Бул жалганда эр жигиттин жети ырыскысы болот. Ошол жети ырыскынын бири “күйүмдүү дос” деп айтылат. “Миң дос күткөнчө, бир күйүмдүү дос күт” деп бекер айтылган эмес.  Бекеринен “пайгамбар кошкон дос болот” деп айтылып калбаганын дагы эске алсак жарашат. Бирок, эмнегедир акыркы кездерде достордун достук сапаты кытайдын сапаты жок товарындай абалга келип калды көрүнөт. Азыр колуңда болсо жаныңда досуң көп, кичине эле кыйынчылык келсе, достордун карааны көрүнбөй шамал айдаган булуттай досторду табуу кыйын болуп калды.
Ооба, мени ойго салган Ахматбектин  абалы. Бир кезде спикер болуп, ага чейин үлкөн кызматтарда иштеп турганда жанында кандай гана кишилердин карааны, көкүрөк тийиштирип учурашкан достору көлөкөдөй ээрчип жүрүшчү эле. Азыр жалаа менен камалып, эми минтип ден - соолугу начарлап, бир эмес, төрт жолу операция болду, баягы опураган - топурагандардын карааны барган сайын суюлуп, абалын сурап койгонго жарабай калышты. Аттиң, пендечилик. Күн тийгенде пайда болуп, көлөкө болгондо жок болгон баары “күкүк жана жарма ” достор экени байкалып калды. Ал эми көкүрөк кагышып учурашкан депутат табакташтарынын жоругун кеп кылгандан адам заарканат. Жок дегенде Ахматбектин ишин тездетип карап, үй камагына чыгышына жардамдарын берип коюшса, жүздөрү жарык болбойт беле... Ахмат бошонуп чыкса “анын жүзүн кантип карайт” деп эле мен бул жакта өзүнчө санаага батып жатам.
 
Азыр Ахмат чоң сыноодон өтүп жатат жана кимдин ким экенин күзгүдөн көрүп тургандай көрүп. ичинен кыжаалат болуп турган кези. Ал өзүнүн абалына эмес, эки жүздүү достору “кийин уялбай кантип жолугат?”- деп ошону ойлоп алып кыжаалат болуп жатса керек. Эгер Ахматта адамдык сапат пас болгондо, анда баары башкача болмок. Кантсе дагы бөтөн элден, чоң окуу жайдан билим алып келгендик кылып, элдин тынчтыгын ойлоп, алты айдан бери сабырдуулук кылып, “бийлик деги качан түшүнөт”,- деп бийлик буга мөөнөт бербей эле, Ахмат өзү бийликке мөөнөт берип күтүп жатат.
 
Мени ойго салган нерсе болгон эл тагдырын чечкен, азыркы элдин каймагы аталаган,  жогорку кызматтагылар ушул ишти кылып жаткандан соң, башка кимден эмнени күтсө болот. Алар бир гана Ахматтын башына келген кыйынчылыкка туруп бере алышпаган соң, элдин башына кыйынчылык келсе топтогон байлыктарын алып, чет элге көчө качышары толук мүмкүн. Анан ошолор кантип атанын баласы болуп, мекендин билерманы аталып жүрөт, мен ошого арданам. Ооба, ириде айтылгандай азыр Ахматтын абалына эркек депутаттар эмес, айым депутаттар көбүрөөк кабатыр болууда. Муну менен эмнени айтсак жарашат, “эркектик касиет аялдарга ооп кеттиби?!” - деген ой пайда болууда. 
 
Достун достугу кыйынчылыкта билинет. Эгер эртең Ахматбек сакайып чыгып, акталып кайра кызматка келип калса, баягы опураган - топураган достор, табакташтар дароо пайда боло каларына таң калбай деле койсок болот.
 
Ооба, азыр эркектерден, эркектик сапат кеткенин жашырып дагы болбой калды. Дегенибиз көбү аялынын тилинен чыга албай, чечкинсиз, мажүрөө, жер карама болуп, аялдардай баштык көтөрүп, үйлөрүнө устукан ташып калганы эркектик сапатка жатабы? Анан ушундай адамдардан эмнени күтүүгө болот? 
 
Менин бир жакын тууганым бар. Ал киши аялынын сөзүнөн чыга албайт жана башка кишинин сөзүн сөз катары көрбөй калган. Жеңе жанына жатып алып эле быдылдып бир нерселерди айта берип, башын айлантып алганбы? Азыр анын үйүнө туугандары дагы барбай калган. Барса эле сахары көтөрүлүп кетет имиш. Анан жеңенин туугандары бир айлап жатса көтөрүлбөй түшүп калган бул кандай сахар экенине башым катып, так анализин биле албай баш катат десең. “Азыр оору дагы өң карап, бийлик кимдин колунда ошого жараша таасир берип калганбы?”- деп дагы ойлоп калдым. Заманың менен куруп калгырдыкы. Адамдардын эле күн карамалыгы жетишпей жатканда, оорулар дагы өз тууган келсе күчөп, жат тууган келсе айыгып калганы бул жаман жышаандын белгиси эмей... Көрсө жаман аял туугандан, тууганды алыстатып салат тура. Айткандай азыр биз байкем менен эмес, алгач жеңем менен кеңешип калганбыз. Анткени байкем баары бир жеңемсиз эч иш кыла албайт жана өз алдынча эч нерсени чече албай калган. Жеңеме үйлөнө электе чечкиндүү эле жигит болчу. Мына ушундан улам азыркы достордун оюн дагы аялдардын акылга сыйбаган сөздөрү бузуп жатабы (?) деген ой пайда болбой койбойт экен. 
 
Тээ илгери бир бай адам баласын сынчыга сынатса, сынчы жер карап катуу капа болгон экен. Анан чындыкты байга айтыптыр “балаң аялсаак, аялынын сөзүнөн чыга албаган чечкинсиз жан болот. Көр дүнүйөнүн артынан түшүп баскан изин санаган сараң, бирөөнүн жетишкенин көрө албаган алдым-жуттум, алдамчы мен гана жашасам” деген ач көз адам болот деп сынап бериптир. 
 
Айткандай, азыркы билермандар деле сынчы айткандай бирөөнүн жетишкенин көрө албаган, аялынын сөзүнөн чыга албаган аял саак жандар экенин ким тана алат? Алсак Аскар Акаевди. Аскарга азыр эч ким күнөө койбойт, баарын былгыткан аялы экени ачыкка чыкканын жалпы эл билет. Бул аялдын билерман болгондогу бир гана мисалы. 
 
Жакшы достун кадыры кыйынчылыкта билинээрин ким билбейт. Адам ооруп, оору менен алышып жатканда жакшы сөзүн аяган дос дагы доспу? Андан дагы кээ бир достор бар, ооруканага учурашып барып бирөөнү жамандап, өзүн жактап, болбогон ишти болтуруп иштеп жаткан түр көргөзүп, эбин келтирип акча сураган. Жок дегенде ооруп жаткан адамдан бир нерсе үмүт кылбай эле койсо болбойт беле? Ушундай досторго ким түтөт, албетте сабыры күчтүү жана түшүнүгү жогору адам гана түтөт. 
 
Эх, эч ким түбөлүк жашабайт, бирок түбөлүк жашоочудай жан үрөп ач көздүккө баргандар дагы достун катарын толуктап, дос деген сөздү булгап  жүргөнү кимди ойго салбайт.
 
Айтмакчы, азыр Ахматты жердештери гана колдоп жатат деген болбогон кеп. Мен өзүм Нарындыкмын, мага азыр элдерди регионго бөлүү такыр жат көрүнүш. Мага Ахматбектин иштегендеги иши, саясаттагы орду, иш билгилиги ойго салат. Эгер жогору жак туура түшүнүп, Ахматбекке бир гана жолу мүмкүнчүлүк берип кайра ишке койсо, кандай иштеп берээри көрүнөт эле. Анткени азыр Ахмат мырза кимдин ким экенине көзү жетип калды да берилүү менен ишти алып кетет болучу. Ооба, калп күлүп, калп каткырып, пайда көрүү үчүн жасалма артист болгондорду көзү ачыктай эле билип калса керек, ушул кыйынчылык башынан өткөн кездерде. Адам баласы кулак менен укпай, көз менен көргөндө гана чындык кайда экенин билгени жаамы журтка маалым эмеспи. 
 
Сөз соңунда не дейин, кайран гана кан достор, кандай дос экениңер кыйынчылык башка келгенде билинип калды. “Бөлүнгөндү бөрү жейт” дегендей,  ар кимиң өз пайдаң үчүн ар мамлекетте качып жүрбөй, бириге турган кез келди. Дале  досчулук милдетиңди аткарып кой. “Ынтымак бар жерде ырыс бар “дегендей, ынтымакка келгиле, болбосо азыркы бийликтен үмүт аз. Ушул күндөрдүн дагы өтүп кетчү кези келет. Ошондо көзгө тике карай алсаңар болду!
 
Борончу Кудайбергенов