Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1198

БГУнун профессору, Ислам жана Иран таануу борборунун башчысы Валимжан Таңырыков Арап жана Чыгыш мамлекеттеринде 20 жылдан ашык аскердик котормочу, окутуучу катары иштеп келген. Ал кезегинде Сириянын мурдагы президенти Хафиз Асад менен да иштешкен. Англис жана арап тилдеринде эркин сүйлөгөн аскер полковниги менен учурдагы Палестина маселеси, дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы диний кырдаалдар тууралуу маектештик.

 

- Валимжан агай, бүткүл дүйнө жүзүндөгү мусульмандар үчүн ыйык деп саналган Рамазан айында Израиль менен Палестинанын ортосунда согуш токтобой, ракеталык аткылоодон акыркы маалыматтар боюнча 500дөн ашык бейкүнөө палестиналык жарандар каза болушту. Эмне үчүн Рамазан айында бул жаңжал кайра күч алып кетти?

 

- Бул ирет израил-палестина жаңжалы еврейлердин үч жигитин палестиналыктар уурдап кетип, өлтүрүп койгондугунан чыкты. Андан кийин еврейлер алардан өч алыш үчүн бир палестиналык жигитти өлтүрүп коюшту. Ал эми согуш очогуна айланган Газа тилкеси “Хамастын” жайгашкан жери болуп жатпайбы. “Хамас” да жөн жатпай, Израилдин жерине ракеталарды атууда. Ошон үчүн Израилдин жетекчиси Беньямин Нетеняху террорчулардын үйлөрүн мелжеп туруп жоготуш үчүн буйрук берип, натыйжада Газа аймагы түтүнгө чулганып, бейкүнөө адамдар көз жумууда. Израил армиясына жооп кайтарып, “Хамастын” жоокерлери “Тассам” ракетасын колдонуп, тигилерди атып жатат. Азыр аскердик адистердин айтуусунда, “Тассам” ракетасы жаңыланып, узактыгы жогорулап, Израилдин борборун талкалоого мүмкүнчүлүгү бар экен. Бирок булар башкарылбай турган ракеталар, жөн эле ата берет, туш келди жерлерге. Азыр эми бир жума болуп калды, израилдиктер укмуштуудай атып, “Хамастын” жетекчилерин жоготууга аракет кылууда. Бирок Израилдин аскерлери “Хамастын” жетекчилери жашаган үйдү атуудан мурда аларга “Силер ушул жерде турасыңар, биз жаныңарды беш мүнөттөн кийин атабыз, ошондуктан чыгып кеткиле”,- деген кабар берүүдө. Бирок ошого карабастан жөнөкөй жарандар да каза таап, курмандыктар көп болууда.

 

- Бирок эмне үчүн бул согушка дүйнөлүк коомчулук, ошол эле арап өлкөлөрү кийлигишип, токтотуп калуу аракетин көрбөй жатышат?

 

- Андай аракеттер болуп эле жатат. Мен билгенден БУУда бул согушту токтотуу боюнча жыйын болуп, ок атышпоо боюнча сунуш киргизилген. Мындан тышкары Евросоюз да ушундай кайрылуу менен эки тарапка билдирүү тараткан. Ал эми жакында Египеттин президенти  ортомчу болуп, Израил мамлекетинин жетекчилери менен сүйлөшүп, бул маселени тынчтык жолу менен сүйлөшүп, атышууну токтотуу аракетин көрүүдө. Израил бул сунушка макул болду. Бирок “Хамас” макул болбой жатат. Себеби Газа тилкесинде бир гана “Хамас” эмес, 10-15 палестиналык күчтөр бар. Ошолордун көпчүлүгү бирдей макул болбосо, биз сүйлөшпөйбүз деген жооп берилди. Эми Израиль атпай эле турган менен алардын андан аркы планында бомба менен аткылап, андан соң танкаларды, жөө аскерлерди киргизери айтылууда.

 

- Сиз арап жана чыгыш өлкөлөрүндө көп жыл иштеген аскердик адис катары жакшы билсеңиз керек, Палестина жаңжалынын негизги себеби эмне?

 

- Туура айтасыз, мен Египет, Сирия, Алжир, Сауд Арабиясы, Катар жана башка мамлекеттерде аскердик котормочу жана окутуучу катары көп жыл иштеп, алардын психологиясын да жакшы билип калдым. Палестинанын негизги жарасы – айыкпай турган жара, бул муундан муунга өтүп кете берет. Себеби Палестина мамлекети экиге бөлүнүп тургандай эле, эки тараптын көз карашы да эки башкача. Маселен, Махмуд Аббас израилдиктер менен сүйлөшүп, жаңжалды чечүүгө макул болуп, 1967-жылкы келишимди аткаралы деген. Экинчиден, Израил өкмөтү миңдеген палестиналыктарга жумуш берет. Бирок “Хамас” мындай келишимге макул болбой жатат. Анын себеби – булар жасалма түрдө чечкиси келбей жатышат. Себеби Палестинага арап мамлекеттери чоң суммада жардам беришет. Эгер жаңжал чечилип калса, арап өлкөлөрү бул жардамды токтотуп коюшат. Ошондуктан Палестинанын аскердик жана саясый жетекчилери ушул жардамдын эсебинен байып жатышат. Мисалы, мурдагы палестина лидери Ясир Арафат миллиардер болгон. Кыскасы, Палестинанын тегерегинде Израил оккупациялап алган жерден тышкары да көптөгөн күчтөрдүн жеке кызыкчылыгы болгондуктан жана арап элдери менен мамлекеттеринин биримдиги жоктуктан көптөгөн жылдардан бери бул чатак чечилбей, кайра күч алууда. Бир чети алар биз үчүн чыныгы мусульман катары көрүнгөн менен иш жүзүндө аткарган жумушу тескери. Мисалы, бизде, кыргыздарда адам баласы үчүн ыймандуулук, намыс жана башка адам баласы үчүн тиешелүү сапаттар өтө жогору бааланат. Буларда ыйман Кудайга ишенүү гана болуп саналат.

 

- 1980-жылы Иран Ислам Республикасынын рухий лидери аятолла Хомейни Ыйык Рамазан айынын акыркы жумасын Кудс же палестиналыктарга тилектештик күнү катары сунуштаган болчу. Бул демилгеге Кыргызстан, кыргыз эли мусулман мамлекети жана Ислам кызматташтык уюмунун мүчөсү катары кандай мамиле жасаш керек?

 

- Албетте, биздин өлкөдө дин мамлекеттин ишине кийлигишпейт. Ошондуктан ар кайсы чет өлкөлөр менен тышкы байланыш жана экономикалык, маданий алака-катыштар диний ишенимге карабай жүргүзүлүшү керек. Андыктан ар бир мусульман пендеси палестиналыктарга тилектештигин өз алдынча билдирүүгө акылуу. Бизде динге ишенгендер Кудайдын куттуу жайы болгон мечитте Жараткан менен түз байланышып, ниетин, тилектештигин билдире алышат. Бирок ошол эле учурда албетте, мусулман пендеси катары бейкүнөө жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү ар бирибиздин парзыбыз деп эсептеймин.

 

- Акыркы мезгилде Кыргызстандан Сирияга президент Башар Асаддын өкмөтүнө каршы согушкан тараптын катарын толуктап кетип жаткандар көбөйүүдө. Бул көрүнүштүн себеби эмне?

 

- Мен учурунда беш жыл Сирияда жашап, азыркы президент Башар Асаддын атасы Хафиз Асаддын аскердик кеңешчисинин котормочусу болуп иштеген адам катары ал жактагы кырдаалды эң жакшы билем. Ал кезде Башар Асад чуркап жүргөн бала болчу. Тилекке каршы Сирияда мусулман дининин эки агымынын ортосунда эле согуш жүрүп жатат. Аларды бири-бирине кайраштырган күчтөр да ошол эле арап мамлекеттери болуп саналат. Бирок Сирияга согушуу үчүн кетип жаткан кыргызстандык жаштар алданып жатышат. Алардын диний түшүнүгүнүн такыр жоктугунан (төмөн да эмес), социалдык абалынын начардыгынан, жумушсуздуктан сырткы күчтөр пайдаланып жатышат. Ал эми аялдардын ал жакка барып, согушкерлерге аялдык милдет аткарып жатышы да түшүнбөстүк жана алдангандык. Эч качан мусулман дининде мындай эреже жок. Башкача айтканда динди пайдаланган дин бузарлар ушундай жаштарыбызды өлүмгө, тобокелчиликке түртүп жатышат. Албетте, бул көрүнүштү токтотуу үчүн мамлекет менен дин кызматкерлери биргелешип иш жүргүзүш керек. Аларга жумуш таап берип, социалдык абалын жакшыртпаса мындай көрүнүш токтобойт.

 

Маектешкен Б.Акылбеков

Булак: “Майдан.kg”, №025 (154)