Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1528
Үстүбүздөгү жумада парламентте стратегиялык маанидеги автожолдорду мыйзамсыз тоскондорго карата жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты. Ал эми президент Алмазбек Атамбаев мыкты абитуриенттерге «алтын сертификаттарды» тапшырды.
 
Жол тоскондор он жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн
 
Кыргызстан жол тосуу менен митингдердин саны боюнча бир да мамлекетти алдыга чыгарбашы анык кеп. Үстүбүздөгү жумада стратегиялык маанидеги автожолдорду мыйзамсыз тоскондорго карата жоопкерчиликти күчөтүү сунуш кылынды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Чыныбай Турсунбеков, Майрамбек Расулов, Эристина Кочкарова. 26-июндагы жалпы жыйында мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 1-окууда колдоду.
 
Унаа каттоочу жолду тосуу менен бийликке өз үнүн жеткирүү кийинки учурда көп колдонула башталды. Алсак, абактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери Эл аралык Ош - Эркеч-Там жолун 1 айга чукул убакыт бууп турушуп, бир жума мурун ачышкан. Жолду тосуу менен нааразычылык тараптын үнү бийликке жеткени менен, ортодо жөнөкөй жарандар анын запкысын жеп калышууда. Кыргызстандын мыйзамдарына былтыр өзгөртүү киргизилип, жол тоскондорго карата чаралар күчөтүлгөн. Бирок, ал деле болсо жетишсиз. Себеби, биринчиден жол тоскондорго өлкөдө эч кандай кылмыш жазасы каралган эмес. Экинчиден, айыптын өлчөмү да өтө эле аз.
 
Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Майрамбек Расуловдун айтымында, "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдагы мыйзамы менен жолду мыйзамсыз тоскондугу үчүн администрациялык жоопкерчилик каралган. Бирок, мыйзамда стратегиялык маанидеги автомобиль жолдорун мыйзамсыз тоскондугу үчүн жоопкерчилик каралган эмес. Анын натыйжасында көптөгөн терс кесепеттер катталууда. Тактап айтканда жолдорду тосуунун айынан жарандарга, ошондой эле чет элдик жарандарга, мамлекетке жана башка юридикалык жактарга ири жана өзгөчө чоң зыян келтирилиши мүмкүн.
 
"Камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлеринин стратегиялык мааниге ээ болгон Ош - Эркеш-Там автожолун тосуусу буга ачык мисал боло алат. КЭРдин Ош шаарындагы консулдугунун билдирүүсү боюнча, аталган жолду тосуунун айынан Кытайдын ондогон жараны өз өлкөсүнө кете албай калган. Болжол менен 400 Кытай ишкери зыян тарткан. Мындан тышкары жүздөн ашык жүк ташуучу автоунаа токтоп калган. Ошол эле учурда каршылык көрсөтүү акциясынын мезгилинде бажы төлөмдөрүнөн дээрлик жүз миллион сом түшпөй калган. Айрым калктуу пункттарга мамлекеттик органдар жарандарга пенсияларды, жөлөк пулдарды төлөө үчүн каражаттарды өз убагында жеткире албай калды. Мындан тышкары, бул жолду узакка тосуу региондогу туристтик программаларды аткарууга бөгөт болду. Кыргызстандын турфирмаларына чет элдик өнөктөштөрү берген айып төлөмдөрүнөн зыяны күн санап өстү. Ошентип, коомдун жана мамлекеттин нормалдуу турмушу бузулду", - дейт ал.
 
Мыйзам долбоорунда стратегиялык маанидеги автомобиль жолун мыйзамсыз тоскондугу үчүн, ошондой эле олуттуу зыян келтиргендиги үчүн администрациялык жоопкерчиликти күчөтүү каралган. Ошондой эле укук коргоо органынын кызмат адамынын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип, күч колдонуу коркунучу бар болгон учурда жана администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколду түзүү мүмкүндүгү болбосо протоколду укук бузуучунун катышуусу жок эле түзүү мүмкүндүгү каралган. Ошого удаа эле мыйзам долбоорунда аткаруу өндүрүшүнүн алкагында соттук актыларды аткаруунун механизми каралган. Тактап айтканда, иштердин бул категориялары боюнча соттук актыларды аткаруунун тартиби белгиленет. Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда 24 сааттан ашык автомобиль жолун мыйзамсыз тоскондугу үчүн келтирилген зыяндын оордугуна жараша кылмыш-жаза жоопкерчилиги белгиленген.
 
Талкууда депутаттар Майрамкүл Тиленчиева, Кожобек Рыспаев стратегиялык маанидеги жолдордун тосулушу менен канчалаган карапайым адамдар, ишкерлер чыгым тартып жатканын белгилеп, мыйзам долбоорун колдоого чакырышты. Депутаттар Бөдөш Мамырова менен Исмаил Исаков болсо жол тоскон эл адилетсиздиктен улам чыккандыгын белгилеп, мыйзам долбооруна түп тамырынан бери каршы болушту.
 
Демилгечи депутаттардын бири Өмүрбек Текебаев Башмыйзамда жарандардын укуктарына кепилдик берилгендигин эскертип, анда эгерде башка адамдардын өмүрүнө, коомдун кызыкчылыктарына коркунуч келтирбесе деп тургандыгын билдирди.
 
Талкууда депутаттар Дамира Ниязалиева, Ыргал Кадыралиева мыйзам сыйлап жашаганды үйрөнүү, элдин кызыкчылыгы үчүн чечим кабыл алуу зарылдыгын белгилешти.
 
Мыйзам долбооруна ылайык, бир суткадан ашык мыйзамсыз түрдө стратегиялык маанидеги жолду жапкандар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратылат. Адам өмүрүнүн кыйылышына жана ири өлчөмдө материалдык чыгымга алып келгендер 5 жылдан 7 жылга чейин абакка отургузулат. Эгер жол тосуу аракеттери курал-жарак, жарылгыч заттарды колдонуу жана бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү менен коштолсо, анда бул кылмышты жасагандар сегиз жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылат.
 
Жол буугандарга багытталган мыйзам буга чейин бир да жолу иштеген эмес. Ошондон улам бул мыйзам долбоору колдоо тапса да, иштөөсүнөн күмөн санагандар бар. Саясат талдоочу Марс Сариев социалдык акыйкаттыкты Өкмөт өзүнөн баштап, элге үлгү болушу керек, дейт. Анын айтымында, буга чейинки мыйзамдар иштебегенинен улам, бул мыйзам колдоого алынса да иштөөсү күмөн жаратат
 
ИИМдин билдирүүсүнө таянсак, жыл башынан бери 220 саясий акция өткөн. Анын 11и жол тосуулар менен коштолгон. 
 
11 жылдык билимдин алгачкы жемиши
 
27-июнда президент Алмазбек Атамбаев борбордогу жана республикадагы мектептердин жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку баллдарды топтогон бүтүрүүчүлөрүнө «алтын сертификаттарды» тапшырды. Бул окуу жылында 51 миң 631 абитуриент тестирлөөгө катталып, жалпы бүтүрүүчүлөрдүн 84 %ын түздү. Мамлекеттик билим берүүнүн гранттык жобосуна ылайык, ЖРТдан эң жогорку балл топтогон 53 абитуриентке эркин сертификат («алтын сертификат») берилип, ал кайсы гана мамлекеттик жогорку окуу жай болбосун, тандаган адистигине сынактан тышкары өтүү укугун берет. Ошондой эле, бул жылы ЖРТдан жогорку балл топтоп, бирок «алтын сертификат» алууга баллдары жетпей калган Кыргызстандын 7 облусундагы 14 абитуриентке атайын "Мактоо" баракчасы, президенттин 10 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку стипендия жана нетбук белекке берилди. Алтын сертификаттарга көбүнчө Бишкек шаарынын мектептеринин окуучулары ээ болушту. 
 
Кыргызстандан нефть жана газ чыкпаса да, билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулат. Бүгүнкү күндө мамлекеттик бюджеттин 20 пайызы аталган тармакка сарпталат. Мындай пикирин Алмазбек Атамбаев окуучуларды куттуктап жатып билдирди. 
 
“Дүйнөдө бир дагы өлкө билим берүүгө мындай өлчөмдөгү каражат бөлбөйт. Биздин эң негизги байлыгыбыз – бул биздин элибиз, өзгөчө өсүп бараткан жаштар. Ошондуктан мамлекет каражатты бул тармактан аяган жок”, – дейт президент.
 
Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Самаркандек гимназиясынын бүтүрүүчүсү Гүлайым Жураева мактоо баракчасына ээ болду. Ал жалпы республикалык тестирлөөдөн 201 балл алган. Азыркы учурда мугалим болсом дейт. Ал эми Бишкек шаарынын №24 гимназия - мектебинин бүтүрүүчүсү Осукеева Айпери 221 балл менен "алтын сертификатка" ээ болду. Ал тиш доктуру болгусу келет. Мындай ийгиликке жетүү үчүн ал күн-түн дебестен окуп, даярдык көргөнүн айтты.
 
Алтын сертификаттарды алган окуучулардын дээрлик көпчүлүгү Бишкек шаардык мектептердин бүтүрүүчүлөрү. Айыл жергесинен көбүнчө лицейлердин окуучулары ушундай орундарга ээ болушат. Билим берүү жана илим министринин орун басары Догдургүл Кендирбаеванын айтымында, мыкты методика, окууга даярдануу мүмкүнчүлүгү шаар жергесинде топтолгондуктан ушундай жыйынтыктар болууда.
 
Ыйык Рамазан айы башталды
 
Бүгүн, 29-июнь Орозонун алгачкы күнү башталды. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн чыгарган токтомуна ылайык, 28-июнь - Рамазан айынын биринчи күнү болуп бекитилген болчу. Бул боюнча Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ай көрүү боюнча Кыргызстандын баардык облустарында атайын комиссия түзүлүп, иш алып барышып, айдын көрүнбөгөндүгүнө байланыштуу 29-июнь Ыйык Рамазан айынын башталышы деп бекитилди. Бул тууралуу Уламалар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов билдирди. Жалиловдун айтымында, бул шариатка туура келет. Мында исламдын борбору болгон Сауд Аравия мамлекети ушундай чечимге келишкен. Чубак ажы Жалилов белгилегендей, мындай учурда Кыргызстан коңшу өлкөлөрдү эмес, аларды ээрчите турган мамлекеттердин катарына кошулуусу керек. Ошондуктан, ар кандай сөздөргө маани берүүнүн кажети жок.
 
Быйыл Орозо жай айынын эң узун убактарына туш келгендиктен, күндүн ысыгынан чоочулагандар да жок эмес. Муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратовдун айтымында, күндүн ысыгынан чоочулаганга эч кандай негиз жок. Анткени Орозонун өзүнүн кереметтери бар.
 
“Күндүн ысыгынан чоочулабаш керек. Алла Таала өзү жардам берет. Орозо кармоо - бул адамдын ички дүйнөсүн, ой жүгүртүүсүн өзгөртөт”, - дейт Равшан ажы Эратов.
 
Ал тапта Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Анда:
 
“Урматтуу мекендештер!
 
Кыргызстандын мусулмандары!
 
Бардыгыңыздарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктайм!
 
Ыйык Орозону ар бир мусулман үмүт, жакшы тилек менен күтөт. Жаратканга тобо келтирип, тазаланууга, жакшылыкка, кайрымдуулукка умтулат. Ылайым жакшы тилектериңер, асыл максаттарыңар кабыл болсун!
 
Кыргызстаныбызда тынчтык, бейпилдик орноп, Жараткан элибизге ыйман, ынтымак, сабырдуулук берсин!
 
Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакубат турмуш каалайм. Ар бир үй-бүлөдө ырыскы уялап, Кыргызстаныбыз гүлдөп өнүгө берсин! деп жазылат.
 
Мусулманчылыктагы беш парздын бири - отуз күндүк орозо кармоо. Рамазанда мусулмандар бир ай бою таң аткандан күн батканга чейин тамак-аштан баш тартып, Жаратканга сыйынып, жан дүйнөсүн тазалайт. Орозонун руханий, социалдык, экономикалык жана медициналык жактан пайдасы көп болгондуктан, кооптонууга негиз жок. «Семья» ооруканасынын башкы дарыгери Осмон Масалиевдин билдиришинче, Орозо рак клеткаларын жок кылат. 
 
“Дүйнөлүк практикада дарыгерлер рак оорусунан айыгууга Орозонун жардамы чоң экенин айтышат. Адам канчалык көп тамактанган сайын, рак клеткалары ошончолук өрчүйт. Эгерде таң аткандан күн батканга чейин оозуна суу да албай, ачка болгондо рак клеткалары бири-бирин жеп баштайт”, - деп билдирди дарыгер.
 
Орозо кармоодо таң аткандан күн батканга чейин т.а 17-18 саат оозго наар алынбайт. Андыктан, дарыгерлер ооз ачууда бир катар эрежелерди сактоо керек экендигин эскертишет. Ооз ачканда оор тамактардан алыс болуу зарыл. Алгач суу же мөмө-жемиштер менен тамактануу сунуш кылынат. Дарыгер Осмон Масалиев белгилегендей, орозодо ооз ачканда алгач жеңил тамактарды же суу көбүрөөк ичкен туура болот. Ал эми майлуу жана камыр тамактардан качуу керек.
 
Орозо мезгили эс алуу учуруна туш келип жаткандыктан адамдар Ысык-Көлгө же болбосо башка жакка эс алганы барып, сууга түшүшү да мүмкүн. Мына ушундай учурда көңүл бурула турган маанилүү жагдайларга Уламалар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов токтолду:
 
-Шариятта сууга түшкөнгө уруксат берилет. Бирок, оозу менен мурдуна суу кирип кетпеши керек. Көз менен кулактан кирген суу орозону бузбайт. Анан Орозо касиеттүү, ыйык болгондуктан аны сууга түшүү менен эмес, мисалы, Куран окуу, илимин өркүндөтүү менен өткөрсө дагы да көбүрөөк пайда алат. Бирок, ошого карабастан, ысып кете турган болсо, анда аларга сууга түшкөнгө уруксат берилет.
 
Орозо тууралуу шаар тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө күндү ысыгы эч кандай таасир тийгизбегенин айтышып, алардын басымдуу бөлүгү Орозо кармай турганын билдиришти. 
 
Кошумчалай кетсек, Рамазан айынын календарларын мечиттерден бекер алса болот. Кээ бир сатуучу түйүндөрдө, базарларда жана мечиттердин айланасында сатылып жаткан Рамазан айынын календарлары туура эмес болгондуктан, КМДБ этият болууга чакырат. Ошондуктан, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын уруксааты менен басылган гана календарларды алуу сунушталат.
 
Эске сала кетсек, бул жылы ажылык сапарга бара тургандар чүчү кулак тартуу жолу менен аныкталат. Ошондой эле, быйыл ажылыкка барууну каалагандардын саны учурда 7 жарым миңге жеткен. Ал эми бул жылы Кыргызстанга квота 3685 кишиге берилген. Ажыга жөнөгөндөр 8-23-сентябрда учушат. Ажылыкка арыз берүү 12-июнда токтогон. Ушу тапта квотасынан ашыкча тапшырылып калган аймактарда чүчү кулак ыкмасы менен ажылыкка барчулар аныкталууда. Быйылкы ажылык баасы 2400 доллар болуп бекитилген.
 
Источник: maral.fm