да бар чыгаар, бирок 87 киши эмес да. Сарайынан кулап кетип, дүкөн жанынан жана башка жерлерден жаракат алып келип каза болгондор бар. Алардын “герой” болуп, мамлекеттин акчасын алып калууга кылган далалатын түшүнсө болот. Жабыр тарткан, муктаждыктан кыйналып турган адамдардын психологиясы башка болот экен. Бирок, ошол демилгеге, алардын барымталап, мамлекетти жанагинтип муунтуп шантаж кылып жаткандыгына моюн сунуп, билип туруп аларга акча берип, буларды баатыр кылып, мамлекеттин кызыкчылыгына көз жумуп, жол ачып бергендердин жоопкерчилиги азыр эч жерде айтылбай жатпайбы? Буга ким жооп берет? Ошол кездеги окуяга тийешеси жок, ошол жерде болгон кагылышууга эч кандай тийешеси жок, дүкөн тоногондор деле келип баатыр болуп аткандыгы азыр массалык маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылып атпайбы? Буга чейин унчукпай келишкен баары бир чындык деген кыйын нерсе да, жыл өткөн сайын ошол жерде болгон окуянын али күнгө чейин айтылбай келген аки чүкүлөрү албетте айтылат. Азыр мыйзамдуу кылганга аракет кылып атышпайбы, биз ошон үчүн мыйзамуулук боюнча сөздүн учугун чуубап атабыз да.

 

- Анда мыйзам чегинде бул нерселерге ким жооп бериши керек?

 

- Буга ошол кездеги бийликте отургандар жооптуу. Менимче бул чындыктын ачыкка чыгарына деле аз калды окшойт. Мына ошол кездеги кыйкырып калп сүйлөгөдөрдүн баарынын оозуна акча тыгып отуруп, жабыр тарткандар жанагынча көбөйүп кеткен да. Болбосо чыныгы баатырлар азыркыга чейин документтерин тапшырып жүрөт деп угуп атабыз. Биз “апрель баатырларына” азыркыга чейин канча миллион сом каражат кетирдик, бул сумма азырынча так айтыла элек. Мамлекет тарабынан канча квартира, канча сом кетти бул азырынча табышмак. Бирок, чындык эч качан көмүскөдө калбайт, ошондуктан бул нерселер да бир жылдары ачыкка чыгарына кепилдик бар.

 

- Мыйзам баарына бирдей деп айтабыз. Анда эмне үчүн элди көчөгө алып чыгып, бирок алардын коопсуздугуна жоопкерчиликсиз мамиле кылган уюштуруучуларды, оппозиция мүчөлөрүн жоопко тартпайбыз?

 

- Чынында жоопкерчилик бирдей болушу керек! Бир беткей эле ошол Ак үйдү коргогондордун баарын тең күнөөлүү деп доого жыга берген болбойт. Маселен азыр “Ак үйдү алууга аракет кылды” деп Ташиевди кандай доого жыгышты. Мындай аракет чындыгында ага чейин деле беш жолу болгон да. Экөөндө ийигиликтүү ишке ашты. Анын ортосунда үч-төрт жолу басып алуу болгон. Маселен 2005-жыл 17-июнда уу-дуу болуп Ак үйдүн жетинчи кабатына чейин жетишкен. Ал эми жер-жерлердеги имараттарды канча жолу басып алуу болду. Ушундан жыйынтык чыгарсак болот айрым учурда биз болуп өткөн окуяларга олуттуу баа берет экенбиз дагы, айрым учурда көз жумду кылып коет экенбиз. Мындай болбойт да. Номер биринчи күнөөлүү адамдарды кое берген, өлкөдөн чыгарууга көмөктөшкөн адамдардын жоопкерчилиги да мыйзам боюнча каралып, тийешелүү жазасын алышы керек болчу.

 

- 6-апрель күнү «Ата-Мекен» партиясынын өкүлү Койсун Курманалиева өз жанынан акча чыгарып, областтык администрациянын жана областтык ИИБнин имаратын өртөө үчүн 120 литр бензин алып бергенин аталган партиянын мүчөлөрү жар салып жүрүшөт. Анда неге апрель окуясы боюнча Курманалиева жазасын албайт?

 

- Мына, мына. Бул деген кылмыш да. Мындан революциядан жеңгендер “биз бийликте турганда силер күнөөлүүсүңөр” дегендей болуп атат. Бул жагы бар албетте. Маселен имараттарды басып алышкан, өрттөшкөн, министрди өлөрчө сабашкан. Бул бир деп тургула. Экинчи ошол эле министр Конгантиевдин да өз жоопкерчилиги болгон да. “Катуу таяк жеп калды”,- деп аны ошол мыйзамдуу жоопкерчиликтен бошотуп атышпайбы, “аларын алдың” дегендей кылып. Мындай карап көрсөң соттун жүрүшү, анан чечими көбүнесе күлкүлүү анан мыйзамга таянбаган «кыргызча» чечим болуп калды.

 

- Апрель окуясын эстегенде сөзсүз ошол күнү шаар ичинде болгон талап-тоночулук көз алдыбызга келет. Бул боюнча бир канча эл өкүлдөрү убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү айыпталып жүрөт. Сиздин оюңуз?

 

- Эми изилдеп, мыйзамдуу талаптарды кое турган болсок, чынында Кыргызстанда галстук  тагынгандардын арасынан боштондукта бир киши да калбай калат. Эч далилсиз “сен коррупционерсиң, сен мародерсуң анан кылмышкерсиң”,- деп бири-бирин атабаган адам калдыбы? Жок да. Анын ичинде чынында эле жоопкерлери да бар. Бирок аларга иш козголбойт. Ал эми туура сүйлөгөн мага окшогондорго ар бир режимде экиден кылмыш иши козголот. Акаев учурунда дагы, Бакиев учурунда дагы, булардын учурунда дагы, мына “айыбыбызды ачып койдуң” деп төрт жылдан бери доого жыгылып келе жатам. Илинчеги жок болгон үчүн гана жүрөм.

 

Ошондой эле “ачылбаган сандыкта бычылбаган кундуз бар” дегендей, болуп өткөн окуялардын арасында не деген купуя сырлар жатат. Мына “банк кутучалары боюнча иш козгодуң” деп мага катуу нараазы болушту. Буга окшогон эпизоддор көп болгон. Атамбаев өзү айтты эле “мен акырына чыгарам” деп, мына бүгүнкүгө чейин белгисиз ал акчалардын кайда кеткени. Ал эми банк кутучасынын чекеси 167 миллион доллар Россиядан кредиттен калган акча жана  1,5 миллиард сумма кайда жоголду? Азыркы убакта коомдо президенттен баштап оодарылган бийликти камап, куугунтуктамай деген чоң  бир прецедент пайда болду.

 

Маектешкен

Алтынай Ажыматова

Булак: “Майдан.kg”, №030 (159), 27-август, 2014-ж.