Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1106

Серепчилер учурда каникулга тараган депутаттык корпустун чабалдыгын айткандан тажабайт

 

 

Кыргыз парламентинин V чакырылышынын кезектеги сессиясынын ишин жыйынтыктап жатып төрага Асылбек Жээнбеков сессия аралыгында жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берди. ЖКнын төрөгасы Асылбек Жээнбеков өз кайрылуусунда төмөнкүлөрдү баса белгилеп өттү. “2013-жылдын 3-сентябрынан ушул жылдын 30-июнь аралыгындагы сессия мезгилинин ичинде 76 пленардык жыйын өткөрүп, 265 мыйзам долбоорун талкууладык. Жогорку Кеңеш тарабынан 176 мыйзам долбоору кабыл алынды, алардын ичинен 137 долбоор Президент тарабынан кол коюлуп, күчүнө кирди. Мамлекетибиздин жашоосундагы баардык актуалдуу маселелерди камтыган 873 токтом, 73 протоколдук тапшырма кабыл алынды. Алардын ичинде аскер доктринасы, чек араны бекемдөө, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, стратегиялык жолдорду куруу, энергетика тармагын модернизациялоо сыяктуу маанилүү маселелерге арналган мыйзамдар жана токтомдор бар. Ошондой эле эл аралык ишмердигибиз жемиштүү болду. Жогорку Кеңеш ЕКПАнын «Демократия боюнча өнөктөш» деген макамын алды, КМШ жана ЕврАзЭШ аймагында жигердүү аракеттер жасалды. Сессияда каралган «Кумтөр», «Кыргызгаз», «Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы» сыяктуу маселелер калкыбыздын арасында чоң резонансты жаратты. Шайлоочулардын алдында парламенттин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн курч маселелердин баардыгы жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кеңири ачык-айкын чагылдырылды. Бул учкай айтылган мисалдардан эле жыл ичинде жемиштүү иштегенибиз көрүнүп турат”- дейт Асылбек Жээнбеков.

 

Бирок, Жогорку Кеңештин бир жылдык ишинин жыйынтыгы айрым серепчилердин сынына кабылып, “депутаттардын ичинде  парламентаризмди түшүнбѳгѳндѳрү да бар жана алар парламенттик башкаруу системасына терс  таасирин тийгизип жатышат”,- дешти. Тактап айтканда серепчилердин пикиринде, парламенттин акыркы бир жылда жасаган ишинин айрымдары “беш” деген баага татыса, айрымдары “эки” деген баага татыйт. Серепчилер азыркы парламенттин кемчилиги катары төмөнкүлөрдү баса белгилешүүдө.

 

Жогорку Кеңеш 2010-жылдан кийин кабыл алынган жаңы Конституцияда жазылган ѳзүнүн милдеттерин так аткара албай жатат же башкача айтканда  ѳздѳрү жазган мыйзамдардын, токтомдордун иш жүзүнѳашуусун кѳзѳмѳл жүргүзүүгө чамасы келбей жатат. Буга мисал катары “Кумтөрдү” айтууга болот. Анткени парламент “Кумтөргө” койгон талаптарын ишке ашыра албай эле, “Кумтөрдүн” талабына баш ийип калууда. Мындан улам Кыргызстанда парламенттик башкаруу болбой эле, “Кумтөр” башкарып жаткандай таасир калтырат. Ошондой эле бийликтеги 5 фракциянын ичинде бөлүнүп-жарылуулардын пайда болушу жакшы көрүнүш эмес. Муну менен катар эле парламент өкмөттү өзүлөрү түзүп алып, кайра алардын колу-бутун байлап коюп жатат жана айрым учурда депуттар соттун ишине чейин кийлигишип, депутаттар бирин бири колдоп, ЖКнын токтому менен Ахматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын ѳзгѳртүү тууралуу ѳтүнүч менен  сотко кайрылуусу, мыйзамга туура келбейт. Ошондуктан мындай көрүнүштөн сабак алып, кийинки шайлоодо профессионалдуу депутаттар бийликке келиши керектигин серепчилер айтууда.

 

Ал ортодо ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков: “ЖК коррупционерлерди колдоп жатат дегенге каршымын. Андай болгон жок. Бир гана сот чечим чыгарат, жоопкерчиликтен эч ким качып кете албайт. ЖКнындепутаты Ахматбек Келдибеков боюнча көпчүлүк ушундай чечим кабыл алды. Ал токтомдо сотко мындай кыл, же тигиндей кыл деген сунуштар жок. Бир гана «Ата Журт» фракциясынын сунушу менен, Келдибеков ооруп жатканына байланыштуу чыгарылды. Бул жөн гана Жогорку сотко өтүнүч кат болду”- деп айтып чыкты.

 

Ошондой эле айрым серепчилердин пикиринде, келээрки шайлоодо азыркы 5 партиянын ичинен “КСДП” менен “Ата-Мекен” партиясы кайрадан бийликке келүү мүмкүнчүлүгү жогору болсо, ал эми кай бир партиялар кайрадан бийликке келбей калышы ыктымал. Азыркы учурда парламенттен орун албай калышы мүмкүн дегенге көбүрөөк жакыны «Ата-Журт» жана «Ар-Намыс» партиялары. Андан сырткары алардын партиялык түзүлүшү башынан эле борпоң болуп, азыр андан да алсырап кеткендиги үчүн, аларга 2010–жылы добуш алууга көмөктөшкөн каржы меселеси да жардам бербеши мүмкүн. Бул партиялар лидерлеринен гана кол үзбөстөн, көпчүлүк шайлоочуларынан да ажырап калышкан. Лидер Ө.Бабановдун кандайдыр бир түшүнүксүз стратегияларынан улам, партиянын алгачкы, колунда бар жана беделдүү мүчөлөрүнөн ажырап калган «Республика» партиясынын да иши жакшы эмес. Ага партиянын лидеринин «кайраттуу колу жана калыңкапчыгы» жардам бере алышы мүмкүн. Күчтүүдеп эсептелинген “КСДП”жана “Ата-Мекен”партияларынын да өздөрүнүн көйгөйлөрүжок эмес. Лидери Кыргызстандын таасирдүүсаясатчыларынын бири болуп келе жаткан Ө.Текебаевдин «Ата-Мекен» партиясы да тобокел алдында турат. Лидерге карата багытталган мародерлукка катыштыгы бар деген тариздеги күнөлөөлөрдүн жыйындысы бир топ эле партиянын баасын түшүрүп койгонсуду. Андан сырткары, мурунку убактардан улам сабак болгондой чөнтөктүүлөрдүчекеден алып келүү, алардын кадимки мүчөлөрүнөжакындабастыгы жана көздөгөн максаттарынын дал келбеши менен партиянын кайрадан андай жолду тандашынан күмөн жаратат. Бул болсо каржылоо маселесинде көйгөйлөр бар дегенди билдирет. КСДП партиясынын да көйгөйлөрүжок эмес. Партиянын активдүүмүчөлөрүнүн ортосундагы лидерге болгон ишеним жана анын бийликте ээлеген ордуна байланыштуу азыркы таптагы абалы алардын ишенимин актай албачудай. Бул жерде азыр көп эмес, бирок билинээрлик денгээлде партия башчыларынын нааразычылыктары байкалып жатат, бул болсо шайлоо убагында терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн. Бир жагынан КСДП бийликтин партиясы катары ар кандай сындарды жаратып тургандыктан, ал анын шайлоочулардын астындагы позициясын төмөндөтөт. Улам анык көрүнүп жаткан саясий картина өзүн парламентке толук даярбыз деп эсептеген партияларга стимул берип, бекемдеп жатат.

 

Азыркы учурда парламентте потенциалдуу талапкер катары алдынкы орунда турган беш партия менен ат салышууга даяр партиялардын саны бештен ашат деген информация маалымат булактары аркылуу коомго желдей тарады. Мисалы, “Замандаш”, “Эмгек”, “Бир-Бол”, “Ак шумкар”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Өнүгүү” партиялары келээрки шайлоодо алдыга озуп чыгат деген божомолдор азыртадан эле жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылып да, жазылып да жаткан чагы. Мындан уламайрым партиялардын негиздөөчүлөрү азыртадан эле келээрки шайлоодо кай бир партиялардын жеңишке жетээри белгилүү болуп калды деп нааразы болууда. Анткени айрым партиялардын лидерлеринин пикиринде, жогоруда аты аталган партиялар бай-манаптардан куралгандыктан, алар алдын ала жер-жерлерде ар кандай иш- чараларды уюштуруп, элге чай бермей оюндары аркылуу элдин көңүлүн өздөрүнө буруп алып жатат. Ошондой эле мындай көрүнүштөр аркылуу, алар алдын ала элдерди колго алуу аркетин көрүүдө. Анткени алар келээрки шайлоодо татыктуу жол менен жеңишке жетпестигин билип, эптеп элдин көңүлүн алып, элге кур  убадаларын берүүгө аргасыз болушууда. “Бул партиялардын кыла турган иши эмес”- деп сындашууда. Бирок,кийинки жаңы партиялардын арасында белгилүү саясатчылар баштаган партияларды элдин колдоого алаары күмөн туудурууда. Себеби эл азыр коррупциядан алыс, таза адамдарды эл өкүлү кылып шайлоого умтулуп жатканы байкалат. Ошол эле мезгилде эл арасында түз мамиле, алым сынаарлык салым, колдон келген колдоо көрсөтө алган партиялар да жок эмес. Алар азырынча өз убагында үстөкө-босток пиар кылган аракеттерге бара элек. Ошентсе да эл арасында аброй топтоп, келерки шайлоого даярданып жатышат.

 

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев келээрки парламенттик шайлоодо, шайлоо процессин таза, калыс өткөрүп берээрин жана таза шайлоо менен келген партияларга эл ишенээрин билдирүүдө.

 

“Тренд” социалдык иликтөөлөр борбору, Бишкек