"Ата-Журт" партиясыны лидери Камчыбек Ташиевдин "Менин тилегим" китебинин толук варианты

                                          

I

Менин айылым, балалыгым

 

Киндик каны тамып, бактылуу балалыгы калган айылы жөнүндө эскерүү ар бир адамга жагымдуу. Адамдын турмушка болгон көз карашынын калыптанышы, дүйнө таануусу өз айылы менен түздөн түз байланыштуу эмеспи, андыктан мен балалыгымдын издери калган айылым жөнүндө сөз кылган сайын жан дүйнөм жаңырып, туулуп-өскөн айылыма болгон сүйүүм, бир көрүүгө болгон куштарлыгым артып турат. Адам төрөлгөндө жараткан тарабынан анын жан дүйнөсүнө салынган бул күч – киндик каның тамган айылыңа жүрөгүң менен байлануу мени таң калтырат.

 

- Мен Жалал-Абад облусунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Дөбө айылында 1968-жылы 27-сентябрда жарык дүйнөгө келиптирмин. Биздин Таш-Дөбө айылыбыз Жалал-Абад шаарынын түштүк-чыгыш тарабында, адыр- тоолордун этегинде жайгашкан. Балалыгың калган айылың, кичи мекениң кайда, табигаттын кандай шартында жайгашпасын, мейли ал какыраган чөлдө болобу, аскасы асман челген тоолордун койнундабы же гүлбакчалуу өрөөндөбү, адам үчүн бул маанилүү эмес. Маселе, туулуп-өскөн айлыңдын сенин жүрөгүңө байланган касиетинде деп ойлойм. Биздин Таш-Дөбө айылыбыз чындыгында эле гүлзарлуу өрөөндө жайгашкан. Облустун борбору Жалал-Абад шаарына чейин ат чабым эле аралык. Андан ары Сузак, Базар-Коргон, айтылуу Арстанбап, түштүк-батыш тарабында тарыхка бай Фергана өрөөнү созулуп жатат. Чыгышында тоо таянып Барпы акын баскан өрөөндөр, Ачы айылы, улуу тоолор, түштүгүнө карай Өзгөн калаасы жайгашкан. Бир сөз менен айтканда, туулуп-өскөн Таш-Дөбө айылым адамдын жашоосуна өтө ыңгайлуу, табигаттын ажайып бир кооз жеринде, төрт мезгил: жаз жаздай, жай жайдай, күз күздөй, кыш кыштай өз нугунда өткөн өрөөндөн орун алган. Бул берекелүү өрөөн чыныгы дыйкандардын мекени деп ойлойм. Анткени бул аймакта адамдын жерге жасаган мээнети текке кетпейт. Кыргызстандын бардык эле аймактарында жерге сепкен үрөнүң ойдогудай чыгып, өз түшүмүн бере бербейт. Жалал-Абад өрөөнүндө, анын ичинде биздин Барпыда табигат ыроологон мөмө-жемиштердин, жашылчалардын, эгин-тегиндин баары өнүп-өсүп, бышып-төгүлүп турат. Бир гана адамдын мээнети керек. Бул өрөөн чыныгы дыйкандардын мекени дегеним менин атам Кыдырша  өмүрүн дыйканчылыкка арнаган, кетмени ийининен түшпөгөн, маңдай тер эмгеги менен жашаган адам эле.

 

“Атаң өлсө да, атаңды көргөн өлбөсүн”

 

Атам Ташиев Кыдыршанын дүйнөдөн өтүп кеткенине 7 жылдын жүзү болду. Бала кезиңде ата-энеңдин сени багып-өстүрүүгө, тарбиялоого кандай күч, мээнет өтөгөнүнө маани бере албайсың. Качан өзүң канат күүлөп, турмуш жолуна өз алдынча учуп чыкканыңда, бала-чакалуу болуп, атаң сыяктуу ата болгонуңда гана ата-энең сенин турмуш жолуңа, дүйнө таанымыңа кандай таасир эткенин билесиң. Менин атам Кыдырша жердин ээси эле. “Жердин ээси дыйкан” деген сөздүн чыныгы маанисин мен кийин түшүндүм. Барпы колхозу негизинен пахтачылыкка багытталган чарба болгон. Атам болсо колхоздун пахтасын сугарчу. Биздин айылда, тагыраак айтканда Барпы колхозунда атам “Кыдыршадан өткөн мыкты сугатчы жок болчу”, - деп айтып жүрүшөт. Колхоздун ондогон гектар пахта талааларына суу койчу. Эмгек акысы суу койгон пахта талаасынын аянтына жараша болгондуктан, атам сугат аянтын башка дыйкандардан көп алчу. Анткени биз көп балалуу үй-бүлө элек. Он бир баланы багып-чоңойтуп, тарбиялап, мектепке окутуп туруш үчүн атам менен апам жаз, жай саратанын, күздү пахта талааларында өткөрчү. Атам чекене бойлуу, курч мүнөздүү, көп сүйлөбөгөн, калп айтпаган, өмүрүндө башка бирөөнүн ырыскысына кол салбаган, күнү-түнү кетмен чаап, суу коюп, маңдай тер эмгеги менен жашаган адам болгондуктан, ал суу койгон пахта талаалары ар дайым кулпуруп тураар эле. Ар бир иштин устаты болот эмеспи, бу сугатчылык да өзүнчө устаттыкты талап кылат тура. Атам пахта жөөктөрүнө суу койгондо, суу бардык жөөктөрдө жылжып аягына бирдей агып чыкчу. Сугат башталганда  үй бетин көрбөй, пахта талааларында күнү-түнү жүрөөр эле. Апам күндө бизди, бешиктеги баласын да сугат талаасына ала барып, атама жардам берчү. Ал учурдагы колхоз турмушу баарыбызга эле маалым го. Сугатчынын болгону кетмени, анан  ташпанар (фонар) чырагы болоор эле. Түнкүсүн ошол жылчыган ташпанар чырак менен ар бир жөөктү карап чыкчу. Биз болсо жаш, ойноо балдар элек. Түнкү караңгылыкта атамдын панар чыгарынын жарыгын издеп тамак-аш алып барчуубуз. Чындыгында, биздин үмүтүбүз, жашообуз ошол ташпанардын үлпүлдөгөн жарыгында экенин эс тартып, эми түшүнүп отурам.

 

Бала кезимде эсимде калган дагы бир учур атамдын “балам мен силерди таза нан менен бактым, менин ар бир чапкан кетменим бир сындырым нан” деп айтканы. Бала кыялымда “кантип эле бир чапкан кетмени бир сындырым нан болсун” деп таңдана карап калчумун. Көрсө, атам силерди маңдай тер мээнетим, ак эмгегим менен багып жатам дегени экен. Ар дайым “балдарым, бирөөнүн бактарына кирбегиле, көз артпагыла, бирөөнүкү ыйык болот” дей берчү. Эгер бирөөнүн багына киргенибизди көрсө, катуу жазалачу. Ошондуктан биз кошуналардан эмес, атабыздан коркуп бирөөнүн буюмуна жолоочу эмеспиз. Ал мезгилдерге салыштырмалуу азыр алда канча жакшы жашап жатсам да эмнегедир ошол кездеги нандын, канттын даамы оозумдан кетпейт. Атам балдарына жөлөк пул (пособие) алуучу, айлыгы да чектелүү болчу. Ошондуктан бизди өтө үнөмдүү болууга тарбиялады. Кантты иштеген ишибизге жараша бир-экиден бөлүп берээр эле. Чайга бирден кант салып, нан жеп эле курсагыбыз тоюп калчу. Дыйкан адамдын бакчасы-корообуз ар дайым бышкан коон-дарбызга, мөмө-жемиштерге, жашылча жемиштерге толуп турчу. Атам коон-дарбызды санап койдум үзбөгүлө деп, ошол эле учурда көчөдөн өткөндөрдү чакырып, коон-дарбыздарыбыздан көтөрүп кетишинче үзүп берчү. Көрсө, атам өз балдарын тартипке, үнөмгө тарбиялап, өзгөлөргө берешендик кылчу экен. Коон-дарбыз, помидор, бадыраң көп болсо да биз эч качан  уруксаатысыз жулчу эмеспиз. Атам эрте менен балдары уйкудан ойгонгончо дарбыз-коон, жер жемиштерди биздин жешибизче жулуп, жууп тазалап койчу.

 

Көп нерсени да эсеби менен үнөмдөп, ысырап кылбай керектегенди биз ошондон үйрөндүк.

 

Ошол кездеги айылдык кыргыздардын турмуш-тиричилиги окшош эле. Ондон ашуун балдары бар ата-энелер да көп болчу. Биз кадимки көп балалуу кыргыз үй-бүлөлөрүндөй эле бир үйдө уктап, сабак окуп, чай ичип, чурулдап чоңойдук. Эң башкысы ата-энебиз бизди ынтымакка, бир туугандык мээримдүүлүккө тарбиялады. Азыр ар кимибиз өз алдынча очор-бачар болсок да ынтымагыбыз сакталып калды. Кудайга шүгүр, арабызда жаман жолду баскандар, ууру-кески, соттолгондор жок. Мындан ары да ушундай ынтымакта, бирге болобуз деп тилек кылам.

 

 Атам менен апам балдарынын жогорку билимдүү болушуна өтө көп аракеттеништи. Менимче, өздөрү үчүн өксүк болгон билимди биздин алышыбызды, колхозчунун балдары илим-билимдүү адам болушун тилешти. Чоң агам мединститутту, анан кийинкиси Айыл чарба институтунун механика жагынан, кыздарыбыз да медицина тармагынан билим алышты. Кыскасы, биз айылдык сугатчынын балдары баарыбыз жогорку билимдүү болдук. Ошентсе да адамдын кадыр-барктуу, эл-журтка таанымал болушу үчүн илим-билимден да мурда өзүнүн адал эмгегинин каарманы болушу керектигин мен өз атамдын мисалында түшүндүм. Маңдайында он бир баласы, үстүндө өз мээнети менен салган жупуну үйү, ийнинде көтөргөн кетменинен башка дүйнөсү болбосо да атам Кыдыршаны бу чөлкөмдөгү адамдардын баары таанычу. Кайсы жерге барбайын “Кимдин баласысың?” деп сурап калышса Кыдыршанын десем, “аа, сугатчы жетимдин баласы турбайсыңбы” деп калышчу.

 

Алыстаган сайын менин айылыма болгон арзуум күчөй берет. Ушул чалкеш заманда бир жерде тура албайсың, айылыңа тез-тез барууга да убакыт таппайсың. Айылым болсо ордунда, баякы ыркыраган шамалга төшүбүздү тосуп чуркап ойногон адырлар түшүмдөн кетпейт. Досторум Арзымат, Кадыр, Зайырбек, Миталиптер болуп бул адырларда эчен балалык оюндарды ойноп, бактылуу күндөрдү өткөрдүк. Шарт болбосо да спортко өзгөчө көңүл бурчубуз, айыл жеринде туруп көп машыкчубуз. Адамдардын баары эле өздөрүнүн киндик каны тамган айылын жакшы көрүшкөн сыңары, мен да айылымды өзгөчө жакшы көрөм. Азыр да айына бир-эки жолу барып, атамдын жыты сакталган эски кемселин кийип алып, баякы балалыгым өткөн жолдорду бир катар басып чыкмайын көксөөм канбайт. Балким, бирөөлөр өз айылдарын биротоло таштап, башка жактарга көчүп кетишээр, бирок мен анте албайм – дүйнө жүзү менин айылыма батып тургандай сезилет. Ошондуктан мен өз айылымдын өнүгүп-өсүшү үчүн колумдан келген жардамымды аябаймын. Менин балалык кезимде чечилбеген, өксүк болгон айрым маселелерди чечкенге аракет кылам. Азыркы өсүп келаткан муун биз тарткан өксүктөрдү тартпаса дейм. Андыктан менин өз айылым үчүн жасап жаткан иштеримдин баары өткөн балалыгым менен тыгыз байланыштуу.

 

Мен эң жөнөкөй, мээнеткеч сугатчынын үй-бүлөсүндө чоңойгонума каниет кылам жана ата-энем менен сыймыктанам. Анткени алар өмүрүнүн артында биз- балдары үчүн эң сонун тарбия-таасир ала турган өрнөктүү өмүр калтырышты. Ата-энемдин көздөрү дүйнөдөн өтүп кетишсе да аларды көргөн адамдардан “ата-энеңер жөнөкөй, мээнеткеч, эч кимге залалы тийбеген адамдар эле, атаңардай өз эмгеги менен жашаган, элин-жерин сүйгөн адамдардан болгула” деген карыялардын, энелердин сөздөрүн ар дайым жүрөгүмө эш тутам.

 

Пахтанын жыйымы көп болсо, атамдын айлык маянасы да көп болот эле. Бир же эки гектар эмес, ондогон гектар пахта талаасына суу койуу канчалык мээнетти талап кылаарын, ошол мезгилде турмуш канчалык оор болгону азыр көз алдыма тартылат. Азыр ойлосом,  атам Кыдырша өтө мээнеткеч адам экен.

        

Атамдын үйү

 

- Ар бир ата балдарына тарбияны жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөздөрү, жасаган иш-аракеттери менен  берет эмеспи. Атам Кыдыршаны эстеген сайын анын биз чоңоюп-өскөн эки бөлмөлүү, ортосунда айбаны бар чоң үйдү кантип салганы тууралуу айтып берген аңгемеси эсиме түшөт.

 

Атам жаштайынан ата-энесинен ажырап, жетим өсүп, турмуштун оош-кыйышын көп тартыптыр. Чоңоюп эр жеткенде өзүмдүн үйүм болсо деп көп тилек кылчуу экен. Анан апама үйлөнүп, бала-чакалуу болгондо ошол биз чоңойгон үйдү кантип салганын, тарткан кыйынчылыктарын көп айтчу.

 

- Ушул силер  чоңойгон үйдүн пайдубалын төшөп, дубалын көтөрүп бүткөнчө күз болуп, кыш жакындап калган. Жыгачын тартып, андан ары үстүн жапканга каражатым калбай, бир үйдүн үстүн пленка менен убактылуу жаап коюп балдарым  менен жамгырдан корголоп отурсам сырттан бирөө кыйкырып калды. Чыксам ушул биздин айылда белдүү жашаган, ошол кездеги райондук керек-жарак коомун (Райпотребсоюз) жетектеген Токтосун ава экен. “Эй жетим, жамгырга жедирбей, үйүңдүн үстүн жаппайсыңбы?”, - дейт. “Аба каражатым калбай калды” десем, “эртең мага конторго баргын”,- деди. Эртеси барсам 100 шиферге кагаз жазып берди. Шиферлерди жол жеткен жерге чейин машина менен алып келип, андан ары эшек араба менен бирден ташып, үйдүн үстүн жапканмын. Ошол адамдын жакшылыгын өмүр бою унутпадым. Эгер кийин эр жетип, бутуңарга туруп, эл керегине жарап калсаңар, үйү жокторго, жетим-жесирлерге колуңардан келген жардамыңарды бергенден аянбагыла дечү.

 

Υйүбүзгө ар дайым колхоздун башкармасы, бригадирлер келип турчу. Балалык түшүнүгүмдө дүйнөдө раистен (колхоз башкармасынан) чоң, кадырлуу адам жок го деп, биздин үйгө раистин келгенине сыймыктанып да калчумун. Пахтанын жыйымы көп болсо, атамдын айлык маянасы да көп болот эле. Бир же эки гектар эмес, ондогон гектар пахта талаасына суу койуу канчалык мээнетти талап кылаарын, ошол мезгилде турмуш канчалык оор болгону азыр көз алдыма тартылат. Азыр ойлосом,  атам Кыдырша өтө мээнеткеч адам экен.

 

Атамдын менин балалык чагымда эсимде калган эң чоң аңгемеси ушул үй курганы болду. Бул аңгемесин бир нече жолу кайталап айткандыктан, азыр да кулагымда тургансыйт. Эми ойлосом, ошол эки бөлмөлүү үйдү куруш атам үчүн өтө чоң түйшүктү, мээнетти талап кылганын, ошол эле учурда курган үйү менен сыймыктанганын, ошол сыймыгын бизге айтып түгөтө албай келген экен. Ошондуктан мен ар бир адам өз эмгеги менен үй куруш керек экен, үй куруу ушундай оор, машакаттуу жумуш тура, колунда барлар колунда жокторго жардам бериш керек экен деген түшүнүк менен чоңойдум. Атамдын ушул аңгемеси менин турмушка болгон көз карашымдын, ой-жүгүртүүмдүн калыптануусуна өтө чоң таасирин тийгизди. Азыр үй-жайы жокторго, жакырларга колумдан келген жардамымды берген сайын атамдын ошол үй курган аңгемесин эстеп каниет алам.

 

Асма көпүрө

 

Биздин Барпы айыл өкмөтүндө бир нече айылдар коюн-колтук жайгашкан. Айылдар өз-өзүнчө аталган менен азыр бири-бирине кошулуп, жуурулушуп кеткен. Ушул айылдардын ортосун бөлө чаап аккан Чаңгет сайдын шок суусу бар. Шок дегеним Чаңгет сай суусунун башаты тээ тоо тараптан башталып, бизге жеткенде көбөйүп, өзгөчө жаз-жай айларында жээктерин жеп, суудан ары-бери өтүүгө мүмкүн болбой калат. Күнүмдүк тиричиликте айылдын аркы өйүзүнө өтүш үчүн бир тарабынан беш, экинчи тарабынан жети чакырым жерди айланып өтүүгө туура келчү.   Биздин айылдан аркы өйүзгө өтүүчү асма көпүрө боло турган. Асма көпүрөнүн абалы да абдан начар болгондуктан, андан өтө зарылдар гана эптеп өтпөсө, өтө опурталдуу эле. Бала кезимде айылдык досум Арзымат экөөбүз ошол асма көпүрөдөн өтүп баратканда көпүрөнү кармап турган зым үзүлүп, сууга кулабаймынбы. Зымдын бир учу колумда калып, эптеп ошол зымга тырмышып, жээкке араң чыкканмын. Күн суук эле. Υстү-башым суу болуп, суукка тоңгонум эсимде. Бала кезимде тентек, чыйрак, өжөр элем. Муну мени билгендердин баары эле айтышат. Балким чыйрактыгымдан сууга агып кетпей, аман калгандырмын. Ошондо балалык аруу сезимимде Чаңгет сайга түзүгүрөөк көпүрө салып койсо болбойбу деп кейип, чоң киши болгонумда бул жерге көпүрө салам деп кыялдангам. Көпүрөнү ким, кантип, кайсы каражатка салышы керектигине ал кезде акылым да жетпегендир, бирок баланын тилеги орундалат дегендей, бир нече жылдардан кийин үзүлүп кеткен асма көпүрөнүн ордуна бирөөн, андан беш-алты чакырым  төмөн тарапка зыңкыйган экинчи көпүрө салуума ошол окуя себеп болду. Бул көпүрөлөрдөн азыр адам эмес, танк өтсө да көтөрөт. Эң башкысы канатташ айылдарыбыздын эли каттоодон кыйналбай калышты. Муну мен бала кездеги бир тилегим орундалды деп түшүнөм.

 

Бул чөлкөмдө Чаңгет сай таанымал, ал тургай акындардын айтышына да арзыган. Ак таңдай акын Жеңижокко Барпы акын барып жолукканда ал акындын кайдан келгенин сураганда “Жалал-Абад, Кең Чаңгет жайдан келдим Жеңижок”, – деп жооп бергени бар. 

 

Балалыктын издери

 

Биз бала кезде айылыбыздын жолдоруна байланышкан көп көйгөйлөр бар эле. Айылдын ортосунан өткөн чоң көчөгө гана асфальт басылып, калган көчөлөрүбүз эрте жазда кар эрип, баткак болуп жатчу. Мектепке жеткенче баткак кечип барчубуз. Биздин Крупская атындагы үч кабаттуу мектеп жаңы бүтүп, эң алгачкы  болуп бириничи класска биз ушул мектептин астанасын аттадык. Мектепке бут кийимибизди тазалап келмейин киргизбейт эле. Күндүн суугунда муздак сууга бут кийимибизди тазалап, колдорубуз үшүп, кызарып, калам кармай албай калат элек. Азыр болсо Барпыда айылдарды аралап өткөн негизги жолдордун баарын өз каражатыма оңдотуп, мектептин алдына чейин асфальт төшөтүп койдум. Окуучулар эми мектепке кыйналбай эле барышат.

 

Мектепте окуп жүргөндө эле мен спортко өтө кызыкчумун. Бирок спорт менен машыгууга шарт болбогондуктан адырларга чуркап же Жалал-Абадга барып келчүбүз. 1995-жылы айылыбызда “Тай-Мурас” спорт клубун ачтым. Андан бери ушул клубда тарбияланган айылдын эле балдары алды АКШга, Кытайга, Малайзияга, Филппинге барып эл аралык спорттук таймаштарга, Азия оюндарына катышып, байгелүү орундарды жеңип келишүүдө. Барпыда азыр чоң спорт комплексин куруп бүтүрдүм. Жалпы сметалык чыгымы 25 млн. сомду түзгөн мындай спорттук комплекс өлкөбүздүн түштүгүндө, ал тургай түндүгүндө да жокко эсе. Миң адамды батырган зал аренасы айлана түрүндө курулган. ортосунда спорттун бардык түрү: бокс, күрөш, волейбол, баскетбол ж.б. таймаштарын өткөрсө болот. 2-кабатында спортсмендер үчүн  мейманкана, жер төлөсүндө ашканасы бар. Спорт менен машыга турган жайы өзүнчө, административдик корпус өзүнчө жайгашкан. Бир сөз менен айтканда спорттук комплекс бүгүнкү күндүн талабына толук жооп берет. Жогоруда айтканымдай айылым үчүн жасагандарымдын баары – менин балалык чоң кыялдарымдын, тилегимдин орундалганы деп билем. Өзүм бир учурда жетпеген шарттардын азыркы муундар үчүн түзүлүп жатканына мен чын дилимден кубанам. Мындай тилектеримдин орундалышы үчүн каражатымды да, мүмкүнчүлүгүмдү да аябаймын. Эгер ар бир ишкер, мүмкүнчүлүгү бар адамдар өз айылдары үчүн кам көрсө, анда менин Кыргызстаным тез эле өнүгүп кетет.

 

Менин бала чагымдан жакшы билгендер, мектептеги эже-агайларым тентек, зирек, чынчыл бала болгонумду көп айтышат. Эмнегедир өзүмдөн алсызыраактардын талабын талашып, балдар менен көбүрөөк урушчумун. Азыркы мүнөзүм да бала чагымдан келатат. “Мүнөз адам төрөлгөндө кошо төрөлүп, дүйнөдөн өткөнчө коштоп жүрөт” деп бекер айтылбаса керек.  Кайсы бир маселелерде сабырдуу болбой ачууга алдырганым менин кемчилигимдир, бирок жигиттик сөзүнө турбай эки сүйлөгөн, адилеттиктен тайган жетекчилер, адамдар менен күрөшүүнү токтотпойм. Ошондуктан азыркы парламентте да мага байланыштуу ызы-чуу болгонун билесиз. Айрым кыңыр иштер көз жаздымда кала берсе, эл билбей калса деген депутаттар да жок эмес. Унчукпай, көрмөксөн болуп олтура берсек, анда биздин элдин элегинен өткөн депутаттык вазыйпабыз кайда калат. Кимдир-бирөөлөр үчүн депутаттык мандат, парламент кара башынын гана камын көргөн тынч жайдыр, бирок мен үчүн элдин талабын талашчуу элге кызмат кылып, эл мүдөөсүн аткаруучу жай деп түшүнөм. Бала кезимде “атам эмне үчүн депутат болбойт, мыкты сугатчы го. Депутат болсо эң мыкты иштерди аткармак эле го” деп ойлой берчүмүн. Менин депутат болуума да ошондогу кыялдарым түрткү болду десем болот. 1995-жылдан бери үч ирет депутаттыкка ат салышып, 2005-жылы Парламенттик шайлоодо атаандаштарымды 1-турдан эле утуп чыктым. Өткөн жылы биздин “Ата-Журт” партиясы эң көп добуш менен Парламентке келди. “Бардык иш пейлиңе жараша болот” деген сөздүн калети жок. Бирок, бардык эле депутаттар элге ак, таза кызмат кылат дегенден алысмын, себеби өз керт башы үчүн, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын ойлоп койбогон – көпөс депутаттар бар экенине ынанып отурам.

 

- Менин өмүрүмдөгү бурулуш жылдардын бири айылдык мектептен сегизинчи классты бүтүрүп, Ошко “Терешкова” атындагы жатак орто мектебине өткөнүм болду деп ойлойм. Анткени ошол кезде “Терешкова” мектебинде жалаң мыкты окуган окуучулар менен илим-билимдүү адамдардын балдары окуп, мектепти бүтүргөн соң Россиянын жогорку окуу жайларынан билим алышчу. Бул мектепке кирүү да кыйын болчу. Ушу маселеде апам өтө чечкиндүүлүк кылган. Айылдык мектепте тентегирээк болсом да мен жакшы окуучу элем. Атам менин айылдан алыска кетишимди каалабады. Андан көрө мага жардам берсин, ишке кол кабыш кылсын деди. Бирок апам “үйдөн алысыраак жүрсө, тентектиги да жоюлат, “Терешковага” барсын, балдарымдын ичинен ушул баламдан бир нерсе чыгат. Зирек, сабакты да жакшы окуйт” деп катуу турду. Апамдын көп маселелерди алдын ала көргөн көрөгөчтүгү да бар эле. Ошентип, Ош шаарындагы “Терешкова” атындагы жатак орто мектебинде окуп калдым. Ал жерде көп улуттун балдары окуучу. Алар менен тең тайлашып окууга туура келди.  Эсимде калганы мектепте Жаңкорозов деген химиядан сабак берген агайыбыз бар эле. Ар дайым мени бөлүп алып, химия сабагын окута берчү. “Терешкова” орто мектебин бүтүргөндө менин аттестатымда жалгыз “төрт”, калган сабактардын баары “беш” болчу. Ошентип Оштон мектепти аяктап, мен Россиянын Томск шаарына жогорку окуу жайга тапшырганы Андижан-Томск поезди менен жөнөп кеттим. Атам Андижанга алып келип поездге салганы эсимде. Жанымда болгону 40 рубль акчам бар эле. Анын 12 рублына поездге билет алганмын.

 

Томскидеги студенттик күндөрүм

 

Айылдык мектептен окуп, орус тилин жакшы билбеген өспүрүмдүн Россиянын үлкөн жогорку окуу жайларына тапшырып, өтүп кетиши, окууга өтүп кетсе да улантып  кетиши ал кезде кыйын эле. Томскиге жеткен соң мен Томскиден Политехникалык институтунун  химия технологиялык факультетине документтеримди тапшырдым. Бул окуу жайга, анын үстүнө химия жаатындагы адистикке менин өтүп кетишимден күмөн санаган санаалаштарым “башка факультетке тапшыр, химия өтө эле оор сабак, сен ага өтө албайсың” деген кеңештерин көп айтышты. Бирок мен көздөгөнүмдөн кайтпадым. Ошол жылдары Россиянын окуу жайларында биринчи ирет студенттерди тестирлөө жолу менен кабыл алууну эксперимент катары кийиришкен экен. Мен биринчи экзаменде химия сабагы боюнча өткөрүлгөн тестирлөөдө эң жогорку баллга жетишип, “беш” деген баа алып чыктым. Бул көптөр үчүн, ал тургай аталган факультеттин мугалимдери үчүн да күтүүсүз окуя болуптур, Профессор Карбаинов деген факультеттин деканы мугалимдерден комиссия түзүп, “Тээ Кыргызстандан келген окуучу мындай баа алышы мүмкүн эмес, биздин тестирлөө ыкмабыз натыйжасын бербеди. Бул бала каалаганын белгилеп коюп, кокустуктан эле жогорку балл алып калган” деп менден оозеки, жазуу түрүндө экзамен ала башташты. Ошондо мен орус тилин начар билгендигимден оозеки түрүндө берилген суроолорго жооп бере албай жаттым. Жазуу түрүндө  берсе тез эле таблицаларды толтуруп, так, туура жооп бергенимди көрүп, профессор Карбаинов “чындыгында бул бала химиядан мыкты билет экен, бизге мындай студенттер керек, бирок башка сабактарынан өтпөй калбасын, көзөмөлгө алгыла”,- деп мугалимдерге табыштады. Кийинки экинчи, үчүнчү экзамендерди “үчкө” тапшырдым. Эгер төртүнчү экзаменди да “үчкө” тапшырсам, кулап кала турган болдум. Ошондо мага атайын мугалим дайындап ал мени төртүнчү экзаменге даярдай баштады. Ошентип төртүнчү экзаменди “төрткө” тапшырып, окууга өтүп кеттим. Мени менен барган төрт курдашымдын эч кимиси окууга өтө алышпады. Кийинчерээк алар да сырттан окууга тапшырышты. Бирок, окууга өтүү бир маселе, аны улантып окуп кетүү андан да чоң маселе болчу. Окууга өткөндөрдүн көбү курстан курска калып, же биротоло окууларын таштап кетишчүү. Анткени сабактар өтө оор болчу. Кыргызстандан ошол жылдары Томск шаарына баргандардан жалгыз мен аягына чейин тырышып окуп, 1992-жылы бүтүрүп келдим. Курстан курска да калбадым. Албетте тил билбей көп кыйынчылыктарды баштан кечирдим. 2-курсту бүтүрүп, аскерге кеттим. Аскерден мурадагыдан алда канча тың, алдуу-күчтүү болуп кайттым. Ошол кезде Томскиге даярдоо курска окуйбуз деп көп кыргыз балдар келген эле. Алардын башын бириктирип, бизди кодулаган жергиликтүү балдарга каршы турчубуз. Чындыгында ал кезде деле алыстан Кыргызстандан, башка Союздук республикалардан келген студенттерге жергиликтүү балдардын кысымы күч болчу. Алар теңсинбей, колдон келсе жатаканалардан кууп чыгууга аракет кылчуу. Мен аскерден келгенден кийин тогуз кабат студенттик жатаканага ДНДнын командири болуп калдым. Мактаныч эмес,  менин жатаканама сырттан кимдир-бирөөлөр, орусубу, чечениби кирип чатак  кыла алчу эмес,уруксатсыз кире да алчу эмес. Кыргыз балдарды башка улуттун балдарынан коргоп, эчен ирет мушташып, көзү-бетим көгөрүп, акырында жатакананы толук көзөмөлгө алганга жетишкем. Бөтөн жерде кыргыздын тырнактай баласынын 9 кабат студенттик жатакананы 5 жылдай кармап турушу ал кезде акылга сыйбай турган көрүнүш эле. Буга менин намысчыл мүнөзүм менен бирге тынымсыз спорт менен машыкканым себеп болду десем болот.

Томскиде Бектур Курманалиев деген чыгыштын жоокердик “Джю-джит-си” өнөрүнүн мастери бар эле. Ал Россияда кырк жылдан ашуун жашап, чыгыш таймаш өнөрүнөн сабак берип, жакында Кыргызстанга кайтып келди, өзү Чүй облусунун Байтик айылынан болот. Мен анын колунда 5 жылдай машыктым. Башында мен машыктыруучунун кыргыз экенин билген эмесмин,  өзү да айтчу эмес. Эмнегедир мага талапты өтө катуу коёр эле. Ушул адамдын үйрөткөн өнөрүнүн пайдасын ошол учурда көп көрдүм. Эң башкысы мен кыргыздардын башка улуттардын алдында намысы тебеленбей, баш көтөрүп, коркпой эркин жүрүшүнө шарт түзүүгө аракет кылдым. Ошол эле учурда менин адам катары калыптануума көп таасирин тийгизген Россияны, Томск шаарын абдан жакшы көрөм. Азыр балдарымды да Томскиде окутуп жатам. Албетте, Москвадан, Санкт-Петербургдан окутсам да болоор эле, бирок өзүм билим алган, студенттик күндөрүм өткөн Томск шаары менин жүрөгүмө абдан жакын. Быйыл бир уулум Томски Мамалекеттик педагогикалык университетинин юридикалык факультетинин 1-курсунда окуп жатат. Экинчи баламды да өзүм окуган Томксидеги Политехникалык окуу жайынан окутсам деп жатам. Кээде өзүмө өзүм эмне үчүн студенттик күндөрүм өткөн Томск шаарына жүрөгүм менен байланып калдым деген суроону берем. Албетте, жообум да даяр. Мен Томскиден балдарымдын энеси, өмүрлүк жарымды таптым. Ал да ошол кезде Томскиде окучу. Томск шаарындагы казак кыздарынын “эң сулуусу” наамын жеңип алган жаш, сулуу кыз эле. Ага далай казак жигиттер көз артып, менден тартып алууга аракет кылышкан. Чындыгында Томскиде бай, чоң кызматтагы казактардын балдары көп окушчу. Мен алар менен чабышып жүрүп, баарын жеңип чыкканмын. Биз 1991-жылы жай айларында 4-курсту бүтүп баш коштук. Казак кызын Барпыга- айылыма алып бардым. Жашырганда эмне, атамдын колу жука эле. Мени сыртка чакырып, “балам, сага жакын арадан кыз табылбай калдыбы, эми Казакстанга буларды кантип таап барабыз, канча акча кетет?” деди. “Кам санабаң ата, таап барабыз” – дедим. Экинчи агам Жаныбектин бир уй, бир торпогу бар эле, ошону калың кылып алып баргыла деп сатып беришти. Атам ошол акчаны белине түйүп алып Казакстанга кудалардын алдына бардык. Чынын айтыш керек, ошол кезде менин кайын журтум бизге салыштырмалуу бакубат жашашат экен, үй-жайлары да чоң, тың экен, машинелери бар экен. Ага-эжелери кызматтарда иштейт экен. Менин жубайым он эки бир туугандын эң кенжеси эле. Атамды казак  кудалары бир аз теңсинбей кабыл алышканы эсимде. Ошондо атам сыртта туруп, “балам, сен да жетилерсиң, мезгилиң келээр. Булар азыр ушундай теңсинбей сүйлөп жатышат. Буга мен күнөөлүүмүн. Мен байлык топтой албадым” деп айтканы эсимде. Өмүрлүк жарымдын атасы молдо киши экен, ошол киши гана инилерин кагып, “кудаларды капа кылбагыла, булар да бараалына келет, көзүнөн көрүп турам, бул бала көп ийгиликке жетишет. Мен макулмун, бир гана өкүнгөнүм, кенже кызым алыска түшүп калды, дүйнөдөн өтүп кетсем, көзүмө жетпей калат” деди. Чындыгында эле бир жылга жетпей дүйнөдөн өтүп кетти, биз көзүнө жетпей, топурак салалбай калдык. Мына эми ошол эки абышканын, атам менен кайнатамдын айтканы келип, жетишээрлик дүнүйө-мүлктүү да болдук. Башкаларга да жардам берип жатабыз. Атам кийин Түркестанга олуя Кожо Ахмед Яссавинин күмбөзүнө үч ирет зыярат кылып келди. Чындыгында мен кудайдын мээрими түшкөн касиеттүү жерден үйлөнгөм.

 

Менин энем – Баатыр эне

 

Менин апам Алима коңшу Чокмор айылынан, багыштын кызы болот. Апам өтө мээримдүү, көп нерсени алдына ала  көрө билген акылдуу жан эле. Апамдын таятасы Шүкүралы болуш убагында Жалал-Абад, Барпы чөлкөмүндө болуштук кылган. Айтылуу Мырзакул болуш апамдын таятасынын аткошчусу болгон. Ал кезде Кокон хандыгынын кысымы күч болуп, болуштар Кокон хандыгынын салыкчыларына, баскынчыларына каршы күрөшүп турган чак экен. Шүкүралы болуш баскынчыларды кууп барып, Андижанда каза болуптур. Болуштун небереси катары айылда апамдын кадыры да чоң эле. Бир учур апам мага “балам, 8-март келе жатат, ушу көп бала төрөгөн Баатыр энелердин көңүлүн бир көтөрүп койбойсуңбу?”- деп, суранып калды. Ошондон тарта 16 жылдан бери 8-мартта “Баатыр энелер” менен чогуу болом. Апам анын он экисине катышты да көзү өтүп кетти. Аларды куттуктап белек берем, дасторкон жаям. Башында Барпыдан 120га жетпеген Баатыр энелер чогулса, азыр Сузак району, Жалал-Абад шаары боюнча миңге чукул Баатыр энелерди чогултам. 8-мартта Баатыр энелерди куттуктоо мага апамдан калган мурас деп түшүнөм. 8-мартта мен Баатыр энелерден башка эч кимди, аялымды, кыздарымды да куттуктабайм, алар мен бул күндө бир гана Баатыр энелерге өзгөчө көңүл бураарымды билип, түшүнүү менен кабыл алышат. Бардык эле энелер өз балдары үчүн кайталангыс деңизчи. Ошентсе да мен апамды өзгөчө жакшы көрөр элем. Эң оболу апамдын айылындагы чоң көчөнү оңдотуп, асфальт төшөткөм. Ушул көчө менен апамды ээрчип эркелеп, таятамдардыкына бараар элем. Бул көчө Түмөнбай Байзаков атындагы көчө. Депутаттыкка ат салышканымда да апамдын Чокмор айылынан ар дайым эң көп добуш алам. Муну мен тага журтумдун апама болгон сый-урматы деп билем.

 

Бизнестеги алгачкы ийгиликтерим

 

 “Ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет”,- деп таамай айтылган элдик сөз бар. Турмуш ойлогондой эле болсо кана. Алыскы Россиянын Томск шаарынан жогорку окуу жайды көп кыйынчылыктар менен аяктап, кыргыз журтума, айылыма кайтып келдим. Ошол жакта иштеп калууга да жолдомолор болду, бирок мен көпкө дейре айылымдан алыстап, сарсанаага батып жүрө алмак эмесмин. 1992-жылдары мен окууну бүтүп келгенде Советтик түзүлүш кыйрап, адамдардын акыл-эсинде, турмушунда чаң-тополоң түшүп турган кез эле. Анын үстүнө мен Кыргызстанда сейрек кездешкен кесиптин ээси болуптурмун. Жалал-Абадда “ШР” деген заводго ишке орноштум. Бирок завод көп узабай токтоп калды. Ошол жылдары элдин турмушу начарлап, каатчылык ой-кырды каптап келаткан. Биздин үй-бүлөөнүн, ата-энемдин, агаларымдын турмушу да начар эле. Минтип олтурсак ачка калчуудайбыз, бир нерсе кылып турмушубузду оңдобосок болбойт деп чечтим. Эң оболу айылыбызга чакан дүкөнчө (комок) ачып, атамдын катып койгон такталарын алып келип, алдын полдоп, күндөлүк керектелүүчү тамак-аш, буюм-тайымдарды сата баштадым. Бул менин алгачкы ишкердүүлүгүм эле. Айтмакчы, студент кезимде да Жалал-Абаддан 8-мартка карата кутучаларга гүлдөрдү салып алып, Бишкекке келип, Бишкектен Томскиге самолетко салып кеткен жайым да бар. Бирок, студенттик тар бөлмөмө жеткен гүлдөр жылууга кирээр замат бир ачылып алып, соолуп калган. Ошондогу убаракерчилигиме таң калам. Балким, менин ишкердүүлүккө умтулуумдун уюткусу ошондо жаткандыр. Анан 1993-жылы 13-январда кызымдын атынан “Мээрим-Ай” деген фирманы биринчи ирет каттоодон өткөрүп, ишкердүүлүктү баштадым. 1995-жылы уулум Таймурастын атынан кыскартып “Томас” деген нефтепродуктулар менен иштеген фирма ачтым. “Томас” эгемен Кыргызстандын тарыхындагы бир багытта иштеген эң алгачкы түптүү фирмалардын бири. Ал азыр өлкөбүздүн түштүгүндө автоунааларды күйүүчү май менен камсыз кылган өзөктүү, ишенимдүү мекемеге айланды. “Томасты” азыр менин бир туугандарым үзүрлүү иштетип жатышат. Албетте, ишиңдин ийгиликтүү болушу көңүлүңдү куштар кылат. Бирок, ишкердүүлүк менен алекеттенип, өз күчүң менен, карандай мээнетиң менен бутуңа туруп кетүүң оңойго турбастыгын, бул иштин толгон-токой машакатын  өз башымдан кечирдим.

 

Советтик система кыйрагандан кийин талкалоо, кыйроо, талап-тоноо заманы келди. Ошол кезде ким алдуу, бийликте  болсо, көптөгөн жылдар бою элдин эмгеги менен курулган завод-фабрикаларды, өндүрүш жайларды оңой-олтоң менчиктештирип, байып чыга келди. Элдин калың катмарлары жакырчылыктын сазына бата берди. Мындай акыйкатсыз менчиктештирүү мезгилинде мамлекетти жетектеп турган адамдардын кетирген кемчиликтеринин залакасын азыркыга чейин тартып келебиз. Эскирген коомдун кулаары айкын эле, бирок жаңы коомду куруунун ырааттуу жолдору да жок болчу. Ошондой оор шартта мен ишкердүүлүккө кириштим, башкалардан айырмаланып, менде мамлекеттик мүлктү менчиктештирип алууга эч кандай мүмкүнчүлүгүм да, жетишээрлик каражатым да жок эле. Бул маселеде да атам мага чоң кеңешчи, жол көрсөтүүчү болду. 1995-жылдар болсо керек  Барпыда колхоздун бир мал сарайы бар эле. Ошол мал сарайда эл менен кошо атамдын да үлүшү бар экен. “Ушул сарайды сатып алам, үлүшүңөрдү мага саткыла”- дедим. Атам түз жерден эле каршы турду. “Арамга колуңду салбагын балам, бул элдин мүлкү, элдин эмгеги менен курулган сарай. Сен аны ушундай шартта арзанга сатып алгың келип жатабы, мен өз үлүшүмдү сага сатпайм, колуңдан келсе, акчаң болсо, элдин мүлкүнө колуңду салбай өзүң куруп ал”,- деди.   Бул убагында мен үчүн эң таасирдүү кеңеш болгон экен. Ушул кезге чейин мамлекеттин бир кирпичин да менчиктештирип албаганымды, бизнесимди өзүмдүн маңдай тер эмгегим менен жүргүзүп келгенимди сыймыктануу менен айта алам. Кантсе да советтик доордун тарбия-таасирин көргөн карапайым адамдарда каниеттүүлүк бар эле. Алар адамдардын баары бирдей, телегейи тегиз болушун каалашар эле. Советтик системанын жаман жактары менен кошо адамдар үлгү аларлык моралдык, адеп-ахлактык жакшы жактары да көп болчу. Бизнести жаңы баштап, бир аз акчалуу боло баштаган кезимдеги бир окуя эсимеден эч качан чыкпас. Күндөрдүн биринде тапкан акчама “Алабай” породасындагы бир ит сатып алып, үйгө алып келип байлап койдум да, күн алыс эт алып келип тамактандырам. Бир күнү эртең менен турсам атам итимди атып салыптыр. “Бул эмне кылганыңыз?” – десем, “ит бакпай элди бак, кошуна-колоңду бак. Эл кыйналып турганда сен итиңе эт саласың, мен сени нан менен эле чоңойтконмун. Түрлүү-түркүн машине минип, тыяк-быякка өтүп, кыйналган элдин көзүнө кыйын болуп көрүнгөнүңдү токтоткун. Эгер ушуга түшүнбөсөң, сен дагы итиңе окшош ит болосуң, адам эмес айбан болосуң” деди. Ушул окуя мага өтө чоң таасир этти. Ошондон тартып тапкан акчамдын көбүн жол оңдогонго, суу чыгарганга, жакырларга, оорукчандарга жумшай баштадым. Мен канча адамга жарам бергенимди санап олтурбаймын, эл баарын көрүп-билип турат. “Элден өткөн тараза жок” деп бекер айтылбаган. Жакшылык кайтпай койбойт. Алар миңдеген адамдар шайлоолордо мага өз добуштарын берип келишет. Ошолордун берген добуштарынын негизинде минтип элге таанылып, төбөбүз көрүнүп жүрөт. Ошентип атамдын тарбиясы мени турмушка айкын (трезвый) көз караш менен кароого үйрөттү. Балдарымды да ойлоруна койбой, акчаны ченеп берип, өз мээнеттери менен акча тапканга үйрөтүп, ашыкча акча алардын келечеги үчүн чоң зыян, эмгек гана пайдалуу экенин түшүндүргөнгө аракет кылам. Өзүм да өтө кымбат кийинип, байлардай каадалуу жашаганга ыктабаймын. Анткени элден өтө эле өзгөчөлөнүп жашагандын пайдасынан зыяны көп экенин атамдан, анын айткан насаат-кеңештеринен улам жакшы билем.

 

Эмне үчүн чоң саясатка аралаштым?

 

Мен жаш болсом да 1997-жылдары чоң саясатка аралашууга белсене баштадым. Буга биринчиден ошол кездеги элдин жакыр турмушу себеп болсо, экинчиден, менин ишкердүүлүк менен аракеттенүүм өз жемишин бере баштаганы себеп болду. Тагыраак айтсам, мамлекеттин көмөгүсүз эле, эч кандай элдин мүлкүн менчиктештирип албастан туруп ишим алга жылып, кайсы бир деңгээлде жакшы жашай баштадым. Саясатка аралашып, өз алдынча ишкердүүлүк менен алекеттенип, элдин көйгөйлүү маселелерин  чечүүгө, турмуштарынын оңолушуна шарт түзүп берүүгө көмөктөшсөм деп ойлодум. Ошол жылдары Жогорку Кеңештин депутаты Сатыбалды Жээнбеков көз жумуп, анын ордуна депутаттыкка талапкер катары Марат Бакиев менен чыгып тең эмес таймашта утулуп калдым. Тең эмес дегеним ал кезде Бакиевдер элге таанылып калган адамдар эле, финансылык абалдары да күчтүү эле. Менин болсо аларга салыштырмалуу бийлигим да, өтө чоң, байлыгым да жок болчу. Ошентип, топтогон байлыгымдын баарын шайлоого кетирип, бизнесимди кайра нөлдөн баштоого туура келди. 2000-жылы Жогорку Кеңешке кайрадан талапкер катары катталдым. Бул сапар Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Кубанычбек Жолдошов менен атаандаш болдум. Биринчи турда 5000 добуш менен алдыга озуп чыккам, бирок экинчи турда булар эмнелерди гана кылышпады. Ар кандай көз боёмоочулук менен мени миңдей добуш менен утуп кетти. Сыртта менин талапташтарым ызы-чуу салып турушту, бирок бийликте мени уга турган адамым, жардам бере турган эч кимим жок эле. Ошондогу шайлоонун шайтан оюндарынын айынан маңдай-тер менен жыйнаган дүнүйөмдү шайлоого чачып жиберип, кайра эле  депутаттыкка өтпөй кала бердим.

 

2004-жылы туугандардымды чогултуп, 2005-жылдагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоолорго катышаарымды айтып, кеңеш сурадым. Ошондо атам “уулум сени шайлоодон өткөрүшпөйт, эки ирет чачылып-төгүлдүң,  депутат боло албаганыңа мен күнөөлүүмүн, ушу сенин зиректигиңди билсем да мен ата катары сага шарт түзүп бере албадым. Байлык топтой албадым, бийликте менин тааныштарым да, туугандарым да жок. Мен күнөөмдү мойнума алам, андан көрө бизнесиңди кылып, тынч тирилигиңди өткөрө бер, көрүп турбайсыңбы, сени жөн эле сындырып коюшат” – деди. “Мен эл менен жакшы иштешип, маселесин чечип келатам, элден кол үзгөнүм жок, бул сапар эл мени колдойт, мен шайлоого катышам” дедим. Атам ошол жылы дүйнөдөн өтүп кетти. Мен болсо депутаттыкка аттанып жатып “ушул жеңишимди атамдын жаркын элесине арнайм” деп бата кылып үйдөн чыктым. Чындыгында эле биринчи эле турдан 72% менен атаандаштарымды утуп чыктым. Республика боюнча менин көрсөткүчүм 7-болуп катталды. Ошентип мен чоң саясаттын чордонуна келдим. Жогорку Кеңештин депутаты катары Бишкекте туруп калдым. Арадан көп өтпөй 2005-жылкы 24-марттагы революция болуп кетти. Бул окуяга мен катышпадым. Курманбек Бакиев башында турган жаңы бийлик келип, элдин талабын аткарабыз, эл үчүн иштеп, эски бийликтин кемчиликтерин жоёбуз деп белсенип киргенде депутат катары жаңы бийликти колдоп чыктым.

 

Мен эми ирденип, жашообуз жакшыра баштаганда атам дүйнөдөн өтүп, атамдын күйүтүн тартып жүргөнүмдө апам катуу ооруп калды. Күндүзү Бишкекте Жогорку Кеңештин сессиясында болуп, кечиндеси Жалал-Абадга учуп барып апамдын жанында болуп турдум. Бир айга жакын ушинтип каттап иштеп турдум. Апам экөөбүз көп сүйлөшөөр элек, Атам менин депутат болгонумду көрбөй калды, сени депутаттыкка өткөрбөйт деди эле, депутат да болдум. Эми апа сизди бир кубантам, көрөсүз, мен Президент болом десем, апам “ооба балам президент болосуң, бирок азыр эмес, убагы келет, ошондо аракет кылаарсың, азыр ушу бийликтегилер менен чабышпай эле койчу деген. Көп өтпөй апамдан да айрылдым. Бул турмуш ушундай оош-кыйыштуу тура. Ата-энеңдин кашыңда турганы канчалык чоң дөөлөт экенин эми чындап түшүнүп жатам. Атам 71 жашында, апам 64 жашында көз жумушту. Азыр мен жашмын, курчмун, көптөгөн кемчиликтерди кетирип да жатам. Эгер атам менен апамдын көздөрү тирүү болгондо, алар менин жасап жаткан иштериме, сүйлөгөн сөздөрүмө астыртан саресеп салып, каталарымды кашкайта бетиме айтмак.

 

II бөлүм

Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги ишмердүүлүгүм

 

№29-Барпы шайлоо округунан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты катары 2005-2007-жылдар аралыгында аткарган жумуштарым туурасында ар жылдын аягында элге отчет берип турдум. Айткандарым куру сөз болбосун үчүн  жыл ичинде жасалган иштерди камтыган китепче-билдирүү чыгарып, анда аткарылган иштердин күнү, айы, көлөмү, кетирилген каржы чыгымдары тууралуу так, даана маалыматтар көрсөтүлгөн. Мындай болбосо менин “оозу менен орок оргон” айрым коллегаларымдан айырмам болбой калмак. Ошол китепче-билдирүүлөрүмдүн биринчи бетине: “Депутат – элдин эсебинен жаркыраган үйдө  жашап, кооз машинада жүрүп, жан бакчу адам эмес, ал кыйналып жашап жаткан ар бир үй-бүлөөнүн жеңилин жерден, оорун колдон алып жардамдашкан, эл деп күйүп-жанган инсан болуусу керек. Депутат – эл ишенимине ээ болгон инсан катары анын күндөлүк иш-аракети – элдин түйшүгүн жеңилдетүүгө, муктаждыгын чечүүгө  багытталуусу зарыл. Ал эми сенин аракетиңе, эмгегиңе эл сөзсүз өзүнүн реалдуу баасын берет”, - деп баш сөз жазганым эсимде.  2005-2007-жылдар аралыгындагы депутаттык ишмердүүлүгүм, шайлоочуларыма көрсөткөн моралдык, материалдык жардамдарымдын баарын тизмектеп айтып олтуруунун азыр кажети жок, ансыз да анын баарын менин шайлоочуларым жакшы билишет.

 

Ошентип, саясый тирешүүлөрдүн натыйжасында, 2007-жылы күзүндө  Жогорку Кеңеш таркатылып, Өкмөттүн жаңы курамы түзүлүп, мага Президент тарабынан Өзгөчө  кырдаалдар министрлигин жетектөө  кызматы сунушталды. Бул мамлекеттик жогорку кызмат мен үчүн күтүүсүз болду. Өзгөчө  кырдаалдар министрлигин мурда сыртынан гана билсем, эми бул министрликтин ички ишинде  толгон-токой чечилбей келген маселелер бар экенин көрдүм. “Өзгөчө  кырдаалдар” деп аты айтып тургандай, бул министрлик кокусунан, айттырбай келген кырсык-апаатардын алдын алуу же күрөшүү үчүн өзгөчө  даярдыкта турушу керек эле. Тилекке каршы мындай эмес экен. Бир эле мисал - ар бир облуста тез кыймылга келүүчү көчмө  отряддардын (ПМО) чоң базалары бар. Алар региондордо катталган кырсыктар менен күрөшүп, же алдын алуу иштерин жүргүзүп туруусу керек. Ушул отряддар такыр иштебей калыптыр. Балыкчы шаарындагы чоң базасына барсам бир ити менен кароол бар экен бирок, бир дагы техника жок. 2007-2008-жылдар аралыгында ошол көчмө  отряддар 1 сомдук дагы кызмат аткарышпаптыр. 2008-жыл мен бул кызматка келгенден тартып, бардык облустарда: Ошто, Таласта, Нарында, Ысык-Көлдө, Баткенде, Чүйдө  көчмө  отряддардын ишин жолго койдум. Ар бир отрядды 10-15ке жакын техникалар, куткаруучулар менен камсыз кылып, азыр бул көчмө  отряддардын ар бири жылына 30-40 млн. сомдук ар кандай куткаруу, алдын алуу иш-чараларын аткарышат. Мындан сырткары оперативдүүлүк иш-чараларына өзгөчө  көңүл бурдук. Өзгөчө  кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин атайын кийим менен камсыз кылдык. Буга чейин алардын атайын кийимдери болгон эмес. Техникаларына өзгөчө  номер алдык. Азыр Кыргызстанда Ички иштер министрлигинин жана Өзгөчө  кырдаалдар министрлигинин техникалары гана өзгөчө  номер менен жүрөт.

 

Өзгөчө  кырдаалдар министри катары менин жасаган иштеримдин эң башкысы - министрликти түштүккө  көчүрүү болду. Бул маселе мага чейин да эки ирет көтөрүлүп, эки жолу тең министрликти Ошко көчүрүү ишке ашпай, эми үчүнчү жолу көтөрүлүп жаткан. Мага коюлган талапка ылайык мен өзүм баш болуп министрликтин бардык түзүмдөрүн Ошко көчүрүп барып, техникалык, кадрдык базасын түзүп, бүт кызматкерлер орун-очок алып, министрликтин иши түштүктөн башкарылыш керек эле. Бул мен үчүн мамлекеттик деңгээлдеги эң чоң тапшырма болду. Кыска убакыттын ичинде  министрликтин бардык структуралык кошундарын түштүккө  көчүрүп барып, аларды жайгаштырып, кызматкерлерди үй-жай менен камсыз кылууга жетише алдык. 2008-жылы кызматкерлерге 84 батирлүү үйдү бүтүрүп берген болсок, анын ичинен 60 батирлүү көп кабаттуу үйдү жаңы курдук, калган батирлерди капиталдык ремонттон өткөрдүк. 60 батирлүү үйдүн курулушунун ар бир квадрат метринин баасы 380 АКШ долларынан айланып, ошол кездеги эң арзан баа эле. Бул үй түштүк жергебиздеги алгачкы жолу жертөлөөсүндө гаражы бар атайын долбоор менен салынгандыгын жана азырга чейин андай үйлөр салына элек экендигин айта кетсек ашыкча болбос. Ушул үйгө республикабыздын түндүк аймактарынан  көчүп барган кызматкерлерибизди кийирдик. Ага чейин алар жергиликтүү өзбектердин үйлөрүндө  батир жалдап жашап турушчу. Азыр ойлосом ошол көп кабаттуу үй убагында бүтүп жакшы болгон экен, болбосо 2010-жылдын июнундагы каргашалуу окуяда министрликтин ар кайсы жерде батир жалдап жашаган кызматкерлери да кырсыктап, жабыркап калышы мүмкүн эле.

 

-“Кырсык каш менен кабактын ортосунда” деп бекер айтылбаган. Эки жылдан ашуун министрлик кызматты аркалаган мезгил аралыгында жүздөгөн табигый кырсыктар, жан кейиткен, жүрөк сыздаткан кыйроолор катталып, жакындарын, бир туугандарын жоготкон көптөгөн адамдардын каңырык түтөткөн кайгыларына күбө  болдум, алар менен кошо кабыргам кайышып кайгырдым. Ошол жылдары катталган ар бир табигый кырсык азыр да көз алдымда турат. Анткени кырсыктардын кесепетин жоюуда өзүм башынан аягына чейин турган учурларым көп болду. Ишке баш отум менен киришип, үй бетин көрбөй талаалап жүрүп, саясат менен да ишим болбоду. Өзгөчө  кырдаалдар министрлигин жетектөө  мен үчүн турмуштук, кызматтык чоң мектеп болду десем жаңылышпайм. Мамлекеттик чоң кызматты мамлекеттик деңгээлде аткарса болооруна көзүм каныкты. Ошол эле учурда мамлекеттик кызматтар кимдир бирөөлөр үчүн майталкан мансапка айланып, кол алдындагы кызматкерлеринин көзүнүн кареги менен кошо айланып турушун каалап, каалагандай калчап калышканын да көрүп-биле баштадым. Мындайды мен табиятымдан жакшы көрбөйм. Министрликтин ишин алга жылдырууга бүт дитимди коюп иштеп жатканымда менден жогорку жетекчилер менин ишимден кыйкым издей башташты. Тагыраак айтканда ошол кездеги Өкмөт жетекчиси Данияр Үсөнов экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестик пайда болду. Мен Данияр Үсөновдун эч бир кызматтык этикага сыйбаган популисттик кадамдарына, чечимдерине макул эместигимди билдирип, 2009-жылдын 11-декабрь күнү министрлик кызматымды таштап кеттим. Мага өз кызматыма кайтып келүүмдү сунуштаган пикирлер болду, бирок мен Премьер-министрдин отставкасын талап кылдым. Ошондон соң мени каралоо компаниясы башталды. Башкы прокуратура, финансылык полиция “Ташиевке карата кылмыш иши козголду” деп массалык маалымат каражаттарынан жар салды. Бирок бир да жолу мени чакырып, козголгон кылмыш иши боюнча суракка алган жок. “Убакыт баарын өз ордуна коет”,- деген жакшы сөз бар. Арадан көп убакыт өтпөй 7-апрелде элдик толкундоолор болуп кетти. Апрель окуяларынан кийин өзүмдүн үстүмдөн козголгон кылмыш ишинин чоо-жайын сүрүштүрсөм прокуратурада дегеле андай кылмыш иши катталбаганы, козголбогону дайын болду. Анда эмнеге мынча уу-дуу кылышты. Албетте, алардын максаты Ташиевди кызматтан алуу үчүн аны элге жеп-ичкич кылып көрсөтүү эле. Алар Камчыбек Ташиевдин ак мээнети менен тапкан өзүнө  жетишерлик, керек болсо өзгөлөргө  да жардам бере аларлык дүнүйө-мүлкү бар экендигин, ал казынага кол салууну кара ниеттик катары көрөөрүн билишпеди.

Эми Өзгөчө  кырдаалдар министрлигин жетектеп турган мезгилимдеги кабыргамды кайыштырган көптөгөн табигый, техногендик кырсыктардын айрымдарына токтоло кетейин. Адамга кайгы-капа алып келген кырсыктардын чоң-кичинеси болбойт. “Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт” эмеспи. Министрлик ишиме адеп киришкенде эле бир топ табигый кырсыктар каттала баштады. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда катуу шамал жүрүп, жүздөгөн үйлөрдүн чатырларын жулуп кетти. Ош облусунун Кара-Суу районунун Карасөгөт, Папан айылдарында жер титирөөдөн бир нече үйлөр жабыркап, жашоого жараксыз болду. 2008-жылдын 24-август күнү түнкү саат 10.00дөр чамасында Бишкектен Иранды көздөй учуп чыккан “Боинг” үлгүсүндөгү учак “Манас” аба бекетинен көтөрүлүп барып, көп узабай Жаңы-Жер аймагына кулап түшкөн. Өзгөчө  кырдаалдар министрлигинин ыкчам топтору тездик менен кырсык болгон жерге жетип барып, алоолоп күйүп жаткан учакты өчүрүп, куткаруу иш-чараларын жасадык. Учактын бортундагы 64 жүргүнчү каза болуп, денелери күйүп кетти. Биз колдо болгон мүмкүнчүлүктүн жетишинче оперативдүү иш-чараларды жүргүздүк. “Миң уккандан бир көргөн” дейт эмеспи. Мындай трагедияны адамдын башына салбасын. Бизге учак кыйраган аймакты курчоого алып, оперативдүү куткаруу иш-чаралары бүткөн соң, калган жумушту эртең жарыкта жасоого команда келген эле. Бирок мен ишти токтотподум. Прожекторлорду жандырып алып, учак кыйраган бүт аймакты изилдеп, адамдардын күйүп-чачылып кеткен денелерин баарын таптыртып, ар бирин өзүнчө  капка оротуп, алып кетүүгө даяр кылып койдук. Эрте менен саат 9.00дө  мен Президентке кырсык боюнча доклад берүүгө  кирдим. Ошондо Президент К.Бакиев “ишти тез арада баштап, адамдардын денелерин таап, жайгаштыргыла, набыт болгон адамдардын туугандары кырсык болгон аймакка кирип тебелеп жүрбөсүн”, - деди. Мен урматтуу Президент, биз түнү менен кырсык болгон жерди бүт тазалап, денелерди таап, алып кетүүгө даярдап койдук десем, Президент “караңгыда кантип иштедиңер, азаматсыңар”,-деп таң калды. Ошо каргашалуу кырсыктан куткаруу иш-чараларына катышкан кызматкерлерибиздин көбү ооруп, дарыланып чыгышты. Мындай оор, кайгылуу кырсыкты көзүң менен көргөн соң жүрөгүңдө көтөрүп жүрүү оңой эмес да.

 

Ошол эле 2008-жылдын 6-октябрында Алай районунда катуу жер титирөө  болуп, деңиз деңгээлинен 4000 метрдей бийиктикте, чек арага жакын жайгашкан Нура айылы жер менен жексен болуп кыйрады. Мындай дегеним Нурада кыйрабаган бир да үй калбады. Жер титирөөдөн 75 адам каза болду, алардын кырк беши жаш балдар болчу. Үрөй учурган бул зилзала түн бир оокумда эл кызуу уйкуда жаткан убакта болгон. Мен биринчи болуп таң атпай куткаруучуларды алып вертолет менен учуп барып, таң калыштуу каргашалуу картинаны көрдүм. Айыл толук кыйрап калыптыр. Жүздөгөн адамдар жарадар болуп, айылды ызы-чуу каптап турат. Өзүм учуп барган вертолет менен жарадарларды Ошко жибердим. Президентке спутник телефону аркылуу байланышып абалды түшүндүрүп, тез арада вертолеттор керек дедим. Президент төрт аскер вертолетун жиберди. Ошол вертолеттор менен 2 сааттын ичинде жарадарларды Ошко жөнөттүк. Куткаруу иш-чаралар оор болгонуна карабай, көптөгөн өмүрлөрдү сактап калууга жетише алдык. Бир учур көз алдымдан кетпейт. Кыйраган үйдү казып, жарадарларды, каза болгондорду издеп жатсак, бешикке бөлөнгөн бир наристе тирүү чыкты. Апасы бешикти кучактаган бойдон өлүп жатат. Наристени бешик аман сактап калыптыр. Бул да болсо Кудайдын кудурети. Көптөгөн жаш балдар ата-энелеринен ажырап, айрымдары эки жакка чуркап дале апаларын издеп, ыйлап жүрүшөт. Бир күндө  зилзаладан улам жан таслим болгон 75 адамды жерге бердик. Алардын артында аман калган туугандары зар какшап кала беришти. Жашоо муну менен эле токтоп калбайт да. Тирүүнүн тирилиги улана берет. Андан ары алдыда көп иштер турган. Күз, күн суук, тоодо кыш босогодо турат. Айрым жетекчилер Нурадагы жер титирөөдөн аман калгандардын баарын Ошту карай төмөн алып кетели, бул жерде кыштап чыга алышпайт деп калышты. Бирок, Президент элди туулуп-өскөн жеринен, анын үстүнө  чек арадан жылдырып кетүүгө  болбойт, кыштан аман-эсен алып чыгуунун чарасын көргүлө  деп тапшырма берди. Ошондо биз контейнерди жылуулап, жашай турган үй кылып, эл ошол үйлөрдө  кыштап чыгышты. Электр линияларын тартык, жол салдык, мончо, чоң спортзал курдук, бирок кийин үйлөрдү да биз куралы десек болбой башка мекемелерге беришти. Ошол үйлөрдүн курулушу боюнча азыркыга чейин нааразычылыктар бар.

 

Үчүнчү бир үрөй учурган табигый кырсык 2009-жылы 15-апрелде Аксы районуна караштуу Райкомол айылын жер көчкү басып калышы болду. Он беш адам бир нече үй жер көчкүнүн астында калды. Биз куткаруу иш-чараларын эртеден кечке жүргүздүк. Он төрт адамдын денесин таап, бир кыздын денесин таба албай түн кирип кетти. “Ушул табылгандарды эртең жерге бере берели, табылбаган кыз көчкүнүн тереңинде калса керек, издөөнү токтотолу” деген жетекчилер да болду. Бирок мен андай болбойт, ал кыз да бирөөнүн перзенти, прожекторлорду жандырып алып, түнү менен болсо да издеп табабыз дедим. Акыры болжолдуу жерлерди издеп, кызды таптык. Өзүм көтөрүп алып чыктым. Ошондо мен эл алиге чейин кетип калса керек деп прожекторду тоонун бооруна каратып жарытсам, адамдар адыр-тоонун боорлорунда кара таандай болуп, эч ким кетпей кыздын табылышын күтүп турушуптур. Жетекчилерден айыл округ башчысы Абдыкайым ага гана  калыптыр, мен муну ушундай оор кырсык каптаган кайгылуу күндөрдө  элдин бир муштум болуп бириккени деп түшүндүм. Элде “жакшылык менен жамандыкта бир бололу”-дейт эмеспи. Ошентип, эртеси он беш адамды жерге жашырдык. Албетте, бузулган үйлөр оңдолот, мамлекет жардам берет, бирок кырсыктан кыйылган өмүрлөрдүн орду толбойт. Мындай караан күндөрдө  жакындарын жоготуп кайгыга баткан адамдардын муңдуу ыйын угуп-көрүп олтуруп, ушу тирүүчүлүктө  алты саның аман басып жүргөнүңө  шүгүрчүлүк кыласың. Адамдардын жашоосу сыяктуу эле жер көчкү, сел, зилзала, борон-чапкындар да табияттын бир бөлүгү, кубулушу. Табигый кырсыктар эзелтен болуп келген, боло берет, бирок ошол кырсыктардын адам өмүрүнө  келтирген зыяндарын азайтканга аракет кылуубуз керек. Кырсыктардын алдын алуу үчүн илим-билимибизди, каражатыбызды аябай тийиштүү министрликтерди заманбап техникалар, кадрлар менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Табигый кырсыкка байланыштуу дагы бир окуя менин эсимден эч кетпейт. Кадамжай районунун Орозбеков айылында катуу жамгырдан улам сел жүрүп, айылды суу басып, үйлөрдү кыйрата баштаган. Ой-кырдан чогулган суу каналга батпай ташкындап, 12-14 жаштардагы эже-сиңди эки кызды агызып жөнөйт. Эл жабалактап суу бойлой чуркап жүрөшөт, бирок катуу аккан суудан кыздарды куткарууга эч ким даай албайт. Ошондо айылда жүрүм-туруму начар деп эл назар салбаган бир жигит бар экен ошол жигит кыздарды куткаруу үчүн сууга боюн таштайт да агып бараткан кыздардын бирөсүн жээкке алып чыгып, экинчисин куткарууга шашылат. Бирок агып бараткан кызды кармаган колдору чарчап, коюп жибере турган болгондо, кыздын көйнөгүнөн тиштеп алып, бир топко чейин кошо агып барып, эптеп жээкке алып чыгат. Бу жигиттин тиштери бүт сынып кетиптир, ошого карабай тиштегенин кое бербей эки өмүрдү сактап калган. Мындан өткөн эрдик болобу. Ошондуктан “Баатыр кыйын-кысталышта, журт башына күн түшкөндө  эл ичинен суурулуп чыгат”, - деп эзелтен айтылып келген. Бул окуяны айтып жатканым жаратылыш кырсыктары менен күрөшүүдө, алдын алууда жергиликтүү эл менен тыгыз байланышта болуп иш алып баруу абзел. Ар бир айылдын, өрөөндүн эли жер көчкүлөр, сел жүрүүчү аймактарды жакшы билишет. Табигый кырсыктардын алдын алуунун эң мыкты иш-чарасы бул – адамдардын жаратылышка болгон мамилесин жакшыртуу. Жаратылыш  - сен жана мен. Эгер адам өз денесинин бир бөлүгүн, колун же бутун кокустатып алса, кандай азап тартат. Жаратылыш да ушундай, эгер биз ага кыянаттык менен мамиле кылсак ал бизге кырсык алып келет.

 

III бөлүм

Ош окуясы: Тагдырымдын татаал күндөрү

 

Өткөн жылкы Оштогу улуттар аралык кагылышуу мени адам катары, Кыргызстандын жараны, кыргыз атуулу катары чоң кайгы-капага салды. Балким, башка саясатчылар сыяктуу бул окуяга алыстан көз салып, кайдыгер мамиле жасасам каргашалуу окуянын чыгыш максатын, маани-маңызын мынчалык терең түшүнбөй калмакмын. Бирок мен анте алмак эмесмин. Ош окуясы башталган күндөрдөн тартып анын канат жайып, от бүркүп бүт түштүк аймагыбызды кантип каптап кеткенин мен өз көзүм менен көрүп, аралашып, кайгы-капасын жүрөгүмдөн өткөрдүм. Окуя 10-июнь күнү түндө  башталып, Оштун борбордук көчөлөрүнө  чогулган өзбек улутундагы куралданган жаштар улутчул сепаратисттердин тукуруусу менен кыргыздарга кыргын салып, адамдын үрөйүн  учурган мыкаачылыктарга, айбан жасабаган жырткычтык иштерге барышкан. 11-июнь күнү ошол кезде-биздин партиянын иши менен Ошто жүргөн азыркы Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков менен байланышсак, ал дал ошол кагылышкан каргашанын чордонунда экен. Ал телефондон куралданган улутчул өзбек сепаратисттери кыргыздарды аёсуз аткылап, кыздарды кордоп, шаардан сүрүп чыгарып жатканын, тез арада жетип келип, элге баш-көз болгула, бул апааттын алдын алып токтотуу керек деди. Биз Садыр Жапаров экөөбүз Бишкектен жөнөп, түнү менен жол жүрүп таңга жуук Ошко Фуркат айылына кирдик. Он миңдеген кыргыздар шаарга кире албай турушуптур. Биз чогулган эл менен туш-тараптан атылган окторго карабай шаардын борборун көздөй сүрүлүп жөнөдүк. Шаарда расмий бийликтин аты-жыты билинбейт. Баары качып-тозуп же солдаттарга өздөрүн курчатып алып коркуп чыга алышпай жашынып жатышыптыр. Көчөдө  куралчан сепаратисттер өз билгендерин жасап жүрүшөт. Биз аларга колубузга көтөргөн таяк, кетмен-күрөктөрүбүз менен каршы туруп, мизин кайтардык. Ошол күнү түштөн кийин өзбек сепаратисттери жеңилгендерин моюндарына алышып, карапайым эл менен кошо Өзбекстандын чек арасын көздөй качып жөнөштү. Жүздөгөн бейкүнөө  адамдар мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Шаар өрттөнүп-күйүп жатты. Адамдардын жүрөгүндө  жууп кеткис кара так калды. Албетте биздин баргандагы вазыйпабыз – эки элдин араздашуусун кандай гана жол менен болбосун токтотуу эле. Кордук көрүп калган кыргыз жаштары да ар кандай аракеттерге өтө башташты. Бир жерге барсам өткөн түнү жакындары зордук-зомбулукту көргөн кыргыз жаштары эки өзбек аялын курчап алышыптыр. Аялдардын бирөө  жаш наристесин көтөрүп турат. Эмне кылып жатасыңар десем, “өзбектер бизге адам көрбөгөн кордукту көрсөтүштү, биз да бул аялдарды кордойбуз” дешет. Мен “андай болбойт, карапайым аялдардын, жаш балдардын бул окуяга эч кандай тиешеси жок”-деп, көтөргөн баласын колума алып, өздөрүн жетелеп топтон куткарып, жакын турган көп кабаттуу үйгө  алпарып тапшырдым. Антпесек зордуктун арты кордук болуп, өчөгүш өрчүй берет эмеспи.

 

Оштогу каргашалуу окуяны тынчытууга, көзөмөлгө  алууга аракет кылып жаткан чагыбызда каргашанын кабшабы эми Жалал-Абад шаарын каптай баштаганын уктук. Биз 13-июнь күнү Жалал-Абадка келдик. Өзбек сепаратисттери Жалал-Абад шаарынан он чакырымдай батыш тараптагы Ош-Бишкек жолу өткөн Топурак-Белди тосуп, эки жакка өткөн автоунааларды аткылап, өрттөп, адамдарды өлтүрүп жатышыптыр деген маалыматты уктук. Ушул жерде негизинен өзбек улутундагы мекендештерибиз иштеген пахтаны кайра иштеткен “Сампа” заводу жайгашкан. Ошондуктан бул окуя “Сампа окуясы” деген ат менен белгилүү болду. Жалал-Абад шаарынын четине Көк-Арт тараптан келген 20 миңдей кыргыздар чогулуп, “Сампага” барабыз, андан ары өзбектер тыгыз жайгашкан Сузак айылына киребиз деп турушкан экен. Мага “Сампадагы” куралчан адамдардын кылмыштуу аракеттери тууралуу ушул чогулган эл айтты. Мен чогулган элге кайрылып, “Сампага” мен өзүм барам, болгон окуяны ошол жерден билип, анан сиздерге так маалымат алып келем дедим. Алар  “Сампадагы” куралчан адамдар сенин ким экениңди билишпейт, алыстан эле атып салышат, барбагын, бизде так маалымат бар дешти. Мен элге “эмне болсом да мен барамын, силер ушул жерден жылбай мени күткүлө”,-дедим да айдоочумду анан жаныма дагы бир адамды алып “Сампаны” көздөй жөнөдүм. “Сампага” 200 метрдей жетпей машинени токтотуп, өзүм жалгыз түшүп куралчан адамдарды көздөй басып бараттым. Чынын айтсам басып бара жатып коркподум, элдин жүгү мойнумда эле. Барып чынында эле “Сампадагы” куралчан адамдарды көрдүм,  жолуктум, сүйлөштүм. Алардын көбү азыр түрмөдө  олтурушат. Мен аларга “Эмне максатыңар бар, эмне үчүн жолду тосуп, адамдарды аткылап жатасыңар, токтоткула, элдин эртеңкисин ойлобойсуңарбы” дедим. Мага өзбектер эч бир жаман сөз айтышкан жок. “Бир гана талабыбыз бар. Сузакты көздөй келаткан  кыргыздарды токтотуңуз, ушуга кепилдик бериңиз , биз анан тарайбыз,-деди. Мен “кепилдик берем, кыргыздар Сузакка өтпөйт, силер бул жерден кеткиле дедим” да кайрадан машинаны көздөй жөнөдүм. Кайтып баратып эмнегедир коркунуч басты. Артымдан келип тийчү окту күтүп, тердеп чыктым. Машинага жетип олтуруп жүрүп кеткенче жаадырган ок качан жалмап кетет деген ойдо болдум. “Алладан ажал келбесе адам өлбөйт”,-дейт эмеспи. Аман-эсен  келгениме чогулган эл да таң калды. Чогулган элге болгон окуяны айтып, тынчтандырып, Сузакка барбай калышты. Ошол жерден түз эле темир жол вокзалына бардым. Ал жерде үч миңдей өзбектер чогулуп турушуптур. Алар мага “Барпы тараптан келаткан кыргыздарды токтотуңуз, биз тарайбыз”, - дешти. Мен аларга кепилдик берип, Барпыга бардым. Ал жакта беш миңдей кыргыздар чогулуп, Жалал-Абадга өзбектер жашаган тарапка жөнөп турушкан экен. Мен аларды токтоттум. Элге кайрылып “мен силер эмне айтсаңар жасап келдим, дагы да жасай берем. Ушу сапар менин сөзүмдү угуп койгула. Шаарга кирбегиле” - деп өтүндүм. Эл укту. “Сенин урматың үчүн айтканыңды кылалы, өзбектер да тынчысын, аткылашканын токтотсун”-дешти. Ошентип, бул күнү эки чоң кагылышуунун алдын алып калдым. Эртеси 14-июнь күнү кайрадан 20 миңдей эл Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына чогулуп, Сузакты, “Сампаны” тазалайбыз деп жөнөп калды. Куралданып алгандар да көп эле. Окуя өтө  курчуп, эл сүрүлүп, “Айгүл” универмагынын тушуна жетип калды. Кандай айла-амал кылып болсо да элди токтотуу керек эле. Ошо жерде солдаттар минип жүргөн БТРди токтотуп, суранып жолго туура койдуруп, элдин жолун тороп, БТРдин үстүнө  чыктым да элге кайрылдым. Эч ким укчудай эмес, ызы-чуу. Эки күндөн бери эл менен жолугушуп сүйлөй берип, үнүм да чыкпай калды. Жаныма бир үнү катуу чыккан адамды алып, анын кулагына айтып, ал элге жарыя кыла баштады. “Элим – дедим, мен силерди Сузакка өткөрбөймүн. Мен алдыдагы трагедиянын масштабын көрүп турам. Ал жакта да жүздөгөн адамдар куралчан турат. Силердин араңарда да куралчандар көп экен. Мен силердин да, алардын  да өлүмүн, аккан каныңарды көргүм келбейт. Эгер Сузакка өткүңөр келсе, мына мени атып, өлүгүмдү тебелеп туруп, анан өткүлө . Бул кайгылуу кагылышуулар, ызы-чуулар менин көкөйүмө  көк таштай тийди. Менин кунумду эч ким куубайт, сөз берем. Ушул каргашаны токтотуш үчүн мен өзүмдүн жанымды бергенге даярмын, тирүү турсам силерди Сузакка өткөрбөйм”,-дедим. Эл мени “мунун акыл-эси сообу” дегедей таң кала карап, жымжырт болуп калды. Дагы кайталадым. Ошондо бир аксакал чыгып, элге карап “айланайындар, мен ушу жашка келип көп окуяларды башымдан кечиргем, бирок мындайды көрө  элек элем. Ушул бала биздин тынчтыгыбыз үчүн, элдин тынчтыгы үчүн өзүнүн өмүрүн кыйганга даяр болуп жатат, демек бүгүнкү чындык ушул баланын жүрөгүндө, мен муну көрүп турам, бүгүн биз ушул баланын айтканын кылсак жаңылбайбыз”,-деди эле чогулган эл, макул, угалы дагы кандай өтүнүчү бар экен, айтсын дешти. Мен кайрадан мурунку айткандарымды кайталадым, тирүү туруп силерди Сузакка өткөрбөйм, тарагыла дедим. Ошондо эл  “ушул бала биз менен эки күндөн бери чогуу жүрөт, мындан бөлөк бир дагы жетекчи, бийлик адамын көрбөдүк, айтканын кылып тарайлы, ачууга алдырып, эки тарап тең кыргынга учурабасын”, деп тарай башташты. Чындыгында ошо күндөрү кайсы жерге барбайын кызматтагы бийликтин бир да адамы эл менен болгонун көргөнүм жок, мен ушуга таң калдым. Ушуну менен Жалал-Абаддагы чоң коогалаң аяктады. Эгер курчуп бараткан окуянын алдын албаганымда чоң кагылышуу, кыргын болмок, анын жарасы адамдардын жүрөгүнөн эч кетмек эмес. Албетте муну менен мен өзүмдү баатыр кылып көрсөткүм келбейт, тагдырдын жазмышы менен мен ушундай кыйын-кырдаалда эл менен чогуу болуп, өмүрүмдү тобокелге салган жагдайларга чейин бардым. Антпесем, артымда жүздөгөн миңдеген адамдардын өмүрү коркунучта турган. Мындай жагдайда мен ушундай чечкиндүү аракеттерди жасоого милдеттүү элем. Ызаланган элдин жаалын басып, тынчтандырган соң 15-июнь күнү биринчи жолу Жалал-Абадда кыргыздар менен өзбектердин аксакалдарын жолугушутуруп, элди ынтымакка чакырдык. Ошондой эле биздин чакыруубуз менен Россиянын мусулмандар муфтийинин атайын өкүлү, Дагестандын муфтийи келип, аларды Ошту, Жалал-Абадды, Сузакты толук кыдыртып, мусулманчылыкты эл достугун чыңдоого багытталган аңгемелешүүлөрдү, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк бул аракетибиз кайсы бир деңгээлде өз жемишин берди.

 

Ош коогалаңынын чыгуу себептери, саясий элитанын жарамсыздыгы

 

Ош коогалаңы кыргыз элинин, мамлекеттинин соңку тарыхындагы эң трагедиялуу окуя болду. Бул каргашанын келип чыгышына карапайым кыргыз элинин да, карапайым өзбек элинин да эч күнөөсү жок. Негизги күнөөкөр мурдатан келаткан мамлекеттик бийлик, кыргыз элинин саясий элитасы деп билем. Мындай дегеним кыргыздын саясий элитасы кыргыз элин өз жерине ээлик кылдырбай койду. Бул көрүнүш өткөн кылымдын 60-жылдарынан бери уланып келе жатат. Бишкекке тиричилик кылуу үчүн келген кыргыз орусча сүйлөй албаса адам катары саналбай, Ошко тиричилик кылуу үчүн келген кыргыз өзбекче сүйлөй албаса ал да адам катары саналбай келди. Анан эмне кылат, байкуш кыргыз тоого, алыскы айылдарга барып мал багат. Өз кезегинде муну Исхак Раззаков көрө  билген, келечеги кандай болорун да боолгоп, бүт орус, өзбек тилдүү мектептерге кыргыз тилин милдеттүү окутуу программасын кийирген. Анан эмне болду? И.Раззаковду улутчул дедиртип, Москвага ушактап жатып бийликтен кетирип, анын ордуна келгендер кыргыз тилин кайрадан мектептерден алдырып салышты. Мына ошол 60-жылдардан тартып Ош окуясы, кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы кагылышуу үч ирет – 1963-жылы, 1990-жылы, 2010-жылы кайталанды. Ушул жарым кылым убакытта өлкөнүн бардык бийлик бутактарынын биринчи жетекчилери кыргыздар болду, бирок, алар мамлекеттин өзөгүн түзгөн кыргыз эли үчүн эч кандай кам көрүшпөдү. Бишкектеби, Оштобу жаңы салынган үйлөрдүн 95%ы башка улуттарга берилип, кыргыздар аларга квартирант болуп, күнкордукта жашады. Борбордон Ошко, Жалал-Абадга жиберилген биринчи жетекчилер өздөрүнүн жандарын багып, байлык топтош үчүн алар шаарда жашаган, соода-сатык тармактарын ээлеп алган башка улуттун өкүлдөрү менен жең ичинен мамиле  түзүп, коррупцияга белчесинен малынып, аларга көз каранды болуп, кыргыздардын бир да суроо-талаптарын аткарбай келишкен. Анткени бардык маселени акча гана чечип келген. Кыргыздар кандайдыр бир соода-сатык кылуучу жай же кафе, ресторан ж.б. куруш үчүн шаардан жер ала алышкан эмес. Ошентип мамлекеттин өзөгүн түзгөн кыргыз эли улам сыртка, тоого куулуп, өз жеринде өгөйлөнүп, өмүр кечирип келди. Мына жакынкы эле жаңы тарыхыбызда Президенттер А.Акаев да, К.Бакиев да мамлекеттин титулдук улуту болгон кыргыз улутуна таянбай, шайлоолордо өзбектердин добушун алыш үчүн акылга сыйбаган пастыкка чейин барып, алар кандай талап койсо кыңк этпей аткарып келишти. Өзбек улутундагы айрым байлар акыр аягында чириген байлыктарын көтөрө  албай, кыргыз элине, мамлекетинин бүтүндүүлүгүнө  каршы сепаратисттик маанайга өтүп, эми өз алдынча автономия, тилдерине расмий статус талап кыла баштады. Ош окуясы  мамлекеттин негизин түзгөн кыргыз элине, тилине маданиятына болгон сый-урматтын жоголгонунан, бийликтегилердин алысты көрө  албаган, алкымдарын тыя албаган акылсыздыгынан улам келип чыкты.

 

Өткөн жылкы Ош окуясынын учурунда убактылуу бийликтин өзбек сепаратисттери менен болгон жең ичинен түзгөн мамилесине таналгыс далил катары коогалаңды уюштуруп, карапайым өзбек элин кыргыздарга каршы тукуруп, беш жүздөй адамдын канынын төгүлүшүнө  түздөн-түз себепкер болгон өзбек сепаратисттери Жамалиддин Салахиддиновдун, Иномжан Абдурасуловдун, Кадыржан Батыровдун окуянын аягында укук коргоо кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп, бирок убактылуу бийликтин тапшырмасы менен бошотулуп жиберилишин атаса болот. Мындай карасанатайлыкты  эл эч качан кечирбейт. Жогорудагы аты аталган улутчул-сеператистерди жазаламайын менин аракетим токтобойт, себеби мен кыргыз элине убадамды бергем, жана ал убадамдын өтөөсүнөн чыгам.

 

Оштогу улуттар аралык жаңжалдын чыгышынын экинчи себеби – сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү болду. Кыргызстан чоң державалардын эскперимент өткөрүүчү аренасына айланды. Кандай гана программа болбосун – саясийби же экономикалыкпы, ал сөзсүз Кыргызстанда сыноодон өткөрүлөт. Буга мисал катары 2005-жылкы элдик революцияны атасак болот. Болжолдонгон сценарийге ылайык бул жоогазын революциясы Кыргызстан менен эле чектелбей, андан ары Өзбекстанда башталыш керек эле. Бизде революция ишке ашкандан кийин эле Өзбекстанда айтылуу Андижан окуясы болду. Бирок өзбек Президенти катуу туруп, кутум уюштургандардын иши уланбай, айрымдары Кыргызстанга качып өтүштү. Ошол замат Кыргызстанга толуп алган эл аралык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү, чет элдик маалымат каражаттары тезинен жетип, качкындардын таламын талашып кирди. Бул жөн жай эле дал келүү эмес, мурдатан түзүлгөн программалык механизмдин иштеши. Өткөн жылы Ош окуясы да дал ушундай өңүттө  өнүктү. Оболу кандуу кагылыш Ошто уштурулуп, анын жалыны Фергана өрөөнүн каптоого тийиш эле. Бул коогалаңга Өзбектстанды кандай жол менен болбосун аралаштырып, андан ары жөргөмүштүн желесиндей чырмап, бүт регионду, өзбек мамлекетин бөлүп жаруу, азыркы өзбек бийлигин кулатуу болчу. Көпчүлүк саясатчылар Өзбек президенти эмне үчүн Кыргызстандан качып барган өзбек качкындарына жан тартпады деп таң калышат. Андай түркөй саясатчылардан айырмаланып Ислам Каримов Ош окуясы кандай өңүттө өнүгүп, анын идеологиялык уюштуруучу-демөөрчүлөрү кимдер экенин, кайда багытталып, сепаратисттер кимдин кызыкчылыгына ойноп, от бүркүп жатышканын эң мыкты түшүнүп, билип турган. Ошондуктан өзбек президенти бул маселеде өтө катуу туруп, качкындардын бирин калтырбай Ошко кайрадан сүрүп салды. Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан революциялар жеке эле Кыргызстан үчүн жасалып жатпаганы айдан ачык.

Кандай болгон күндө да биз мындан ары алакан жайып “өткөн өттү, кеткен кетти” деп олтурбашыбыз керек. Ош окуясы өнөкөткө айланып, аймагы, масштабы кеңейип, мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келтире баштады. 2010-жылкы Ош коогалаңы дээрлик өлкөнүн түштүк аймагын каптады. Назар салган адамга өзбек улутчул сепаратисттери бул ирет Ошто жалаң мамлекеттик объектилерди, мекеме ишканаларды, театрларды, окуу жайларды, башкаруу түйүндөрүн өрттөштү. Бул алардын мамлекеттин негизги таянычтарын жок кылып, бүлүнттүрүүгө жасалган пландуу аракети экени айкын. Ошондуктан бул маселеге мамлекеттик деңгээлде өзгөчө көңүл буруп, мындан ары кайталанбашы үчүн конкреттүү иш-чараларды көрүп, күнөөлүүлөрдү жазалаш керек. Улутчул сепаратисттик идеологияны иштеп чыгып, аны жайылткандардын бирөөсү да кармалып, жазасын ала элек. Алардын тукуруусунан улам кагылышууга барган адамдар гана “колу менен жасаганын мойну менен тартып” жатышат. Биз улутчул сепаратизмдин идеологдорун кармоону, жазалоону мамлекеттик деңгээлде жүргүзбөсөк анда мындай окуя кайталанбашына кепилдик жок. Экинчиден, Ош окуясы кайталанбасын үчүн мамлекеттин өзөгүн түзгөн кыргыз улутуна болгон сый-урматты күчөтүшүбүз керек. Эгер кыргыз улуту Кыргызстанда сыйланбаса, баркталбаса анда өлкөбүздө тынчтык болбойт. Башка улуттар кыргыз улутунун тегерегине баш кошуп, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышканда” гана мамлекет өнүгүп-өсөт. Ошондо гана башка улуттардын да укугу корголуп, коопсуздукта болот. Улуттар маселеси Кыргызстанда эле эмес дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө бар. Ошентсе да Кыргыз мамлекетинин өзөгүн - кыргыздар, Өзбек мамлекетинин өзөгүн- өзбектер, Казак мамлекетинин өзөгүн - казактар ж.б. түзүп турушу мыйзамченемдүү көрүнүш. Ошто өзбек сеператисттеринин кандайдыр бир талап менен чыгуусуна эч кандай негиз жок эле. Кыргызстанда өзбек тилинде 133 мектеп, 2 жогорку окуу жай, өзбек театры , бир канча маданий борборлор бар. Соода-сатык кылуучу жайлар, магазиндер, кафе-ресторандар ж.б. негизинен өзбектердин колунда. Алар кыргыздарга салыштырмалуу бай, артыкчылыкта жашашат. Ал эми өзбек тилине расмий макам берүү маселесине келсек, кыргыз-өзбек тилдери бир эле тил. Эки улут бири-бирин эң мыкты түшүнөт, бул жөн эле шылтоо. Борбордук Азиядагы эч бир мамлекет өз аймагында жашаган этникалык улуттардын жашоосуна Кыргызстандагыдай шарт түзүп берген эмес.

Өлкөбүздүн түштүгүндөгү кайгылуу окуялардын соңунда мен кыргыз элинин эр жүрөктүгүнө, ар бир кыргыз өз мекенин бүтүндүгүн сактап калуу үчүн өмүрүн аябай күрөшө тургандыгына көзүм жетти. Алоолонгон Ош окуясын расмий бийлик, милиция, солдаттар эмес, жапа-тырмак көтөрүлгөн карапайым эл басты, эл мамлекетти бөлүнүп-жарылуудан сактап калды. Мен муну өз көзүм менен көрдүм. Ош окуясы бир жагынан өтө кайгылуу болгон менен кыргыз улуту өзүнүн мамлекетин, эркиндигин сактап калууга жөндөмдүү баатыр эл экенин бүт дүйнө көрдү. Мен мындай эр жүрөк, мекенин сүйгөн элим менен сыймыктанам.

 

IV бөлүм

Мамлекеттүүлүк, Манас, Улуттун улуу максаттары

 

“Өкүттө калган миң жылдык”

 

Байыркы кыргыз тарыхына көз жүгүртсөк мындан миң жыл илгери Барсбек каган эбегейсиз чоң аймакты камтыган “Улуу Кыргыз каганатын” түзгөн.  “Улуу Кыргыз каганаты” жүз жылдан ашыгыраак мезгил өмүр сүрүп, жоокерчилик заманда кызыл-кыргын согуштук  жортуулдарда кайрадан кулап калган. Ошондон кечээ ХХ кылымдын аягында - эгемен кыргыз мамлекети түптөлгөнгө чейин кыргыз элинин мамлекети болбой келди. Ар кайсы өрөөн-өзөндө кыргыз атын чакырган хандыктар болгондур, бирок чачылган кыргыздын башын бириктирген “Улуу дөөлөт” болбоду. 1000 жылдан ашуун кыргыз эли көчүп-конуп, мамлекетин жоготсо да эркиндигин, кыргызга таандык эр жүрөктүүлүгүн, баатырдыгын, каада-салтын, тилин жоготпой бүгүнкү күнгө чейин өкүттө жашап келди. Ошондуктан мен Барсбек кагандын “Улуу Кыргыз каганаты” кыйрагандан кийинки 1000 жылдыкты “Өкүттө алган миң жылдык” деп атап, өкүт күнүн белгилөөнү сунуш кылаар элем. Анткени мамлекеттүүлүктү жоготуу  кандай оор жоготуу экенин элдин эсине салып туруу керек. Кудайдын кудурети, мээрими менен биз эми кайрадан мамлекеттүүлүккө ээ болдук. Мамлекет боло албай жүргөн элдер канча. Менимче биз азыр мамлекетүүлүгүбүзгө, эгемен эл болгонубузга анча маани бере албай жаткандайбыз. Ошон үчүн жыл сайын “Өкүттө калган миң жылдыкты” эскерип, бир муштумдай биригип, көкүрөгүбүздү көр сезимдерден тазалап, мамлекеттибиздин бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүбүздү сактоого ар бирибиз ант берип турушубуз керек. Жакында немецтер Германияны экиге бөлгөн Берлин дубалынын курулган күнүн чоң өкүт күнү катары белгилешип, мындай катачылыкты экинчи кайталабоого ант беришти. Мындай эскерүү, өкүт күндөрү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, элдеринде бар. Алар ошол кайгылуу күндөрүн эстешип, келечекке бекем турушат.

 

Мен ушул миң жылдын ичинде эмне үчүн кыргыз эли түптүү Кыргыз мамлекетин түзө албай келди деген суроого жооп издейм да кайра эле ага жоопту бүгүнкү кыргыз элинин турмушунан тапкансыйм. Менимче, 1000 жыл бою мамлекеттүүлүккө жетишпегенибиздин эң башкы себеби - эл бийлеген билармандарыбыздын ичара тил табыша албаганынан, мансаптан башканы көрбөй манаптык деңгээлден көтөрүлө албай, жалпы улуттук деңгээлде ой жүгүртө албай келгенинен, амбицияларынын жогорулугунан, бийлик үчүн саткынчылыкка көп баргандыгынан улам деп ойлойм. Карап көрүңүзчү бир кылым эле мурунку бай-манаптар жеке кызыкчылыктары, мансаптары үчүн эмнелерди гана кылышпаган. Кырк байталга кыргыздын жерлерин сатышкан. Сырттан басып келген баскынчыларга кошулуп алып өз элин кыргынга салган учурлар көп болгон. Эми бүгүнкү күндөгү биздин эл бийлеген президенттерибиз эмне кылышты? Ошол эле бай-манаптардын жоруктарын кайталап качып кетишти. Кудайдын мээрими менен кайрадан бир келген мамлекеттүүлүгүбүздүн пайдубалын бекем түптөөнүн ордуна бул кургурлар (качкын президенттер) өз элинин жонунан кайыш тилип, үй-бүлөлөрү менен миллиарддаган сом элдин каражатын көтөрө качышты. Бүгүн президент болом, эл башкарам деген адамга качкын президенттердин трагедиялуу тагдырлары өтө чоң сабак болууга тийиш. Эң оболу биз мамлекетибиздин бүтүндүгү, кол тийбестиги, элибиздин жыргалчылыгы үчүн иштешибиз керек. Президент кара курсагынын гана камын көргөн, андан өйдө ой жүгүртө албаган адам болбоого тийиш. Өлкөбүздө Мыйзамдардын негизинде ар бир ишкана-мекемеден тартып жогорку бийлик органдарына чейин темирдей тартип орномоюнча, мамлекеттин, элдин, улуттун кызыкчылыктары биринчи планда корголмоюн, өнүгүп-өсүү болбойт. Мамлекеттик башкаруу десе эле адамдардын укугун тебелеп, куугунтук жолу менен эмес, мыйзамдардын негизинде демократиялык жол менен башкаруунун, өнүгүүнүн эң эле айкын жолдору бар. Албетте, мамлекетти башкаруу оңой-олтоң иш эмес. Мамлекет башына келсем деген ар бир инсан мамлекетти башкара аламбы деп ойлонот-толгонот. Менин максатым кудай буйруп президент болуп калсам кыргыз мамлекетин өнүктүрүп-өстүрүп, зоболосу арткан мамлекеттердин катарына кошсом, кыргыз журтунун кебелбес ар намысына туу болуп туруп берсем дейм. Мен мамлекет башына байлык топтош үчүн, мансап үчүн, кадыр-барк күтүш үчүн келбейм. Эң жогорку бийликти элимдин кызыкчылыгы, гүлдөп өнүгүшү, тынчтыгы үчүн иштетип, мамлекетибиздин бүтүндүгүн, кыргыз элинин ар намысын сактап кала алсам, гүлдөгөн өлкөгө айланта алсам максатыма жеткен болом.

 

Үмүттөр талкаланган жыйырма жыл

 

Өткөн кылым 90-жылдарында эгемендүүлүккө жетишкен Кыргыз мамлекетинин 20 жылдык тарыхында өлкөбүздүн дүркүрөп өнүгүп-өсүшүнө үч ирет чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эң алгач Советтик система кыйраганда башка постсоветтик өлкөлөрдөн айырмаланып Кыргыз мамлекетинин башына партиялык номенклатурадан оолак, демократиялык көз караштагы илим-билимдүү Аскар Акаев келди. Кыргыз эли, интеллигенциясы ошондо да башка элдерден дүйнө таанымы боюнча түп-тамырына айырмаланган, эркиндикти сүйгөн эл экенин көрсөтүп жаңы Президент шайлап алышты. Кошуна өлкөлөр мурунку Компартиянын биринчи катчылары менен эле калышты. А.Акаев 1995-жылдарга чейин мамлекеттин пайдубалын түптөөдө көп жакшы иштерди аткарды. “Орто Азиянын Швейцариясын курам”-деген идеясы менен элди шыктандырып, жаңы үмүттөргө жетеледи. Тилекке каршы 1995-жылдан тартып, улам Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү кийирип, үй-бүлөсүн, казан-аягын мамлекеттик ишке аралаштырып, анын натыйжасында өлкө коррупцияга белчесинен малынып, эл чарбасы, өнөр жайы талкаланып калды. Кыргыз элинин илгери үмүтү мында бир сынды, талкаланды. Эл атылган жанар тоодой оргуштап көтөрүлүп, үй-бүлөлүк башкарууну өлкөдөн кууп чыкты. А.Акаевдин эгемен Кыргыз мамлекетинин тарыхында алтын тамгалар менен жазылып кала турган чоң мүмкүнчүлүгү бар эле, бирок ал өзүнүн үй-бүлөлүк, кландык башкаруусунун курмандыгы болду. Көтөрүлгөн эл кайрадан үмүт байлап бийликке К.Бакиевди алып келип олтургузду. К.Бакиевдин маңдайында кара тамгалар менен кашкайта жазылып А.Акаевдин кетирген кемчиликтери илинип турду. Ал ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып өлкөнүн экономикасын көтөрүп кетсе болмок. Тилекке каршы ал өзү  ар бир жыйында “А.Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусу” деп тоту куштай сайрап олтуруп, өзү дал ошол “капаска” кантип түшүп калганын билбей калды. Мына ошондо элдин үмүт-тилеги экинчи ирет катуу сынды. А.Акаев да, К.Бакиев да өз элин тириликтин айынан тозуп кетүүгө аргасыз кылышты. Ошентип, карапайым кыргыз журту экинчи ирет түп көтөрүлүп, Бакиевдин үй-бүлөлүк режимин талкалап, өлкөдөн кууп салды. Революцияда жүздөй адамдардын өмүрү кыйылды. Ар намысту кыргыз эли үчүнчү ирет үмүт байлады. Бийликке Акаев менен Бакиевди катыра сындагандар, алардын кетирген каталарын элдин алдында жадыбалдай жатка айткан “Убактылуу бийлик” келди. Бүгүн биз үчүнчү ирет үмүт байлаган элдин тилеги эмне болгонун баарыбыз башыбыздан кечирип жатабыз. Адегенде эле Убактылуу бийликтегилер өздөрүнүн “убактылуу” экендиктерин жакшы билгендиктен өлкөнүн катылган казыналарына, банктарга кол салып, акча талашып, бири-бирин чукуп, Атабейитте берген анттарын унутушуп, бийлик талашышып жатып калышты. Алар минтип, бийлик бөлүшө албай, байлык бөлүшө албай жатканда Ошто улутчул сепаратисттер баш көтөрүп өлкөбүздүн түштүгүн жалындаган өрт каптады. Беш жүздөн ашуун адам аёосуз мыкаачылык менен өлтүрүлүп, турак-жай, мекеме-ишканалар өрттөлдү. Бул Кыргызстандын өнүгүп-өсүүсүн кеминде 20 жылга артка сүрүп салды. Үчүнчү ирет да элдин үмүт-тилеги сынды, талкаланды. Сынганда да катуу сынды. Эл эми бийликке, кыргыз элинин саясий элитасына такыр эле ишенбей калды. Ушул 20 жыл ичинде карапайым эл өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн үч ирет түзүп берген шартты, мүмкүнчүлүктү кыргыз бийлиги колдон чыгарды. Элдин үмүт-тилегин актабады. “Үмүтсүз шайтан” демекчи, эл дале болсо жакшылыктан күдөрүн үзбөй келет. “Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат” деген макал бар эмеспи. Эл түбөлүктүү. Андыктан төртүнчү ирет эл алданбашы керек. Төртүнчү ирет эл алданса анда Кыргыз мамлекетинин мындан аркы жашоосуна чоң көлөкө түшөт. Биз буга эч качан жол бербөөгө тийишпиз.

 

Дин – жан дүйнөнүн азыгы

 

Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги берилген. Ошентсе да мамлекетибиздин көп улуттуу калкынын басымдуу бөлүгү традициялуу Ислам динин карманышат. Ислам динин биздин ата-бабаларыбыз эзелтеден тутунуп келген. Ортодо коммунисттик кудайсыз режимге кабылып, жетимиш жыл жан дүйнөбүз жабыркады. Дин жараткан Алла-Таала тарабынан жан дүйнө азыгы катары ар бир адамга түшүрүлгөн. Дин аркылуу адам өзүнүн жан дүйнөсүн азыктандырып, ыпластыктан, ар кандай жаман, күнөө иштерден сактанып, тазаланып, нурданып турат. Руханий жактан жан дүйнөсү таза коом-жарык коом болот. Бизде өкүм сүрүп жаткан коррупция, сойкулук, кылмыштуулук – бул адамдардын динден ажырап калгандыгынын, бир сөз менен айтканда кудайды тааныбай, коркпой калгандыгынын белгиси. Адамдар бүгүнкү күн менен гана жашап, арам жол менен тапкан дүйнө-мүлкү, кылмыштары үчүн бул жашоодон  кийинки тартаар жоопкерчилигин, тозогун ойлонушпайт. Ошондуктан жан дүйнөбүздү тазалап, аруулап, ач көздүк менен көралбастыктан арылып, сабыр-салабаттуу болушубуз үчүн биз сөзсүз динге кайтышыбыз керек. Азыркы биздин коомдогу исламдашуу процесси да ойдогудай болбой жатат. Исламга жамынып алып адамдардын жан дүйнөсүнө бүлүк салган, туура эмес багыт берген күчтөр агымдар өтө көп. Кыргыз эли эзелтен Ислам дининин Абу Ханифа (имам аазам) негиздеген ханифиттик багыттын карманып келген. Ханифиттик багыт кыргыз элинин улуттук каада-салтына, өнүгүшүнө тоскоол болгон эмес. Дегеле Исламдын ханифиттик багытын карманган мусулман өлкөлөрүнөн медицина, математика, астрономия, адабият жаатында эчендеген чоң аалымдар чыккан. Бүгүн Кыргызстанда  адамдардын дин тутуусуна эркиндик берилген деп эле алакан жайып олтура берүүгө болбойт. Мамлекетибиздин негизги калкы мурдатан тутунуп келген тардициялуу Ислам, Христиан диндеринин негизги багыттарына гана таянып, башка динге жамынган ар түрдүү агымдардын өлкөбүзгө кирүүсүнө тыюу салуу зарыл. Анткени мындай агымдар динге болгон көз карашы калыптана элек адамдарды азгырып, жан дүйнөсүн бөлүп-жарып, анын арты мамлекетке чоң коркунуч алып келет.

                                  

Манас - ултубуздун руханий азыгы

 

Кыргыз эли Кудай сүйгөн эл. Анткеним, Манас кудайдан кыргыз элине аян түрүндө түшүрүлгөн. Манас дин эмес, бирок кыргыз элине, улуттуна түшүрүлгөн руханий осуят деп эсептейм. Манас айткан адам өз эрки менен эле миллиондогон сап ырды айта бербейт, адамдын физиологиялык, акыл-эстик мүмкүнчүлүгү буга жете бербейт. Ошондуктан мен Манасты Советтик идеологдор айткандай “жарымы жалган, жарымы чын” “жөө жомок”, “уламыш” деп айтканга каршымын. Бул атайын кыргыз элинин өткөнү менен келечегине балта чабыш үчүн ойлонуп табылган саясаттын саркындысы. Манаста кыргыз элинин турмушу, дүйнө таанымы, када-салты, тарыхы, жүрүм-турум эрежелери, үй-бүлөлүк мамилелери ж.б. толук камтылган. Кыргыз эли Манастан азыктанат, арууланат, өткөнү менен келечегин табат. Убагында Президент Аскар Акаев улуттук идеологияны Манастын 7 осуятынан издеген. Бул негизинен туура. Бирок, ошол кездеги иликтөөлөр көрсөткөндөй Манасты окуп-билгендер, маани-маңызын түшүнгөндөр элдин 0,8%ын гана түзгөн, калган 99,2%ы Манасты билишпейт. Бул кыргыз эли өзүн-өзү таанып биле албаганынан кабар берет. Биз Манасты эс тарткан балдарыбыздан тартып, улуу муундарыбыздын  жүрөгүнө жеткирмейин, азыктандырмайын улутубуздун бөксөөсү толбойт. Манас кыргыз элинин улуттук руханий азыгы. Мындай улуттук азык кыргыздардан башка эч бир элге миллиондогон сап ыр болуп түшүрүлгөн эмес.

                                    

Улуттун улуу максаты

 

Биз бул кезге чейин улуттук идеологияны ой-кырдан издеп, өзүбүздөн-өзүбүз ыраактап, чыгышка да, батышка да бой уруп көрдүк. Борбордук Азиядагы демократиянын жашыл аралчасы, Швейцариясы болууну да көксөдүк. Бирок мунун баары куру кыялдар экенин мезгил өзү тастыктады. А.Акаев да, К.Бакиев да Улуттун Улуу максатын, өнүгүп-өсөөр багытын, бараар жерин көрсөтүп бере албады. Кыргыз мамлекети калагы жок кайыктай чайпалып, толкун кайда сүрсө ошо тарапка сүрүлүп олтурду. Улуттун улуу максаты анык болмоюн мамлекет кыйроого карай бет ала берет.  Акыркы жыйырма жыл ичинде Кыргызстанды бөлүп-жаруу үчүн сырттан кандай гана идеологиялык, диндик агымдар агып кирбеди. Кыргызстанда азыр кимдер гана жашабайт; коммунисттер, демократтар, либералдар, улутчулдар, сепартисттер, мундар, бахаилер, хизбуттар ж.б. Булардын баары Крыловдун атактуу тамсилиндегидей бири асманга, экинчиси жерге, үчүнчүсү деңизге тарткан бөлүп-жаргычтар. Бүгүн кыргыз эли Кайра жаралууга муктаж. Улуттун улуу максаты анык болгондо гана өнүгүүгө алып келет. Бул албетте Кыргыз мамлекетинде жашаган бардык элдердин, улуттардын башын бириктирип, бир максатка буруу дегендик. Мындай улуу максаттын башында кыргыз эли турушу керек. Кыргыз эли Кайражаралуу жолу менен өзүнүн байыртан келаткан таянычын табууга тийиш. Кыргыз эли кыргыз болуп жашоо үчүн, кыргыз элине гана таандык. өзгөчөлүктөрдү, жашоо образын өтөө үчүн жаралган. Кыргыздын калпагы, улуттук кийимдери кыргызга гана жарашат. Башка улутка жарашпайт. Биз башка эл болуп аларды туурап жашай албайбыз. Ошондуктан Улуттун Улуу максаты бул –  кыргыз элинин байыртан келаткан салт-санаасына, дүйнө таанымына, тарыхына таянуу менен анын андан ары Кайражаралуусу аркылуу өркүндөтүү.

Узакка созулган коммунисттик идеолгиянын негизинде биздин көптөгөн улутташтарыбыз өз эне тилдерин – унутуп, орус тилинде сүйлөп калышты. Бул улуттук, мамлекеттик деңгээлде кетирилген чоң кемчилик. Биз бүгүн “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, Атажуртубуздун тынчтыгы, элибиздин биримдиги, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшү үчүн камкөрүшүбүз керек.

 

Бишкек – 2011-ж.