Азимбек Анаркулович менен бийлик башчыларынын жүргүзүп жаткан саясаты, оппозициянын коомдогу орду, саясий куугунтук ж.б. маселелер тууралуу сөз кылдык.

 

Текебаев синдрому

 

- Азимбек Анаркулович, өткөндө Сиз 7-апрель окуясынын күнөөкөрлөрүнүн жазаланбай калышына күйгөн адам катары бийликтин бул багыттагы иш-аракеттерин катуу сынга алып чыктыңыз. Булар баары революциянын шарапатында бийликке келишкен адамдар. Биринчи ушулар кызыкдар болушу керек эле. Сиз кандай ойлойсуз: бийлик эмне себептен тескери жолго түшүп алды?

 

- Эл ичинде 7-апрелден кийин бийликке олтурган адамдарга карата нааразычылык күчтүү. Себеби, ал окуялардын күнөөкөрлөрүн жазалай алышкан жок, июнь окуясы боюнча логикалык жыйынтык болбоду, аны уюштургандар да бакиевдер сыяктуу качып кетти. Салыштырып көрсөм, мен Убактылуу өкмөттүн кураторлугунан кеткенден кийин, апрель жана июнь окуялары боюнча бир да иш козголуп, сотко өткөзүлбөптүр. Баары мен кандай бүтүрүп, таштап кетсем, ошол калыбында келе жатат. Демек, бийлик буга кызыкдар эмес. Анын ушундай жолго түшүп алган бийликтеги революционерлерге эл кантип ишенсин?! Мунун ордуна каршы чыккандын баарын мага багыттап кутулабыз дешүүдө. Аксы, 24-март, 7-апрель боюнча эмне сөз жүрбөсүн, күнөөлүү мен экем. “Баягы эле Бекназаров будуң-чаң кылып жатат”,- деген менен чектелип, өз күнөөлөрүн моюнга алгылары келбейт. Мына сиз сурап атасыз, “эмнеге тескери жолго түшүп алды?”- деп. Менимче, мунун баарына ошол кездеги парламенттик шайлоо себепкер. Шашылыш түрдө баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алдык да, анын негизинде парламенттик башкаруу кирип, партия-партияга бөлүнүп, шайлоого кеткенбиз. Биз Роза Отунбаева менен шайлоого барган жокпуз, максатыбыз шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылуу болчу. Шайлоодо түштүктүк саясатчылардын кимге таянары түшүнүктүү болчу, алар Убактылуу өкмөткө каршы электораттын колдоосу менен келишти. Ошол эле убакта Текебаев Батыровдун электоратына ставка жасаган. Өзбектердин добушун Атамбаев да Текебаевден талашкан. Аларга 7-апрель окуясы боюнча соттолуп жаткан М.Суталинов, Э.Сатыбалдиев ж.б. дагы электораты керек болгон. Буларды каалайбызбы-жокпу, колдогон калың шайлоочу журту бар. Мына ошол шайлоонун кесепети менен булар алардын колдоосун алыш үчүн июнь окуясы боюнча да, апрель боюнча да соттук ишин бүтүрүп берүүгө убада берип коюшса керек. “Бекназаров кыйкыра берет, аны биз жолотпойбуз, өзубүз бүтүрөбүз”,- дешкен да. Мына Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясындагы изсиз жоголгон миллиондор азыр катуу талкууга алынып жатат. Бул акчалар кайда кеткен: шайлоого. Дал ошондуктан Ж.Сатыбалдиев президенттин аппарат жетекчиси, анан премьер-министр болду. Азыр аны Сатыбалдиевдин отставкасына негиз катары көтөрүп чыккан Текебаев бул мыйзам бузууларды мурда билген эмес дейсиздерби? Ал баарын билген. Болгону, анын натурасы ушундай: өзүнө керек учурда гана көтөрүп чыгат. Текебаев Үзөңгү-Кууш маселеси парламентте көтөрүлгөндө да ушундай оюн жүргүзгөн, каршы чыкпаса да Токтокан Боромбаев экөө кворум түзүп беришкен. Жакынкы тарыхта да Текебаев Бабановду да, Сатыбалдиевди да колдогон. Өз кызыкчылыгына келгенде экөөнө тең каршы ойноду. “Кумтөр” маселеси парламентте каралганда да кубулмалуулугун көрсөттү. Анын каршы чыккандыгы, Сатыбалдиев жана Атамбаев менен сүйлөшүлгөн нерсе. Чындап эле каршы болсо, анда эмнеге 10 миң адам кол коюп киргизген “Кумтөр” келишимин денонсациялоо мыйзам долбоорун “Ата-Мекен” фракциясы кароодон баш тартты? “Ата-Журт” менен “Республика” колдоп беришти. Текебаев колдосо, мыйзам долбоору каралып, денонсацияга жетишмекпиз. Мунун ордуна Текебаев: “мен бул мыйзам долбоорун карабайм, бирок, маселе талкууланганда каршы чыгам”,- деген позицияны карманды, кудум Үзөңгү-Кууш маселесинде кворум түзүп бергендей болуп. Ушундай сасыган интриганы эл качанкыга чейин көтөрөт? Азыркы коалиция, жаңы өкмөттү түзүү – шайлоого даярдык. Өкмөттү алмаштыргандан эч нерсе өзгөрбөйт. Текебаевдин бул кадамга барган себеби – арзан саясий ыкма менен электораттын көңүлүн өзүнө бурдуруу болгон. Булар Рысалиевди да алдашат, мына анын Болот Шерге барганы айтылып жатат. Аны алдап-соолап, “мына морадерчулукка биздин тийешебиз жок экен”,- дешет. Ошентип, шайлоого тазалангылары келип жан-алакетке түшүшүүдө. Эртең шайлоо болсо, кимдер келет? Ушуга окшогон саясатчлыра кайра келет. Элибиз бир кесим этке, арзыбаган акчага алданат да, шайлайт. Ошондуктан, кырдаалдын ушундай болуп жатканына эл өзү да күнөөлүү. Акыры көзүбүз ачылыш керек да. 24 жыл болду алданып келгенибизге. Жетер чегибизге келгендирбиз...

 

- Шайлоодо таза адамдарга добуш берүү керектигин элге канча айтканыбыз менен, андай адамдар калбай калгансыйт. Элди туңгуюктан алып чыга турган саясатчы жоктой. Эл кимге ишениши керек? Бизде таза, интригага аралашпаган саясатчылар барбы деги?

 

- Элибиз 24 жылдан бери кимдин-ким экенин билип эле калбадыбы. Алаканга салгандай көрүнүп турбайбы. Үзөңгү-Кууш боюнча кимдер кандай позицияда болгон, Каркыра кантип кеткен, Акаев доорунда завод-фабрикаларды ким менчиктеп алган, чет элдик инвестицияларды кимдер талоонго алган, колхоз-совхоздор кантип бөлүнгөн (?) сыяктуу маселелер боюнча элде толук маалымат бар. Ленин, Фрунзе, комволдук-нооту комбинаты, Автомаш кимдерге итбеке тийгендиги, алардын тагдыры кийин эмне болгондугу дайын го. Болбосо, базарлар кимге карайт? Эмне үчүн партиясын даңазалап аткан бир адам базардан башка эч нерсе курбайт? Момпосуйга алдангандын ордуна элибиз ушул маселелерди терең ойлонуп, анан шайлоого аттангандарды иргеп, тандап алса болбойбу? Мына жакында Акаев кызыктуу фактыны чыгарды, ал Атамбаевдин Жазуучулар союзуна бөлүнгөн миллиондорду илип кеткенин ачыктады. Бул маселе тууралуу 2009-жылы Асан Жакшылыков жазып чыккан. Ошондо мен Атамбаевди президент кылуу үчүн чуркап жүрчүмүн. Андан сураганымда, “айта беришет, баары мыйзам чегинде болгон”,- деп койгон. Бирок, Акаев билген үчүн айтып чыккандыр да. Бекеринен Акаевдин тушунда Атамбаев Түркияга кылмыш иши козголбосо да качып кетпегендир?! Эч ким түшүнгөн эмес эмнеге качып жүрүп алганын. Акаевден чочуласа керек да ушуга окшогонду билгендиги үчүн. Эми эле Атамбаев кыйын. Президенттик шайлоодон кийин 2012-жылы Аксыга барып, “Аксы элине, Азимбектей жигитке рахмат, силер болбосоңор мен президент болмок эмесмин, колдон келген жардамымды берем”,- деген. Анда жарадар болгондорго үй салып берүүнү убада кылган. Эми болсо анын жан-жөкөрлөрү Аксыга барып саясат кылып атат ушунусун. Жардам берилсе ла өкмөттүн, кыргыз элинин атынан жасалды. Жеке өзү чөнтөгүнөн жардам бергенсип кылганын колко кылганы жетип турган акмакчылык. “Мына бийлик мобуларды кылды, а Азимбек не кылды?”- дегени эч бир адамгерчиликке сыйбай турган көрүнүш. Мен Аксы эли менен ар дайым бирмин. Заводдорум болсо колко кылбай эле анын баарын жасап коймокмун. Бирок мыйзам чегинде тарыхый адилетсиздикти жоюуга болгон күч-аракетимди жумшап келем. А бийликтин сасык аракети айыптоого татыктуу. Керек болсо ушул аксылыктар баштаган толкундун урматы менен Атамбаев мүлкүн сактап калды. Алар Акаевге каршы көтөрүлбөсө, Атамбаевдин заводдорун тартып алышмак.

 

Кыргызстанда Украинадагыдай майдан болобу?

 

- Бийлик өкүлдөрү Улуттук оппозициялык кыймылга “Батыштын акчасына Украинанын сценарийин ишке ашырганы жатат”,- дегендей кине коюуда. Алар көзөмөлдөгөн маалымат ресурстары мунун баарын айта берип, элди тажатты. УОКтун мүчөсү катары айтсаңыз: чын эле сиздерде революция кылуу ою барбы? Каржыны кайдан табасыздар?

 

- Украинда чыныгы элдик майдан болгон жок. Ал жерде биринчи тарабы Орусиянын, экинчи жагынан Евросоюз менен АКШнын талашы орун алды. Мындан ким жабыр тартты: мамлекет жана жарандар. Себеби, Украинанын мамлекеттүүлүгү бузулду, элдин ынтымагы кетти. Бизде мына ушундай майдан эч качан болбойт. Бизде, Украинадан айырмаланып, эки ыңкылапты тең эл жасаган. Карапайым адамдар өзү бийликти кулаткан. Мындан кийин да ошондой болот. Мен ачык айтып коюшум керек: бүгүнкү күндө ким болбосун башка жактын акчасын алып, мамлекеттин бүтүндүүлүгүнө жана элдин ынтымагына доо кетире турган акция уюштургусу келсе, ага биринчи болуп мен каршы чыгам. Анткени, журтубуздун биримдиги, эл ынтымагы, жерибиздин бүтүндүгүнөн ыйык эч нерсе жок. Оппозициянын арасынан кимде ушундай ой чыкса, аксакалы катары мен ага жол бербейм. Буга чейинки эки ыңкылап учурунда да ушундай сунуштар болгон. Биз жол берген жокпуз. Эгерде Украинада улуттук кызыкчылык орун алган саясий акция болсо, анда өйдөдө санаган ыйыктыктар бузулмак эмес. Бул кырдаалдан ким утту? Албетте, Путин утту. Мен Путинди ушул аракети үчүн Россия тарыхындагы 4 эң улуу журт башчыларынын катарына кошкум келет: Грозный, Петр биринчи, Сталин жана Путин. Себеби, Россияны улуу мамлекетке дал ушул адамдар айландырышты. Путин жерине жер кошту, б.а. советтик башкаруу учурунда Украинага өтүп кеткен жерин кайтарып алууга жетишти. Путин мына ушул саясатында кыйшайбай туруп бергендиктен, өз элинин абсолюттук колдоосуна татыды. Компартиясы да, Либерал-демократтары да, буряты, да , чукчасы да, айтор, баары азыр Путинди улуу президент катары колдошууда. Сталинден кийин журт атасы (“отец всех народов”) наамына эч ким жеткен эмес, мына бүгүн Путин ага татыктуу болуп турат. Ар бир мамлекет башчысы да ушул Путиндей болушу керек. Мен муну Россияны же Путинди колдогон үчүн эмес, факт иретинде айтып атам. Мына ошого салыштырмалуу Атамбаевди биз кантип мыкты президент атай алабыз? Үзөңгү-Куушту, Каркыраны кайтарса, “Кумтөрдү” эл кызыкчылыгына иштетсе, Атамбаев тарыхта калмак, бүт эл колдомок. Мунун ордуна ошол чындыкты айтып чыккан өз элин камап жатса, андан кантип жакшы президент чыксын?! Бүгүнкү кыргыз бийлиги чындыкты билет. Акаев, Бакиевдин жолуна түшүп алганын сезет. Ошондуктан, “коркконго кош көрүнөт” болуп, каршы чыккандын баарын боктоо менен күн кечирип жатышат. Чынында бийликтин таяна турганы деле жок, эртең кыйын күн башына түшсө, же оппозиция катуураак чабуул койсо Атамбаевдин жанында ким калат? Данияр Нарынбаевиби? Же ун олигархы Турсунбековубу? Же Текебаевби? Бакиевдин бийлиги күчтүү болгон, анын жети бир тууганы, эки баласы жана азыркы КСДПдан миң эсе алдуу “Ак Жол” партиясы болгон. Ошого карабастан кулады. А азыркы бийлик эмне? Түртүп койсоң кулачу деңгээлде. КСДПга таянып атат, анда эч ким калбады. Чыныгы КСДПчылар көчөдө менин жанымда жүрүшөт. Ошондуктан, элдин үнүн угуш керек. Улуттук оппозициялык кыймыл азырынча өз программабызды айта элекпиз. Кандай акцияларды уюштура тургандыгыбыз да белгисиз. Эч нерсе боло электе кыйкырып жатышканы – өз жанын сактоонун эле аракети.

 

- Садыр Жапаров курултай уюштуруу аракети менен жүрүп жатат. Аны эмнеге колдобой атасыздар? Себеби, ал деле “Кумтөр” маселесин көтөрүп чыгып жатпайбы?

 

- Биздин оппозициялык кыймылдын катуу ички тартиби бар. Алдын-ала, өз программабызды жарыяламайынча, эч кимге, эч кандай акцияларга катышпай тургандыгыбызды жарыялаганбыз. А бирок, чындап авторитаризмге каршы туруп, эл байлыгын кайтарууну көздөгөн мекенчил күчтөрдү колдойбуз. Болбой калган курултайдын маани-маңызы түшүнүктүү. Мындайды басып өткөнбүз. Биз да ошондуктан шамал кайсы жактан согуп жатканын билебиз. Оппозицияны тартып, башаламандык уюштуруп, чоң күчкө айлантпай таратып жиберүүгө бийлик кызыкдар. Андайдан сактанып туруубуз зарыл. Биз азыр бардык күчтөр менен сүйлөшүп жатабыз. Ошол эле Садыр Жапаров менен да биригүү тууралуу сөз жүрүүдө. Биз бир күчкө айлансак гана максатыбызга жетебиз. Оппозициялык кыймыл өз талаптарын сөзсүз билдирет. Аны аткарбаса, анан башка чаралар болот. Украинанын майданына окшоп айлап жата бербейбиз. Эки күндө бүтүрүп, үчүнчү күнү жумушка чыгышыбыз зарыл. Оштогу улуттар аралык кагылышууда да эки күндө бүтүрүп, үчүнчү күндө чайлашып, жарашуу процесси башталган. Ошол жол менен кетебиз.

 

Келдибековго тагылган айыптын бири да далилденбейт

 

- Сиз камактагы депутат Ахматбек Келдибековдун да жактоочусу болуп саналасыз. Абакта жаткан эл уулунун абалы кандай? Ага тагылган айыптар далилдендиби?

 

- Бүгүнкү күндө Ахматбек Келдибеков оорусу кайра күчөп кеткендигине байланыштуу кайрадан ооруканага которулду. Өзү бир нече оор операцияларды башынан кечирсе, ошого карабастан бийликтин айдактамасы менен ар кандай кысым көрсөтүшүп, улам ордун которуп жатышса, тергөөчүсү кайра-кайра башын оорутуп келе берсе, А.Келдибеков эмес, башка адамдын да нерви чыдабайт го. Дарыгерлер башында айтышкан: “Оор операция жасалды, ага калыбына келтирүү процедуралары керек”,- дешип. Укпай, УКМКнын аскер госпиталына алып барып алышкан. Ал жерде ыңгайлуу да кысым жасаганга. Жыйытыгында, өнөкөт оорусу күч алды. Же атайылап ден-соолугунан ажыраткылары келип жатабы, саясаттан чыгаруу максатында? Айтор, Келдибековдун саламаттыгына байланыштуу эч кандай тергөө иштери жүргөн эмес. Тергөөчүлөр да тергөө ишин бүткөн-бүтпөгөнүн так айтыша элек. Экинчи жагынан, абалдын ушундай болуп тургандыгы өздөрүнө пайдалуу, Келдибековго эмес. Себеби, ага тагылган айыптарды миң жерди казышпасын, далилдей алышпайт. Мына Келдибековдун Жогорку Кеңештин төрагасы катары ишмердүүлүгү боюнча козголгон кылмыш ишин алалы. Москвада атайын өкүлчүлүк ачуу маселесин Жогорку Кеңеш жалпы жыйында кабыл алган. Ал мыйзамга президент Отунбаева кол коюп, өкмөт башчы Атамбаев акча которгон. Келдибековдон кийин азыркы спикер А.Жээнбековдун тушунда да өкүлчүлүк иштеп, акча которулуп турган. Ошончо адам ак болуп, жалгыз Келдибеков күнөөлүүбү? Эгер чын эле мыйзам бузулса Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков жана мыйзамды колдогон 60тан ашуун депутаттын баарын жоопкерчиликке тартыш керек. Экинчи Соцфонддогу ишин алсак, ал фирма менен Келдибеков кеткенден кийинки жетекчилер да иштешкен. Каражаттын көбү Келдибековдон кийинки төрайым Лаврованын тушунда которулуптур. Эмнеге анда Лаврованы да кошо жоопкерчиликке тартышпайт? Айтор, билген адам Келдибеков жөн гана саясий туткун болуп абакта кармалып жатканын түшүнөт.

 

Мен бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнө каршы эмесмин. Бул революциянын талабы. Бийлик чыныгы жеп-ичкичтерди жазаласын. Бөлүнгөн кредиттерди бөлүп жеген, завод-фабрикаларды итбеке менчиктеп алган адамдарды камасын. Ал болбосо, “свежий” пример Азиз Батукаевдин качырылышы. Башкы прокурор баш болуп ага адвокат болуп алышты го. Министрлер узатып чыгышты. Муну уюшкан мамлекеттик деңггэлдеги коррупция деп атасак жарашат. Же болбосо морадёрчулук боюнча иш эмнеге токтоп калды? “Ата-Мекенчилер” чындап таза болбосо Рысалиевге эле асыла бербей, соттон талап кылышпайбы, “мына комиссия иликтеди, карагыла, биз акпыз”,- деп. Сот аркылуу тазаланып алса болот да. Жок, анткенден коркушат. Мына ушуга окшогон коррупция фактыларына көңүл бура баштаса билет элек, чыныгы күрөш жүрүп жаткандыгын. А азыр эмнеге туш болдук? Ким сындап чыкса, ошону коррупционер атап камаш керек. А.Келдибеков “Кыргызгаздын” 1 долларга сатылышына каршы турду. Убакты өтөт, Келдибековдун айтканы далилденет, бул чыныгы коррупция. Аны сатаардан мурда “Кыргызгазды” ким 20 миллион доллар карызга олтургузганын иликтеп чыгышпайбы. Буга бийликтин эрки жеткен жок, жең ичинен жаап коюшту. Акаевдин тушунда Үзөңгү-Кууштун сатылып жатканын айтып чыккан Бекназаров камалган, Бакиев болсо Максимдин жеп-ичкенин ачыкка чыгарган Исаковду камады. Бирок, убакыт-сааты келгенде биз айтып чыккандар далилденди го. Ошол сыяктуу, азыр Ахматбек Келдибеков козгоп жаткан маселелер өз чындыгын табат.

 

“Аксыга күн сайын барсам да, шейит кеткен баатырлардын ордун толтура албайм”

 

- Аксы окуясынын быйылкы 12 жылдыгында КТРК адатынча Сизди боктоду. Сиз үчүн күрөшкө чыккан аксылыктардын жашоосу менен Бекназаровдун хансарайдагы турмушун сүрөттөштү. “Аксылыктардын арты менен байып алды, а ал байкуштарга жардам берген жок”,- дегендей саясат жыттанат. Сизге нааразы болгондорду сүйлөтүштү. Буга кандай жооп айтасыз?

 

- Аксынын эли бүгүн мени каргаса да, тилдесе да, урушса да мен көтөрүүгө милдеттүүмүн. Бийликтин же менин материалдык жардамым - алардын жапжаш кезинде ажыраган өмүрлүк жарынын бир күндүк үйүндө жүргөнүнө же болбосо атасын билбей чоңойгон уул-кыздын аталык бир күндүк мээримине татыбайт. Ошондуктан, мен жөнүндө эмне сөз айтпасын мен ага чыдайм, көтөрөм, тескерисинче өмүр бою таазим этем. Бекназаров Аксыга күн сайын барса да шейит кеткен баатырлардын ордун толтура албайт. Алардын кайгысы өмүр бойлук, кандай дебесин, баары туура. Мен болгону, “Бекназаров карабай кетти”,- деген сасык саясатты Аксы окуясы башталганда иритип-чиритип эфирге чыгарып жүргөн Абдил Сегизбаевдин азыр улантып жатканына капамын. Союз кезинде курган үйүмө менин сүрөтүмдү чаптап алып, ошондо эле Абдил Сегизбаев чыгарткан. Атамбаевдин тушунда да ошол эле Абдил Сегизбаев ошол эле үйүмө сүрөтүмдү чаптап алып жамандап атат. Андан көрө КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаев жаңыраак бирдеңке таап, жаңыча шыбаса капа болбойт элем.

 

- Маек соңунда кыргыз элине кандай каалоо-тилек айтаар элеңиз?

 

- Биз эки революцияны эмнеге жасадык? Өз укугубузду коргоп чыктык. Авторитаризмге каршы турдук. Кыргыздын кен байлыктарынын өзүбүзгө иштеши үчүн баш көтөргөнбүз. Тилекке каршы, мына ошол улуу эл толкуну менен келген эки бийлик тең берген убадаларынын өтөөсүнө чыга албады. Эл өзүнчө бөлүнүп калды, а жогору жактагы төбөлдөр эл байлыгын каалашынча калчашууда. Ошондуктан, мени жаман көрөсүздөрбү, жакшылык каалайсыздарбы, мен өмүр бою ушундай диктатурага каршы күрөшөм. Ооба, бийликти колдоп, бизди “эл бузар” атаган эксперти, бизнесмени, чиновниги көп. Мен ушуларга айтаар элем, чындык ким тарапта болбосун, бул күрөштө бири-бирибизди душман көрбөйлү. Кимибиздики туура чыгат, аны калк жана тарых таразалап алат. Баасын берет. Дагы бир белгилеп кете турган нерсе – Кыргызстанда жаңы социалдык катмар пайда болду. Бул кошоматчылар классы. Булар кайсы бийлик болбосун колугуна кирип алып, иритет. Биз ошолорду аныктай билүүбүз эп. Эл өзү да билиши керек: туура эмес саясатын айткан кошоматчылар элге көп пайда алып келип жатабы же чындык айткан патриотторбу? Кыргызстанда ыңкылап болсо да ошондой кошоматчылардын айынан болот. А бирок, мен ыңкылап болушун каалабайм. Бизге жандүнө ыңкылабы керек. Элдин көзү ачылып, кимдин-ким экенин аныктап ала тургандай күн келсе, өзгөрүү болот.

 

Маектешкен

Нургазы Анаркулов

Булак: “Майдан.kg”, №12 (141), 02.04.2014-ж.