“ Ат бастыра албаган жолду бузат, эл башкара албаган элди бузат” деген кеп жөн жерден айтылып калбаганына турмуш өзү күбө. Ооба, акыркы кездерде эл арасында “эл бузулду” деген кеп көп айтыла калчу болду. Элди ким бузуп жатат жана эл эмнеге бузулуп жатат? деген суроого ким кандай жооп берет, ал өзүнүн иши, бирок  жеке менин оюмда “элди, эл башкара албагандар бузуп жатат” деп ачык эле айтат элем.  Буга турмуш өзү күбө. 
Акаевдин убагында эле жашоо шарт бир нукка түшүшү керек болучу. Бирок ал киши дагы илимдин кишиси болгон үчүн, элдин тилин таба албай, элди башкара албай, азыр элге батпай, мекен көзүнөн учуп турган кези. Ал эми Бакиевдин учурунда эл түндүк - түштүк болуп ачык эле бөлүнө баштады. Ал ишке келгенде эле болгон туугандарын майлуу иштерге коюп, диктатураны орнотуу менен алек болуп жатып акыры бул киши дагы элди башкара албай калганы ачык билинип мекенден куулду. 
 
Ал эми азырчы. Азыркы бийликтегилер керек болсо болгону бир киши үчүн жол тозгондордун маселесин карай албай баш ооруну пайда кылганы, албетте мажүрөөлүк кылып жаткандан белги берип жатпайбы. Болбосо ажо баш болуп, өкмөт башчы төш болуп, эл менен жолугуп, ушунча күндөн берки болбогон бир нерсени оң жагына чечип койсо, жол тозулбайт эле дагы, үч айлык бала ооруканага жетпей чарчап калбайт эле, көп киши иштен калып убайым тартпайт  болучу. 
 
Чын - чынына келгенде бутунан төрт жолу операция болгон Ахматбектин абалына туура түшүнүп, азаттык берип койгондо деле дурус болмок. Дегеним, “мыйзамдагы ууру” аталган Батукаевге деле түшүнүү менен карап, аны ардактап узатканга жараган Келдибековго деле түшүнүү менен карап, ден соолугу калыбына келгенде, ылайыгын келтирип суракка алып алса деле болот эле го. Ушул ишке дагы эми чет элден бирөөнү чакырып акыл алыш керекпи?
 
Ооба, ушул эле окуя, ушул эле жол тозуу бийликтегилердин ал абалын, кулк мүнөзүн, элди башкара албай жатканын ачык эле сүрөттөп билгизип жатпайбы? Анан кантип эл бузулбайт дагы, жашоо оң жагына оойт. Айткандай Ахматбекти актоо үчүн сөзсүз эле ажо түштүктөн болушу керекпи. Айтылган кеп бар “ажо эл атасы болгондон кийин, ар нерсеге кечиримдүү болуп, элдин тили таба билгени абзел” деп. Динде деле айтылат “ кечиримдүү бол, ким кечире билсе, мен анын күнөөсүн кечирем” деп. Ахматбек күнөөлүбү же күнөөсү жокпу аны бир гана убакыт калыстап коёру анык кеп. Бир киши үчүн жол тозулуп, азыр эмне деген гана оңду, солду сөздөр айтылып, чет элге кеп болуп жатабыз. Ахматектин ишине баш орутпай, андан көрө чек ара жагын ойлонуш керек болучу. 
 
Деги эле качан  чечкиндүү, тың, тарс, иш билги башчыга жетет болдук экен? Качан болсо жаз  менен күз митинг, жол тозуу менен коштолуп, элди тажатып бүттү. Акчага сатылган соттор дагы ишти созуп, күнөөлүүлөрдүн  күнөөсүн ачыкка чыгара албай өздөрү да убара, эл дагы убайымга батырып тажатканы узун кептин башын козгоп, бийликтегилердин баркын кетирди.
 
Тээ илгери хандар, бийлер, билермандар мындай майда барат иштерге баш оорутпай, эл менен жерге көз арткан чет душмандар менен тең ата сүйлөшүп, маанилүү иштер менен алек болушчу эле. 
 
Ал эми азыр жүздөн ашык депутат, министр, гебернатор, акимдер баары жүрүп, ички маселени чече албай, болбогон шылтоону айтып жер карашат, ал эми жол тозгондор жооп күтүп  кулакка жагымдуу жооп уга албай, ай караган текедей ак үй жакты карап жооп күтүп жатканы бийликтегилердин алсыз экенин дагы айгинелеп жатпайбы. Аттиң, ушундайда бийлик тарапта чечкиндүү бир жигит болгондо, мынча чуу болбойт эле. Көрөбүз,  бул иштин аягына дагы аял депутаттар же аял билерман чекит коёт. Анткени убактылуу өкмөттү дагы аял киши башкарып, кыйын кезең учурду кылдат башкарып, ыр-чыры жок өткөрүп бербедиби. Бул чырдын дагы аягына шым кийген жер карамаларга караганда, чечкиндүү аялдар суурулуп чыгып, чекит койбосо болду. Эх, “эшегение жашара тушагы” дегендей, деги элибизидин келечеги кандай болот болду экен?! Кийин азыркы билермандардын жоругу тарыхта кандай сөздөр менен айтылып калат мени ушул суроо абдан түйшөлтөт. Эртең эле карылык башка келип, азыркы билермандар жашоонун оюнунан четтейт, ошондо азыркы акчага көпкөндөрү эч иш кыла албагандарына өкүнөт, бирок ал кезде баары артта калат. Бирок жашоо улана берет 
 
 
Борончу Кудайбердиев
Sayasat.kg