Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 5170
Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун камакка алынгандыгына дээрлик төрт айдын жүзү болду. Тергөөнүн кандайча жүрүп жаткандыгын, А.Келдибековго карата күч органдарынын көрсөтүп жаткан кылык-жоруктарын саресепке алсак, эл депутатын азыркы бийлик бир гана максатта – саясий аренадан алыстатып, сындыруу үчүн гана коомчулуктан алыстатканы даана билинет. Буга кечээ күнү А.Келдибековдун жактоочусу Татьяна Чильникинанын айтып бергендери да күбө.
 
Өз сөзүндө депутаттын жактоочусу кылмыш ишин козгоодон баштап, тергөөнүн жүрүшүнө чейин мыйзамсыздык үстөмдүүлүк кылганын белгиледи. “Сот органдары да депутаттын баш коргоо чарасын карап жатканда бул мыйзамсыздыктарга маани берген жок. Үстүртөн эле карап, буйрукты аткарып жатышты. А.Келдибековго карата үч кылмыш иши козголгон. Ошонун алкагында жайбаракат изилдөө жүргүзүп, чын-бышыгына чыгышса эч ким каршы болмок эмес. Бирок, тергөө тобу мыйзамды бузуу менен, кылмыш иштеринин ичинен А.Келдибековго тийешелүү материалдарды өз алдынча бөлүп алды. Булардын негизинде Башкы прокурор дагы үч кылмыш ишин козгогон. Жыйынтыгында, тергөөчү азыр 6 кылмыш ишин иликтеп жатат, башкача айтканда, бир факты боюнча эки иш бар, бул мыйзамсыздык. Демек, кылмыш иши мыйзамсыз козголуп, бөлүнүп, тергелип жатса, чогулткан материалдарынын баары мыйзамсыз болуп калат”,- деди Чильникина.
 
Депутат Келдибековду кармоо, камакка алуу да мыйзамдарды бузуу менен жүргүзүлгөнүнө Чильникина басым жасады: “Депутатты үч учурда гана кармаганга укутары бар: ал кылмыш жасап жаткан жеринен кармалса, кийимдеринде кылмыштын тактары болсо же күбөлөр аны көрсөтүшсө. Мунун бири да жок. А тергөөчүлөр кайдагы тантырак нерсени жазып алыптыр. Ошого карабастан сот депутаттын кармалганын мыйзамдуу таап, баш коргоо чарасын чече койгон. Биринчи эле соттук олтурумда тергөөчү А.Келдибековду камакка алуу зарылдыгын “өкүмдү аткаруу” зарылдыгы менен түшүндүргөн. Кайсы өкүм? Камакка алынган соң, демек, баары башынан белгилүү да, өкүм Келдибековдун пайдасына чыкпайт экен. Аны актаган болсо, актоо өкүмүн аткаруунун зарылдыгы болбой калат эмеспи. Ушундай тантыраган тергөөчүнүн түшүндүрмөсүн да сот туура таап жатпайбы. Мындан улам, Келдибековду толук кандуу жана объективдүү тергөө жүргүзүү үчүн эмес, “өкүмдү аткаруу” максатында камакка алышканы окуучуга да маалым болуп турат. Тергөөгө үмүт артып кереги жок, баары бир жактуу, адам укугун бузуу менен баратат”.
 
Учурда Ахматбек Келдибеков шаардагы №4-ооруканадан Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын аскер-медициналык мекемесине которулду. Эсиңиздерде болсо, А.Келдибековго буга чейин үч жолу операция жасалган. Дарыгерлер Келдибековду толук кандуу дарылоосун бүтүрүү үчүн ден-соолугун калтырыбына келтирүү курортторуна жатышын билдиришкен. Бирок, Башкы прокуратурада иштегендерде адамдык сапат, жүрөк калбай калса керек, МУККнын медициналык мекемесине которуу менен чектелди. Мына ошондуктан да, учурда, жактоочу Т.Чильникина УКМКнын медициналык мекемесинин жетекчилигине “Келдибековду абак шартында кармоого мүмкүнбү?”,- деген арыз менен кайрылды. Жооп келе элек. “Келдибековду курортто дарылоо боюнча профессордун аныктамасын тергөөчүлөр тескери түшүнүп атышат. Качып кете тургандай мамиле жасашууда. Бирок, ал эч качан качпай тургандыгын айтып келатпайбы. Профессордун айтканына караганда, ар бир оорулуу адамга операциядан кийин калыбына келтирүү сөзсүз жасала турган нерсе. Антпесе, адам майып болуп калышы мүмкүн. Мени ушул жагдай ойлонтууда”,- дейт жактоочу.
 
Басма сөз жыйынында адвокат Чильникина А.Келдибековдун оор операцияны башынан кечиргенине карабастан, күч менен ооруканадан чыгарып кетүү аракеттери бир топ жолу орун алганын эскертти. Дүйшөмбү, 3-мартта да тергөөчүлөр келип, дагы үч эпизод боюнча жаңы айып тагууга аракет жасашкан. Бирок, дарыгерлер буга жол беришкен эмес. Себеби, оорулууга тынчтык аба-суудай зарыл.
 
Учурда абакта жаткан Келдибековго карата козголгон кылмыш иштер тууралуу биз буга чейин да жазганбыз. Окурмандын эсине аларды дагы бир ирет салып өтөбүз:
 
Биринчиси, А.Келдибековду Социалдык фонддун төрагасы болуп турган учурунда “Ротак” фирмасы менен мыйзамсыз келишим түзүп, мамлекетке ири суммада зыян келтиргендиги айтылды. Бирок, Соцфонддун А.Келдибековдон кийинки төрагаларынын ошол эле фирма менен иштеп келгендиги тууралуу эмнегедир эч ким ооз ачпайт. Андан тышкары, А.Келдибековду аталган фирма боюнча келишимдердин биринде да колу жок. Адилеттүүлүк үчүн айта кете турган нерсе, Келдибековдун тушунда Соцфонд жакшы эле көтөрүлгөн. Ага чейин пенсия, пособиелер 3-4 айлап кечиктирилип, ун, кумшекер, туз, май, консерваланган бадыраңдар менен берилип келгени дайын. Келдибеков бул кенемтени жаап, социалдык төлөмдөр өз учурунда, акчалай түрүндө бериле баштаган. Карызы жоюлуп, киреше менен чыгып турчу.
 
Экинчиси, Салык кызматын жетектеп турганда А.Келдибеков мыйзамды биринчи коюп, Максим Бакиевдин буйруктарын аткарбай койгондо ушул кылмыш иштерин козготкон. Мына ошол Максимден калган кылмыш ишин азыркы бийлик колдонуп жаткан учуру. Аталган кылмыш иштери канча ирет тергелип, далилденбей, жабылган. “Бизнес партнер” фирмасын мыйзамсыз салык чогултууда ортомчу кылып киргизгенин айтып жатышпайбы. Кеп ыктыярдуу патент салыгы боюнча жүрүп жатат. Аталган фирманын салык төлөөчүлөргө кызмат көрсөтүүсү мыйзамга да шайкеш келерин муну иликтеп чыккан Башкы прокуратура учурунда белгилеген. “Бизнес партнер” иш алып барган 2009-жылы 2008-жылга салыштырмалуу “Дордой” базарынан 116 миллион сом, “Аламүдүн” базарынан 3 миллион сомго, жалпы Свердлов району боюнча 125 миллион сом көп салык чогултулганын белгилеп кетүүгө тийишпиз. Келдибековдун Салык кызматын жетектеп турган учурундагы кылмыш иштери канча ирет тергелбесин, эч кандай мыйзам бузуу табылган эмес. Дал ошондуктан, азыр да Башкы прокуратура бул жерден жеңилип чыгуусу турган иш, албетте күчкө салышпаса...
 
Үчүнчүсү, Жогорку Кеңештин Россиядагы атайын өкүлчүлүгүн ачуу маселесин Эсеп палатасы кылдат текшерип, эч кандай мыйзам бузуу таппагандыгы белгилүү. Аталган өкүлчүлүктү ачууга өз макулдугун 80 депутат парламенттин жыйынында беришкен. Ага каражат бюджеттен каралган, өлкө башчысы, өкмөт колдогон.
 
Өткөн жумада “Жаңы Ордо” гезитине берген маегинде А.Келдибеков андан конкретүү бир фактылар же документтердин негизинде айып тагып, тергөө иши жүргүзүлбөгөндүгүн билдирди. Анын айтымында, козголгон кылмыш иштери боюнча далил жок болгондуктан, эптеп, сотко өткөзүп, арыдан-бери тагдырын чече салгылары келишүүдө. “Мен өзүмдүн ак экениме ишенем, ошон үчүн эч кайда качпайм. Анткени, менин өз элиме дагы көп иштерди аткарып берем деген асыл ойлорум бар... Менин күнөөм жок. Кыргызстанда бюджетти билген, финансылык тармакты билген он адам болсо, ошолордун бири катары өзүмдү эсептеймин. Ошол катарга кирбеген адамдар келип алып, “ушул жерде күнөө кетирген”,- деп менин күнөөмдү далилдеп жатканы өкүнүчтүү. Булардын максаты –менин эркимди сындыруу. Ал максатына жетишкен жок. Тескерисинче, абакта олтуруп, кайратыма- кайрат кошулуп, кыйла чыйралдым, эрктүүрөөк болуп калдым”,- дейт Ахматбек Келдибеков.
 
Азыркы сөз ушундай. Саясий туткундардын кийинки тагдыры кандай болорун тарыхтан жакшы билебиз. Абакта саясий куугунтуктун айынан жатып, чыккандан кийин мамлекетин жетектеп, гүлдөткөн өлкө башчылары болгон. А.Келдибеков да айтып жатпайбы, элине дагы кызмат кылгысы келип турганын. Кейибесин, себеби, ал күн да жакын...
 
Аэлита Сатындиева
Булак: “Майдан.kg” гезити, №08 (137), 05.03.2014-ж.