Экономикасы тез өнүгүп бараткан Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африканы бириктирген  БРИКСтин лидерлери корунда 100 млрд. доллары бар Өнүктүрүү банкын түзүүнү Бразилияда болуп өткөн саммитте макулдашты. Ал эми банктын Шанхайда жайгашаары жана биринчи төрагасы Индиянын өкүлү дайындалаары белгилүү болду.Ошондой эле беш мамлекет тарабынан жаңы түзүлүп жаткан бул банктын максаты, Европа Биримдиги жана АКШ үстөмдүк кылган Эл аралык валюта кору жана Дүйнөлүк банкка альтернатива болууга тийиш. Башкача айтканда жаңы банк АКШ жана Евробиримдиктин адистери тарабынан башкарылган Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду менен теңтайлашып иштөөгө далалат кылат.

 

Беш өлкө (БРИКС) тарабынан түзүлүп жаткан жаңы банк же бул беш мамлекет экономикалык жактан Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга канчалык пайдасы болушу мүмкүн деген суроо жаралат. Айрым серепчилердин пикиринде,  БРИКС уюму, бул биримдиктин ичине кирген Россия менен Кытайдын Шанхай уюмуна да мүчө болуусу Кыргызстанга окшогон Борбор  Азия мамлекеттерине пайда гана алып келет. Себеп дегенде, акыркы учурда дүйнөдөгү олку-солку экономиканын айынан, бул чөлкөмдөгү майда ишкерлер көп жапа чегишүүдө. Башкача айтканда доллар менен евронун куну жогорулашы, улуттук валютанын куну кескин түшүп кетүүсүнөн улам, ишкерлер олку-солку экономикага туруштук бере албай көптөгөн зыян тартышууда. Ошондуктун БРИКСтин банкы түзүлсө, анда ал Борбор Азия мамлекеттери үчүн  акча базарында “туруктуулукту” сактап, ишкелердин иштөөсүнө жакшы жолдор ачылмакчы.

 

БРИКС уюмуна мүчө болгон Россия менен Кытай Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Анткени учурда Кыргызстандын экономикасына негизги ири инвестор болуп Кытай жана Россия эсептелет. Мисалы, маалыматтарга караганда, Кытай Кыргызстанга акыркы он жыл ичинде 1 миллиард доллардан ашык инвестиция салган. Кыргызстанга чектеш Кытай экономикалык жактан гана эмес, коопсуздук жагынан дагы маанилүү шериги болуп келет. Анткени эки өлкө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө.

 

Былтыртан бери Кытай Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн күчөтүп жаткандыгы байкалат. Башкача айтканда Кытай баардык тармакка кызыгуусун артырууда, анын ичинде мамлекеттик масштабдагы ири долбоорлор дагы бар. Мисалы, Бишкек-Торугарт жолун куруу, Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолун салуу, “Датка-Кемин” жогору чыңалуудагы электр берүү линияларын орнотуу, “Кемин” көмөк чордонунун курулушу жана Бишкектеги Жылуулук берүү борборун жаңылоо сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырууда. Ошондой эле  жаратылыш байлыктарын казып алуу үчүн, Кытай инвесторлору бул тармакка акча салуу менен бирге эле көптөгөн иштерди алып барууда. Кытайлыктар Кара-Балтада мунай иштетүүчү завод да курууда. Булардын баардыгы толук кандуу ишке кирсе, Кыргызстандын бюджетине ири суммадагы салык түшөөрү күтүлүүдө.

 

Буга чейин Пекин Кытайды, Кыргызстанды жана Өзбекстанды бириктире турган темир жолдун куруу ниетин билдирген. Ал ишке киришсе, темир жол Кытайдан башталып, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Иран мамлекеттери аркылуу өтүп, Түркияга жетип бара тургандай мүмкүнчүлүк ачылат.

 

Экономика жаатындагы айрым эксперттердин пикиринде, Кытай тараптан ири долбоолордун ишке ашып жатышы жакшы көнүнүш. Бул долбоорлор толук ишке ашып, иштеттүүгө берилсе анда, Кыргызстандын бюджетине көптөгөн пайда алып келет. Ошондой эле Кытайдын экономикасы жакшы өнүгүп жаткандыктан, алар Борбор Азияда өзүнүн комплекстүү инвестициялык стратегиясын ишке ашыра алат. Кыргызстан болсо Кытай үчүн Борбор Азияга чыга турган коридор болгондуктан, алар Тажикстан, Афганистан ж.б мамлкеттерге Бишкек-Ош жолу аркылуу миңдеген тонна товарларын чыгарууда. Ошондуктан алар биринчи кезекте жол долбоорлорду ишке ашырып жатат.

 

Акыркы учурда Кыргызстанга Кытайдан келген импорт жогорулап, экспорт төмөндөгөн. Башкача атйканда Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2013-жылы 1млрд. 328,7 млн. долларды түзсө, Кытайдан келген импорт 2013-жылы 17 пайызга жогорулаган же 1 млрд. 297,9 млн АКШ долларын түзгөн, ошол эле маалда экспорт 52 пайызга төмөндөп, 30 млн АКШ долларына кыскаргандыгы белгилүү болгон. Мындан улам “Бажы биримдигине кирсек, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык байланыш начарлап, алака салкындап кетет” деген маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында тараган. Бирок, Бажы биримдигине кирүүбүздөн, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамиле начарлап кетерине расмий бийлик ишенбейт. Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн туура кабыл алаарына ишенерин  билдирген. Ошондой эле Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу Кытайга эч кандай  тосколдук жаратпастыгын айткан. Анткени Бажы биримдигине мүчө болгон Россиянын, Казакстандын жана  Беларуссиянын Кытай менен болгон мамилеси жакшырып жаткан кези дейт. 

 

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелердин жакшырып бара жатышы, Россия үчүн эч кандай деле коркунучу жок экенин серепчилер да билдирүүдө. Анткени Азияда кызматташтык жана ишенимдерди бекемдөөчү чаралар конференциясында Россиянын президенти В. Путин эки мамлекеттин ортосунда миллиарддаган долларлык 51 келишимге кол койгондугу буга мисал боло алат. Алардын эң маанилүүсү Россиянын Кытайга 38 миллиард кубометр газ сатуу боюнча 30 жылга түзүлгөн “Сибирькубаты” деп аталган долбоорду айтууга болот. Мындан улам Россия менен Кытайдын ортосундагы мамилелер алда канча жакшыргандыгы байкалууда.

 

Ал ортодо Кытай Кыргызстандагы “Манас” эл аралык аба майданына 1 миллиард доллар инвестиция салууга даяр экенин билдирди. Буга чейин Россиянын “Роснефть” компаниясы да “Манас” аэропортун иштетүүгө кызыктар экенин билгизген, бирок алардын тилеги ишке ашпай калган. Ал эми Манас” аба майдандын директорлор кеңешинин вице-президенти Илим Карыпбеков “Манас” аэропортун эл аралык хабка (жүргүнчүлөр, транзиттик жүктөрдү ташуучу жайга) айландыруу үчүн бир дагы инвестордон баш тартпай тургандыгын билдирген эле.

 

Кыргызстандагы ири долбоорлордун ишке ашышына Кытай канчалык инвестициясы салбасын, Кыргызстандын тышкы саясатында Россия Федерациясы менен мамиле өзгөчө орунда турат. Бул тарыхый, экономикалык, социалдык жана этностук факторлор менен байланыштуу. Ошондуктан Кыргызстан акыры Россияга карай тандоо жасап, жакында эле Астанада өткөн жыйында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасы кабыл алынды жана өлкө 2015-жылдан тартып Бажы биримдигине мүчө болуп кирүүгө расмий бийлик аракетин катуу кыла баштады. Анткени айрым экономистердин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан Россия түзгөн Бажы биримдигине кирсе, Кыргызстандын айыл чарба, жеңил өнөр жайынын (тигүү ишканасы) продукцияларын коңшуларына эч кандай тоскоолу жок экспортоого жол ачылат. Ошондой эле Россияда жүргөн миллионго жакын кыргыз миграттары үчүн жеңилдиктер түзүлүп, кыргыз-казак чек арасында бажы бекеттеринин жоюла турганы, эмгек мигранттарынын бул аймакта тоскоолсуз жылып жүрүүсүнө өбөлгө боло алат. Муну менен бирге эле Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдөн келген импорттун баасы арзан болот. Буга мисал катары, күйүүчү жана майлоочу майлардын жана курулуш материалдардын ж.б арзан баада Кыргызстанга алынып келээрин айтууга болот.

 

Бирок, айрым саясатчылар менен коомдук активисттер кыргыз бийлигин Бажы биримдигине кошулуу ниетинен баш тартууга үндөшүүдө. Анткени алардын пикиринде, Кыргызстан Бажы Биримдигине кирсе, жашылча-жемиштер, азык-түлүк кымбаттап, Кытайдан келген товарларды кайра ре-экспорттоо азайып кетет. Ошондой эле өлкө ичиндеги ири базарларда соода токтоп, автоунаалардын баасы кымбаттап кетет жана экономикасы чакан өлкө Россия мамлекетинин ири экономикасы менен атаандаш боло албайт. Андыктан бул уюмга кирүү Кыргызстанды экономикалык жагынан да, саясий тараптан дагы көз карандылыкка алып келет деген жүйөө айтышууда.

 

“Тренд” социалдык иликтөө борбору, Бишкек