Кыргызстанды кимдерге, эмне үчүн башкартышкан?
 
КРдин улуттук стратегиялык изилдөө институту "Постсоветтик Кыргызстандын саясий элитасы: калыптануу жана жаңылануу өзгөчөлүктөрү" деп аталган кызыктуу изилдөө жүргүзгөн. Макаланы которуп жатып "Кабар ордо" тигил же бул кызыкчылыкты көздөбөгүнүн, болгону изилденген фактыларды гана окурмандарга сунуштап жатканын белгилеп кетүү керек.
 
Изилдөө Кыргызстанда буга окшогон илимий изилдөөлөр көп жүргүзүлбөгөндүгү менен айырмалат. Эмгек Кыргызстан көз карандысыздыгын алган жыйырма жылдагы, тагыраагы 1991-жылдан тартып 2010-жылга чейинки мезгилдеги өлкөнүн саясий элитасы масштабдуу түрдө иликтенгени менен кызыктуу.
 
Изилдөөчүлөр жогору бийлик эшалонундагы биздин чиновниктердин кандай мүнөздөмөлөрү - курагы, жынысы, туулган жери (областы, району, шаары, айылы), билими (илимий даражасы), улуту, тигил же бул урууга таандык экенин - ар кайсы жылдарда кандай артыкчылыкка ээ болуп турганын түшүнүүгө аракет кылышкан. Тактап атканда мурдагы эки президент - Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин башкаруусунун маалында элита кандай түзүлгөнү аныкталган.
 
Саясий элита катары - президент, өкмөт башчылар, Жогору Кеңештин спикерлери, вице-премьер-министрлер, президенттик администрациянын жетекчилери, министрлер, баардык областтардын губернаторлору, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жана башка кызматтагы инсандар изилденген. Баардыгы болуп 136 респондент изилдөөгө алынган.
 
Кызмат саясий айсбергдин чогусуна канчалык жакын турса, ага ийгилик же салмактуулук баллы жогору эсептелген. Ошол эле маалда тигил же бул аткаминер бул кызматта канча турганы жана жогоруда саналып өткөн мүнөздөр эске алынган.
 
Түндүк-Түштүк
 
Бийлик элитасында түндүк менен түштүктүн ортосунда кандайдыр бир атаандаштык бар экендиги белгилүү болгону изилдөөдөгү кызыктуу өзгөчөлүк. Өткөн кылымдын 1990-жылдарынан тартып 2005-жылга чейин Чүй областынын чыккан саясий элитанын саны эки эсеге 40 пайыздан 19 пайызга чейин азайган. 2005-жылы таптакыр төмөнкү чегине жетип - 5 пайызды түзүп калган, бирок кийинки беш жылда, башкача атканда 2010-жылга чейин баары бир 20 пайызга чейин көтөрүлгөн.
 
Ош областынын бийликте турган өкүлдөрүнүн саны жылдар бою тескерисинче жогорулаган, 1992-жылы мындай чиновниктердин саны 10 пайызды түзсө, 2005-жылы 33 пайызга чейин жеткен.Түштүктөн чыккан аткаминерлердин бийликке келиши эң жогорку чегине 2007-жылы жетип - 36,7 пайызга жеткен. Бирок 2010-жылы бул "толкун" бир аз басаңдап – 31 пайызга барабар болгон. Ошол эле маалда орточо алганда түштүктөн чыккан аткаминерлердин сандык көрсөткүчү 18 жылда түндүктүн аткаминерлеринен жогору болгон, мисалы бул жылдары орточо алганда 25 пайыз түштүктүн чиновниктери бийликте турса, 22 пайыз түндүктүктөр бийликте болгон.
 
Жыйынтыктай келгенде Акаевдин башкаруусунун учурунда Чүй областынын өкүлдөрү жогору кызматтарда, ал эми Бакиевдин бийлигинин маалында Ош жана Жалал-Абада областынан чыккан саясий элита өлкөнү башкарган.
 
Изилдөөчүлөр белгилегендей, жогорку кызматта - президенттин кызматында түштүктүн кулуну же түндүктүн кулуну турабы, кайсы аймактан чыкканына жараша мамлекеттик кызматтарга өзүнүн жердештерин көбүрөөк алган. Түштүктүн жетекчилеринин туугандык байланышы бекемирээк жана тыгыз экени белгилүү болгон.
 
Акаевдин маалында бийликке Талас жана Нарын областынан чыккан аткаминерлер турганын, Бакиев мамлекет башчысы катары шайлангандан кийин алардын саны кескин кыскарганын изилдөөчүлөр кыстырма катары белгилеген. 2005-жылы саясий элитанын катарында бир дагы таластык байкалган эмес.
 
2010-жылы гана элита түзүү тенденциясы акыры "сынып" Чүй областынан чыккан аткаминерлер менен Ош областынын өкүлдөрүнүн саны теңделген.
 
Оо уруулар! Оо, салттар!
 
Изилдөөдө КРга жана башка мамлекетке таандык болгон өзгөчөлүк катары аткаминердин тигил же бул уруулук топко таандык экени дагы каралган. Иликтөөчүлөр эгерде мамлекеттик кызматкер иерархиялык тепкичтен тез жогоруласа ал президент менен уруулаш экенин аныкташкан. Мындай көз карандылык эки экс - президенттердин маалында ачык байкалган. Биринчи президенттин учурунда сарыбагыш, солто, саруу, бугу, кушчу урууларынын өкүлдөрү жетекчи кызматтарда олтурган. Экинчисинде ичкилик жана адигине уруусунан көп кызматка келишкен.
 
2010-жылы негизинен саруу менен адигине урууларынын өкүлдөрү ийгиликтүү иштешкен, окумуштуулардын пикиринде бул уруулук, жек-жааттык, кландуулуктун аяктап бара жаткан тенденциянын күбөсү.
 
Жыйынтыгында аймактык, жердештик жана уруулук кландуулук мурдагы эки президенттин маалында элитаны селекциялоодо таасирдүү фактор болгонун көрүүгө болот.
 
"Эркектердин клубу"
 
Улутка келе турган болсо, ири ажырым менен титулдук улут болгон -кыргыздардын бийликте турганы аныкталган. (Муну изилдебей туруп деле көрүүгө болот). 1992-жылы бийликте турган кыргыздар - 87,8% болсо, 2007-жылы бул көрсөткүч - 97,6%ды түзгөн. Бакиевдин маалында таасирдүү кызматтардын баары титулдук улутка таандык болгон фактордон көз каранды болгонун байкоого болот. 2010-жылга карай жагдай өзгөргөн эмес: этникалык азчылык административдик-номенкулатуралык элитанын 6%ын гана түзгөн.
 
Жыныстык белгилер боюнча алганда жогорку саясий элита "эркектердин клубун" түзгөн. Ошентсе дагы 1992-жылдан тартып саясий элита болгон аялдар 8,57 пайыздан 2010-жылдагы 12,77 пайызга жетүү менен бир аз жогорулаган:
 
Жалпысынан бул жылдары бийликте аялдар эркектерден 6-10 эсе аз болгон, бирок алар ийгиликтин индексине (жогорку даражадагы кызматта турганына) ылайык орточо алганда эркектерге караганда бир нече позицияда алдыда болушкан.
 
Аскар Акаевдин башкаруусунун учурунда аткаминердин илимий билиминин бардыгына чоң маани берилген. 1992-жылы илимий даражасы бар саясатчылар- 45,2% болсо, 1996-жылы алардын көрсөткүчү жарымдан ашып - 57,1%ды түзүп калган. Андан соң "аалым чалыш" саясатчылар азайып, 2005-жылга карай болгону 4,5% гана илимий даражасы бар элита калган. 2010-жылга карай гана илимий даражасы барлардын санынын өсүшү (20 пайыза чейин) байкалган. Ошентсе да бул сан КРдин биринчи президентинин учурундагы сандын жарымынан аз. Бул жылдары эки жогору билимге ээ болгон аткаминерлердин саны өскөн. 1992-жылы мындай чиновниктер - 22,6%ды түзсө, 2010-жылы- 44,4%га жеткен.
 
20 жыл бою бир гана нерсе эч кандай өзгөрүүгө дуушар болгон эмес, бул- элитанын административдик-номенкултуралык жаш курагы. Элитанын курагы дайыма 47-50 жаштын тегергинде болгон. Башкача айтканда улуу муун жаштарды бийликке өткөрбөй, үстөмдүк кылып турган.
 
Кадрдык алмашуу
 
Изилдөө Аскар Акаевдин маалында бийлик түзүмүндөгү кадрдык курам абдан туруктуу болгонун көрсөттү. Жогорку мамлекеттик кызматка дайындалгандар көбүрөөк кызматта олтурган; эң аз дегенде -10 ай, эң көп дегенде - 48 ай, орточо- 34 ай кызматта болушкан.
 
Бакиевдин башкаруу маалында толук кадрдык чехарда болгонун сандар тастыктайт: 2005-жылдан 2010-жылга чейинки мезгилде - 5 жылда аткаминерлер өзүнүн кызмат креслосуна эң аз дегенде -1 ай, эң көп дегенде эки жыл, орточо алганда бир жарым жыл олтурган.
 
"Этникалык азчылык өзүн бийликте, мамлекеттик башкарууда көрбөйт. Бул айырма акыры жылдары күчөп кеткен. Биздин саясий элита ушуга көңүл буруусу керек, анткени Кыргызстан бул көп улуттуу өлкө",-дейт изилдөөнү тааныштыруу маалында КРдин улуттук стратегиялык изилдөө институтунун эксперти Аида Алымбаева.
 
P.S. Ошондой эле изилдөөчүлөр "биздин доордун" Алмазбек Атамбаевдин башкаруусунун учурундагы саясий элитаны изилдеп жана талдоого убада беришти. Бул таптакыр башка тарых болмокчу...
 
Булак - "Аргументы и факты-Кыргызстан", №7, 2014-жыл
Которгон - "Кабар Ордо"