Жыл сайын Кыргызстанда жаздын келиши менен эл ичинде нараазылыктар күч алып, митинг-пикеттер башталат. Буга дейре тоолук калкыбыз сабырдуу, топуктуу жана чыдамкай эмес беле. Эми эмне болду? Неге нараазылыктар көбөйүп жатат деген собол пайда болот. Мындай терең талдап иликтеп көрсөк, бүгүнкү кыргыз бийлигинин бардык бутактары карапайым элдин ишенимин актабай жана канча бешене тер менен табылган мамлекеттин казынасындагы байлыкты беймарал жеп-жутуп, коррупциянын, паракордуктун, жек-жаатчылыктын гүлдөп-өсүшүнө шарт түзүп жатыптыр. 

 

Президенттик-парламенттик башкаруу деле оң натыйжасын бербей, эгемендүүлүк алгандан бери бир ууч бийлик ээлери кызмат орундарын баягы улак тартыштагыдай улам бирине ашырып берип, кара курсактын же дүнүйөпараздыктын кулуна айланып калышкан сыяктуу. Туура, бийлик төбөлдөрүнүн арасында бир ууч тазалары, мамлекеттин, кыргыз элинин келечегин ойлогондору да бар. Тилекке каршы, алар абдан аз. Колунан эч нерсе келбей жатыры. Көпчүлүк күткөн апрель революциясынан кийин ант бергендердин анты бир тыйынга арзыбай калды. Калктын бийликке болгон ишеними кетти. Биз жаш, илимдүү жана маданияттуу кадрлар кан алмашкандай кызмат орундарына келишеби деп үмүт кылдык эле, каяктан, баягы эле биз билген күркүлдөр менен мыкчыгерлер дегеле орундарын бошотушпайт. Кыргыз жаштарынын үмүт оту өчүп, акыры өзүнчө чогулуп, жаңы замандын муунун түзгүлөрүсү келип жатканын ар тараптан колдоймун. Эми жазгы толкундоолорго келсек, анысын колдобойм! Неге? Себеби бул революциябы же төңкөрүшпү, кыргыз тарыхында акыркысы болуп, атүгүл кандайдыр бир үчүнчү күчтөрдүн жардамы менен айнектей аспиеттеп сактап келаткан чакан өлкөбүздү жоготуп алышыбыз ыктымал. Ошондуктан баарыбыз мыйзамдарды, Конституцияны сактоону үйрөнөлү. "Кумтөр" маселеси же А.Батукаевдин, А.Келдибековдун иши болобу, мыйзам чегинде жеңип чыксак оң болор эле. Сот же прокуратура органдары туура эмес чечим кабыл алышса, далилдеп мойнуна илели, туугандар! 


"Белгисиз республика" 


Кыргызстан жаңыдан көз карандысыздыкка жетишкенде айрым орус журналисттери "белгисиз республика" деп мыскылдап жазып чыгышкан болчу. Ооба, ошол кезде эч кайсы тармактан атыбыз чыкпай дүйнөдө белгисиз бойдон калганыбыз жалганбы? Кийинчерээк "атың чыкпаса, жер өрттө" дегендей катары менен эки жегич, бирок өзүбүз шайлап алган президенттерибизди кууп жиберип, планетабызга терс жагыбыздан таанылып алдык. Чын эле чет өлкөлөргө чыксаң, Кыргызстанды билишпейт экен. Атүгүл 70 жыл бою бир мамлекетте жашашкан азыркы шериктеш өлкөлөрдөгү көпчүлүк замандаштарыбыз да дурустап билишпейт. Буга арданат экенсиң да!


Белгисиздигибиздин себебин иликтеп көрөлүчү. Республикабыз сыртка кайсы товарларын экспорттоп жатат? Мен билгенден алтын менен негизинен көмүскө цехтерде уурданып тигилип жаткан кийим-кечелер, бир аз электр кубаты гана болсо керек деп ойлойм. Союздун мезгилиндеги түстүү металлдарыбыз менен чөп таңгактагычтар, насостор менен автомашиналар, электр лампалары менен кездемелер, беде үрөнү менен пахта, кант кызылчасы менен эт азыктары, бут кийимдер менен автоматтын октору эми түшүбүздө көрүнгөн нерсе сымал унутта калды. Же бир маданиятыбыз, көркөм өнөрүбүз, илимибиз өнүкпөсө, кантели анан? 


Жакырчылыктын сазына баттык 


Кайда болбойлу акча, акча деп отуруп дүнүйөпараздыкка берилип кеттик. ФАОнун Европа жана Борбордук Азиядагы долбоордук программаларынын улук илимий кызматкери Раймунд Реле мырза Кыргызстандагы калктын 5 пайызы ачарчылыкта күн кечирерин баса белгиледи. Ал эми калктын 64 пайызынын тамак-ашынын негизги рациону ун азыктарынан турат. Тунгуч президентибиз Аскар Акаевдин тушунда жакырчылыкты кыскартуу боюнча өзүнчө программалар кабыл алынып, акырындап иштер жүргүзүлө баштаган эле. Кийинчерээк, куду жакырчылыкты жоюп салгандай ал унутулду да калды. 


Жетиштүү азыктанбагандын, келечегибиз бүдөмүк болуп кыжалат болгондун айынан өлкөбүздө биз илгери аты-жытын билбеген ар кандай оорулардын саны кескин өсүп кетти. Кыргызстанда гепатит А менен 19 миң киши ооруйт. Белгилүү уролог Акылбек Усупбаев республикабыздагы тукумсуздук менен ооругандардын үлүшү соңку мезгилде бир пайыздан алты пайызга чейин жогорулаганын көрсөттү деди. Өсүш алты эсе болуп отуру. Ал эми энеликти жана балалыкты коргоо боюнча улуттук борбордун директору Камчыбек Узакбаев өлкөбүздө жыл сайын 300-350 нышан балага операция жасаларын айткан. Аз кандуулук, витаминдердин жетишсиздигинен жана радиациянын айынан баш мээнин шишиги, шал, ичеги сыртында шумдук оорулар арбып барат. Азыркы кезде республикабызда жүрөк оорулары менен 18 миңден ашык адам ооруйт. Жыл сайын 50 адам ушунун айынан каза болууда. Ооругандардын жарымынан ашыгы 30-60 жаштагы жарандарыбыз. 


Азыркы учурда Кыргызстандагы 563 миң пенсионердин орточо пенсиясы 4555 сом. Демек, Американын жогорулап кеткен жүз долларына да жетпейт. Биздеги жашоонун эң аз керектөө көлөмү деп 5060 сом алынган. Бирок бул сан баалардын акыркы мезгилдеги өсүшүнө байланыштуу дагы көтөрүлдү деп ойлойбуз. Ушул эң төмөнкү корзинадан аз пенсия алгандардын саны 334 миң киши. Аңдадыңызбы, кары-картаңдардын негизги бөлүгү эптеп "өгүз өлбөсүн, араба сынбасын" деген шартта жашап жатышат. Баалардын өсүшү менен кошо алардын пенсия-пособиелерине кошулган жок. Анткени казынабызда каражат тартыш. "Казанда болбосо, чөмүчкө кайдан чыксын" деген кеп да. Экономикабыз арабөк калып, кошумча кирешелер жөнүндө сөз кылууга али эрте. 


Бардык нерсе салыштыруу аркылуу жакшы байкалат. Мына калкынын саны 10 миллионго жеткен боордош Азербайжандын ички дүң продуктусунун көлөмү 100 млрд доллар. Бөлүштүрө келсек, бир кишиге 10 миң доллардан дегендик. Жеринин аянты 87 миң чарчы чакырым. Биздикинен бир топко аз. Бирок бизде бир жанга чегерилген ички дүң продукту 1160 долларды гана түзөт. Же жалпы аянты Кыргызстандан эки эсеге аз Түштүк Корея өлкөсү 50 млн калкты беймарал багып жатат. Аларда акыркы кырк жылда бир жанга өндүрүлгөн улуттук продукт 100 доллардан 20 миң долларга чейин өстү. Корейлерден биздин эмнебиз кем? Ошолорго эле окшош азиат адамдарбыз го! Ар кайсы өлкөгө барып жалдырабай, жергебиздеги не деген деген кен байлыктарын, суу ресурстарын сарамжалдуулук менен пайдаланып коррупцияны эле ооздуктасак Кыргызстаныбыз өнүгүп кетмек. Кыска мөөнөттө кур дегенде Африка өлкөлөрүнүн деңгээлинен көтөрүлөр белек. 


Бириккен Улуттар Уюмунун эл каттоо бөлүмүнүн маалыматына таянсак, учурда планетабыздагы 2 млрд адам ачка, дагы 800 миллиону тоюнбай жүрөт. Жалпы калк 7 миллиард экенин эске алсак, бул аябай ойлондура турган маселе. Мен Кыргызстаныбыз да ушул сандын ичине кошулуп калбагай эле деп ойлоном. Ылайым эле андайдан Кудай сактасын!

 

Адылжан ЖАЖАНОВ

Булак: "Баягы Асаба"