Азыркы тапта электр жарыгына, жылуулукка жана ысык сууга тарифтердин көтөрүлүшүнө коомчулук тынчсызданып турган чак. Кыргызстанда буга чейин бул маселе бир нече жолу көтөрүлгөн. Советтер Cоюзу кулагандан бери тармакта модернизациялоо жүргөн эмес. Ошондуктан жылуулукка, электр жарыгына жана ысык сууга тарифти көтөрүү керектигин адистер да, айрым серепчилер да айтууда. Бирок, талдоочулар тарифтин көтөрүлүшү калктын азыркы бийликке ишенбөөчүлүгүн туудурарын билдирүүдө.

 

Энергетика жана өнөр-жай министри О.Артыкбаевдин айтымында, электр энергияга болгон тарифтин көтөрүлүшү калкты талап-тоноо эмес, тескерисинче жарыксыз калтырбоо максатын көздөйт. Тармактагы тетиктердин эскириши 54 пайызга чыккан. Бул электр кубатуулугунун төмөндөшүнө алып келет. Министр эгемендүүлүк жылдарында “Камбарата-2” ГЭСинен башка бул тармакта жаңыртуу иштери болбогондугун мисал кылат. Электр энергиясын пайдалануу жылына 5-7 пайызга өсүүдө. Жыйынтыгында электр энергиясынын чоң дефицити жаралат. Бул аталган эки көйгөй каражаттын жетишпегенинен келип чыгууда. Жогорудагы аталгандарга карабай коомчулук жана экспертер бул тармак коррупцияга батып кеткендигин жана мурунку бийликтен калган коррупциялык схеманын иши уланып жатышын айтышууда. Башка өлкөлөрдүн бул тармагы мамлекеттен каражат сурабастан, тескерисинче өлкө үчүн кирешелүү тармак болуп эсептелинет.

 

Бирок, энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплекс боюнча агенттиктин директору Миргүл Айдаровабуга кошулбайт. Ал 2015-жылдан баштап, жыл сайын 7 пайызга тарифти көтөрүү күтүлөөрүн белгилейт. Акыркы беш жылда тариф өзгөрүлгөн эмес жана өндүрүлгөн ар-бир киловаттан мамлекет чыгым тарткан. Эл аралык валюта фондуКыргызстанда тарифтин жогорулашын талап кылып, ушул жол менен бул тармакты модернизациялоону жана башка өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын билдирет.

 

КМШ өлкөлөрүнүн арасынан Кыргызстанда электр энергиясына болгон тариф эң төмөн.

Тариф саясаттында адистер коомчулукка тарифти жогорулатуу этап этабы менен жүргүзүлөөрү, социалдык абалына жараша жана электр энергиясын аз пайдалангандар үчүн тарифтик бааны ушул бойдон калтырылуусу, ал эми электр энергиясын көп пайдалангандар үчүн тарифти жогорулоосу мерчемделип жатат. Тактап айтканда тарифтик саясатка ылайык, айына 300 кВт, кышкысын 600 кВт энергия сарптаган кардарлар азыркы 70 тыйындын ордуна 1 сом 20 тыйындан төлөй баштайт. Сунуш боюнча баалар акырындан 2017-жылга чейин көтөрүлөт. Азыркы социалдык норма айына 300 кВт. Ушул нормадан көп сарптагандар 2017-жылы 1 сом 44 тыйын, нормадан ашпагандар 86 тыйындан төлөшөт. Жылуулукка да баа көтөрүлөт, тагыраагы жылуулукту колдонгондор үчүн 70 тыйындын ордуна 2 сом 20 тыйындан төлөө каралган.

 

“Өкмөттүн бул сунушун Жогорку Кеңеш колдоого алабы?”- деген суроонун башы ачык бойдон калууда. Эгер Жогорку Кеңеш өкмөттүн бул сунушун колдосо, анда элдин нааразычылыгын жаратып алышы мүмкүн. Мындан улам нааразы болгон эл бийликке каршы чыгышы ыктымал. Андай нааразычылыкка өкмөт эмес, Жогорку Кеңеш да кабылышы мүмкүн. Депутаттар парламенттин тарашын каалабайт. Электр энергия тармагындагы оор кырдаалдын жаралып жатышы, парламентчилерди келеткан шайлоонун алдында ойлондурбай койбойт.

 

Ал эми тарифти көтөрүүгө оппозиция караманча каршы. Анткени өкмөттүн электр энергия тармагындагы тарифтик саясатын, алар “элге каршы саясат” деп эсептейт. Себеби 2014 жылдын 1-июлунан 2017-жылга чейин электр энергия тарифи 70 тыйындан 2 сом 69 тыйынга чейин, жылуулукка 715 сомдон 1981 сомго чейин, ал эми ысык суунун бир куб метри 67 сом 81 тыйындан, 121 сом 86 тыйынга чейин көтөрүлүшүн оппозиция сындапжатат.

 

Оппозициянын ою боюнча бүгүнкү бийлик Ширшовдун коррупциялык схемасын түп тамыры менен кырка алган жок. Тагыраагы өкмөт электр энергия тармагындагы өндүрүш жана соода жоготуулары боюнча эффективдүү иш алып бара алган жок. Мындан улам улуттук энергетика тармагы оор кризиске кабылды деп эсептешет.

 

Айрым серепчилердин пикиринде Токтогул суу сактагычында суунун азайышына элди ойлобогон өзүмчүл атка минерлердин шалаакылык мамилеси себеп болгон.

 

Энергетика жана өнөр-жайминистрлигинин байкоочу кеңешинин теңтөрагасыНурзат Абдырасулова бул тармактагы коррупцияны жоймойунча тарифти көтөрүү эч кандай жыйынтык алып келбейт деп билдирди. Ошондой эле тарифти көтөрүүгө эскирген жабдууларды оңдоо үчүн каражаттардын жетишпей жаткандыгы да себеп болоорун Абдырасулова эскертүүдө. Бирок, ал Кыргызстандын энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүдө ички ресурстар бар экендигин да айтууда. Абдырасулованын айтымына караганда, биринчи кезекте техникалык жана финансылык жоготууларды кыскартуу жана коррупциялык каналдарды жок кылуу керек. Ошондой эле анын пикиринде тарифти көтөрүү менен эле, электр энергиясындагы көйгөйлөр чечилип калбайт. Бул көйгөйдү чечүү үчүн тармакка бөлүнгөн каражатын туура иштетилишин көзөмөлгө алуу зарыл.   

 

Министирлик электр энериясына болгон өздүк наркты көргөзгөн жок. Ал эми министирликте тариф саясатында тариф методологиясы жок экендигин Миргүл Абдырасулова айтууда.

 

Бишкек ТЭЦин жана трансформаторлорду алмаштырууга чет элдик донорлордун берген каражат сарпталат. ГЭСтердин Жогорку Нарын каскады буга айкын мисал. Башында алар 765,4 миллион долларга эсептелинсе, такталгандан кийин 39 миллион долларга азайган. Бул тармакты модернизациялоого жете турган чоң суммадагы каражаттын жоктугу көптөгөн шектенүүнү жаратат.

 

Серепчи Жумакадыр Акенеевдин пикиринде, бул тармакта мурунку жана азыркы бийлик чече албаган тамырлашкан уурдоо иштеринин көмүскө схемасы дагы эле бар. Эгерде бул тармакта тартип орнотулса тарифти көтөрүү зарылдыгы болмок эмес. Бирок, өкмөт татаал жолду тандап алды. “Пенсия, айлык акынын аздыгы жана тарифтин жогорулашы калктын жашоосун кыйындатат”,- дейт Акенеев. Анын пикирине айрым серепчилер да кошулат. Коррупциялык фактор элдин кыйналуусуна алып келген негизги факторлордун бири болуп эсептелет. Бул баардык кызматтардын тейлөө акысынын кымбатташы, элдин өкмөткө болгон терс мамилесин жаратат.  

 

Энергетика тармагындагы тарифтин жогорулашы коомдогу социалдык чыңалууну күчөтүп, өкмөткө болгон ишенимдин төмөндөшүнө жана Жогорку Кеңешин тарашына алып келиши мүмкүн экенин танууга болбойт. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев кызматка келердин алдында, энергетика тармагын реформалоо жана коррупциялык схеманы жок кылуу зарылдыгын айткан. Өкмөт азыркы маалда калктын кызыкчылыгына туура келбеген убактылуу түзүлгөн кырдаалдан чыгуу аракетинде.

 

Жыйынтык:Мамлекет башчысы жана Өкмөт өткөн эки режимден калган коррупциялык схема менен күрөшүү аракетинде. Бул схема энергетика тармагындагы башкаруу кызматы тарабынан  чечилбей келаткан көйгөйдүн негизги себеби болууда. Коррупциялык схема жок кылына электе тарифти көбөйтүү себебин элге түшүндүрүү кыйынга турары белгилүү. Ошондуктан коомчулукка биринчиден электр энергия тармагындагы жоготуулардын көптүгүн түшүндүрүп, ошол себептен электр энергияга болгон тарифтик баалар жогорулап жаткандыгын жеткирүү милдети турат.

 

 “Тренд” социалдык иликтөөлөр борбору, Бишкек