Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1616

Изилдөөлөр жана турмуш далилдегендей традициялуу коомдордо, ийгиликтерге алып барчу өзгөрүүлөр, жаңылыктар дайыма кыйынчылыктар, аябагандай чоң коомдук каршылыктар менен келет. Ал эми коом канчалык өнүккөн, прогрессивдүү болсо да замандын талабына жараша тез өзгөрүүлөрдү кабыл алчу механизмдерди даярдай албаса, анда ал коом өнүкпөй калат же болбосо талкаланат.  Бул нерсе улутка, мамлекетке, жеке адамга баарына бирдей тиешелүү. Турмушта бир гана нерсе туруктуу, ал өзгөрүүлөр...

 

Борбордук Азия Х кылымда цивилизациянын борбору болгон. Астрономия, математика, медицина, илим, улуттар аралык толеранттуулук болуп көрбөгөндөй өнүккөн. Биринчи мектептер, илимий изилдөөлөр пайда болгон. Билимдүү адамдар Европаны артта калган регион катары карашчу. Ал убактагы мамлекет башчыларынын көбү канчалык өктөм саясат жүргүзсө да илимге дээрлик бардыгы көңүл буруп, шарт түзүп беришкен.

 

Ушундай чөйрө гана Абу Али Ибн Синаны жарата алмак. Кичинесинен куранды жатка билген Авиценна ошону менен бирге эле математикага, адабиятка, астрономияга, философияга да аябай кызыккан. Бирок ал үчүн баарынан маанилүү илим жана анын сүйгөн профессиясы медицина болгон. Биздин заманыбыздан 1000 деген жылдар мурда жашаган Авиценна, адамды дарылоодо илимий медицинага, тажрыйбага таянып, бизге 500 го жакын илимий, изилдөөлөрдү, адабий чыгармаларды жазып калтырган.

 

Авиценна канчалык авторитеттуу адам, өз заманындагы эң улуу илимпоз жана дарыгер болсо дагы медицина тармагында эн маанилүү бир кемчилиги болгон. Ал адамдын ички органдарын өз көзү менен көрүп, операция жасаган эмес. Бул анын врач катарында эн чоң кемчилиги эле. Бирок эч ким аны бул "кемчилиги" үчүн эч убакта күнөөлөй алган жок. Анткени ал убактагы коом буга даяр эмес эле, ал мезгил адамдын денесин кескендерди диний көз караш боюнча өлүм жазасына буюрган мезгил болгон.  Мен башында жазгандай Авиценна ислам динин дагы терең билген инсан болгон.

 

Авиценнанын ал "кемчилигин", анын Европадан келген шакирттери оңдоду. Алар өз өмүрлөрүн тобокелге салып, дүйнөдө биринчилерден болуп адамдын ички органдарын изилдөөнү үйрөнүштү. Адамга биринчи жолу операция жасалды.  Албетте шакирттер ал илимди жана тажрыйбаны өз мекендери Европага алып кетишти. Ал убактагы коомдун жанылыктарга даяр эместигинен, андан ары өнүгүү механизмдеринин жоктугунан улам медицинанын борбору Борбордук Азиядан Европага көчтү.

 

Сөзүмдүн акырында Француз жазуучусу, Нобель сыйлыгынын ээси Андре Жиддин сөзүн бир аз бурмалап мындай деп айтаар элем, "жаңы жайлоо табуу үчүн, жок дегенде эски конуштан алыстоого туура келет". Эгер адам, улут, уюм жана мамлекет көрүнүктүү ийгиликтерге жетем десе, анда сөзсүз жаңылыктарга, өзгөрүүгө, эски менен кош айтышууга жана тобокелге даяр болушу керек.

 

Равшан Жээнбеков,

Жогорку Кеңештин депутаты

Булак: "Майдан.kg"