Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 917
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен “Ата Мекен” фракциясынын ортосунда ажырым пайда болду.
Узап бараткан жумада Бишкек шаарынын программасы бекитилди.  Өкмөт башчы менен “Ата Мекен” фракциясынын ажырымы эмнеден чыкты? Орус өкмөтү Бажы биримдигине кирбеген өлкөлөрдүн жарандары Орусияга чет өлкөлүк паспорту менен кире турганын жарыялады.
 
Бишкекти өнүктүрүү программасы кабыл алынды
 
Узап бараткан жумада Бишкек шаардык кеңеши шаар мэри Кубанычбек Кулматов тарабынан сунушталган “Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары” аттуу программаны кабыл алды. Программа 2018-жылга чейин эсептелген. Быйыл январь айында мэрлик кызматка келген Кулматовдун программасы боюнча шаардык кеңеште бир катар талаш-тартыштар жаралып, шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов мэрге ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрөрүн да билдирген. Мына ушундай ызы-чуу менен алты айда жаралган программанын мазмунуна келе турган болсок, ал негизинен эки бөлүктөн турат. Биринчиси, шаардагы коопсуздук, ыңгайлуулук жана социалдык маселеге арналса, экинчи бөлүгү шаарды башкаруу системасына арналган.
 
Жалпысынан программаны аткаруу үчүн 20 млрд. 600 млн. сом талап кылынат. Бирок колдо бар мүмкүнчүлүгү 15 млрд. сомдон көбүрөөк экени белгиленген. Демек, 5 млрд. сомдун тегерегинде каражат табылыш керек...
 
Программада шаардын жылуулук тармагы жана энергетика системасы 70-85% эскиргени, транспорт системасына 600дөй автобус керектиги белгиленген. Билим берүү системасында абал ойдогудай эмес. Шаардагы 94 мектеп, окуу жайларда 110 миңден ашуун бала окуйт. Ал окуу жайлар болгону 73 миңден ашуун балага эле эсептелген.
 
 
Программада “Тазалык” сыяктуу муниципалдык ишканалар, инвестиция тартуу жөнүндө сөз болгону менен ири завод, фабрикалардын тагдыры, шаардагы оорлоп бараткан экологиялык абал, сугат маселеси, жумушсуздук жана башка орчун маселелер камтылган эмес.
 
Бишкек шаар кеңешиндеги КСДП фракциясынын мүчөсү Лев Васильев программада кемчиликтер бар экенин моюндайт. Бирок программа борборду өнүктүрүүгө багытталган дейт:
 
- Программаны биринчи алып чыкканда бир топ аныкталбаган нерселер бар эле. Азыр эми конкреттүүлүк көбүрөөк. Логика бар. Шаарды өнүктүрүү максаты бар. Мына ушул жагынан көңүлгө жагат. Мэр өзү дагы ишке ашыруунун механизмдерин билет. Эми салыктын базасын көбөйтүш керек. Акча чогултуш керек. Грант, насыя эмес, өзүбүздүн каражат менен өнүгүшүбүз керек да.
 
Шаардык кеңештеги башкаруучу коалицияга кирген “Ата Мекен” фракциясынын лидери Союзбек Салиев “программа качан жана кантип ишке ашырылат?” - деген суроолорго жооп  жок экенин моюндайт.   Оппозициялык “Республика” фракциясы болсо программага каршы добуш берди.
 
Шаар мэри Кубанычбек Кулматов программа кабыл алынгандан кийин шаардыктар жакшы өзгөрүүлөрдү жакын арада сезе баштайт деп эсептейт:
 
- Чынын айтканда, мэрияга мен сырттан келдим. Кызматкерлер боюнча маселелер чыкты. Анан да, өнүктүрүү программасы кабыл алынабы, жокпу деп көп даярдандык. Эми болсо программа кабыл алынышы менен анын негизинде толук кандуу иштей баштайбыз. Жакынкы аралыкта шаар тургундары өзгөрүүлөрдү сезет деп ойлоп жатам.
 
Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу багытында иштер Нариман Түлеевдин убагында жасалганын шаардыктар жакшы билишет. Ошондой эле көрүнүш Ош шаарында аны Мелис Мырзакматов жетектеп турганда болгон. Эми Бишкек жана Ош шаарынын азыркы мэрлери шаардыктардын купулуна канчалык толорун мезгил көрсөтөт.
 
"Ата Мекен" менен Оторбаевдин келишпестиги
 
Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүн кызматтан кетирүү демилгесине “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары дагы үн кошту. Парламенттеги коррупцияга каршы күрөш комитетинин жыйынында “атамекенчилер” Туратбек Мадылбеков менен Ташболот Балтабаев активдүү болду. Комитет Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды.
 
Туратбек Мадылбеков өзү өкмөттү кетирүү маселесинде калыс калганын, бирок өкмөт чуулуу коррупциялык иштер боюнча жооп бербей жатканын сынга алды:
 
​ ​- Эми орчундуулары Кумтөр маселеси, Ош, Жалал-Абад дирекциясы, Батукаев маселеси. Агропродкорпорациясы бар - 400 млн. сом берилген мамлекеттик ишкана. Ош дирекциясындай кылып жаап салышты. Жеп-ичкендери билинбей калсын деп.
 
Бул маселелер эми Жогорку Кеңештин күзгү сессиясында кайрадан көтөрүлөт. Комитет конституциялык орган болгондуктан ал кабыл алган чечим Жогорку Кеңештин кароосуна коюлууга тийиш. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин буга чейин оппозициялык “Ата-Журт” фракциясы дагы көтөргөн.
 
Жоомарт Оторбаев менен “Ата Мекен” фракциясынын ортосунда келишпестиктер Кумтөргө байланыштуу пайда болду. Оторбаевди өкмөт башына алып келүүдө негизги ролду ойногон фракция лидери Өмүрбек Текебаев Кумтөр боюнча өкмөттүн позициясын кескин сынга алып, кенди жабуудан кайра тартпаган чечимдерди сунуштап чыгууда. Ал эми өкмөт башчы андай тобокел кадамдарга барууга батынбай турат. Өкмөт “Ата Мекен” фракциясы каршы болгонуна карабай, Давыдов мөңгүсүндө иш жүргүзүүгө уруксат берди. Премьердин мындай позициясы аны өкмөт башчылыкка сүрөгөн фракция лидерине караганда мамлекет башчысына жакын болууда.
 
Анын үстүнө экономикалык өсүштүн басаңдашы, энергетикалык каатчылыктын карааны, салык жыйноодогу жетишсиздиктер өкмөткө сынды күчөтө турган факторлор болууда.
 
Энергетикалык каатчылык демекчи, тармактагы финансылык оор абалды жеңилдетүү үчүн тарифтерди көтөрүү зарылдыгы көптөн бери айтылып келген. Шаршемби күнү Жогорку Кеңештин отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети тарифтерди 1-июлдан тарта көтөрүүнү колдоп берди. Эми Жогорку Кеңеш жайкы сессиясынын акыркы күндөрү чечим кабыл алышы күтүлүүдө.
 
Тарифтерди көтөрүүдө компромисс табылып, үч фаза үчүн гана тариф көтөрүлүп, ал эми бир фаза пайдаланган көпчүлүк үчүн бир килловатт электр энергиясынын баасы мурункудай эле 70 тыйындан калмак болду.
 
Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди: 
 
 
- Тариф 70 тыйын бойдон калды. Инфляцияга жараша өзгөрүлбөйт. Кошумча да кошулбайт. 70 тыйындан бир фаза колдонгон элге ордунда калды. Ал эми үч фаза колдонгондор электр энергиянын 48% алып коюп жатат.
 
Артыкбаевдин айтымында, андан сырткары инфляцияга жараша да тарифтер өзгөрбөй турган болду. Тариф саясатынын биринчи вариантында электр энергиясына баалар жыл сайын инфляцияга жараша өсүп турары белгиленген эле.
 
Жогорку Кеңештин отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин мүчөсү Азамат Арапбаевдин айтымында, үч фаза колдонгон 4% керектөөчү жалпы электр энергиясынын 48% электр  алып коёру өкмөт тарабынан түшүндүрүлдү. Мына ошолорго тарифтин көтөрүлүшү комитетте колдоо тапты:
 
- Ошол 4% абонент 48% алып коёт экен. Ошон үчүн комитеттен колдоо тапты. Жалпы элге болгон баа 70 тыйын өзгөрбөйт. Андан сырткары инфляцияга жараша көтөрөбүз деп жатышкан, эми инфляцияга дагы өзгөрбөй турган болуп бекилди.
 
Министр Артыкбаевдин айтымында, азыркы кезде электр энергиясын жана сууну үнөмдөө өтө зарыл болуп турат. Алдыда катаал кыш мезгили күтүп турат. Ал эми кыштын катаалдыгы Кыргызстанда Токтогулдагы суунун көлөмү менен өлчөнөт эмеспи. Токтогулда болсо суу чындыгында өткөн жылга салыштырмалуу аз. 27-июнга карай анда 10.5 млрд кубметр суу топтолгон. Өткөн жылы ушул мезгилде 13 млрд. 360 млн. кубметрге жакын суу болгон.
 
"Керегем сага айтам, келиним сен ук"...
 
Орус өкмөтү мигранттарга байланыштуу чечим кабыл алды. Ал чечим азырынча тажик жарандарына тиешелүү экени аталды. Тажик жарандары 2015-жылдан тарта Орусиянын аймагына ID карта менен кире албайт. Жалпы жарандык паспорту менен гана кирет.  Орус өкмөтүнүн чечими тажик жарандарына түздөн-түз багытталган менен ал КМШга кирген башка  өлкөлөрдү кыйгап өткөн эмес. Чечимге ылайык, Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык биримдигине кирбеген КМШ өлкөлөрү менен бул маселе боюнча сүйлөшүү жүргүзүү белгиленген. Сүйлөшүүлөр 2015-жыл башталганга чейин жүргүзүлүп, ал өлкөлөрдүн жарандары Орусия аймагына жалпы жарандык паспорт менен кире тургандай болууга тийиш.
 
Эгерде Кыргызстан 2015-жылга карай Бажы биримдигине кирип калбаса, бул маселе кыргыз эмгек мигранттарын камтып калышы мүмкүн.
 
Булак: Азаттык