Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 2047

Президент Атамбаев “жалган маалымат таркаткандыгы үчүн” журналисттерди камакка алууга негиз берген өз партиясынын депутаттары даярдаган мыйзам долбооруна кол койду. Дал ушундай чектөө киргизгиси келген Акаев менен Бакиевдин тагдыры белгилүү. Азыркы бийликти да демек, ошол тагдыр күтөбү? Сөз – эл каймактарында...

 

Нурлан Мотуев, коомдук ишмер:

 

“Жанды кашайткан журналистти өлтүрүп салгың келет”

 

- Ислам дининен алып караганда деле, ар бир журналист чындыкты, так маалыматты жазышы керек. Өзгөчө мен журналисттердин калп, кара өзгөй, көрө албастык маанидеги макалаларына көп туш болдум. Кээде, жанды кашайткан ошол журналистти барып өлтүрүп салгың келет. А керек болсо, өлтүрүү деле керек. Анткени, мусулмандын кадыр-баркы жогору болуусу керек.

 

Кудрет Тайчабаров, “Жаңы Агым” гезитинин журналисти:

 

Коррупция былыктарды жазып чыккан журналисттерди тыюудан башталат”

 

- Бул мыйзам “биздикилерге боло берет” принцибине өтүп кетет. Оппозициялык маанайдагы бийликтин былык иштерин жазгандарды кокодон алып, КТРдин кара жащиги, бийликтегилердин камчысын чапкан гезиттер башкаларды шыбаганын уланта берет. Мындай кадамды шайлоо алдында бийликте отурган арты таза эмес чиновниктердин өзүнүн жолун тазалоонун бир амалы катары бааласа болот. Журналисттердин оозун тыйып коюп, “коррупция менен күрөшүп жатабыз” дегендин өзү уят. Коррупция дал ушул былыктарды жазып чыккан журналисттерди тыюудан башталат. Бул мыйзам милициянын колу-бутун байлап туруп, анан “эми бизде тынчтык орнойт”,- деп айтканга эле барабар....

 

Табылды Акеров, серепчи:

 

“Акаев менен Бакиевдин доору кайтып келди”

 

- Журналисттерди калп маалымат тараткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзамдын кабыл алынышы менен кыргыз журналистикасы Акаев, Бакиевдин мезгилиндегиден да катуу кысымга кабылды. Эми саясатчыларды,  журналисттерди  ар ким кайсы бир сөзү үчүн эле прокуратурага, сотко сүйрөй бериши мүмкүн. Мындай ыкмалар өзгөчө Акаевдин учурунда кеңири таралган.  Эми гезит бетине жарык көргөн материалдардан ким-ким менен урушуп жатса, керектүү кишини  Ак үйгө чакырып, “сиз бул саясатчыны сотко бериңиз, андан 1 млн. же 3 млн. талап кылыңыз, биз сизге соттон утуп алууга жардам беребиз”,- деп оппозициядагы саясатчыларды, журналисттерди, редакцияларды жүдөтүп, башына маселени үйүп таштаганга мүмкүнчүлүк табылды. Мындай окуялар Акаев, Бакиевдин учурунда коп эле болгон. Мына эми ошол доор  кайра кайтып келди го деп ойлойм. Бул мыйзамда утуучулар бирөө эле болот. Алар Ак үйдө олтуруп алып, керектүү кишилерди өзүлөрүнө чакырып алып, аларды оппозицияга каршы октоп, кайсы бир сөздөрү үчүн сотко бердирип, аларды жүдөтүп, табалары канып олтура беришет. Президенттин Аппараты прокуратураны, ИИМ, УКК, сотторду колдонуп, кимди каматам десе каматат, кимди коркутам десе коркутат.

 

Дайырбек Орунбеков, “Жаштар Ѳкмѳтүнүн” лидери:

 

“Калп айткандыгы үчүн Атамбаевдин өзүн камаш керек”

 

- Бул мыйзамга кол койгон Атамбаевдин абалына чейинки окуяларды эстеп кѳргүлѳчү. Бу Шералыдай чокоюн унуткан Шаршенович Алмазбек, убагында кан какшап чындык айтып чырылдаган түр кѳрсѳтүп жүргѳн кезде, караандай калптын баарын сайрап жүргѳнүн эми билбедикби. Карапайым элди калп менен суугарып, ар кандай жасалма калптын негизинде тѳңкѳрүш кылып, бийлик басып алды. Ошол бийликке жеткенге чейин керек болгон гезиттердин колдоосу, сѳз эркиндиги эми кереги жок болуп, эсирип кѳпкѳн Атамбаевдин кѳзүнѳжурналисттердин чындыгы жалган болуп сезилип атканы абдан ѳкүнүчтүү. Жалганды чындай чырылдаган Атамбаевдин калптарын буга чейин далай жолу жазгамын, азыр да айта алам.

 

Маселен, 2010-жылы “жуткуч Бакиев электр жарыгын кымбаттатып атат, электр жарыгынын ѳздүк наркы 10 эле тыйын болчу, 1,50 тыйынга кѳтѳрүү деген болбогон жорук”,-деп кѳзүн жашылдантып ыйламсыраган Атамбаев эми эмне деп атат? Ѳзүнүн кол бала министри Осмонбек Артыкбаев аркылуу электр жарыгын 2,20 сомго чыгарганы турат. Кыргыздын байлыгы болгон “Кыргызгазды” “орустарга бере салсак эле газыбыз укмуш болуп кетет”,-деп жакын адамы, кулкуну чоң Кулмурзаев экѳѳ, орустарга кошоматтык кылды эле, эми 1 айдан бери Ошто газы жок отурабыз. Дагы бир Кулматов деген досу менен биргеликте бажы тармагын тоноп, миллиардаган сомдорду мойсоп салганы, ѳзүнүн айткан сѳзүнѳн да далилденип турат.

 

Атамбаев, Нарындагы кѳпүрѳнүн ачылышында минтип айткан: “Жегич Бакиевдин тушунда Бажы тармагынан 18 млрд. сом киреше кирчү эле, азыр биз аны 2 эсе кѳтѳрдүк”,-деп адатынча жылмыңдап күлгѳн. Бирок, Бакиевдин тушундагы бажы салыгынын тѳлѳмдѳрү азыр 3 эсе, башкача айтканда 300% га кѳтѳрүлгѳн. Демек, бажы салыгынан Атамбаевдин айтуусундагы 2 эсе киреше эмес, 3 эсе киреше кѳп топтолушу керек болчу. Ушундай кетирген кемчилдиктерин бетине айткан журналисттерди эми каматам деп коркутуп, сѳз эркиндигин, демократиянын баалуулуктарынын бирин тебелеп, Атамбаевдин бийлиги бүгүн тоталитардык режимин күчѳтүп, ѳзүнүн диктатурасын орнотуп жатат. Ошол эле кезде бул мыйзам калыс, акыйкат иштешине да кѳзүм жетпейт. Атамбаевге кошоматтык кылган КТРК баш болгон, бир катар гезит, сайттар бар. Алар каалагандай оппозицияны каралап, жамандай берет. Тилекке каршы азыр кабыл алынган мыйзам аларга багытталган эмес. Бул мыйзам бийликке сын айткан журналисттерди жок кылуу гана багытында жаралды. Эгер Кыргызстанда акыйкат бийлик, иштеген мыйзам болсо калп айткандыгы үчүн Атамбаевди бир далай жолу камаш керек болчу, дегеле Атамбаев айткан калптары үчүн башы абактан чыкбаш керек болчу...

 

Шайырбек Маматокторов, “Ош ТВ” телеканалынын башкы директору:

 

“Атамбаев өз сөзүндө турбаган адам”

 

- Атамбаев өз сөзүнө турбаган адам экенин жана жеке бийлигин сакташ үчүн ушундай кадамга бараарын күн мурунтан эле айтып келгем. Мына, далили катары - так ошол мыйзамга кол коюусу болду. Бул мыйзам биринчиден Башмыйзамга каршы, экинчиден эл-аралык мыйзам ченемдерине, айрыкча адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чектөө болуп эсептелет. Мындай кадамга барган Атамбаев эмнени максаттайт?  Өз бийлигин кандай гана жол менен болсо да сактап калуу, коомчулукка маанилүү маалыматтарды жеткирип турган журналисттердин оозун жабууну ойлоодо. Чындыкты элден жашыргысы келет. Мамлекеттин бүгүнкү саясий, экономикалык жана социалдык абалын карапайым калкка башкача кылып көрсөтүүнү тилек кылат. Ошол мыйзамды демилгелеген депутуттарга айтаар элем - эгерде өзүңөр башмыйзамды билбесеңер, Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген кызматкерлерден сурап, кеңешип иш кылсаңар. Андан сырткары, “ММКлар жөнүндө” мыйзамда, журналисттердин укуктары жана милдеттери так көрсөтүлгөн. Ошол эле депутаттар, ушунчалык эле мыйзамдарды жакшырткысы келип жатса, так ошол "ММКлар жөнүндө” мыйзамына бир көңүл буруп, ошол мыйзамды окуп коюшпайбы? Ал мыйзамга 1992-жылдын 4-августунан бери бир тирүү адам басып барбаптыр. Ал мыйзамга киргизчү өзгөрүүлөр эбак эле коомчулукта бышып жетилген. Мисалы, маалыматтык сайттар бүгүнкүгө чейин ММК катары мыйзамдаша элек. Анда сайттардын жоопкерчилигин кантебиз? Мыйзам чыгаруунун негизги принциптеринин бири - ошол мыйзамдын таасири тарачу тараптарды аныктап, андан кийин жазышпайбы? Менин оюмда, бул мыйзам кайсы бир саясий элитанын кызыкчылыгы үчүн гана даяардалган. Ким кепилдик бере алат, бул мыйзам жалаң гана оппозициялык маанайдагы ММКларга колдонулбайт деп?

 

Самсалы Четинбаев, Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү:

 

“Бийлик чындыктын чыгышынан коркот”

 

- Атамбаев бийликке келгенден бери көп терс окуяларга күбө болдук. Анын бийлигинин былыктарын коомсулукка ачык жеткизип келе жаткан – журналисттер. Журналисттер чындыкты айтып олтурбаса, бул бийлик эчак чектен чыгып кетмек. Сиздерге, журналисттер, ошондуктан, миң ирет таазим этем. Демократиялык коомдун бирден-бир туткасы – сөз эркиндиги. Ансыз биз авторитардык мамлекетпиз да. Бийлик өклдөрү таза иштей турган болсо, эч качан сөз эркиндигинен коркмок эмес. Президент кол коюп аткандан кийин булар чындык ашкереленишинен коркот. Жашыра турган нерселери көп. Албетте, акыркы кезде аша-чаап, бирөөлөрдү буйрутма менен каралаган учурлар көп болууда. Тилекке каршы, ошону менен шугулданган журналисттер да бар экен. Муну моюнга алуу кажет.

 

Булак: “Майдан.kg”, №019 (148), 21.05.2014-ж.