Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 2763

Россия менен Батыштын ортосундагы кризистин жаңы этабында Борбор Азияга жогорудагы аталган эки тараптын кызыгуусунгана жаратпастан Кытайдын да көңүлүн бурдурууда. Ал эми Россия мурунку Орто Азия Республикаларында өз позициясын күчөттүүдө. Муну менен катар эле Россия Бажы союзун түзүү менен өз таасирин бекемдөө аракетин  кылып, бара-бара Евразия экономикалык биримдигин түзүү аракетинде. Ал эми Батыш көптөнбери Россияны кысымгаалып, өз таасирин күчөттүү аракетинде. Кытайда Борбор Азияга өз таасирин бекемдөө аракеттинде. Бирок, аймактагы өлкөлөр Россия менен Батыштын ортосундагы кризистен өзүнө пайда алууга аракет кылууда.

 

Борбор Азия менен Россиянын тарыхый байланышы жана менталитети көп жагынан окшош болгондуктан, Россия бул аймакта өз таасирин бекем кармоодо. Анткени аталган чөлкөмдөн миңдеген мигранттар Россияда иштейт, ошондуктан Кремль үчүн таасирин күчөтүүгө эң ыңгайлүү шарттарды түзүп берүүдө. Эмгек мигранттары тассир кылуучу эң негизги куралдарынын бири катары Россияга маанилүү, ал эми аймактагы эл мигранттарды кабыл алган Кремлге ишенимин бекемдөөдө. Өз убагында батыш өлкөлөрү СССР тарагандан кийин Борбор Азияга түрлүү кайрымдуулук жана донорлук уюмдар аркылуу таасирин күчөтө баштаган. 2003-2005-жылдардагы түстүү революциялардын толкуну Кыргызстанга чейин жеткен учурда өзгөчө күч алган. Европа өлкөлөрүнөн билим алуу мүмкүнчүлүгү менен өзгөчө жаштардын кызыгуусун күчөткөн. Москванын аймакка болгон таасирин азайтуу аракетин АКШ этап этабы менен ишке ашырууга аракет кылган. Буга мисал катары Өзбекстандын ОДКБ уюмунан чыгып кетишин айтсак болот.

 

Ошол жылдары АКШ жана Евросоюз Борбордук Азияга ойлонуп жасалган иш-аракеттерди камсыз кыла алган. Кыска убактыттын ичинде бир далайжаштар Батыштан билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан, ал эмес Батыштын каржылоосунда түзүлгөн проектерде иштеп, аларда жетекчиликкылууга жетишкен. Борбордук Азия аймагындагы айрым мамлекетерде Батыш менен АКШ тарабынан каржыланган проекттер, фонддор, институттар буга чейин активдүү иш жүргүзгөн. Мындай көрүнүштөр азыркыга чейин “Демократия аралы” өзгөчө Кыргызстанда көпбайкалат. Факт катары айтсак,Борбордук Азияда жанаКМШда жападан жалгыз Кыргызстан “Парламенттик республика”аталып, батыштын таасирибайкалган. Башка өлкөлөрдө мамлекетти автократтар башкарып,менталитет жагынан Россияга ыктап тургандыктан, алардагыбатыштын таасири аз.

 

Украинада болуп жаткан кырдаал Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлерин тынчсыздандырууда. Биринчи болуп Казакстан тынчсыздануусун билдирген. Казакстан Россия менен чек аралаш жана бул аймакта орус тилдүү калктын басымдуу бөлүгү жайгашкан. Көпчүлүк серепчилердин пикири боюнча Борбордук Азияда Россия өз таасирин бекемдөсү үчүн ошол орус тилдүү калк ишенимдүү рычаг болуп бере алат.

 

Жалпысынан Борбордук Азия лидерлери нейтралдуу позицияны кармоо аракетинде. Бирок, айласыздан Москва тарапка ыктоого аргасыз. Россиянын Кырымды аннекциялап алышын, Өзбекстан аннекция катары баалап, кабыл албаганын ачык айтып чыккан жалгыз аймактык өлкө болду. Өлкөлөрдүн тандоосу бир заматта келген жок. Бул аймактагы мамлекеттер өз суверенитеттүүлүгүн сактоо аракеттенип, аны менен бирге өнүгүүнүн туруктуулугун сактоого умтулуп, Россияга ыктоого аргасыз. Мындан башка өлкө лидерлери  Украинадагы кризис дүйнөгө  кандай реакция  жаратарын карашууда. Крымдагы окуядан кийин, Украинадагы күчтүн баары Россия тарапка оогону байкалууда. Бул украин бийлигин гана тынчсыздандырбастан, Борбор Азиядагы лидерлерди ойлонтууда.

 

Батыш менен Россиянын ортосундагы тирешүү Украина кризисине чейин эле байкалган. Бирок  Кытайдын БорборАзияга болгон кызыкчылыгы бар экенине Россия менен Батыш каршылык кыла алган эмес. Сирия жана Украинадагы кризис мезгилинде Россия менен Батыш өлкөлөрү Кытайдын аракеттерине каршы туруштук бере алган эмес. Кытай Борбордук Азияга өз таасирин күчөтүү максатанды аймактагы мамлекеттерге экономикалык жардам көргөзүүнү күчөтүп,  натыйжасында айрым өлкөлөргө Кытай ири инвестиция алып келди. Борбордук Азия өлкөлөрү саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын көздөп, Россия менен Кытайга ыктоого кызыктар. Ал эми АКШнын бир мезгилде түрлүү багытта оюн жүргүзө албашы, Россия менен Кытайдын кызыкчылыктарынын алга жылышына шарт түздү. Мисал катары, бул аймакта Россия менен Кытайдын саясий, экономикалык активдүүлүгүнүн күчөшүн жана Россиянын чыгышка карай  жүргүзгөн саясатын айтса болот. Мындай кырдаалда Борбордук Азия өлөлөрүнө өзүнүн саясий жана экономикалык кызыкчылыгын бекемдөө үчүн азыркы кырдаал чоң плюс. Россиянын Борбордук Азияга аскердик техникалык, экономикалык бир катар жардам көрсөтүүсү өлкө жетекчилери үчүн чоң мааниге ээ. Ушул сыяктуу эле Кытайдын Борбордук Азия өлкөлөрүнө жардам берүүсү, бул аймакта өз инфраструктурасын бекемдөөгө өз салымын кошот.

 

Саясий көз караштан алганда, Россия Борбордук Азия өлкөлөрүнө Бажы биримдигине, андан соң Евразия экономикалык уюмуна кирүүнү сунуштап жатат. Москванын кыйытканына караганда алар байлыктары менен ресурстарына көз артып жаткан тышкы күчтөрдөн сырткары болуп, блоктун ичинде өз максаттарына жетишсе болот. Инвестициядагы көрүнүктүү мисалдардын экөөсү, Россия аскер базасынын ижарасынын мөөнөтүн узартуу боюнча келишимге кол коюлган Кыргызстан менен Тажикистандагы ГЭСтердин курулушу болуп саналат. Андан сырткары Россия жакынкы арада эки өлкөменен түзүлгөн келишимге ылайык курал-жаракжөнөтөбаштайт. Бул сыяктуу аскерий-экономикалык жардам берүүсү Москванын эки мамлекетке болгон таасирин тереңдетүү болуп эсептелинет. Бул эки өлкөбири-бири менен чектешет, экөөнүн экономикалык абалы окшош жана эки тараптан тең көп сандаган эмгек мигранттары агылып, Россияга келип турат. Натыйжада  Кремлдин аталган мамлекеттердин бийлигине болгон таасирин гана күчөтөт. Андыктан эки өлкө тең Бажы биримдигинин курамына потенциалдуу кандидат болуп саналат. Мындай кеңейтилген уюмду куруу сөзсүз түрдө Россиянын демилгесине көңүл бурбаган Өзбекстандын да экономикалык абалына, андан соң Түркмөнстанга да таасир этеалат. Ошол эле маалда мындай уюм, кааласа да каалабаса да тышкы, өзгөчө Афганистан тараптан жаралган коркунучтардан Бажы уюмуна кирбеген Өзбекстан жана Түркмөнстанды да коргоого мажбур болот. Ошентип, Борбордук Азия толугу менен Россиянын бекем коргоосуна алынып, ал эми Кытай тараптын инвестицияларын да коргоо зарылдыгы келип чыкса, Пекиндин да калканычы астында болуусу абзел. Андыктан бул ири эки мамлекет Борбордук Азия аймагына тышкы коркунучтардан кепилдик боло алат.

 

Борбор Азия биринчи кезекте саясий демилгелерди эскеп алып, андан соң экономикага басым жасоого милдеттүү. Аймактагы өлкөлөр Россияны тандап алуу менен сырткы күчтөрдүн басымын төмөндөтүүгө болот деп үмүттөнүүдө. Аны менен бирге түрдүү саясий, экономикалык жана аскерий жардамдарды, андан сырткары отун–энергетика товарларына болгон арзандатууларды колдонуусун уланта алат. Бирок мындай кырдаалда, өзүнүн тышкы саясаты жана аймактагы кылган аракеттери менен Россия, дүйнөдө өзүнө каршы башталган басымга канчалык деңгеелде туруштук берүүгө даяр деген суроо туулбай койбойт. Батыштын Борбордук Азияга сырткы  инвестицияларынын азайтуусу, ири эл аралык компанияларынын тоо-кен жана отун-энергетика секторлорунан кетүүсү мүмкүн деген божомолдор, андан сырткары батыш өлкөлөрү менен саясий экономикалык алакалардын азайышы эксперттер тарабынан батыш менен Россиянын тирешүүсүнүн терс жактары деп белгилешет. Россия башында турган Бажы биримдиги менен Евразиялык экономикалык уюмду түзүүдөгү саясый амбициялары азырынча канчалык деңгеелде ишке ашып, Борбордук Азия эмес, өзү башында турган ири үч мамлекетке канчалык пайда алып келеерин айтуу кыйын. Аны менен кошо Борбордук Азия мамлекеттери бул уюмдарга киргенден кийин абалы оңолуп, өнүгүүсү тездейт деп атйкандар деле көп эмес.

 

“Тренд” талдоо борбору