Болгону 200 жыл илгери адам баласынын орточо жашы 40тын тегеринде болчу, азыр бир да мамлекетте адам өмүрү анчалык кыска эмес. Саналуу мамлекеттердин калкы орточо 50-60 жыл жашайт, ал эми кээ бирлеринде өмүрдүн узактыгы 85-90 жашка чейин жетет. “Жакында ар бир үчүнчү наристе 100 жыл жашайт” деп айта баштадык. Кыргыздар, казактар, орустар азырынча антип мактана албайбыз, биздеги орто эсеп менен ар бир адам 67-70 жыл жашайт.  Башкача айтканда, биз пенсияга 63-65 жашта чыксак, “ардактуу эс алууда” болгону дагы орточо төрт-беш жыл эле болобуз.  Ал эми алдыңкы мамлекеттерде ардактуу эс алууга чыккандар кыргыз пенсионерлерине салыштырмалуу 25-35 жыл же 7-10 эсе узак жашайт. Биз канткенде ушундай ийгиликке жетишебиз, эмне себептен эптеп пенсияга чыгып алып бат эле түбөлүккө сапар тартабыз?

 

Аз жашаганыбыздын башкы себеби, кедейлик жана медицинада артта калганыбыз. Калкыбыз жарды, мамлекетибиз “кайырчынын” кейпинде. Кыргызстанда ар бир жаран айына болгону 210-220 доллар орточо киреше табат, Орусияда мындан беш-алты эсе көп. Кошмо Штаттардын бир жараны жылына орточо 18-20 миң доллар киреше табат, сандарды салыштырып жашоо сапатын байкайбыз. Саламаттык сактоо тармагында жылына бир жаран үчүн Орусия Кыргызстанга караганда 10-11 эсе көп каражат чыгарат, АКШда мындан да жогору, бизден 150 эсе көп, ар бир жаранына санаганда жылына 4,5 миң доллардан туура келет.

 

Бирок экономикасы биздикинен бир топ алдыда Орусия менен Казакстанда жарандарынын орточо жашы эмне себептен жогорулабайт? Бул жагынан алар бизге эле окшош, “кедейчилик илдетин” же кургак учукту жуктургандар АКШга салыштырганда 20 эсе арбын кездешет.

 

Бишкек, Алматы, Москванын экологиясы бузулду, шаарлардын абасы коргошундуу уулуу газдарга толду. Биз бензинди Орусия менен Казакстандан алабыз, коргошуну жок бензинди алар чыгарбайт, анткени, ал абдан кымбат жана миллиарддаган баадагы реконструкцияны талап кылган товар.

 

Кызыгы, биз бардыгын экономикабызга “шылтап” коёлу десек, анда эмнеге вьетнамдыктар бизге караганда көбүрөөк өмүр сүрөт? Аларга караганда кыргыздар бир аз «тың» жашайт, бир вьетнамдык бизге салыштырмалуу айына 50-60 доллар аз табат. Макулдашып алгансып Кыргызстан менен Вьетнам саламаттык сактоо тармагына келгенде бир жаран үчүн эптеп-септеп 30-31 доллар бөлөт. Эмнеге ошого карабай Вьетнамдын элинин орточо жашы 78-80 жылды түзүп, алдыңкы жана бай мамлекеттер менен удаа келе жатат? Демек, узак жашоо үчүн кедейчилик  анчалык деле маанилүү эмес экен да.

 

Калыстык үчүн айтсак, Кыргызстан кедей деле эмес. Ичимдикке жана тамеки чеккенге ар бир 15 жаштан жогору жараны Катар арабдарына салыштырмалуу жылына беш-алты эсе көбүрөөк акча чыгарат. Тойлордун саны жана ага сарпталган чыгымдарчы? Кымбат автоунаалар арбын, ал эми жол эрежелерин бузуп, каза болгондон алдыга жалгыз гана Орусияны кое бергенбиз.

 

Баса, Вьетнамдын саламаттык сактоо министринен “Медицинаңарга АКШдан 150 эсе төмөн каражат сарптап, бирок калкыңардын узак жашоосу боюнча мындай зор ийгиликтерге кантип жетиштиңер?”- деп сураганда, министр айым күтүлбөгөн жоопту берген эле: “Бул биздин, мамлекеттин жетишкендиги эмес. Бул биздин чоң апалардын эмгеги”. Бул жагынан Кыргызстан менен Вьетнам окшош. Азыркы кыйналган заманда кыргыздын наристелери аман-эсен болушуна биздин чоң энелер, таенелер зор салым кошуп жатышат. Наристелерибизди мындан да жакшылап, бапестеп баксак, тарбияласак, уул-келиндерибизге көмөк көрсөтсөк, жашоодон сабак берсек дагы 15-20 жыл узак жашай алары шексиз.

 

Алдыңкы мамлекет - бул экономикасы алдыда, демократия өнүккөн, коррупция аз кездешкен өлкө эмеспи. Кыргызстан “демократия индекси” боюнча азырынча Орусия менен Казакстандан ат чабым алдыда. Балким, кедейирээк болсок да, биздин “демократиялык жетишкендигибиз” орустар менен казактардай бирдей орточо 70 жашка жетүүбүзгө себептир. Бирок демократиянын мындай пайдалуу маанисин Катар мамлекети арсар кылып койду. Алар эл аралык стандарттар боюнча демократия жагынан эң начар абалда, ошого карабай 78-80 жашты “демократиясы жок” эле жашайт, демократия толук орногон мамлекеттерден калышпайт. Биз деле, кыргыздар демократия деп алкынып-жулкунуп кыйкыра бербей катуу тартипке, мыйзамдуу талаптарга моюн сунуп, сылык-сыпаа жашаганды үйрөнбөйлүкпү, балким биздин да ар бир үчүнчү наристебиз  келечекте 100 жашка чыгаар. Эмнеге акыркы эгемендик алган жыйырма жыл ичинде кан басымы көтөрүлүп же мээсине кан куюлуп мерт болгондордун саны Кыргызстанда он эсе жогорулады? Керекпи бизге ушундай “демократия”?

 

Жашообузга дагы бир балта чапкан балекет коррупция экени талашсыз. Кыргызстан эгемендик жылдарында коррупцияга абдан малынды, бул көрүнүш бизде АКШ менен Катарга салыштырмалуу эки-үч эсе арбын кездешет. Орусия менен Казакстанда деле акыркы жыйырма жылда коррупция жайылып, ансыз оокаттары өтпөй калды.

 

Жакында заманбап аспаптар менен атайын изилдөө жасалды. Коррупцияга чалдыккандардын бир азын атайылап изилдеп көрүшкөндө, күтүлбөгөн “илимий” жыйынтык чыгарылды. Көрсө, жемкорлордун баш мээси өзгөрүүгө учурап, ал баштагы калыбына келбейт экен. Кызыгы, мындай патология (бузулуу) баңгилердикине окшош болуп чыкты. Медиктер баңгиликти “айыкпас дарт” дейбиз, коррупция деле жабышканын кое бербейт экен. Баары эле баңги же коррупционер болуп туулбайт эмеспи, “иммунитет” начарларында же начарлаганда гана кездешет. Коррупцияга жакын адам, балким, маңзатка же ичимдикке деле бат моюн сунуп калса керек. Себеби бирдей эле болуп атпайбы. Эмнеге акыркы жылдары Кыргызстанда коррупция эле эмес, баңгилик жана аракечтик көбөйдү? Биздин коомубуз, Ата Журтубуз кандайча мындай «ооруга» дуушар болду? Кантип, кайдан жардам болот? Канткенде кедейлик менен коррупция жоголот, качан дем алган абабыз жана ойлорубуз тазарат,  качан кыргыздын ар бир наристеси 90-100 жыл жашайт? Жооп издейм, оюма улуу акыныбыз Алыкул Осмонов келет...

 

Жазда башка... Жел тийбесин абайла,

Көпкө турбас мобул турган сур булут.

Бүт дартыңды өз мойнума алайын,

Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

 

Рысбек Абдылдаев,

АКШда жашаган кыргыз профессору

 

"Азаттыктагы" жеке ой сандыгынан