Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1447
Кыргыз-тажик чек арасында 8-майга караган түндөгү жаңжалдан кыргыз тараптан ондон ашуун адам жаракат алып, дүкөндөр жана унаалар өрттөлдү.
 
Шаршембинин кечинде Баткендин Көк-Таш айылына жакын жердеги чек арада кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыгып, кырдаал кескин курчуп кеткен. 
 
ЧЫР КАНТИП ЧЫКТЫ?
 
Көк-Таш айылына жакын Жака-Өрүк деген жерде кыргыз-тажик жарандарынын ортосундагы жаңжал 7-май күнү кечки жети жарымдар чамасында тутанган. Облустук милициянын маалыматына караганда, эки өлкө тургундарынын ортосундагы чатак ырбап отуруп, чек арага эки тараптан тең жүздөгөн адамдар топтолушуна алып келген. Азыр бул жаңжалга эки өлкө жарандарынын ортосундагы майда-чүйдө келишпестик,  тажик жарандарынын таш атуусу себеп болгону айтылууда. Ошентип күүгүм талаш чек арага эки тараптан миңдей адам чогулган.
 
Жаңжал учурунда арага түшкөн Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Дүйшөн Ниязкуловду тажикстандыктар сабап койгон. Аны менен кошо дагы бир кыргыз жараны токмоктолгон. Алар ошол жерге жакын Самаркандек аймактык ооруканасына жеткирилди.
 
Мындан көп өтпөй, саат ондор чамасында кыргыз тараптан бир дүкөн жана май ташуучу унаа өрттөлгөнү кабарланды. Бул маалыматты вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев да “Азаттыкка” тастыктады.
 
Бул өрттөөлөр жаңжал чыккан Жака-Өрүккө жанаша турган Көк-Терек айылында болгон. 17 түтүнү бар бул кыштакчаны туш тарабынан тажик айылдары курчап турат.
 
Айыл тургуну Бахабидин Айтбаев түнкү саат 12ден өткөндөн кийин гана айылды милиция көзөмөлгө ала баштаганын "Азаттыкка" айтып берди.
 
Окуя учурунда тажик тараптан автомат атылганын уккандар да болду. Бирок тажик тараптан кандай жапа чегүүлөр болгону тууралуу азырынча маалымат жок.
 
Облус борборун Лейлек району жана Сүлүктү шаары менен байланыштырган Баткен - Исфана жолу Жака-Өрүк деген жерден тажикстандыктар тарабынан жабылган. Бул жол дал ушул жерден Тажикстандын Исфара - Ворух жолу менен кесилишип өтөт. Окуянын негизги чордону мына ушул эки жол кесилишкен жерде болуп жатат. Түн киргенине карабай эки тараптан тең чогулуп жаткан адамдардын саны көбөйүүдө. Мындан сырткары бул тегеректеги башка кыргыз, тажик айылдарында да ар-ар жерде адамдар топтолуп турду.
 
Эки өлкөнүн бул аймактардагы жергиликтүү бийликтери, милиция кызматкерлери кырдаалды жөнгөрүү аракетин көрүп, түнкү саат үчтө гана чогулган эл тараган.
 
ТҮНКҮ ЧАТАКТЫН КЕСЕПЕТТЕРИ
 
8-майдын таңында бул жаңжалда жабыркаган кыргызстандык 9 адам ооруканада жатканы белгилүү болду. Эки кишинин абалы оор. Жергиликтүү тургундар чатак учурунда 30 киши ден соолугунан түрдүү жараат алганын билдиришти.
 
Тажик тараптан жабыркагандар тууралуу так маалымат жок. Тажик жарандары кыргызстандык бир кишини барымтага алып алганын, ал милициянын аралашуусу менен бошотулганын жергиликтүү тургундар кабарлашты. Баткен-Исфана жолу ачыктыгын Баткен районунун акимчилигинен маалымдашты. 
 
Жогорку Кеңеш бүгүн эртең менен чек арадагы абалды жабык талкуулоого киришти. Айрым депутаттар чек арадагы жаңжалды бүгүн Москвада баштала турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бейформал саммитинде талкуулоону сунуштады. Депутат Кенжебек Бокоев президент Алмазбек Атамбаев бейформал саммитин алкагында Тажикстандын президенти менен жолугуп, абалды талкуулашы керектигин билдирди.
 
Парламентке чакырылган ички иштер министри Абдылда Суранчиев Баткенде өрттөлгөн 3 контейнер, 2 дүкөн жана 2 унааны тажик тарап төлөп берүүгө макул болгонун айтты. Суранчиевдин айтымында, чек арадагы жаңжалды Тажикстандын жарандары атайылап уюштурушу мүмкүн деген версия каралууда. Себеби жаңжал чыгаары менен ал тараптан эл дароо чогулуп, чыр башталган. 
 
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Жогорку Кеңеште бул чырга эки өлкө аймагындагы чек аранын такталбаганы жана айланып өтчү жолдордун жоктугу себеп болгонун билдирди.
 
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, окуядан кыргыз тараптан 14 адам жабыркады. Анын 9у ооруканада. Бир адамга ок тийген, анын абалы оор.
 
Андан көп өтпөй Ички иштер министрлиги чек ара чатагынан жабыркаган он адамдын тизмесин жарыялады. Алар: Дүйшөбай Ниязкулов (Баткен райондук милициясынын башчысынын орун басары, башынан жараат алган); Сайпидин Бегматов (Көк-Таш айылынын тургуну, бутунан жараат алган); Абдыжапар Тайиров (Орто-Боз айылынын тургуну, башынан жараат алган); Абдилазиз уулу Нурсултан (Көк-Таш айылынын тургуну, бутунан жараат алган); Нуржан Сапаров (Орто-Боз айылынын тургуну, бөйрөгүнөн жараат алган); Улукбек Кенжеев (Орто-Боз айылынын тургуну); Уларбек Марданов (Ак-Татыр айылынын тургуну, бутунан жараат алган); Мусабек Беков (Үч-Дөбө айылынын тургуну, башынан жараат алган); Махатибрагим Нурматов (Үч-Дөбө айылынын тургуну, башынан жараат алган); Нышанбай Тойчиев (Орто-Боз айылынын тургуну). 
 
Баткенде болсо бүгүн эртелеп облустук бийлик алдына адамдар топтоло баштады. Алар чек ара маселесин тезинен чечүүнү жана кечээги чек ара чатагы боюнча күнөөлүүлөрдү жазалоо талабын коюп жатат.
 
Акция катышуучуларынын жүйөсүндө, чек арадагы жаңжал учурунда облустук бийлик өкүлдөрү ыкчам аракет көрбөй, чатак чыкккан аймактагы жарандардын коопсуздугун сактай алган жок. Мындан улам өкмөттүн облустагы өкүлү баштаган бир катар бийлик өкүлдөрүн кызматтан алуу талап кылынууда.
 
ТАКТАЛБАГАН ЧЕК АРА, БҮТПӨГӨН ТАЛАШ
 
Бул аймактагы кыргыз-тажик айылдары чырмалыша жайгашкан. Эки өлкөнүн чек арасын тактоо иштери дал ушул чырмалышкан жерге келгени бир кадам да жылбай токтоп турат. Чек ара такталбай турушу эки өлкө жарандарынын ортосундагы чыр-чатактарга да себеп болууда. Өзгөчө акыркы жылдары бул аймак жаңжалдардын очогуна айланды. Чатак негизинен жер, жол, суу, жайыт маселесинен чыгат. 40 миңдей калкы бар Ворух тажик анклавы да ушул жерде.
 
Ворухтун тегерегиндеги кыргыз айылдары мал-жанын ушул анклавды аралап алып өтүүгө аргасыз. Мурдараак кошуналар мындай ачык каршылык көрсөтпөсө да айылынан өтүп бараткан кыргыз жарандарына кыйыр түрдө кысым көрсөтүп келген. Ушундан улам кыргыз тарап былтыр апрелдин этегинде Ак-Сай - Тамдык айланма жолун куруп баштап, бирок ал кошуналардын каршылыгынан улам токтоп калган. Анда да жол тосулуп, бийликке талаптар коюлган. Бирок маселе чечилген эмес.
 
Баткендин Ак-Сай айылына баруу үчүн да Тажикстандын Кожоаъло деген айылын аралап өтүүгө туура келет. Кыргызстан мындан улам көз карандысыз Көк-Таш - Ак-Сай жолун куруп, андан ары Ворухту айланып өтчү жолду улантууну көздөгөн эле. Бирок тажик тарап буга да каршы чыгып, 11-январда чек арачылар ортосунда куралдуу кагылыш болгон. Ошондон кийин кыргыз-тажик чек арасы төрт айдай жабык турду. 
 
Кыргыз-тажик чегиндеги буга чейинки соңку чатак мындан 3-4 күн мурда эле Ак-Сай айылында чыккан. Анда аксайлыктар Ворух анклавын Тажикстандын негизги аймагы менен байланыштырган жолду эки күндөй тосуп турган. Ага 3-майдын кечинде Улар жайлоосуна мал айдап бараткан аксайлыктарды тажик жарандары өткөрбөй коюшу себеп болгон. Мындан улам жаңжал чыгып, чек арага эки тараптан тең эл чогулган. Күч органдары кыргыз жарандарына таандык эки унаа талкаланганын тастыктаган. Тажик жарандары да Лейлекке кетчү жолду бууп, кайра ачкан. 
 
Ошентип бул чөлкөмдө жыл башынан бери улам чыр-чатак чыгып, кошуналар бири-бирине тирешкендей маанай өкүм сүрүүдө. Ал арада бир канча жолу эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгону менен кыргыз тарап жогоруда айтылган айланма жолдорду куруу боюнча кошуналар менен бир пикирге келгени байкалган жок.
 
Шайырбек Эркин уулу,
"Азаттыктын" башкы веб-редактору, журналист.