Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 5779
Кыргыз оппозициясынын лидери Равшан Жээнбеков качкын украин президенти Янукович менен КР президенти Атамбаевдин окшош жактарын тизмектеди
 
Өткөн жумада депутат Ө.Абдырахманов чет элдик ММКларга Янукович менен Бакиевдин окшоштуктары жөнүндө маек берип, минтип айтыптыр: “У них много общего. Оба хозяйственники, а не политики. Оба своих сыновей хорошо устроили. Оба не образованы. Оба не понимают, что такое демократические ценности и управление. Оба любят жить в роскоши.... Короче,  “все дураки мира  похожи, а каждый умный умный по-своему”, если перефразировать  Толстого. Кстати, и наш нынешний президент не очень далек от них..."

Мен, жогоруда айтылгандай, Бакиевден алыс кетпеген президент Атамбаевдин Кыргызстаны менен Януковичтин Украинасынын окшоштуктары жөнүндө айткым келет...
 
Президенттер бейнеси
 
Президент В. Янукович 64, ал эми А.Атамбаев 58 жашта. Экөө тең советтик, эски көз караштагы, авторитардык башкаруучулар. Янукович 2010-жылы, Атамбаев 2011-жылы демократиялык шайлоо аркылуу, Кремлдин түздөн-түз колдоосу менен президент болуп шайланышкан.
 
Жалпысынан көз караштары, турмуштук позициялары, башкаруу стилдери деле Кремлге жакын. Президент катары кенен жашаганды жакшы көрүшөт, атайын аларды тейлеген, миллиондогон доллар бюджети бар президенттин иш башкармалыгы, 10 чакты машинадан турган кортеж, мамлекеттин аларды тейлеген самолеттору, 1000ге жакын жан сакчылары жана өлкөлөрүнүн эң кооз жерлеринде жайгашкан, мамлекеттин бюджетинин эсебинен кармалган, бир топ президенттик резиденциялары бар. Жашоо-турмушу салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржыланат.
 
Саясий режим жана абал
 
Эки мамлекетте тен мурда парламенттик-президенттик башкаруу формасы болгон, бирок акыркы жылдары күчтүү президенттик башкаруу формасы орноду. Эки мамлекеттин президенти тең мамлекетти башкарууда авторитардык жолго басым жасайт. Маанилүү, өкмөт, парламент, сот системасы, укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик сыяктуу институттар президенттердин көзөмөлүндө жана ага толугу менен баш ийет. Саясий атаандаштык эки мамлекетте тең анча мынча бар болгону менен, президенттер андайды күйүп-бышып колдошпойт. Негизинен, бардык маанилүү кызмат орундарына айткандарынан чыкпаган, өз адамдарын коюшат. Эки өлкөнүн тең премьер-министрлери: советтик көз караштагы Н.Азаров менен Ж.Сатыбалдиев, президенттеринин уруксаты жок эшектин тушоосун да чече албаган парламенттеринин төрагалары: Региондор партиясынын мүчөсү В.Рыбак менен КСДПнын мүчөсү А.Жээнбековдор дагы куюп койгондой окшош.
 
Мүнөздөрү...
 
Украинада Батыш-Чыгыш регионалдык бөлүнүү күчтүү болсо, Кыргызстанда Түндүк-Түштүк бөлүнүүсү күч алып турат. Янукович өз убагындагы жана жанындагылардын коррупциясы менен күрөшө албай, өткөн замандагы коррупция менен күрөшүп, өзүнүн саясий опонентин, мурдагы премьер-министр Ю.Тимошенкону түрмөгө тыкса, Атамбаев деле өз убагындагы, тегерегиндеги коррупцияга алы жетпей, өткөн замандагы коррупция менен күрөшүп, саясий атаандаштарын куугунтуктоодо. Атайын кызматтар, прокуратура, эки президенттин тең саясий оппоненттерин куугунтукка алуудагы негизги курал болуп эсептелет.
 
Эки президенттин тең авторитеттүү, сыйлаган мугалими - В.Путин. Сый гана эмес, бирөөсү “Евросоюзга кетем”, экинчиси “я закаленный”,- деп кыйшаңдагандары менен, экөө тең мугалиминен аябагандай коркот. Ага бат-бат жолугуп турушат, бирөөсү биротоло көчүп барды...
 
Эки мамлекетте тең күчтүү оппозиция жана тарыхында кулчулукту башынан өткөрбөгөн, эркиндикти сүйгөн, чектен чыккан  хандарды жана президенттерди убагы келгенде кууп чыгууга жарактуу улуту бар.
Эки мамлекетте тең криминалдын ролу мамлекетте, бийлик тепкичинде аябай чон.
 
Экономика
 
Украина дагы, Кыргызстан дагы банкрот абалда. Янукович евроинтеграциядан баш тартып, Россия менен 15 млрд. долларга келишим түзүп, анын 3 млрд.ын алып эптеп айлык акы, пенсия берсе, биз өткөн жылы 500 млн доллар карыз алып, бюджеттин чыгаша бөлүгүн жаптык. Бюджеттик дефицитти жабуу учун алынуучу кымбат коммерциялык кредиттер, сомдун кунунун кетиши, баалардын кымбатташы, салыктардын жыйналбай жатканы бул жылкы абалды дагы оорлотот.

Эки мамлекет тең газ, нефть, банк тармактарын, ГЭСтерин “Газпром”, “Роснефть”, “Сбербанкка” менчикке берген. Негизги инвестор эки мамлекетте тең Россия. Эки мамлекеттин тең экономомикасы Россиянын экономикасына аябагандай интеграцияланган, ошондуктан бир Россиянын экономикалык кыйынчылыгы эки мамлекеттин экономикасына аябай чоң терс таасирин берет.
 
Эки мамлекетке тең Кытайдын ролу дагы маанилүү. Өткөн жылы Янукович Кытай менен, 15 млрд. долларлык, ал эми Атамбаев 1 млрд. долларлык инвестициялык келишимдерге кол коюшту.
 
Янукович дагы, Атамбаев дагы мамлекеттеринде эч кандай экономикалык реформаларды жасай алган жок.  Керек болсо, дүйнөдөгү коррупциянын деңгээлин изилдеген эл аралык Transparency International уюмунун, 2013 -жылкы рейтинги боюнча 177 мамлекеттин ичинен Украина 144-орунду, Кыргызстан 150-орунду ээлеп бир катарда турат.
 
Тышкы саясат
 
Эки президент тең көп векторлуу тышкы саясаттан баш тартып,  негизинен, бир векторлуу, Кремлдин көзүн караган саясатты жүргүзүшөт.
 
Эки мамлекет тең чон державалардын геосаясий кызыкчылыктары кесилишкен аймакта жайгашкан. Украина ЕБ менен Россиянын, Кыргызстан андан дагы татаал Россия-Кытай-ЕБтин.
 
Эки президент тең демократ лидерлерге караганда диктатор лидерлерге жакын.
 
Бул фактылар - жакынкы убактарда, Кыргызстанда дагы Украинадагы болгон окуялардын кайталануу мүмкүнчүлүгү жогору экенин жана экономикада бизди чоң кыйынчылыктар күтуп жатканын көрсөтүп турат. Бирок, экинчи жагынан мен айтаар элем, баары бийликтин эффективдүүлүгүнө, акылмандыгына байланыштуу болот.
 
Равшан Жээнбеков,
Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты
 
Булак: “Майдан.kg” гезити, №08 (137), 05.03.2014-ж.