Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 30914

Улутубуздун сыймыгы болгон улуу “Манас” эпосун окутуу маселесине кеңири масштабдан карашыбыз керек. Мынабу глобалдашуунун кыйын-кезең шартында биз кыргыздар алыскы-жакынкы машинелешкен, компьютерлешкен, техникалашкан күчтүү цивилизациялардын кучагына оп тартылып кетпей өз жүзүбүздү сактап, канткенде журт катары, улут катары сакталып калабыз? Бүгүнкү күндө мындай беймазалуу суроону дүйнөдөгү кичине жана чоң калктар өз алдыларына коюп, арааны ачылган глобалдашуунун  кырдаалында улуттук очокко, коломтого, элдик нарк-дөөлөттөргө таянуу философиясын тутунуп жатышат.

 

Маселен, Түркия жака көз чаптыралычы. Түркиянын “Улуттук билим берүү боюнча негизги мыйзамында” түрк билим берүүсүнүн башкы  стратегиялык максаты төмөндөгүчө аныкталган: ”Түрк улуттук билим берүүсүнүн максаты— түрк коомчулугунун бардык мүчөлөрүн Ататүрктүн принциптерине, революциясына  жана Башмыйзамда көрсөтүлгөн Ататүрк  патриоттуулугуна (мекенчилдигине) ылайык түрк улутунун улуттук, нравалык, инсандык, руханий жана маданий баалуулуктарын кабыл алган, сактаган жана өнүктүргөн, үй-бүлөсүн, мекенин, улутун сүйгөн,  инсан укуктарына жана Башмыйзамдын негизги принциптерине  таянган, демократиялык, граждандык жана социалдык укуктук мамлекет болгон Түркия жумуриятынын алдындагы милдет жана жоопкерчиликтерин билген, ошондой эле аларды аракетке келтирген мекендештер катары калыптандыруу”. Көрүнүп тургандай, бул жерде глобалдашуунун шартында Түрк улутун сактоо концепциясы ачык-айкын берилген.

 

Сурайлычы, Кыргызстандын  билим берүү системасынын ушундай стратегиялык максаты барбы? Бизде мындай бийик мүдөө коюлбай келет.  Биздин билим берүү системабыз, концепцияларыбыз мекенчил, патриотту эмес, жалпы эле дүйнөнүн атуулдарын окутуп тарбиялоого эсептелинген десек жаңылышпайбыз. Кыргызстан космополитизм илдети менен ооруйт.

 

Бүгүнкү глобалдашуунун жана массалык маданияттын агрессивдүү чабуулдарынын шарттарында кыргыздардын да  улуттук өзүн-өзү сактоо инстинкти ойгонушу керек. Түркия, Япония, а түгүл Өзбекстан сыяктуу  Кыргызстан дагы өзүнүн көп кылымдык тарыхында калыптанган түптүү улуттук дөөлөттөргө таянуу философиясын бекем тутунушу аба менен суудай зарыл. Мына ушул контекстен караганда,  кыргыз мамлекетинин пайдубалында жата турган рух-кенчтерин камтып турган улуу “Манастын” окуу-тарбия процессиндеги тарбиялык функциясын активдештирүү жүз эсе актуалдуу.

 

Биздин “Манасыбызда” баарынан мурда эмне кымбат? Эмне улук? Эмне  ыйык? Биринчи иретте, Атажурт ыйык, анын боштондугу, эркиндиги, көз карандысыздыгы ыйык. «Манастын» эң бийик идея - дөөлөтү – Мекендин эгемендүүлүгү философиясы (“Алты сан аман турганда, ыйык кыргыз жеримди, душмандын буту баскыча, асыл кыргыз элимди, тебелетип бөтөнгө, кор кылып карап жаткыча, туулбай туна чөгөйүн, тирүү жүрбөй өлөйүн!” – Манас баатырдын антынан).

 

“Манаста” дагы эмне ыйык? Улут биримдиги, калайык журттун бекем баш кошкондугу, бөлүнбөстүгү - ыйык дөөлөт (“Кулалы жыйып куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” - Манас, “Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп бөлөк элге кеп кетет” - Бакай, “Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололу” - Акбалта).

 

“Манаста” эмне улук? Ата Журт үчүн, эл үчүн кара жанын карч урган, каруусун казык, башын токмок кылган мекенчилдик, керек болсо кайран жанды курман чалуу идеясы  улук (“Калкым кыргыз сен үчүн, курман болуп кетейин” - Манас). Мекендин, бир боор журттун көйгөйүн ойлоп толгонгон, Ата конуштун тагдыры деп асанкайгыланган атуулдук күжүрмөн рух, жалындаган жарандык жигер-демилге улук (“Үзүлгөндү улайлы, чачылганды жыйнайлы, жоголгон жокту табалы, журт айласын кылалы” - Кошой). Элдин ар намысын ойлогон, өзүнүн беделин жерге түшүрбөгөн жигиттин, уулдун, эрдин  намыскөйлүгү улук (“Жоого намыс бергиче, ажалым жетсе өлөйүн” - Манас, “Калкы тыргоот, манжууга кантип сурак беребиз, кол куушуруп, баш ийбей, койгулашып өлөбүз” - Акбалта. Элдин намысы деп сексендеги Кошойдун Жолой менен күрөшкө чыгышын эске түшүрөлү).

 

“Манаста” мекендин чегин күн-түн күзөтүү, эл-жерин сак-сактап кайтаруу, мамлекеттүүлүктү коргоо жана чыңдоо идеясы ыйык (“Артыкча башым барында, айлымды кантип берейин” - Акбалта. “Кыргыздын жерин жердөөнү, Алооке сага ким койду, атамдын жерин жердөөнү, ант ургур сага ким койду?” - Манас).

 

“Манаста” бакубат жашоо үчүн күн тынымын билбеген, түн уйкусун көрбөгөн, ак эмгек, адал мээнет ыйык (“Эмгек кыл, балдар, эмгек кыл, акыңды эмгек кайырат, арыганың семирет, ачкан курсак тоюнат, алтындын кенин казалы, кетмендеп жерди оёлу” - Акбалта. Бала Манастын койчу Ошпурдун колунда тарбияланышын эске салалы). Жетимиш түрлүү тил билүү өнөрү – дөөлөт (Жетимиш түрлүү эл көргөн, жетимиш түрлүү тил билген Ажыбайдын өнөрү). Ала-Тоого болгон ашып-ташкан сүйүү - кымбат кенч (“Жер соорусу турбайбы, жердеген адам тунбайбы, береке экен, бел экен, пенде көрчү жер экен, жердеген адам бай болор, түгөнбөс ырыс кен экен” - Манас). Кылымдарды аралап, илгертен келаткан ата-баба салты ыйык («Көкөтөйдүн ашы” жана андагы элдик каада-салттар жана спорттук оюндар). Караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан көрөгөчтүк, акылмандык улук (Бакай). Коллективисттик адеп-ахлак, жан дүйнөнүн рухий сулуулугу жана марттыгы, меймандостук, чынчылдык, мекенчилдик ж.б.у.с. адамдык асылзат нарк-насил улук (Каныкей, Чыйырды, Айчүрөк, Алманбет, Чубак, Сыргак, Бакай, Кошой, Манас).

 

“Манастын” мындай асыл-кенчтерин санай берсе көп.Кыскасын айтканда, “Манаста”  жашоого тирек боло турган моралдык-этикалык дөөлөттөрдүн бүтүндөй бир системасы  чөгүп жатат. “Манасты” жүрөгүндө сактаган кыргыз эли туу катары карманып, өзөгүндө сары майдай сактап медер туткан жогорудагыдай ыйык дөөлөттөрү, идеялары болгону үчүн тарыхтын бурганактуу булуң-буйткаларында жоголуп кетпей, тагдырдын катаал сыноолоруна туруштук берип, элдигин сактап, 20-кылымга жеткен. Кыргыз эли бүгүн өзүнүн 5 миң жылдык тарыхында жараткан, түзгөн  ушундай гуманисттик, маданиятынын, рухий цивилизациясынын духунда кайра жаралууга тийиш деген ишенимдебиз. Ушул улуу дөөлөттөрүбүздү өлкөбүздүн ички идеологиясы катары тутунуп, аларды кайрадан терең өздөштүрүп, сактап, аң сезимдүү түрдө үгүттөп, жайылтып, калкыбыздын, жаш муундарыбыздын энчисине айландырып, жарандарыбыздын барктаган, кастарлаган, сыймыктанган табириги  катары кан-жанга сиңишине жетишишибиз керек. Ар бир жаран окуу-тарбия процессинде “Манаска” каргадайынан сугарылганы оң. Биз глобалдашуунун аз сандагы элди оп тартып, жутуп коюучу катаал өкүмүнө ушундай культурологиялык концепциябызды каршы коюу аркылуу гана журт катары сакталып кала алмакпыз.

 

Азыркы айрым улутбезерлерден, нигилисттерден, билимдүү маңкурттардан айырмаланып, улуу эпосту изилдеген атактуу окумуштуулар “Манасты” эл тарыхынын көркөм летописи, калк турмушунун энциклопедиясы, ата-бабалардын эркиндик үчүн күрөшкөн баатырдык, патриоттук салтын баяндаган улуу дастан катары, кыргыз элинин күч-кубатын, эрк-кайратын, даанышмандыгын, багынбас рухун , айкөл жан дүйнөсүн көрсөткөн күзгү катары баалап, даңазалап келишти. “Манасты” дал ушундай  түшүнүү, туюнуу билгилигин бүгүнкү муундарга жеткирүү зарыл.

 

Бирок “Манастаанууга” моюн толгогон,  ага дале  чоочуркай караган,  кээде ачык эле өгөйлөгөн, бул сабактын маңызына жана керектүүлүгүнө көзү жетпеген, окуу планына  жолоткусу келбеген ректорлор, проректорлор,  институттун директорлору, декандар дале болсо бар. Мына ушуга окшогон билим берүү чиновниктерине биз студенттердин төмөнкүдөй  ой-пикирлери, каалоо-тилектери менен таанышып көрүүнү сунуштаар элек. Айталы дегенибиз, Кыргыз  улуттук университетинин Педагогикалык  кадрларды максаттуу даярдоо институтунда “Манастаануу” боюнча 34 сааттык курс аяктагандан кийин студенттер аталган сабак жөнүндө өздөрүнүн ички ой-толгоолорун дилбаян түрүндө жазышкан эле.  Студенттердин ошол ой-толгоолорунун  айрым үзүндүлөрүн алдыга тарталы: “Манас сабагынын” мага калтырган таасири өтө чоң болду. Менин элиме болгон патриоттук сезимимди күчөтүп, ички дүйнөмө бүлүк салып, “ойлон кыргыз, ойгон кыргыз” дегендей, ичимдеги катылып жаткан энергияны  ойготту, менин жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Көп нерсеге  кызыгуу менен карап, бир гана күнүмдүк тиричилик жашоо менен алышпай, элим үчүн, жерим үчүн кызмат кылгым келет деген кыялдарым алоолонду.” (Имер кызы Айпери) “Манас сабагынын”  предмет катары расписаниеге коюлушуна  мен ыраазымын.”(Үсөнова  Уркуя). “Манас сабагын угуп отуруп, ошол каармандарга аралашып, кадимкидей көз алдыма  элестетип, көзүмөн жаш тегеренген күндөр болду. Мен “Манастаануу” сабагын 5-курска чейин кирсе дейм.”(Жумакунова Асель). ““Манас сабагынан” кийин менин патриоттук сезимим мурдагыдан да күч алды.”(Жайлообек кызы Сайкал).    “Манас  сабагы” жөнүндө  ой-толгоолорун жазышкан 100дөн ашык студенттин дээрлик  95 пайызы  аталган предмет боюнча ушундайча ойдо экендигин көрүү  жагымдуу болду. Демек, “Манас” эпосунун жаштар үчүн тарбиялык мааниси зор экендигин, эгер улуу мурас ийкемдүү методика менен терең окутула турган болсо, эпосубуздун муундардын жан дүйнөсүнө жана аң-сезимине таасир кылуу мүмкүнчүлүгү кеңири, потенциалы мол экендигин  бул дил баяндар ырастап отурат.

 

“Инженерге, юристке, врачка “Манастаануу” сабагынын кереги жок, жогорку окуу жайы кесипти окутат, адисти, профессионалды даярдайт, кесиптик диплом берет, ЖОЖ - ошол үчүн” дешип, улут сыймыгын окутууга каршы болгондорго биз мындай дээр элек.  Билимдүүлүк, кесипкөйлүк, адистик, профессионал болуу деген жакшы. Бирок жалгыз профессионалдуулук эле тагдырды чечпейт тура. Билимдүү болуу, адис болуу, адам болуу, атуул болуу   дегенди дайыма эле түшүндүрө бербейт. Турмуш, практика көрсөтүп отурат, айланабыздан канчалаган жогорку адистиктеги  жегичтерди, коррупционерлерди, жогорку билимдүү киши өлтүргүчтөрдү, криминал «авторитеттерди», трайбалисттерди, уруучулдарды, «компьютер баштуу» (М.Шаханов) мутанттарды, өз ата мекенинин кайгы-муңуна кайдыгер, кайсы өлкөдөн пайда чыкса, ошол жактын граждандыгын алып кете берген дипломдуу «күн тийген жердин күкүктөрүн», өзүнүн «Бугу энесине» ок атып, өз бешигин бүлүндүргөн даражалуу «момундарды», «орозкулдарды» көрүп жатабыз. Ата-журтубуз ушундай илдеттерден азап чегип, ордунан очорулуп тура албай жаткандыгы жалганбы? Бизге улуттук маданияттан, элдик тарыхый тамырлардан ажыраган космополит-адистердин кереги барбы?

 

Демек, жалаң адистик, маалыматтуулук, жалаң гана кесипкөйлүк бизге гарант эмес экен. Биздин жогорку окуу жайларыбызда басым коюлуп жаткан ошол  адистик жогорку билим  түздөн түз бийик адамдык аруу сапаттар, атуулдук бийик ар намыс, эл-жерим деген граждандык азаматтык, уулдук күжүрмөн дух-кайрат, калкыбыздын социалдык генетикасында илгертен жашап келе жаткан  айкөл Манастын    улуу патриотизми менен айкалышуусу эгемендүү жаш жумуриятыбыз үчүн аба менен суудай зарыл.  

 

Кыскасын айтканда, жогоруда саналган “Манастагы” идеалык-рухий ыйык дөөлөттөр – кыргыз элинин  жүрөгү. Кыргызстандын билим берүү системасында ушул “элдик жүрөк” дүкүлдөп согуп турууга тийиш. Дагы бир жолу образдуу айталы, билим берүү системабыз акыл-эсинде дүйнөлүк илим-билим, дүйнөлүк технология, экономика орун алган, ал эми дилинде, жан дүйнөсүндө болсо, Манастын, Кошойдун, Бакайдын, Каныкейдин, Чубактын, Сыргактын, Семетейдин, Курманжан датканын, Искак Раззаковдордун руханий асыл наркы, мекенчилдиги, атуулдук  бийик адеп-ахлагы жана ар-намысы отурган муундарды окутуп, тарбиялап жетилтип турса гана ата-журтубуздун боосу бекем болуп, улутубуздун ташы өйдө кулап, дүйнөлүк цивилизациянын кан жолунда өзүнүн менчик жүзүн сактап өнүгө алмак.

 

Советбек БАЙГАЗИЕВ,

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти,

филология илимдеринин доктору,

профессор. 

 

Булак: «Майдан.kg» гезити, №023, 09.07.2014-ж.