Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү-кирбөө тандоосу “оңго барсаң атың өлөт, солго барсаң өзүң өлөсүң, түз барсаң кайра келбейсиң”,- деген жомокту эске салат. Бирок, бийлик башындагылар ушул жандырмактын түйүнүн түз айта албай, баарынын эсин оодарууда.

 

А сөздү түз айта турган болсок - эгерде Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе мамлекет экономикалык кыйынчылыкты башынан өткөрүүгө дуушар болот жана элдин нааразылыгын туудурат.

 

Экономика министиринин билдирүүсүнө караганда, 2013-жылдын ички дүң продукциясы (ИДП) 42,2 млрд. сомго барабар болгон. Реалдуу өсүш 5,9 %ды түзгөн. “Кумтөрдүн” салымын кошпогондо, ИДПнын реалдуу өсүшү 105,2 % түзүп, былтыркы 2013-жылкы көрсөткүч 106,5% болгон. ИДПнын дефлятору 103,3% айланасында болгон.

 

Өсүү экономиканын баардык багытында жүргөн. Тейлөө багытында 1,9 пайыз, 1,6 пайыз өндүрүштө, 1,4 пайыз курулушта, ал эми айыл чарбасында 0,1 пайызды түзгөн.

Азыркы күнгө чейин Кыргызстандын экономикасын негизинен “Кумтөр” менен Кытай товарларын экспортоо жана кийим тигүү тармагы түзөт. Орто Азиядагы эки чоң “Дордой” жана “Карасуу” базарлары Кыргызстанда иштейт. Серепчилер белгилегендей, азыркы тапта аталган эки базарда соода жүргүзүү кескин кыскарды. Мындан Казакстан жана Россиянын ишкерлери тигилген даяр товарларды алып турган. Кытай товарларына болгон салык аз болгондуктан, Кыргызстандан кытай товарлары Дүйнөлүк соода уюму (ДСУ) менен Бажы союзуна кирген Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө экспорттоп турган. Азыркы тапта “Дордой” базарында соода кылгандар жана жеке ишкерлер Бажы биримдигине кирүү процессин тездеттүүнү суранууда. Ошого карабастан премьер- министр Жоомарт Оторбаев кыргыз өкмөтү эки базардын ишкерлерине проференция сураарын айтып чыккан.

 

Бажы биримдигинин оң жактары

 

Бажы союзуна кирүүнүн пайдалуу жагынын бири, серепчилердин божомолдоосу боюнча, кенен базар түзүлөт жана түздөн-түз чет элдик инвестициялардын өсүшүнө жакшы шарт түзүлөт.

 

Дагы бир оң жагы кайра экспортоодо төлөм жана соода балансы жакшырат. Өлкө өнүгүү багытын өзгөртүп, өндүрүшкө жана дүйнөлүк баага көз карандысыздык жакка бурулат.

Үчүнчүдөн Кыргызстан тышкы чек арасын бекемдейт. Тышкы чек ара маселесин чечүү Кыргызстандын гана көйгөйү болбостон, Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн да көңүлүн бурат. Өзбекстан жана  Тажикстан менен болгон чек араны демаркация жана делимитация көйгөйлөрү чечилет. Бул союзга кирген өлкөлөрдүн баардыгы үчүн  бирден-бир приоритеттүү маселе болуп саналат.

 

Төртүнчүдөн Кыргыстандын жеңил өнөр жайы, серепчилердин белгилөөсү боюнча, Беларуссиянын тигүү тармагына атандаштык түзө алат. Аны менен Бажы биримдигиндеги  позициясын бекемдейт. Өлкөнүн казынасына түшкөн салык жыйымы көбөйөт, иш оорундарын көбөйтөт жана чакан кичи ишкердик жарыкка чыгат.

 

Бешинчи жагынан, Кыргызстандагы өнөр жай кайрадан түзүлүп, ал өлкөдөгү экономикалык өнүүгү фактору болуп калат.

 

Терс жактары

 

Экономика министирлигинин тышкы соода бөлүмүнүн башчысы Римма Киселеванын айтуусунда, Бажы биримдиги түзүлө баштаганда эле тышкы соода төмөндөдү, фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул абал 2013-жылдын 8 ай ичинде экспорт 8 пайыздан ашыгыраак ылдыйлап кеткен. Азыркы тапта Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдөн металл, органикалык эмес заттар, көмүр, минералдык сырье, кант, резина жана траспорт заттары кирип жатат. Соодадагы кандай гана өзгөрүү болбосун, өлкөнүн өнүгүүсүнө өз таасирин тийгизет. Бажы биримдигине кирүү өлкөнүн казынасына терс таасирин тийгизерин серепчилер белгилешүүдө. Буга мисал катары Бажы биримдигине киргенден тарта Россия менен Казакстандын айрым чоң ишканалары акциздик жана НДС салыктарынан бошотулган. 

 

Алыскы четтен келген импорт товарлары кымбаттап, үчүнчү өлкөлөр менен соода саясаты начарлайт. Бажы ставкаларынын жогору болушу менен КМШ  өлкөлөрү менен да соода алакалары начарлайт. Кыргызстан Бажы биримдигине кириши менен анын бажы тарифтерин кабыл алууга туура келет. Натыйжада Кыргызстанга товарлар кирүүдө алардын бажы пошлинасынын жогору болгонуна байланыштуу, үчүнчү өлкөдөн келген импортту кайра экспорттоого терс таасирин тийгизерин эксперттер айтышууда.

 

Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндөгү көөлөмдүн 50% КМШ өлкөлөрү түзөт. Анын ичинен 44% Бажы биримдигине кирген өлкөлөргө таандык. Өзү ээлеген позицияларын дал ошол  44% түзгөн товар айлантуусунда начарлатып, иш жүзүндө Кыргызстан өзүн-өзү муунтуга алып келет. Мындай кадамга барууга түзүлгөн экономикалык абал гана эмес, башка себептер да түрткү болууда.

 

Өкмөттүн эксперттик изилдөөсүндө болжолу импорт товарлары өлкө базарларында көбөйүп, ал эми экспорт мындан дагы төмөндөйт. Келечектеги бул биримдиктеги күчтүү өнөктөштөр менен Кыргызстан экономикалык жактан атандаштыкка даяр эмес. Өлкөнүн 70% ашык бөлүгү айыл чабасы менен алек болгондуктан, өлкө экономикасы экстенсивдүү мүнөздө экендигин көргөзөт. Бирок бул тармак, аз да болсо потенциалдуу экендигин көсөтүп, экспорт өсөөрүн көргөзүүдө.

 

Текстиль өнөр жайынын абалы суроо астында калууда. Бажы союзунун мыйзамдары күчүнө киргенден кийин, Кыргызстандын өндүрүшүнүн көрүнүктүү тармагы болгон жеңил өнөр-жайына чоң сокку урулат.

 

2012-жылга салыштырмалуу 2013-жылдагы өндүрүш 27% ылдыйлаган.

 

Мындан башка көз карандысыз экспертик изилдөөлөр белгилегендей, Кыргызстандын кирешеси импорт пошлинасы менен НДС салыктарынан көз каранды. Алыскы чет өлкөлөрдөн келген импорттун азайышы, импортко болгон орточо тарифтик салык төлөм эки эсе өскөнүнө карабай, мамлекеттин казынасына түшкөн кирешенин азайышына алып келет. Кыргызстандын кирешеси Россиянын жана Казакстандын экспорттук кирешесине көз каранды болуп калат.

 

Корутунду

 

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүндө өлкөнүн ар кайсы тармагы үчүн оң жана терс жактары бар экенин көрүүгө болот. Биримдикке кирген өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап туруп да, мүчөлүккө кирүүдөн ага карата коомдо оң да, терс да мамиле жаралат. Бир жыйынтыкка келүүдө мамлекет эки жагын тең таразалап туруп, өзү үчүн тетири эмес,  пайда алып келүүчү жолду тандоосу зарыл. Андан тышкары өлкөнүн Бажы биримдигиндеги шериктери менен геосаясый жактан эбактан түзүлгөн тыгыз байланышын эске алышы керек. Учурдагы глобалдык тенденция, Кыргызстандын  нейтралдуу болуусуна мүмкүнчүлүк бербей калган учурда, тиги же бул тарапты тандоосун шарттап жатат. Өзгөчө акыркы мезгилдеги дүйнөдөгү окуялардан сабак алып, бир тарапка ыкташы керек.  Кыргызстан тарыхый жактан гана түзүлүп, уланып келаткан мамилеси менен кошо эле, келечекте ким менен алака түзө ала тургандыгын баамдап, Бажы биримдигине мүчө болуу жолуна чыгууга аргасыз.

 

“Тренд” социалдык иликтөөлөр борбору, Бишкек