Премьер-министр Ж.Оторбаев Кыргызстандын элине кайрылып, кыш оор болорун, ошондуктан светти үнөмдөп, көмүрдү эртерээк сатып алууга үндөдү. Бул кадам 2009-жылдан 2010-жылга оогон кыщ алдындагы экс-президенттин чакырыктарына окшошуп жаткан жокпу? Деги өкмөттүн мындан башка аргасыз бар беле? Буту-колубуздан бери чырмап алган энергетикалык кризистин пайда болушуна ким күнөөлүү?

 

Дайырбек Орунбеков, “Жаштар ѳкмѳтүнүн” лидери:

 

“Жоомарт Оторбаев мамлекет үчүн эмес, 2015-жылы административдик ресурсту колдонуп, “Ата Мекенге” добуш уурдоо үчүн келген”

 

- Бабановдун ѳкмѳтүн бакыртып, Сатыбалдиевдин командасын “комага” түшүргѳн Ѳмүрбек Текебаев ѳзүнүн “куурчагы” Жоомарт Оторбаевди премьер-министр кылып алып келди. Ал бийликке келээри менен Кыргызстандын үстүнѳкара булут айланды. Баалар кымбаттап, элде жакырчылык, жада калса табигат да буларды жактырбай тосуп алгансыды. Сѳз башынан болсун, бул кымбатчылык, элдин азап тозогу бүгүн эле башталган жок, анын учу Убактылуу ѳкмѳттүн чабал саясатына барып такалат. Алардын убадалары кымбатчылыкка чек коюу, сол чѳнтѳккѳсолонгон схемаларды жок кылуу эмес беле? Алар аткарылдыбы? Жок. Биз сынга алган 2010-жылга чейинки абал менен азыркы учурду салыштырып кѳрбѳйлүбү? Себеби, электр жарыгын үнѳмдѳйбүз, 1,50 сомго чыгып кетти деп нааразы болгон элек, ошол бааларды үнѳмдѳдүкпү же жокпу? Маселен, мен айына электр жарыгы үчүн 200 сом тѳлѳйм. Эгер 1,50 тыйынга ѳскѳндѳ200 сомго, башкача айтканда 400 сом тѳлѳмѳкмүн. Бирок ал кезде 1 литр бензиндин баасы 23 сом болсо, азыр 45 сом. Мен күнүнѳболжолдуу 10 литр чыгым кылам. Мурда 230 сом сарптасам, азыр 450 сом, күнүмдүк айырма 220 сом, айына 6600 сом ашыкча чыгым тартуудамын. Эттин 1 кг баасы мурда 150 сом болсо, азыр 400 сом. Айырма 250 сомго кымбаттады. Айына 15 кг эт колдоном. Мурда 2250 сомдук эт жеген болсок, азыр 6000 сомго кымбаттады. Айырмасы 3750 сом. Мен ар бир кымбаттоону салыштырып турбайын, эт менен гана бензин үчүн мурдагыдан 10 350 сом ашыкча сарптоого туура келип жатат. Кыргыз эли жакшы жашоо алып келет деп, Атамбаев, Отунбаева, Сариев, Текебаевге ишенип курман болушту эле го? Кана ошол убадалар, булар бизге жыргал жашоо куруп беребиз деп убада берип, ант ичишкен. Биз жыргабай эле кымбатчылыктын туу чокусуна чыгып баратабыз. Аныбыз аз келгенсип кышында силерди оор тагдыр күтѳт деп Жоомарт Оторбаев сайрап жатат? Булар мамлекетти башкарганды билбесе анда ордун бошотуп, күнѳѳлѳрүн мойнуна алып, саясаттан кетишпейби?! Токтогул суу сактагычында суу чалчыкка айланып, кошуналардан электр жарыгын сатып алууга дубаначылык кылып жатышат. Анысы аз келгенсип 1 кВт электр энергиясын 2,30 тыйындан сатабыз деп жылаандын башын кылтыйтышты. Демек, 2010-жылы элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, жеке керт баштары, ѳздѳрүнүн кызыкчылыктары үчүн бийлик басып алышканын моюндарына алышы керек. Элдин жыргалчылыгын ойлошсо азыр мындай кырдаалга туш келбейт элек! Жоомарт Оторбаев ѳкмѳт башына элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, 2015-жылы боло турган парламенттик шайлоодо “Ата Мекенге” административдик ресурстарды колдонуп добуш уурдаш үчүн келди. Азыр аймактагы башкаруулар да тымызын Текебаевдин колуна топтолуп жатат, мунун бир гана максаты добуш уурдоо. Жоомарт Оторбаев Жалал-Абаддагы ѳкмѳттүн ѳкүлүн бийликтен негизсиз кулатты, эми жакында “ата-мекенчи” “шыпыргы” ѳкүл келет. Себеби, “Ата Мекендин” эл арасында кадыры нѳл, добуш алууга мүмкүнчүлүктѳрү жок. Ошого мародерлуктун чебери Ѳмүрбек Текебаев алдын ала кам кѳрүп жатат.

 

Сонунбек Жунусбаев, “Улуттар биримдиги” партиясынын жаштар канатынын лидери:  

 

“Газы жок оштуктар светти да колдоно албаса, шору куруган экен”

 

- Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин элге кайрылуусун окуп чыктым. Чынында аянычтуу. Балким мынчалык кыйынчылыкка тушугуп калбоонун алдын алса болот беле? Жазында биз "Тезекпром" акциясын уюштурганда милиция менен кууп, соттогон элеңер. Өкмөт башчы өз кайрылуусунда: “Түзүлгөн кырдаалда биз сиздерден тиричиликте жана өндүрүштө электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууну өтүнөбүз, антпесе 1 кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгууга бүгүнкү күндөгү Токтогул суу сактагычын толтуруу темпи менен 3 метр кубга жакын суу жумшалат. Башка ГЭСтерде бул көрсөткүч бир топ жогору (Шамалды-Сай ГЭСиндеги суунун максималдуу салыштырмалуу чыгымы саатына 14,8 метр кубду түзөт). Бардык керектөөгө зарылчылыгы жок ток кабыл алуучу приборлорду өчүрүүнү жана жарыкты санитардык-гигиеналык ченемдерге чейин азайтууну өтүнөбүз”,- деп айтыптыр.

 

Албетте биз да кырдаалды түшүнүп турабыз. Биз да бул кырдаалдан эртерек чыгып кетүүнүн тарапкерлерибиз. Бирок Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдө жашаган газы жок байкуш эл кантет? Сиз элди: “жылытуунун альтернативалык жолуна  өткүлө”,- деп жатасыз, а көп кабаттуу үйдөгүлөр кайсы альтернативага өтүш керек? Мен ушул нерсеге түшүнбөй турам. Июнь айында Президент А.Атамбаев ар бир үйгө электр плиталарын тарката коем деп ооз көптүрө убада берди эле, эми сиз болсо “электр плиталарын колдонбогула”,-деп жатасыз. Бул жерде араңарда  эч кандай карама-каршылык жокпу? Кимиңерге ишенип, кимиңер айтканды аткарууну да билбей калдык. Алтернативалык  жылытуу  дегениңер, кышка “тезек  камдай бергиле”  деген  эле  кеп да...

 

 Бул жерде план менен, системалык түрдө,  бир программа боюнча көйгөйлөрдүн чечүү  жолдорун  билбеген  президент  күнөөлүүбү  же мойнунан байланган өкмөтпү? Же ушуларга өз тагдырын ишенип берген карапайым байкуш элби? Мени ушул нерсе чындап ойлондурат....

 

Кожобек Рыспаев, Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы:

 

“Элдин кыжырына тийген эксперименттерди токтотуш керек”

 

- Бул жылы Токтогул суу сактагычында суу аз экени чындык. Бул баарыбызды ойлонтчу жагдай. Бирок, аны элди түйшүккө салып чечүүгө умтулуу – иш эмес. Чынында буларга түшүнүү кыйын болуп калды. Кааласа өчүрүшөт, кааласа алып салышат. Мунун айынан мисалы курулуш токтоп калса, кантип өнүгөбүз? Экономикага доо кетип жатпайбы. Мындай кылбаш керек, энергетиктер өздөрүнүн ишин кылышы керек, иштеш керек, анан отуруп алып электр тогун өчүрүп коюу, бир жерин кесип таштоо — бул иш эмес, эл кыжырданат, толкунданат, депутаттар ачууланат. Үч фазалуу абоненттерди өчүрүү чечими ойлонуштурулган эмес. Себеби, алар уруксат алышкан, аларда баары бар. Өкмөт 3 фазалуу абоненттерге жекече мамиле кылуусу керек эле. Мен аларга: “Эки эсепти коюш керек — 1 фазалуу жана 3 фазалуу. Эгерде абонент үйүн үч фазалуу менен жылыткысы келсе, мейли, мурда сунушталгандай бир кВт/саатына 1,2 сомдон төлөп жага берсин, ал эми жайында 1 фазага кошулса, анда кайрадан 70 тыйында төлөсүн”,- деп сунуштагам. Алар, менимче, бир аз ашырып жиберишти. Эгерде эл толкундаса, анда биз көзөмөлдөөчү орган катары бул маселеге кайрылабыз. Элдин кыжырына тийген эксперименттерди токтотуш керек.

 

Чыңгыз Ысманов, Ош шаарынын тургуну:

 

“Өкмөт мүчөлөрүн Ошко тезек тергенге, ашарга чакырабыз”

 

-Түштүктө абал абдан оор. Элдин кантип тиричилик кылып жатканын оо, өйдөдө олтургандар билбейт. Ошол себептүү, биз, түштүк аймагынын тургундары өкмөттүн светти өчүрүүгө багыт алган демилгесине каршы тезек терүү акциясын өткөзгөнү турабыз. Өкмөт мүчөлөрү, депутаттар келип катышып кеткиле!


Тезек, тезек, тезек,
Кыргызга бүгүн тезек керек, 
Тезек, тезек, тезек
Тезекти терүү үчүн,
Өкмөттү чакырып
Ашар кылуу керек.

Тезек, тезек, тезек,
Кымбаттап кетсе керек,
Тезекти теришиң деп
Жантөрөну чакырыш керек.

Тезек, тезек, тезек,
Малдарды көбүрөөк чычырыш керек,
Болбосо кыш кыроодо
Калчылдап өлүш керек.

Тезек, тезек, тезек 
Тезекти тергенге кимдер себеп?
Газды саткан жеп-утатпы?
Же болбосо АШАбы?

Тезек, тезек, тезек, 
Барибир күнөөкөрдү табыш керек,
Антпесек быйыл кышта
Тоңушка туура келет.

Дастан Бекешев, Жогорку Кеңештин депутаты:

 

“Электрди колдонуу көбөйсө, эмнеге бааны көтөрүп, көйгөйдү чечкилери келет?”

 

- Өлкөнүн премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин кайрылуусу жеке менде көптөгөн суроолорду жаратты. Ошонун орчундуулары менен кайра өкмөт башчысына кайрылдым.

 

Биринчиден, Сиздин кайрылууңузда электр энергиясын колдонуу жыл сайын 7-12 пайызга өсүп жатканы айтылууда. Аталган цифралар так эместигине байланыштуу, мен сизден 1990-жылдан 2014-жылга чейин электр энергиясын колдонуунун көбөйүшү боюнча ар бир облус, шаар, район боюнча графикти ачыктооңузду талап кылам. Светти колдонуу эмненин негизинде көбөйүп жатканын да айтып беришиңиз керек. Себеби, 1991-жылдан баштап иштеп турган завод-фабрика же башка өндүрүш ишканаларынын саны кескин азайган, жаңы ачылгандар дээрлик жок. Мен айтпасам деле, 1991-жылга чейин республика ичинде электр энергиясын да ушул завод-фабрикалар көп колдончу эмес беле. Андан бери “Кумтөр” алтын кени жана тигүү цехтеринен башка ири өндүрүш ишканалары ачылган жок го? Анда буга ишкерлик субъектилеринин, үйлөрдүн көбөйүшү себеп болдубу? Анда бул курулуш, ишкерликтен мамлекетке да салык көп түшө башташы керек эле да. Ошого байланыштуу дагы бир суроо туулат? Эгерде электрди керектөө көбөйүп жатса, анда эмнеге энергетикалык компаниялар ар дайым бааларды көтөрүү керектигин сунуштап келишет? Электрди колдонуу көбөйсө буларга да каражат көп түшө баштайт да, андан тышкары булар республикалык бюджеттен дотацияланат, жабдууларын оңдогонго кредиттер бөлүнөт.

 

Экинчиден, Сиздин кайрылууңузда: “...Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн 12-15 пайыщын майда бизнес өкүлдөрү түзөт (унаа жуугуч, сауна, комерциялык киосктор, оюн-зоок борборлору ж.б.)”,- деп айтылат. Андай болсо, салыктарын жеңилдетүү жолу менен бул субъектилерди энергиянын башка түрүнө өтүүгө кызыктырса болобу?

 

Үчүнчүдөн, сиз электр энергиясын үйун жылытуу үчун колдонуп жаткан үч фазалуу абоненттерди өчүрүүгө мажбур экениңиздерди айттыңыз. А бирок, абоненттин светти үйүн жылытуу үчүн колдонуп жатканын же колдонбогонун кантип билесиздер? Энергокомпаниянын кызматкери муну кантип аныктайт?

 

Мен мына ушул суроолор боюнча Жоомарт Оторбаевдин жообун күтөм. Кайрылуум ачык болгондуктан, өкмөттүн маалымат сайты аркылуу жооп берүүнү талап кылам.

 

Булак: “Майдан.kg”, №029 (158), 20.08.2014-ж.