“Кыргызалтын” ачык акционердик коому банкрот болуп калуу алдында турат. Кыргызалтынды мамлекет иштете албайт деген жүйө менен кызыктар өнөктөштөргө сатып жибереби же анын курамына алтын кендерди кайрып берип кризистен чыгарабы?
“Кыргызалтын” ачык акционердик коому банкрот болуп калуу алдында турат. Бул тууралуу аталган ишкананын башчысы Токон Мамытов билдирди. Мамытовдун айтымында, оор абалдан чыгуу үчүн ал өкмөттөн жардам сурап кайрылган. Ал жардам финансы жагынан жана Макмалдан башка кендерди иштетүүгө уруксат берүү менен көрсөтүлүш керек. Бирок, ар түрдүү себептерден улам өкмөт кайрылууга жооп кайтара элек. Акыркы кездерде мамлекеттик деңгээлдеги стратегиялык ишканаларга банкрот жарыяланып, чет элдиктерге сатылуусун эске алсак, Кыргызалтынды дагы ушул абалга алып баруу максаты болушу мүмкүнбү? Кыргызалтынды мамлекет иштете албайт деген жүйө менен кызыктар өнөктөштөргө сатып жибереби же анын курамына алтын кендерди кайрып берип кризистен чыгарабы, ал өкмөттүн колунда дешет серепчилер. Мына ушул тема алкагында экс-мамлекеттик катчы, Кыргызалтындын мурдагы жетекчиси Дастан Сарыгулов менен маек курдук.
 
Кыргызалтындын азыркы жетекчиси Токон Мамытов, “Кыргызалтын” бүгүн эмес, 2009-жылдан бери “банкрот” алдында турган дейт. Эмне үчүн бул маселе ошол кезде айтылбай, бүгүн бул меселе көтөрүлүп жатат?
 
2009-жылдан бери банкрот алдында турган болсо, буга убактылуу өкмөт жооп берсин. Президент Алмазбек Атамбаев ал убакта премьер- министр болчу, бул жооп берсин. Роза Отунбаева жооп берсин. Кыргызалтынды 11 млн доллар менен өткөрүп бергем. Бул боюнча керектүү документтер бар. Андан бери алтындын баасы 5-6 эсеге өстү. Эмне үчүн алтындын баасы өскөн убакта Кыргызалтын “банкрот” болушу керек? Мунун бир гана себеби, компаниянын жетекчилери журт башчылары менен биригип, коррупциялык жолдор аркылуу алтынды уурдап, тоношту. Ал эми азыркы жетекчиси, мыкты генерал болушу мүмкүн, бирок, өндүрүш тармагында адис эмес.
 
Кыргызалтын кандай себептерден улам банкрот болушу мүмкүн?
 
Биринчиден, коррупциялык жолдор менен уурдап-тоноолор. Экинчиден, кадр маселеси, анын ичинде жетекчилердин бул тармакта адис болбогондугу. 1992-жылы Кыргызалтындын жамааты, кеңсеси мындайча айтканда эч нерсеси жок болчу. Бир эле кагаз, анда тоо- кен комбинаттары бириксин, жетекчиликке Сарыгулов дайындалсын деген гана бар болчу. Ал убакта “Макмал” комбинаты 6 ай иштебей калып, 1 млн доллар карызы бар эле. Мына ушул деңгээлден чыгып, Кыргызалтындын аты дүңгүрөп чыкты. Азыркыдай башкаруунун негизинде “Кыргызалтындын” банкрот болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мындай ар тараптан кол салууларга, уурдап-тоноолорго Кыргызалтын 10 жыл чыдап берди.
 
“Банкроттук” абалдан кантип чыгууга болот?
 
Тыкыр, калыс текшерип, уурдагандардын барын жоопко тартыш керек. Ошол убактагы бийлик жетекчилери буга жооп бериши кажет. Акыркы 10 жылдын ичинде дүйнө жүзүндө алтын тармагы гүлдөп өсүп жатат. Мен жетекчилик кылып турган кезде, алтындын баасы 190-300 доллар болсо, азыр 1300-1600 долларга чейин өстү. Ушундай абалда кантип банкрот болот? Бул тармакка иштин көзүн билген адам келиши керек. Бирок, Кыргызстанда бардык тармак ушундай абалга учурап жатат. Мисалы, Өзбекстандан газды арзан баада сатып алып, элге кымбат баада саткан “Кыргызгаз” банкрот болду. Кантип банкрот болду? Ал өндүрүш эмес да. Ал жактан сатып алып, элге түтүкчө аркылуу жеткирип берет. Мындан 50 млн доллар зыян тартып отурат. Бул каражаттын баарын шайлоо, саясий күрөш ж.б жумшап жок кылышты. Учурда Түштүк аймактагылар газсыз отурат. Ал эми апрель  айынан бери 448 вагон күйүүчү май Казакстанда кармалып турат. Мындан улам бензиндин баасы 45 сомго чыкты. 
 
 “Кыргызалтын” өкмөткө жардам сурап кайрылуу жолдоду. Анда финансылык жардам, Макмалдан башка кендерди иштетүүгө уруксат берүү боюнча 1 ай мурун өкмөткө кайрылган экен. “Кыргызалтындын” банкроттук абалын эске ала турган болсок, өкмөттүн бул маселени бүгүнкү күнгө чейин калтырып жатканы туурабы? Же бул меселелерди чечип берүүгө көп убакыт керекпи?
 
Азыркы жеткечилерге 6-7 кенди берсе, барын иштете албайт, банкрот кылат. Бул жетекчилер эч нерсе кыла алышпайт. Мына газ жок, эч нерсе кыла алышпады. Булар эч нерчеге жооп бере алышпайт. Баш мыйзамды да ушуга ылайыкташтырып жазып алышкан. Бирок өздөрүнүн жеке маселесин ийгиликтүү чечип алышат. Иштин  көзүн билген жетекчилер жетектебей жатат. Кыргызалтындын жетекчисин Президент дайындайт.
 
“Банкрот болуу алдында” деп элге жарыялаштын артында башка себептер турбайбы? Анткени банкрот деп  ишканалардын  көбү сатылып жатпайбы?
 
“Кыргызалтындын” азыркы жетекчиси  менин күнөөм жок, 5-жыл мурда банкрот болуп калыптыр, мен эч нерсеге жооп берейм деп жатат. Экинчи себеп, банкротко учуроо алдында  менчиктештирип сактап калалы деген айла-амал. Эгерде Кыргызалтын менчиктештирилип кетсе, анда таң калбаш керек.
 

 

Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
 
Булак: МаралФМ