Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1832

Келээрки парламенттик шайлоодо кайсы партиялардын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору?

 

Акыркы учурда парламентик шайлоо жакындаган сайын, жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМКда) 188 партия расмий катоодон өткөндүгү, анын ичинен келээрки шайлоодо жеңишке жетиши мүмкүн делген алдыңкы 10 партиянын аты азыртадан эле шуруга тизген тизмектей болуп, маалымат булактарынын бетинде байба-бай жарык көрүүдө. Мисалы, ЖМК беттеринде “Бир бол”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Эмгек”, “Замандаш”, “Акшумкар”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекен ынтымагы”, “Улуттар биримдиги” өңдүү партиялардын атын кезиктирүүгө болот. Ал эми айрым билермандар көз ачыктык кылып, бул 10го жакын партиянын капчыгынан баштап, башка өзгөчөлүктөрүнө чейин токтолуп, 2015-жылы болчу парламентик шайлоодо жогоруда аты аталган партиялар жеңишке жетүүгө кудурети бар деп болжошууда. Бирок, бул партиялардан тышкары азыркы Жогорку Кеңештеги “Ар-Намыс”, “Ата-Мекен”, “Ата-Журт”, КСДП жана “Республика” партияларынын да келээрки шайлоодо өз орду бар же башкача айтканда бул беш партия, келээрки шайлоодо башка партияларга оңой эле утулуп бере койбос.

 

Анткени айрым серепчилер тарабынан, бул беш партиянын айрымдары алдыда болчу шайлоодо кайрадан жеңишке жетишээри күтүлүүдө. Тактап айтканда беш партиянын ичинен КСДП менен “Ата-Мекен” партиясы кайрадан Жогорку Кеңештин босогосун аттайт деп үмүттөнүшүүдө. Себеп, бул эки партиянын лидерлери Атамбаев менен Текебаевдин аркасы менен ийгиликке жетип жаткандыгы баарына белгилүү. Ошол эле маалда эки партиянын кемчиликтери да баарына маалым. Калган үч партиянын мүмкүнчүлүктөрү болсо да, өткөн шайлоого караганда алда канча төмөн. “Ар-Намыс”  аты гана болбосо, колдоочулары Феликс Куловдон үмүтүн үзүштү. “Республика” партиясы бир топ капчыктууларды чогулта коюп, өткөн шайлоодо жеңишке жетишкени менен, азыр чачыранды болуп, түштүктө бөлүнүп-жарылууга дуушар болду. Ал эми “Ата-Журт” түзүлгөндөн тарта түштүктөгү улутчулдарга таянып, ийгиликке жетишкени учурда актуалдуу болбой калды. Партия өзү да бөлүнүп, мурдагыдай салмактуу таасирден айрылды. Өлкөнүн түндүгүндө кийинки шайлоодо босого талапты аткарууда кудурети мурдагыдай эмес.

 

Ал эми 2015-жылы болчу шайлоодо, парламенттеги беш фракцияга атаандашып, жеңип чыгууга умтулган партиялардын сабында “Бир бол” партиясы келатат. Бул партия жеңишке жетишет дегендер аз эмес. Себеп, бул партиянын күчтүүлүгү катары, тажрыйбага бай саясатчылардан куралгандыктан, алдыдагы милдеттерди жана максаттарды чечүүдө же партиянын ишин алдыга жылдырууда таяна тургандай капчыгы калың экендиги белгилүү. Мында чогулган белгилүү саясатчылар башкалар менен мамиле курганды билген, тажрыйбасы мол адамдар. Ошондой эле ар кандай иш чараларда “Бир бол” партиясы активдүүлүгүн көргөзүү менен, жаштыгына карабай, бат эле эл оозуна алынып жаткандыгы жашыруун эмес. Бирок бир олуттуу кемчилиги – партиянын жетекчилигине жалаң аты чыккан “атактуу” жана “эскинин мыктылары” делген саясатчылардын топтолгону. Муну Ө.Текебаев да ачык айтып чыккан.

 

Экинчи сапта “Замандаш” партиясы келатат. Бул партия,  башка партиялардай болуп, шайлоонун алдында гана жанданып калбастан, эл менен тынымсыз иштешүүдө. Партиянын башка партиялардан өзгөчөлүгү мүчөлөрүнүн тазалыгында. Бул партия азырынча түндүк жергесинде көбүрөөк кадыр баркка ээ. Акыркы убакытта басымды көбүрөө түштүккө кылгандыктан, ал жерде да абройу өсүүдө. Буга мисал катары, жергиликтүү шайлоолордо Токтогулга окшогон жерлерде жеңишке жетип жаткандыгын айтууга болот. Бирок, бул партия өзү таанымал болгону менен,  азырынча жалпыга жетишеерлик таанымал лидери чыга элек. Аны менен кошо бийликке умтулгандардын арасында мамлекеттик же парламенттик иште тажрыйба жоктугунда.

 

Үчүнчү сапта “Эмгек” партиясынын атын көрүүгө болот. Анткени бул партиянын катарын  белгилүү жана бай саясатчылар толуктайт. Ошондой эле “Эмгек” партиясынын лидери Аскар Салымбековдун артындагы колдоочуларынын арбындыгы айдан ачык. Кемчилиги – бир адамдын көз карашы менен түзүлгөн партия алысты көрө албай жаткандыгында.

 

Андан кийинки сапта турган “Өнүгүү-Прогресс” партиясы акыркы учурда коомго ар-кандай жардамдарды берүү менен эл оозуна алынып жатат. Бирок, бул партия шайлоо алдында капчыктуу партиялар менен тең тайлашууга күчү жетеби деген күмөндүү ойлорду жаратат.  

 

Бешинчи сапта «Бүтүн Кыргызстан» партиясы турат. Бул партия өткөн шайлоодо парламентке кире албай калган соң, анын лидери өз ишин таштап кеткендигине байланыштуу, электоратынын бир тобу башка партияларга ооп кеткен. Бирок, ошого карабастан бул партия келээрки шайлоодо түштүк жергесинде башкаларга атандаштык жаратаарынан шек жок.

 

Алтынчы саптагы “Ак-Шумкар” партиясы лидеринин элге таанымал болушу менен белгилүү. Бирок, бул партия акыркы убакта партиялык ишин улантпай койгондугу, партиянын бышып жетиле электигин көргөзөт. Лидеринин мамлекеттик кызматта көп убакыт өткөрүшү, партиянын ишин соолгундатып жатат.

 

Жетинчи сапка Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун "Улуттар Биримдиги" партиясы кирет. Партиянын лидери мүчөлөрүнө так багыты жана көрсөткөн үлгүсү менен түштүк жергесинде колдоого алынып жатканы белгилүү. "Улуттар Биримдиги" партиясынын кийинки шайлоодо жаралуучу жалгыз көйгөйү - башка региондордо керектүү денгээлде упай топтоо жана 0,5 пайыздык босогону аттап өтүү милдети. Азыркы учурда мындай маселе партия үчүн чечиле турган маселелерден.

 

Кийинки саптарда аты таанымал, бирок жүргүзгөн иши белгисиз болгон бир топ партиялар бар. Масалиев баштаган Компартия азыр түштүктөгү электоратты жандантууга жан үрөп жатат. Жекшенкуловдун “Акыйкат” партиясы учурду күткөнсүп, дымыгып жаткан учуру. Асанбековдун “Мекеним Кыргызстан” партиясы, акча аңдыгансып, лидеринин “күчтүү” жүрүшүн күтүп жаткат. Самаковдун жаңы жаралган “Биримдик” партиясы да каражат жагынан алдуу болгону менен, накта алын билдире элек. Баары сынакка чыга турган мезгилди күткөнсүп, дале болсо дымыгансып жатат.

 

Ал эми 2015-жылы болчу парламентик шайлоодо жогоруда аты аталган партиялар гана жеңишке жетет деген кепилдик жок. Анткени шайлоо алдында бул партияларда шайлоого даярдыгы чала болуп, шайлоочулардын алдында өздөрүнүн өзгөчөлүгүн көргөзө албай же шайлоочулардын купулуна толбой да калышы толук ыктымал.

 

Кыргызстандагы саясатты колуна алгансып, парламентке бараары менен тоону томкоруп, ишти жылдырып ийебиз деген партиялар, абалга тереңиреек карашпай, тап-такыр башка бирөөнүн проектиси катары колдогу оюнчук болуп калаары менен иши жоктой. Кийинки түзүлө турган парламентте кимдер отуруп, эмне үчүн отураарын “бышырып” жаткандар ууртунан жылмайып карап турушаарын билишет болду бекен алар.

 

“Тренд” социалдык иликтөө борбору, Бишкек