Аликбек Жекшенкуловдун макаласы
 
Украинадагы улам күчөп бараткан кризис, Крымдын Россияга кошулуусу дүйнөлүк коомчулукка бир полярдуу дүйнөнүн доору бүтүп баратат деген коңгуроону какты. Дүйнөнүн бир да өлкөсү, ал канчалык кубаттуу, бай болбосун 21-кылымда Жер жүзүнүн элдерине кантип жашоону үйрөтүп, өз өлкөсүнүн келечегин кантип куруп, кантип аныктоону таңуулай албайт. Кыйынчылык менен болсо да жаңы дүйнөлүк тартип - көп полярдуу дүйнө орноп жатат. Кыргызстан цивилизациялардын кесилишинде, "Улуу жибек жолунун" борборунда жайгашкан, өзүнүн өнүгүү жолун издеген байыркы, эркиндикти сүйгөн, толеранттуу эли бар тоолуу өлкө.
 
Элибиздин тарыхында, мамлекетибиздин телчигүүсүндө көп эле жаңылыштыктар, айтылбай калган сөздөр, ойлонулбаган чечимдер, трагедиялуу окуялар болду. Азыркы татаал эл аралык кырдаалда, ааламдык жана улуттук коркунучтарга жык толгон дүйнөдө эгемендүү, көзкаранды эмес мамлекет катары Кыргызстанга өзүнүн улуттук кызыкчылыктарына ылайык, прагматикалык негизде эл аралык саясатын тандап алуу жана ишке ашыруу өзгөчө маанилүү.
 
Бул үчүн биз эң оболу биздин планетада эмне болуп, дүйнөдө кандай татаал тенденциялар жана процесстер жүрүп жатканын, өлкөнү ички экономикалык жана саясий өнүгүүсү үчүн эл аралык байланыштарды кантип куруп, эл аралык тажрыйбаны кантип колдонуубуз керектигин аңдап-билүүгө тийишпиз.
 
Акыркы учурларда эксперттик гана эмес, жалпы деңгээлде азыркы доордун ааламдык проблемалары өтө күчтүү болсо да бир державанын, же ири державалардын чектелген тобунун аракети менен чечилбейт деген түшүнүк пайда боло баштады. Ушундан улам, көп полярдуу дүйнөнүн алкагында ааламдык кызматташуунун келечеги көпчүлүк тарабынан биздин планетадагы адамзаттын аман калуусун кепилдөөчү формула катары каралууда. Бирок көп эксперттер көп полярдуулуктун концепциясынын өзү теориялык жактан, өзгөчө практикалык жактан иштелип чыгылбагандыгын моюнга алышууда. Ал бир топ мыйзамдуу суроолорду пайда кылып, көптөгөн окумуштуулардын жана саясатчылардын изилдөөсүнүн объектиси болуп калууда.
 
Көп полярдуу дүйнө идеясы жаңы эмес экендиги жалпыга маалым. Көп полярдуулук логикасы факт жүзүндө Биринчи дүйнөлүк согушка чейин эле калыптанган. Согуштун алдындагы он жылдыкта морт болсо да ошол кездеги Британия, Германия, Франция, Россия, АКШ, Австро-Венгрия, Италия, Япония сыяктуу улуу державалардын тең салмактуулугу сакталып турган. Ошондо эле көп полярдуулукту бир эле учурда дүйнөнүн бир нече өлкөсүнүн жалпы мүмкүнчүлүктөрүнүн болжолдуу тең чамалаштыгы, алардын бирөө да башкалардан көп артыкчылык кылып, өзгөчөлөнбөөсүн түшүнүшкөн. 19-кылымда Европада эл аралык мамилелердин болжол менен ушундай структурасы өкүм сүрүп турган. Ошондо эле Европанын улуу державалары бири-бирине кызгана көз салып, алардын эч кимиси ашкере күчтөнүп, жалгыз өзү же чогуу-чараан башкаларды тоотпой коюусуна мүмкүнчүлүк беришкен эмес.
 
Мунун далили катары Биринчи дүйнөлүк согуш бүткөн соң пайда болгон 1919-жылдагы эл аралык мамилелердин Версалдык-Вашингтондук системасын, Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыктарын бекиткен 1945-жылдагы эл аралык мамилелердин Ялта-Потсдам системасын эстеп көрөлү.
 
Эл аралык мамилелердин бул системалары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди канткен менен кандайдыр бир өлчөмдө аткарган, анткени, алардын негизине кызматташтык жана өз ара түшүнүшүү идеясы салынып, ошондой эле ошол кездеги күч борборлорунун ортосунда кызыкчылык жана таасир этүү зоналары бөлүнгөн болчу. Бул системалардын согуштан улам жаралган кандайдыр бир статистикалуулугу көптөгөн кемчиликтерди оркойто көргөздү, аларды арадан бир топ жылдар өткөн соң профилдик дисциплиналардын адистери тыкыр анализге алышууда.
Эл аралык мамилелердин Ялта-Потсдам системасы көп өтпөй эле аксай баштаганы да кокусунан эмес, себеби, "юридикалык жактан документтештирүү этүү" учурунда (1947-жылдагы Париж келишими) дүйнөлүк эки: капиталисттик жана социалисттик системалардын ортосунда "кансыз согуш" башталды. Согуштан кийинки дүйнө чындыгында БУУнун Уставында негизделген принциптерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү жок эле. Ал эми эл аралык мамилелердин көп полярдуу системасы болсо тараптардын пайда болгон антогонизминен улам Вашингтондогу жана Москвадагы эки күч борборунун биполярдык системасына айланды.
 
Бирок көптөгөн "минустары" болгонуна карабастан, эл аралык мамилелердин биполярдык системасынын бир талашсыз плюсу: эл аралык аренадагы күчтөрдүн тең салмактуулугу бар болчу. Анткени, эки улуу державанын ортосундагы кабыл алынып калган ракеталык-ядролук паритет эгер алардын ортосунда кагылышуу чыкчу болсо, тараптардын бирине да жеңип чыгууга мүмкүндүк берген эмес.
 
Бул 1962-жылдын октябрындагы Кариб кризисинде даана көрүндү. Эки улуу державанын ортосундагы геосаясий жана геостратегиялык тирешүүлөрдүн айынан дүйнө термоядролук согуштун кырына кептелди. Андан ары уланган жарыша куралдануу геосаясий амбицияларга кошул-ташыл болуп, саясий системалардын жашоого жөндөмдүүлүгүнө ар түрдүү таасир этти. Басып алган аймактарды (кен байлыктарды) жырткычтык менен өздөштүрүүнүн негизинде курулган капитализм адам келбетиндеги социализмдин гуманисттик (гуманитардык) идеяларына караганда жашоого кыйла жөндөмдүү болуп чыкты. 
 
Советтер Союзунун жеңилүүсүнөн (ашкере догматизмдин жана көз көрүнөө чыккынчылыктын айынан) кийин дүйнөдөгү стратегиялык тең салмактуулук өзгөрдү. Саясий, экологиялык жана аскердик күчтөрдүн жаңы түзүмү пайда болуп, планетада жалгыз улуу державадан турган бир полярдуу дүйнө жаралды. Россиялык саясат таануучулардын айтымында, Батыш: "Биз жеңген соң, демек, силердин экономикалык жана саясий системаңар натыйжасыз жана чабал"- деп табалашкан. Өзүнүн элитасы тарабынан сатылган эл болсо убактылуу болсо да бирдеке деп каяша айтууга мүмкүнчүлүгү жок эле. Натыйжада Россия өзүнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн катострофалык түрдө жоготту: адегенде аны эң заманбап оперативдик-тактикалык ракеталарын жоготууга мажбурлашты, "Тайфун" суу астында жүрүүчү кайыктары керектен чыгарылды, аскерлерди кайсыл жерге жайгаштыруу керек экендигине чейин таңуулашты. Экономикалык жагынан болсо өлкө он жылга артка ыргытылып, кайрадан өнүккөн өлкөлөр үчүн, анан дүйнөдөгү азык-түлүктү, эл керектөөчү товарларды, өнөр жай жабдууларын импорттоочу чийки зат берүүчү эле болуп калды. Акыркы он жылда дүйнө таанылгыс болуп өзгөрсө да эскинин көз караштары, шаблондору: идеологиялык стереотиптер, кош стандарттар ж.у.с. сакталып кала берди. 
 
Биполярдык дүйнө жоголгондон кийин Батыш өлкөлөрүндө англо-саксон долбоору-"бүткүл дүйнөгө демократияны жана адам укугун" күч менен орнотуу пайда болду.
 
ЖМКларда кабарлангандай, НАТОнун 50 жылдыгына арналып, Вашингтондо өткөн юбилейлик сессияда "дүйнөнүн бардык жеринде адам укуктарынын бузулушуна жол бербеш үчүн" НАТОнун куралдуу күчтөрүн колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө чечим кабыл алынган. Блоктун мурдагы Генералдык катчысы Х.Салана оозу-мурду кыйшайбай эле минтип билдирди: "Биз адамдын күнүмдүк укугу жана азчылыктын укугу эгемендүүлүккө караганда да маанилүү болгон эл аралык мамилелердин системасына карай баратабыз". Ошентип, НАТО ар кандай өлкөнүн эгемендүүлүгүнө кийлигишүүчү стратегиялык куралга айланып баратат. Адам укугу бузулууда деген шылтоо менен НАТО өлкөлөрү өздөрү каалаган жерди бомбалап, аткылоо укугуна ээ болду. Адам укугу жана улуттардын өз тагдырын өзү чечүү укугу мамлекеттик эгемендүүлүк жана аймактык бүтүндүк принциптерине карама-каршы коюлду. Аны менен бир катарда улуттук мамлекеттерге ресурстардын жетишсиздигинин шартында натыйжалуу башкарууну камсыздай албайт деген доомат коюлат.
 
Өздөрүнүн ааламдык кызыкчылыктарын ишке ашыруу, дүйнөлүк ресурстарга саясий көзөмөлдү камсыздоо үчүн Батыш коалициясы Югославияны бомбалап киришти. Анан Ооганстанды, Иракты басып алышты, андан соң Ливияда, Сирияда жаңжал чыгарышты. Анан АКШ өзүнүн гегомондук укугунан пайдаланып, эч тартынбай эле эгемен өлкөлөрдүн ички саясатына кийлигишүүдө. Саргыч жана башка революцияларды экспорттоо практикасы постсоветтик чөлкөмдөгү мыйзамдын артыкчылыгы принцибине жана демократиялык баалуулуктарды реалдуу бекемдөөгө коркунуч туудураарын тоотуп да койбойт. Мунун баарына эбегейсиз каражат жумшалууда. АКШнын мамдепартаментинин жогору даражалуу кызматкерлери эгемен өлкөлөрдүн ички саясатына кийлигишүү, тукаба жана башка революцияларды жасоо Американы миллиарддаган доллар чыгымга батыраарын моюндарына алышты. 
 
Мисалы, жакында эле АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Ноланд Украинадагы революцияга 5 миллиард АКШ доллары сарпталганын расмий түрдө билдирди. Башкы максат - Россияга карай жолдо дагы бир кадам жасалды.
 
ЖМКларга жарыяланган маалымат боюнча, дүйнөдөгү жападан-жалгыз лидерлик ролун аткаруу үчүн АКШ өзүнүн аймагында 6 миң аскер базасын түзгөн, чет өлкөлөрдө да 850 базасы бар. Алар дүйнөнүн 130 өлкөсүндө жайгашкан. 2006-жыл НАТО Чыгыш Европага: Польшага, Румынияга, Чехияга, Болгарияга кеңейүүсүнүн жылы болду. Албетте, АКШ Россиянын айланасында өз аскерлерин көбөйтүү менен эркиндик жана демократия проблемаларына тынчсызданган жери жок, бир кезде жеңилүүгө тушуккан Россия кайрадан бутка туруп, өлкөдө жаңыча тартип орногонуна, дүйнөлүк процесстерге активдүү аралаша баштаганына тынчсызданууда. Кыскасы, Россия канчалык бакубат болгон сайын Батыш өлкөлөрүнүн кызганычы ошончолук күч алууда. Батыш В.Путиндин бийликке келүүсү менен башталган Россиянын дүйнөлүк аренадагы ролунун жогорулоо тенденциясы уламдан-улам күчөп баратканын таң калуу менен моюнга алууда. Бул үчүн Россияда потенциал бар болуп чыкты: ал БУУнун коопсуздук кеңешинин курамына кирет, АКШнын деңгээлине тең ядролук потенциалга ээ. Андан тышкары, Россиянын бир катар талашсыз артыкчылыктары бар: ал улуу энергетикалык держава (дүйнөлүк пайдалуу кен байлыктардын үчтөн бири Россиянын аймагында жайгашкан, таза суунун жана абанын эң чоң запасы да ушул өлкөдө), таасирдүү трансрегионалдык саясий фактор (сырьё ресурстарын өндүрүүчү, берүүчү жана өткөрүүчү катары Европа жана Борбордук Азия чөлкөмүндө лидерлик кылат), европалык кризис көрсөткөндөй, ал ири эл аралык инвестор дагы. Россиянын потенциалы жана артыкчылыктары ага дүйнөлүк саясатта алдыңкы позицияны ээлөөгө, экинчи жагынан, эгер керек болсо "жумшак жана катуу күчтүн" жардамы менен өзүнүн эгемендүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоого мүмкүндүк берет. Россиянын жаратылыш ресурстары ааламдык капитал үчүн өзгөчө кызыгуу туудурарын да эстен чыгарбоо керек. БУУнун эксперттеринин маалыматы боюнча, Россиянын жер астындагы байлыктары 30 триллион долларга бааланат, бул АКШнын(8 трлн.), Кытайдын (6,5трлн), ЕСтин(0,5трлн) байлыгынан кыйла көп. Жалпы жаратылыштык-ресурстук потенциалы боюнча Россия дүйнөдөгү ири державалардын бири болуп эсептелет. Анын кыртышында газдын дүйнөлүк запасынын 30, алмаздын 50, калайдын 25, нефтинин дээрлик 10 пайызы жайгашкан. Россия анан калса дүйнөдөгү улуу токой державасы. Жер шарындагы токойлордун 22 пайызы Россиянын энчисине туура келет. Токойлордун аянты 850 млн. гектарды түзөт. Жыгачтын жалпы запасы 82 млн. кубометрден ашат. Анын дагы бир улуу байлыгы-суусу бар. Иче турган таза суунун негизги бөлүгү Россиянын ири көлдөрүндө жана дарыяларында жайгашкан.
 
Бүгүн майышпас Россиянын өзгөчө ролу баарына белгилүү. Россия чындыгында көп полярдуу дүйнөнүн курулушунун катализатору, англо-саксондук диктаттан чарчаган чоң жана кичине көп элдердин эркин билдирүүчү.
 
Мюнхен конференциясында В.Путин ачык эле минтип билдирди: "Бүгүн биз эл аралык иштерде дээрлик эч ким тарабынан ооздукталбаган, көзөмөлдөнбөгөн гипертрофияланган күч колдонууну - дүйнөнү жаңжалдардын айлампасына дуушар кылган аскер күчүн байкап жатабыз... Биз эл аралык укуктардын негизги принциптерин улам көбүрөөк тоотпогондукту көрүп турабыз. Айрым бир гана нормаларды, чын-чынына келгенде, бир мамлекеттин, баарынан мурда Кошмо Штаттардын укугунун системасын (үстөмдүк кылганын - авт) көрүп турабыз. Алар бардык чөйрөлөрдө: экономикада, саясатта, гуманитардык чөйрөдө улуттук чектерди аттап өтүшүп, башка өлкөлөргө өз эрежелерин таңуулашууда". Түзүлгөн бул кырдаал өтө коркунучтуу. Ал эч ким өзүн коопсуз сезе албаган, эч ким эл аралык укукка ишене албаган абалга алып барат. Мындай саясат ааламдык конфликттерге, адамзаттын жок болуусуна алып барышы мүмкүн.
 
Владимир Путин Россияны улуттук кызыкчылыктарды коргоо үчүн кам көргөн улуу евразиялык держава катары бекемдөөгө далалат жасоодо. Россия өзүнүн державалык стратегиясын экономикалык жана аскердик (баарынан мурда ядролук) өнүгүүнү тездетүү, тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп калган КМШ өлкөлөрү менен терең интеграциялашуунун негизинде улантат. Владимир Путин тез өнүгүп келаткан жаңы державаларды интеграциялаган жана демократиялык плюрализмдин вектору катары БУУга артыкчылыктуу роль ыроологон кыйла тең салмактуу дүйнөлүк башкарууну орнотууга аракет кылууда. Түпкү максат-Америкалык гегемонияны четке кагуучу көп полярдуу дүйнөнү түзүү.
 
Путин төрт негизги маселеде: НАТОнун ракетадан коргонуучу калканчында, Ооган башаламандыгында, Сирия туңгуюгунда, Украина кризисинде Россиянын пикирине кулак салып, анын улуттук кызыкчылыктарын эске алууларын каалайт. Ал НАТО-АКШ өзөгү ПРО системасында "Антироссиялык" версияны кайра карайт деп үмүттөнөт. Москва бул өзөктөн Ооганстандагы наркотрафик жана терроризмге каршы күрөштө кыйла натыйжалуу саясатты күтөт. Ал региондун дестабилдешүүсүн болтурбоо үчүн Жакынкы Чыгышка терең ойлонулган мамиле жасалышын жактайт, Украина федерализацияланышын, орус тилдүү калктын укуктары корголушун каалайт.
 
Дүйнөлүк башкарууда таасирин күчөтүү үчүн Россияга тышкы саясаттын евразиялык вектору керек. Ошондуктан, Кытай жана Индия менен жакындашуу көп тараптуу өнөктөштүктүн алкагына, күчөп бараткан евразиялык өзөк көп уюлдуу дүйнөнү түзүүгө, англо-саксондук дүйнө түрүндөгү дүйнөлүк башкаруунун неолибералдык гегемониясына каршы турууга ылайык келет. Бүгүн, ааламдаштыруу шартында Батыштан Чыгышты көздөй каржылык, экономикалык жана технологиялык жылуу улам көбүрөөк болууда, демек, Чыгыш жана Азия региондору өлкөлөрүнүн саясий процесстерге болгон таасири күч алууда. Бул жакта Батышка атаандаш болгон эл аралык, регионалдык борборлор жаңыдан түзүлүп, алар өзүнүн мүмкүнчүлүгү жагынан да, потенциалы жагынан да акырындык менен Батыштан озуп баратышат. Эми алар ааламдык долбоорлорду жана жагымдуу моделдерди сунуштай башташы мүмкүн. Өзүнүн тажрыйбасында азыркы социалдык-саясий жана экономикалык проблемаларды кыйла натыйжалуу чечүүнүн жолдорун сунуштай алган өлкө өзүнүн эл аралык таасирин жогорулатууга чоң мүмкүнчүлүк алат деген түшүнүк жаралууда. Күтүлгөндөй эле, АКШдан кийин экинчи улуу державага айланган Кытайдын эл аралык салмагы кыйла өстү. Мурда Батыш бензоколонка өлкөлөр катары кабыл алган Араб өлкөлөрү регионалдык жана тармактык түйүндөрү (Араб Өлкөлөрү Лигасы (ЛАГ), Нефтини экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму (ОПЕК ж.б) аркылуу түзүүчү борбор системасы статусу үчүн негиздүү ат салышууда. Ошондуктан, алардын тышкы саясий статусу, башка өлкөлөрдүн (Индия, Кытай ж.б) тышкы саясий статусу да дүйнөлүк архитектура сөзсүз кайра карала тургандыгынан кабар берет. Жылдан жылга таасирин жоготуп бараткан G-8 башкаруу тизгинин кризиске аз калган G-20га бериши керек. Ошентип, дүйнөлүк тартиптин бир да өлкө, атүгүл эң улуу, экономикалык жактан күчтүү өлкө да үстөмдүк кыла албаган жаңы конфигурациясы түзүлүүдө. Дүйнө салыштырмалуу бири-бири менен мүмкүн болушунча тең чамалаш болгон көптөгөн уюлдар, күч борборлору жанаша жашаган кырдаалга келип калды. 
 
(Уландысы кийинки санда) 
 
Аликбек Жекшенкулов, 
саясат илиминин доктору 
 
Булак: "Де факто"