“Эл үнү” коомдук-саясий кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаровдун эксклюзивдүү маеги
 
- Азимбек Анаркулович, 15-январдагы Саруу айылында өткөн курултайдан “үкөлөрүңүзгө” “таарынып” келдиңиз эле. Себеби эмнеде?
 
- 15-январда Сарууда өткөн жыйын бүтөрү менен бир топ аксакал, көксакалдар мени тегеректеп учурашып калды. Арасынан бирөө: “... Азимбек, үкөлөрүңө эмне болгон? Бийлик бирине бирин душман кылып коюп, четинен жайлап жатат го үкөлөрүңдү. Сарууга Ташиев сөзсүз келет деди эле, келбеди. Мадумаровуң КТРден көрүндү, дүжүр болуп калыптыр. Келдибеков камалгандан кийин үнү өчүп баратат, Оштун “атаманы” Мырзакматов болсо өйдө-ылдый сүйлөп жүрүп, бүгүн шайланбай калды. Бирин-бири колдогондой түрү жок, Мадумаровдун сөзүнө караганда,”- десе болобу.
 
Мен айттым: “Аксакал, кыргызда “сыныктан башкасы баары жугуштуу” деген сөз бар, үкөлөрүм көлдөгү саясатчы аваларымдан үйрөнүштү да, кантип кызматка жетишти, кызматта калышты, наамдарды алышты, дүжүр болушту, кожоюнга жагынышты,”- дедим. “Ава, 2000-жылдары Масалиев, Садырбаев, Исаков деген акелерим баш болуп, Үзөңгү-Кууш, Каркыра, Хан-Теңири деп чыркырасак, “эл бузар”, “тополоңчу” атка кондук, Түпкө келип келип таш, жумурткага кабылдык. 2009-жылы Атамбаевди президент кылабыз деп келип, Топчукем (Тургуналиев) экөөбүз Саруу айылына киргизилбей Дархандан артка куулдук. “Кумтөрдү” Б.Бирштейнге бербейм деп Н.Исанов акем табышмактуу кырсыкка учураса, “Кумтөр” маселесин парламентте көтөргөнү үчүн Ташиев, Мамытов үкөлөрүм депутаттыгынан айрылышып, соттолушту. Келдибеков үкөм соттолгону турат. Анан ушуларды билип туруп, Мадумаров үкөм кантип “дүжүр” болбосун? Ава өзүңүздүн Көлдүн “мыктылары” кайда? Кубандан (Кадыров) башканы көрбөдүм го. Мен билгенден мурда деле Б.Акунов, Малиевден башка Көлдүн мыктылары Үзөңгү-Кууш, Каркыра, Хан-Теңири, Үркүн, “Кумтөр” маселелеринде ар дайым бийлик тарабында болушкан. Бүгүн деле ошондой, эгер Атамбаев жыйынга келем десе, Акматов, Мамакеев, Сааданбеков, Чынгышев аксакалдардан тартып бүгүнкү Жекшеев, Мамытов, Иманкожоевалардан бери келишет эле, туурабы аксакал?” – десем, “Ооба, ооба, туура Азимбек. Бирок, Каркыраны Бакиев менен Мадумаров берген казактарга,”- деди. Мен: “... Көлдүн саясатчыларынын активдүү колдоосу жана көлдүктөрдүн унчукпай макул болгону менен,”– деп күлдүм. Алар да “туура” дегендей баштарын ийкегилеп, күлүштү. Бирок, алардын сөзүндө “үкөлөрүң кана?” дегенинде ачуу чындык бар эле. Ошого таарынгам. Эми ачуум тарады, “үкөлөрдүмдүн” кимиси-ким экенин, эл өзү деле баалап жатат.
 
- Саруу айылында өткөн курултай өз максатына жеттиби?
 
- Саруу айылындагы Курултай өткөн жылы Жалал-Абад шаарында өткөн Элдик курултайдын уландысы. Жалал-Абад курултайында “Кумтөр”, “саясий куугунтуктар” жөнүндө бийликке сунуш айтылса, Саруу айылында өткөн Курултайда азыркы бийлик “Кумтөрдү” кыргыз элинин пайдасына эч качан чечпей тургандыгына, “Кумтөр” маселесин көтөргөн адамдар мурдагыдай эле саясий куугунтукка кабыларына, азыркы кыргыз бийлиги “Центерра Голддун” адвокаттары болуп калышканы, “Кумтөр” боюнча мурда Акаев, Бакиевдер түзүп кеткен коррупциялык схеманы сактап калуу боюнча аракеттенип жатканы тууралуу бүтүм чыгарылды. Эң башкысы, ушундай бийлик менен күрөшүүнүн жаңы этабы старт алып, штабы түзүлүп, күрөшүүнүн иш пландары иштелип чыгарылары жөнүндө чечим кабыл алынды. Штаб башчысы да шайланды. Иш пландар жакында жарыяланат.
 
- Сиз ар дайым айтасыз, Кыргызстанда улуттук дэңгээлдеги оппозиция жок деп. Эгерде ошондой оппозиция жок болсо, бийлик менен “Кумтөр” үчүн ким күрөшөт?
 
- Ооба, 2014-жылга чейин андай оппозиция түптөлбөдү. Бирок, “Эл үнү” саясий оппозициялык кыймылы түзүлдү, аракеттенип жатат. Ө.Суваналиевдин кыймылы жарыяланды, өз аракеттерин жүргүзүүдө. Жайында А.Жекшенкулов, С.Жапаровдор Соң-Көлдө дагы бир аракет кылышты. Барскоон айылы “Кумтөр” үчүн катуу чыгышты, азыр Саруу айылы, аны колдошкон жаштар айлап бийлик менен тирешип турат. Парламентте “Ата-Журт” фракциясы, И.Исаков, Б.Мамырова, Р.Жээнбеков, Ж.Жолдошева, Ө.Абдрахмановго окшогон бир топ патриот депутаттардын айныбас элдик оппозицияда экенин эл билип калды. “Ата-Мекен” да каршы. Булар жана башка аталбаган саясий күчтөрдүн оппозициялык аракеттери бирдиктүү бир фронт менен жүргүзүлгөн жок. “Эл үнү” кыймылынын аракети ишке ашпады. Бардык оппозициялык күчтөрдүн башын бириктирүү аракеттери жыл бою жүргүзүлүп келди. Бир фронт менен чыгууга Саруу айылындагы элдик жыйын алгачкы кадам болду. Буйруса жазга дейре улуттук деңгээлдеги оппозиция өз идеясы, программасы, конкреттүү иш пландары менен жалпы элге таанылат. Негизинен “Кумтөр” үчүн кыргыздар күрөшөт.
 
- Сарууда өткөн жыйындан кийин айрым массалык маалымат каражаттары Сизди кайрадан”тополоңчу ” деп каралай баштады. Буга эмне дейсиз? Чын эле элге тополоңдун кереги барбы?
 
- Биринчиден эч ким “тополоң” кылуу үчүн гана саясатта жүрбөйт. Элге эмес ар бир инсанга да, үй-бүлөгө да, ошол оппозицияда жүргөндөргө да тополоңдун кереги жок. Мен Акаевдин заманында А.Масалиев, Д.Садырбаев, А.Мадумаров, И.Кадырбеков сыяктуу саясатчылар менен бирге “тополоңчу”, “эл бузар”, “кандуу депутат” аталып келгем. Бакиевдин мезгилинде ушул эле жарлыктар Атамбаев, Отунбаева, Исаков, Тургуналиев, Текебаев ж.б. саясатчылар менен кошо тагылып, ал түгүл Алайда, Ошто, Ысык-Көлдө бийликтин уюштурган ОБОНдор аркылуу таш бараңда калып, андан да жаман ачуу сөздөрдү укканбыз. Эми Атамбаевдин заманында да ошол эле жарлыктар, аракеттер кайталанууда.2005-жылдын март айында эл Акаевди кууп, жаңы бийликтен жаңы акыйкат заман күткөн. Бирок, көп өтпөй “Акаев Бакиевге гана алмашыптыр, заман өзгөрүлгөн жок,”- деп эл нааразы болуп, жыйынтыгында 2010-жылдын апрель айында экинчи элдик революция болду. Бийликти Атамбаев ээледи. Азыр “Бакиев кетип, эмне өзгөрдү? Баягы эле авторитардык режим, саясий куугунтук, коррупция, эч нерсе өзгөрүлбөдү” деген нааразы эл күндөн-күнгө көпчүлүктү түзүүдө. “Бириксек, өзгөртөбүз” деген лозунгубуз унутулду. Элди шылдыңдаган, басмырлаган сөздөр бийликтин оозунан көп чыгууда. Ушундай жагдайда мен мурдагыдай эле бийлик тарабынан “тополоңчу” аталып жатсам, анда мен мурдагы бойдон эле өз позициямдан тайбаган, өзгөрүлбөгөн, туура жолдо экенмин да. Бийлик тарабынан “тополоңчу” аталгандан коркпойм, азыркы бийлик тарабынан макталгандан корком.
 
Үч жыл мурда Отунбаева тарабынан “Манас” ордени берилгенде: “Эмнебизге орден алабыз, эч нерсе өзгөрүлбөй туруп...” – деп орденди албай койсом, бир топ ММКлар “Манасты” чангандай “Бекназаров ким болуп калыптыр” – деп жазышты эле. Ошол ММКлар эми “Манасты” алгандардан “Эмнеге алдыңар эле?” – деп сурашпайбы. Мен бийлик тарабынан “тополоңчу” аталсам, элге “тополоң” салгандан эмес, бийликтерге тынчтык, жашоо бербей, алардын “былыктарын” тике, түз айтып, элдик жыйындарда ар дайым эл тарабында болуп, “тополоң” салганым үчүн айтышат. “Балык” же “дүжүр” болуш колдон келбейт, себеби мен кыргызмын. Кыргыздын байлыгы тар чөйрөдө уурдалып жатса, жерибиз четинен коңшуларга кертилип, өз жерибизде бөтөндөрдөн кем болуп жүрсөк, эл башындагылар кыргыз эместердин (Батукаев, “Центерра Голд”) чет элдиктердин адвокаты болуп жүрүшсө, ооз ачкан, калыс сүйлөгөн мыктыларыбыз бийлик эшигин сагалаган, шыпыргандар тарабынан куугунтукталып, камалып жатса, ушуларды көрүп, билип туруп, айрымдарга окшоп КТРден “дүжүр” болуп көрүнгөндөн көрө КТР тарабынан “тополоңчу” болуп “шыбалганым” өйдө.
 
- Сиз ар дайым оппозициянын башында болосуз, аны уюштурасыз, эки революцияны уюштурдуңуз, башында жүрдүңүз. Чын-чынында Бакиевди да, Атамбаевди да бийликке алып келгендердин бирисиз. Кара жумушту Сиз жасарыңызды эл билет, анан жеңишке келгенде алты ай өтпөй четте каласыз. Мунун сыры эмнеде?
 
- Илгертен батыш ойчулдары, саясатчылары (Бисмарк, К.Маркс ж.б.) революция, анын адамдары, максаты, жеңиши жөнүндө талашсыз акыйкат пикирлерин айтып кетишкен. “Революцияны ойчул-генийлер ойлоп чыгышат, фанат-патриоттор ишке ашырат, шылуун, шумпайлар үзүрүн көрөт” – кыязында.
 
Ак сөз. Кыргыз революцияларынын баатырлары деле бул ак, так айтылган аныктама экенине ишенишет деп ойлойм. 2005-жылы Март революциясынан кийин алты айга жеткирбей Бакиевдер, азыр да Атамбаев мени “тополоңчу”, “эл душманы” катары өздөрүнүн командасына кошпогонунун себебин жогоруда айттык окшойт. Оппозицияда жүрүп, анан бийликке келгенде көп адамдар мурдагы позициясынан тайып, өзгөрөт экен. А мен болсо, өзүм өзгөрүлбөй, өз позициямдан кайтпай, коомду, өлкөнү, заманды өзгөртсөм дейм, аракет жасайм. Жыйынтыгында мен четте “тополоңчу” катары кала берем, мени четтеткендер мурдагы бийликтин жолу менен мурдагылардай эле мурдагылар менен бийлик жүргүзүшөт. Мен мурдагыдай “тополоңчу” катары кайра саясий күрөшкө чыгам, мени четтеткендер, чет өлкөгө качышат. Мүмкүн мени Кудай колдоп, алардан четтетер. Азыр күнү-түнү ойлоном, Кудайдан тилеп жүрөм, эмки күрөштө элдин жеңишин шумпайларга тарттырып жибербей, революциянын максаттарын толук ишке ашырсак, Кыргызстан революциянын эмес, реформалардын мекенине айланса, бийликке жаш, таза, жаңы адамдар келип, өлкөдө адамдын диктатурасы эмес, мыйзамдын диктатурасын орнотушса, саясатта чөнтөгү бай адамдар эмес, жан дүйнөсү бай, жаңы саясий элита пайда болсо, алар кыргыз көчүн демократиялык жол менен алдыга баштаса, алар өлкөнү эле эмес, кыргыз элинин да жан-дүйнөсүн өзгөртсө, мен ага күбө болсом деп.
 
Кыргыздар сөзсүз өз максатына жетет, бир үй-бүлөнүн, жеке адамдын же тар чөйрөнүн кулу бобойт, андай болсо биз Манастын урпактары болбой калабыз.
 
Оппозиция демекчи, азыр кыргыз коомчулугунда оппозиция десе, аны бийликке жетүү үчүн аянттай сезгендер көп. Айрым оппозиционермин дегендердин “душманы” экинчи бир оппозиционер. Алардын ичинде жөн эле гезит бетине бийликти сындап, жамандап, интервью берип “бизнеске” айланткандар да бар. Кээ бирлери “саясатка аралашсам, депутат болсом”,- деп эле, түшүнбөй оппозицияга кирип алгандар да жок эмес.
Мен А.Масалиев, Т.Тургуналиев, Д.Садырбаевге окшогондор менен Акаевдин оппозициясында да болдум. Отунбаева, Исаков, Атамбаев, Текебаевдер менен бирге Бакиевдин оппозиционери да болдум. Бүгүн тийип-качып, маал-маал Атамбаевди сынга алышкан, бирок, биротоло Атамбаевдин режимине каршы туруктуу оппозицияны түзө элек оппозиционерлер менен да байланышым бар.
 
Биринчи жана экинчи оппозиция тобу саясий күрөштө Акаев, Бакиевди жеңдик. Бирок, оппозиция мезгилиндеги максаттарыбызды ишке ашыра алган жокпуз.
 
Ушул үч топтогу оппозицияны салыштырып, анализдеп олтуруп, оппозиция деле расмий бийлик өкүлдөрү сыяктуу саясий, моралдык жактан жылдан-жылга майдаланып бараткандай сезилет мага.
 
Азыркы “оппозициядамын” дегендердин көпчүлүгү эмне үчүн, ким менен оппозицияда болорун билбейт. Ошондуктан тез эле “сынышууда”. Алардын көпчүлүгүнүн оппозицияда болушу жеке таарынычтан, жеке амбициядан пайда болуп, аймактык (айылдык) же партиялык деңгээлде. Бирок, күндөн-күнгө сыналып, эленип, туруктуу оппозиция түзүлгөнү турат. Кыргызстанда оппозицияда болуу – бул бийлик тарабынан өзүн эле эмес, үй-бүлөң, урук-тууганың, дос-санаалаштарың менен куугунтукта калуу, иштен алынып же ишке алынбоо, бизнесиңди, байлыгыңды тарттыруу, жамандалып, каралануу, ак жерден камакка алынып, соттолуу, “тополоңчу”, “ичкич-жегич”, “эл бузар” ж.б. атка калуу.
 
Ушуларга кайыл болуп, чыдап, мекен, улут, келечек үчүн күрөштө экениңди эл билгенде, баалаганда гана сага ишенип, улуу күрөштө эл ээрчийт. “Жүрө-жүрө көч түзөлөт”,- дейт. Азыркы оппозиция да сыналууда, түзөлүүдө, күчтөнүүдө, көбөйүүдө. Болгону кыргыз элим ким оппозиционер – ким оппозиция терисин кийип жүргөндөр экенин ажырата билсе дегим келет. Чыныгы оппозиция “тополоңчу”, “эл бузарлар” эмес, мамлекет деген машинаны мас болуп айдап бараткан бийликтин – МАИси. Оокатчыл, өзүмчүл, бай саясатчылар эч качан оппозицияда болушпайт. Алар “коон бышканда” пайда болуп, бийликке ким келсе да, эшигинде кызмат кыла берет. Ушундан эле чыныгы оппозиционер ким экенине баа берсек болот.
 
- Азыркы бийликтин кетирип жаткан башкы кемчиликтери кайсылар?
 
- Эң башкысы бүгүнкү бийлик Конституция менен иштебей, партиялык кызыкчылыктар менен иштеп, жашап жатканы. Партиялык жана жеке кызыкчылыктар үчүн Конституция бузулуп, Конституцияга каршы мыйзамдар, Президенттин жарлыктары, коалициялык келишимдер аракетте болуп, жыйынтыгында азыр бир адамдын – Президенттин авторитардык режими орноду.
 
Мисал келтирейин: Президенттин ыйгарым укуктары  жазылган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64 беренесин окуп көргүлө:
 
- Президенттин тышкы саясатка киришкене укугу барбы? Жок. Ага андай укукту Конституцияны бузуп, Парламент атайын мыйзам менен берди.
 
- Президенттин кандайдыр бир мамлекеттик орган, болгондо да “карателдик” орган түзгөнгө укугу барбы? Албетте жок! Президент өзүнө гана баш ийген Коррупцияга каршы кызматты өз Указы менен түзүп алды. Бул Конституцияга каршы түзүлгөн орган.
 
- Президент Өкмөттүн түзүмүнө кирген мамлекеттик органды, өзүнө өз Указы менен алганга укугу барбы? Албетте жок. Президент чек ара кызматын өз Указы менен Өкмөттөн (ГКНБнын) чыгарып, өзүнө каратып алды!
Мындай фактылар санай берсе көп. Муну укуктук мамлекетте узурпация катары баалап, өзгөчө оор кылмыш катары эсептейт.
 
Баткендеги, Сары-Жаздагы чек-арадагы жаңжал, кемчилдиктер үчүн Президент жоопкерчиликти мойнуна алабы? Же АКСтин козгогон кылмыш иштери Конституцияга ылайык келбейт, анткени АКС антиконституционный орган деп Конституциялык Палата чечим чыгарса, канчалаган адамдардын бузулган укуктары үчүн Президент жоопкерчиликти мойнуна алабы? Ай ким билет?
 
Эгер мен айткандарга ишенбегендер болсо, Конституциянын 64-беренесин окугула деп кеңеш берем. Ал жерде ”Президент ушул беренеде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктан сырткары ушул Конституцияда көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктарга ээ”,- деп жазылган. Мыйзамдарда, Указдарда көрсөтүлгөн укуктарга ээ деп көрсөтүлбөгөн. Ошентип, Президенттин (64-б), Жогорку Кеңештин (74-б) ыйгарым укуктары Конституция менен гана чектелет.
 
Ал эми, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Конституцияда жана мыйзамдарда көрсөтүлгөн ыйгарым укукка ээ болору аныкталган (88-б).
 
Бийликтин дагы бир кемчилиги Конституциядагы кемчилдиктерди оңдоп, өзгөртүп, конституциялык реформаларды жүргүзбөгөнү болду. 2010-жылдын июнь айында жалпы элдик референдумда шашылыш, оор, өзгөчө кырдаалда кабыл алынган Конституцияда мүчүлүштүктөр жана реалдуу коомдун өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү жоболор ийкемдүү болбой калган. Парламент учурдун талабына ылайык “2020-жылга чейин” Конституция өзгөрүлбөйт деген жобону кайра референдумга алып чыгып, өзгөртүүсү керек эле. Бүгүн Конституция өзгөртүлүүгө муктаж. Эмне үчүн?
 
Мисалы, 100% партиялык тизме менен Жогорку Кеңеш куралат деген жобо кыргыз менталитетине туура эмес экенин турмуш далилдеди. Шайлоочулардын элегине депутат боло турган адам эмес, адамдардын узун тизмеси түшүп, элдин өкүлү болгон депутат, кайсы бир партиянын лидеринин гана элегинен өтүп, анын гана өкүлү болуп калганын азыркы парламенттеги депутаттар далилдеди.
 
Менин жеке пикиримче, Жогорку Кеңеш көп мандаттуу регионалдык округдардан шайланган, эки электен: биринчиси, партиялык электен, экинчиси, шайлоочулардын элегинен өткөн депутаттардан куралса туура болчудай. Кайсы бир көп мандаттуу регионалдык шайлоо округдардан депутат шайлатуу үчүн кайсы бир партия ошол округдан реалдуу өтө турган кадыр-барктуу адам издейт, ал адам кайсы бир партиянын талапкери катары ал округда партиянын программа, платформасын агитациялайт. Ошентип, бир эле учурда кайсы бир аймактык шайлоо округунун шайлоочуларынын элегине адам жана партия түшөт. Ошондо Жогорку Кеңештин депутаты өзү шайланган округдун эли жана өзүн колдогон партия үчүн иштейт. Дагы бир мисал, Кыргызстандын эли 23 жылдын ичинде 20га чукул Конституциялык реформаларды башынан өткөргөнү менен бир да жолу “Кандай мамлекетте жашагың келет, башкаруунун кандай түрүн колдойсуң?” – деген жөнөкөй суроого жооп бере элек. Жүздөгөн беренелер менен элдин добушуна коюлган Конституцияны жөнөкөй адамдар эмес, илимпоз адамдарыбыз да жеткиликтүү түшүнбөйт.
 
Конституциябыз “батыштын” купулуна толгон мыйзам болгон менен, өз элибиздин купулуна толо элек. Себеби, жогоруда айткандай, биз элибизден “өлкөнү ким башкарсын, кандай өлкөдө жашагың келет” – деген жөнөкөй, бирок, башкы маселени сурай элекпиз. Мен 2011-жылдын жазында Атамбаев менен жолукканда ага айттым: “... Досум, пешенеңе жазган экен, Президент болдуң, эми жакшы Президент катары тарыхта калам десең, Убактылуу Өкмөт баштаган реформаларды улант, жакшы Президент жасаган реформалары менен тарыхта калат. Конституция чийки болуп калды, Жогорку Кеңеш менен бирге өзгөрткүлө, оңдогула, Конституция тууралу эл арасында, саясатчылар арасында талаш пикирлер көп. “Сен башкаруунун кайсы түрүн колдойсуң:
- Президенттикпи
- Парламенттикпи
- Аралашпы” - деп суроо коюп, референдумга чыгарууну колго албайсыңбы? Анан эл кайсынысын жактырса, ошого жараша Конституцияны Жогорку Кеңеш өзгөртсүн. 2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз деп көгөрсөк, үчүнчү революцияга алып келиши мүмкүн, биз ага жеткирбей, эволюциялык жол менен реформаларды жасоону баштайлы. Экинчиси досум, дос катары эскертерим: Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, айрыкча сот бийлигине сук артпа, бардык бийликти өзүм алам деп жүрүп, Акаев, Бакиевдер эмне болду, тескерисинче сен үлгү бол “ар кимиң Конституциядагы ыйгарым укугуңду өзүң аткар, жоопкерчилигин өзүңөр алгыла, өз алдынча иштегиле, Конституция, мыйзамды так аткаралы” – десем, ал: “Эмне Конституцияны өзгөртүш керек дейсиңби?” – деди. Мен: “Ооба, эгер эл башкаруунун Президенттик түрүн тандаса, анда АКШнын Президенти сыяктуу Президент мамлекет жана Өкмөт башчы болсун, жоопкерчиликти жеке өзү тартат, Өкмөт башчы болбойт. Эгер эл Парламенттик башкарууну тандаса, Биз Германиянын Канцлери сыяктуу бүт бийликти Премьер-министр алсын, аны шайлоодо утуп келген партия аныктасын, Президентти Жогорку Кеңеш шайласын, эл эмес. А бизде азыр Президентти да, Жогорку Кеңешти да жалпы эл шайлап, кош бийлик болуп жатат, экөө тең бизди (мени) эл шайлаган дейт. Анан акырындап Президент иш жүзүндө реалдуу бийликке ээ болуп, баарын чечет, бирок, эч нерсеге жооп бербейт. 22 жылдан бери ушундай. Ушуларга чекит койгон киши катары тарыхта калбайсыңбы,” – дедим. Ал: “ойлоноюн,”- деген. Бүгүн ал Конституцияда ыйгарым укугу чектелүү, саналуу экенине карабай, 100% реалдуу бийликке ээ болду. Бирок, Конституция боюнча эч нерсеге жооп бербейт. Азыр мен толук ишендим, Атамбаев эч кандай реформаларга барбашына (ылайым мен жаңылайын), тескерисинче, парламентаризмди сындырды, Кыргызстанга Кокон Хандыгын орнотту. Бийликтин үчүнчү башкы кемчилиги: Жогорку Кеңеш, Президент, Өкмөт бийликти бири-бирине топтогон “компрматериалдар” менен шантаж, мажбурлоо, соодалашуу менен жүргүзүп жатканы. Мамлекеттик бардык саясат “сен мага тийбе, тийсең муну көтөрүп чыгарам, сен муну аткар, болбосо муну айтам, мындай болосуң” – дегендей аксиома менен жүргүзүлүп, чечилип жаткандай. Негизинен коомчулуктун көзөмөлүндө турган “Кумтөр”, “Батукаев”, “Мародерчулук” ушул үч маселе тең парламенттик, мамлекеттик комиссиялар менен аныкталган тарыхый документ, эртеби кечпи юридикалык баасын алат дечи, бирок, ушул үч фактор бүгүн бийликти кармап турган факторлорго айланганы мамлекеттин эле эмес, улуттун да намысын кетирип турат.
Мен азыркы бийликтин саясий куугунтуктарды уюштуруп жатканын, коррупция менен күрөшүүнү жөн эле коомчулукту алаксытуу үчүн “тандап алуу” ыкмасы менен жүргүзүлүп жатканын, сот адилеттигин, тергөө иштерин жүргүзүүдө мыйзамсыздык жол берилип, “заказной”, “адрестүү”, “ар түрдүүлүк” ыкмалар менен ишке ашыруусу кадыресе көрүнүшкө айланганын, айрыкча Аткаруу бийлиги – Өкмөттүн үч күйөөсү бар аялдай (Президент, Жогорку Кеңеш, Фракция лидерлери) кимисине көбүрөөк жагынаарын билбей “жүдөп” жүргөнүн айтпай эле коёюн.
 
- Мыйзамдардын “тандап алуу” ыкмасы менен колдонушуна мисал келтиресизби?
 
- Мен бир эле кылмыш ишин айтайын. Депутаттар Ташиевдин, Жапаровдун, Мамытовдун ж.б. үстүнөн козголгон кылмыш иши. Ушул иш башынан аягына чейин мыйзамсыз жана “тандап алуу”, “ар түрдүүлүк” ыкмалары менен жүргүзүлдү. “Депутаттарга Башкы прокурор гана кылмыш иш козгойт”, “өзгөчө оор кылмыштардан сырткары депутаттар Жогорку Кеңешин макулдугу менен жоопко тартылат”, “мыйзам алдында баары бирдей” деген конституциялык жоболор бузулду. Мисалы, аларга Башкы прокурор кылмыш иш козгогон жок, аларга анчалык оор эмес кылмыштар менен айыбы угузулуп, сот аны өндүрүшкө кабыл алды, Ташиев менен Ак үйдүн кароосуна кирген ондогон адамдарга административдик мыйзам иштеп (майда хулиганчылык), ал эми, Ташиев, Мамытов жана дагы үч адамга өзгөчө оор айып угузулду, митинг аяктагандан кийин үйүнө кеткен Кожоналиев акталат, ошондой эле, кабинетине кеткен Жапаров соттолот. Же Келдибековдун иши боюнча, коллегиалдуу Жогорку Кеңештин чечими үчүн жалгыз Келдибеков жоопко тартылат, добуш берген депутаттар, акча каражатын тапкан Өкмөт, мыйзамга кол койгон Президент жоопко тартылбайт, экинчи иши боюнча Соцфонддун акчасын которду деп жалгыз Келдибеков жоопко тартылат, ошондой эле, акчаларды которушкан башкалар жоопко тартылбайт, мына мисал.
 
- Жакында Конституциялык палата “кызматтык кылмыштар боюнча Башкы прокуратура гана кылмыш ишин козгош, тергеш керек, башка тергөө органдары кызматтык кылмыштарды тергегени Конституцияга ылайык келбейт” – деди, туурабы, оюңуз кандай?
 
- Алар айткан Конституциянын жобосун мен киргизгем 2010-жылы. Эмне үчүн дегенде, ошол учурда Башкы прокуратура тарабынан гана чиновниктерге кылмыш иши козголуп, бир нече объектилер улутташтырылган. Башка органдар тарабынан андай иштер салыштырмалуу жокко эсе эле. Конституциянын долбоорунда прокуратура органдарына кылмыш ишин козгоо, тергөө иштерин жүргүзүү укугу берилбеген экен.
 
Мен Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө түшүндүрүп, “эгерде ушул долбоор менен Конституция кабыл алынса, прокуратура тарабынан козголгон Бакиевдерге, анын жакындарына, улутташтырылып жаткан объектилер ж.б. иштердин тагдыры эмне болот?” – десем, алар түшүнүшүп, мени колдоп, кызматтык кылмыштар боюнча иш козгоо, тергөө жүргүзүү прокуратура органдарына берилсин деп, Конституциялык деңгээлде чечилген. Мен айттым: “Милиция негизинен коомдук тартип, ГКНБ ички, сырткы чалгындоо, терроризм менен иш алып барышсын, прокуратура илгертен кызматтык кылмыштарды тергеген, ошол эле милициянын, ГКНБнын кызматкерлери да кызмат адамдары болушат, ошондуктан негизги мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү орган катары прокуратурага бергенибиз оң”,- дегем.
 
Бирок, жогоруда айткандай, мыйзамдарды 2010-жылы кабыл алынган Конституцияга ылайык келтирүүнүн ордуна Жогорку Кеңеш Конституцияга каршы мыйзамдарды кабыл алышпадыбы. “Кызматтык кылмыштар” Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык Кодексинин 30-главасында бекитилген. Ушул глава толугу менен прокуратура органдарына караштуу деп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык Кодексинин тийиштүү жоболоруна, айрыкча, 163-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизип, Конституцияга ылайык келтириш керек болчу. Конституциялык палатанын бул чечими туура деп эсептейм. Бирок, ушул эле Жогорку Кеңеш Конституциялык палатанын судьяларын шайлап жатканда Конституциянын талаптарын одоно бузуп, айрымдарын жаштык куракка чейин (туура), айрымдарын 7 жылга (туура эмес) шайлап , Конституциялык палатанын курамы канчалык деңгээлде Конституцияга ылайык шайланганына доо келтирген.
 
Азыр Конситуциялык палатанын өзүнө ушул маселе боюнча кайрылса, кандай чечим кабыл алар экен, бу да кызык маселе. АКСтин түзүлүшү, Чек ара кызматынын президенттин карамагына өтүшү, тышкы саясаттын президентке берилиши, райондун акимдерине талапкерлерди премьер-министрдин көрсөтүшү ж.б. Конституцияга каршы ондогон мыйзамдар бар. Мен Конституциялык палатага алкыш айтам. Дүйнө жүзү боюнча соттор гана мыйзам боюнча иштеп, мыйзам боюнча чечим чыгарат, саясатка аралашпайт, эч кимге көз каранды эмес, чыгарган чечими бардык мамлекеттик, коомдук уюмдар, жеке адамдар үчүн милдеттүү аткарылыш керек, чыгарган чечим үчүн эч кимге отчет бербейт, куугунтукта калбайт. Бирок, тилекке каршы, бизде соттор андай эмес.
 
- Улутташтырылган объектилердин тагдыры эмне болду? Эмне үчүн улутташтыруу Сиз кеткенде эле токтоп калат? Себеби эмнеде?
 
-Алардын тагдырын толук билбейм. Бирок, “Бишкек ликер-арак заводу” СДПКга, “БНК” “Ата-Мекенге”, “Мегаком” СДПК менен Республикага, “Аврора плюс”, “Аврора-грин”, “Каприз”, “Солнышко”, “Витязь” ж.б. Ысык-Көл облусттук администрациясы менен Президенттин Иш башкармалыгына өткөнүн гезиттерден окуп калам. Өкмөт бирок ачык-айкын отчет бере элек. Чет элден карыз сурагандан көрө азыркы бийлик улутташтыруу саясатын улантыш керек эле. Милиарддаган акча түшмөк. 2005-ж., 2010-ж. тең улутташтыруу менин демилгем менен башталды, мен кеткенде токтоду. Мен душман күтөм, улутташтырылган объектилердин үзүрүн башкалар көрөт. Бул факт. Себеби, “прихватизаторлор” менен бийлик тил табышып алат.
 
- Өткөндө Өкмөт башчысы Сатыбалдиев: “Центерра” 2013-жылы таза 145 млн. доллар киреше алды, бизге тийгени 14 млн. болду” – деди уялбай, бул аянычтуу фактыны эмне үчүн айтты дейсиз?
 
-  Бул эч качан жашыра албай турган ачуу факты, “Кумтөр” кенин иштеткен күндөн бери Кыргызстандын бардык энчиси “Камеко” менен “Центерранын” бир жылдык таза кирешесине жетпейт. Сатыбалдиев таза кирешени гана айтты. Жалпы кирешени же өндүрүлгөн алтындын өлчөмүн айткан жок. Күмүш, башка баалуу заттарды дегеле айтышпайт. Биз улутташтырган бир эле “Мегаком” “Кумтөргө” караганда бир нече эсе көп киреше берет бизге, эч кандай экологиялык зыян келтирбей эле. Кыргызстандын эң чоң инвестору чынында менмин. Өлкөнү эч кандай зыянга, карызга отургузбай эле канчалаган объектилерди, акчаларды кайтарууга демилгечи болдум. Акыйкаттык үчүн эсептеп, айткан адам жок. “Манас” аэропортундагы АКШнын аба базасынын самолетторунун учуп-конгону үчүн “Кумтөрдөн” бир нече эсе көп акча түшчү эле, чыгарарда ойлонуш керек эле, азыр да кеч эмес.
 
- Президент жакында айрым адамдарга сыйлык, наам берип жатып айтты: “Биз Бажы союзуна киребиз, бир жарым жылда оңолобуз, “Дордой”, “Кара-Суу” базары дебей, айыл чарба продукцясын Россияга алып чыгабыз” – деп. “Коррупция менен күрөшүп жатабыз, ит үрө берет, кербен жүрө берет” – деди. Ити ким, кербени ким деп ойлойсуз?
 
- Президенттин айткан создөрүнүн кереметтүүлүгүн эл жакшы билип калбадыбы. Аны куудулдар да айтып жүрүшөт. “Нарынга барса, нарындыктарды “экологияны, сууну силер булгап жатасыңар”, саруулуктарды “бандит, террорчу”, “Каныкейди куугансыңар” деп таластыктарды күнөөлөп, баатыр энелерди “ОБОНчулар” – деп күнөөлөгөнүн жалпы журтчулук билет. 2009-жылы президент болом деп жүрүп, “Таластын эли жоолук салынып алгыла,”- деп ар бир жыйында айта берип, кийин Таластын элинин берип жиберген жоолугун Б.Шер алып келип өзүнө берген күндөр да болгон.Биринчиден, Бажы союзуна кириш-кирбешти Кыргызстан эли чечиш керек. Украинадагы “Майдандан” сабак албайбы, алар да Евросоюзга же Бажы союзуна киребиз дегенден чыкты да. Экинчиден, Президентке Конституция боюнча мындай маселени чечүү укугу берилген эмес. Бажы союзу деген Россиянын базарына кирүү деген сөз. Россиянын базарындагы баа менен кыргыз эли жашай алабы? Ал үчүн эмгек акы, пенсия, пособие Россияныкындай болушу керек. Азыр мугалимдер менен милициянын көбөйтүлгөн айлыгына акча таппай олтуруп, эмнени айтат? “Дордой”, “Кара-Суу” базары менен Кыргызстандын 30% эли тиричилик кылып жатат. Бажы союзуна кирсек, Эркечтам менен Торугарт постун орустар кайтарат. Кытайдан Кыргызстанга келип жаткан “ширпотребди” алар киргизбейт. Ал эми кыргыздар кытайдын товарларынан 10 эсе кымбат орустардын товарларын ала албайт. Айыл чарба продукциясын кыргыздар Бажы союзуна кирбесе деле, Россияга ээн эркин чыгып сата алат. Мен дагы кайталайм: Бажы союзуна кирүүнү Кыргызстандын эли өзү чечиши керек, Президент аны кааласа элдик референдумга койсун. Бажы союзунда эл тиричилик кылат, президенттер эмес. Ал эми “коррупция менен күрөшүп жатабыз”,- деп саясий оппоненттерин, баш ийбеген анча-мынча депутат-чиновниктерди “сындырып” жатканы кашкайып эле көрүнүп турбайбы. Анча-мынча пара алып жаткандарды же алардын кабинетинен, машиналарынан акча таап алып, эптеп “жасалма көрсөткүч” берүү коррупция менен күрөшүү эмес, “бытовой коррупция” менен күрөшүү болуп саналат жана бул укук коргоо органдарынын бирден-бир милдети.
 
Эгер президент өзү “коррупцияга” каршы мамлекеттик саясат жүргүзсө, анда “Кумтөр” алтын кени боюнча Акаевдин бийлиги тарабынан жаралган, Бакиев тарабынан мыйзамдаштырылган, парламенттик, мамлекеттик комиссиялар аныктаган коррупциялык схеманы сындыруудан баштаса мен ишенмекмин. Тескерисинче аны колдоп, адвокат болуп калбадыбы. “Кумтөр” коррупциясын айткандарды душман көрүп жүрбөйбү. Акаев, Танаевдер Россияда иштеп, жашап жүрүшпөйбү? Алар жөнүндө бир ооз сөз айтпайт. 3-4 катардагы Танаевдин министрлерин, башка чиновниктерди техникалык мүнөздөгү кагаздарга кол койгон үчүн атайын коомчулукту алдоо максатында иш козгомуш болуп, кайра “жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кетиптир” деп кыскартышты. 2005-жылы март революциясынан кийин”Кумтөр” алтын кени боюнча бир нече кылмыш иши козголгон, кийин Бакиевдер токтотуп коюшкан. Танаев ошол иш боюнча азыр да издөөдө жүрөт. Ошол иштер бар үчүн 2010-жылкы апрель революциясынан кийин Акаевдин, Бакиевдин кол тийбестиги “Кумтөр” ж.б. иштери үчүн Убактылуу Өкмөттүн Декрети менен алынган. 2010-жылы 7-апрелде бул иштер Башкы прокуратурадан атайын өрттөлгөн. Анткени, алар билген, ошол иштер жандандырылып жооп беришерин. 2005-жылы козголуп, өндүрүштөн токтотулган “Кумтөргө” байланыштуу өрттөлүп кеткен ишти жандандыруунун ордуна жаңы иш козгоп, анан “чиновниктерди жоопко тартуу мөөнөтү эскирип кетти,”- дешкени дагы Акаев, Бакиевдин “Кумтөр” алтын кени боюнча түзгөн мыйзамсыз келишимин бузбай, оңдоп, түздөп коебуз” – дегени да чыныгы коррупция болот. Бул аракеттери менен булар азыркы бийликтин - Акаев, Бакиев бийлигинен айырмасы жок экендигин далилдешти. Атамбаев үч жылдан бери 2010-жылдык 7-апрелинен кийин козголгон бир топ коррупциялык иштерди тескерисинче токтотуп, жаап-жашырып келе жатат. Батукаевдин, Бакиевдин чыгарылышы - коррупциянын туу чокусу. “Мегаком”, АУБ, КЦШК ж.б. козголгон иштердин токтотулушу коррупция эмей эле эмне, же 7-апрель окуясы боюнча 2010-жылы күзүндө сотко өткөрүлгөн иштин бүткөрүлбөй турганын эмне дейбиз? Убактылуу Өкмөттүн учурунда бул ишке Башкы прокурор, анын орун басарлары өздөрү катышып, айыпты колдогонун жакшы билесиңер. Салянова Башкы прокурор болгондон кийин райондук прокурор да эмес, анын жардамчысы катышып калды. Жүздөй адам шейит болуп, жүздөгөн адам оор жарат алган, президент, өкмөт башчы, министрлер Башкы прокурорлор жоопко тартылган ишке азыркы Башкы прокурордун жасаган мамилеси, Жогорку Кеңеш же президенттин бул иш боюнча ооз ачпаганы көп нерседен кабар берет. Ушубу коррупция менен күрөшүп жатканы?
 
- Сиз “азыркы бийлик эптеп бир нерсе таап камап коет” же “майып кылып салат” деп коркпойсузбу?
 
- Ооба, баарын күтсө болот. Бирок, мен корккудай мамлекеттен завод, фабрика же башка нерселерди “прихватташтырып” алган эмесмин. Бирөөнүн мүлкүн “рейдерчилик” же “морадерчулук” жол менен тартып албасам же Батукаевдей кылып бирөөнү качырбасам, эмнеден корком?! Баарыбыз эле корко берсек, өлкө эмне болот? Кудай берген жанды Кудай алат. Мени Акаев, Бакиевдер “коркута” берип, коркуп бүткөм. Бирок, Атамбаев досум айтат экен: “Мен Акаев, Бакиев эмесмин,”- деп. Башка түшкөндү көрөбүз, көтөрөбүз. Мен “Унчукпай коюуга укугум жок,”- деп Атамбаевге, Жогорку Кеңешке канчалаган кайрылуу, ачык кат жаздым. Ушунун баары аларга жардам берүү максатында болду. Азыр да, “кеч болсо да ойлоноор”,- деп ачуу чындыкты фактылар менен айтып айтып жүрөм. Мурда Акаевдин, Бакиевдин эшигинде жүргөн Сатыбалдиев, Нарынбаев, Оторбаев, Кулматов, Салянова, Карашев, Табалдиев, Жээнбеков же өзүнүн шоферу Атамбаевге чындыкты айтабы? Айта да алышпайт! Ага мен айтпасам, ким айтат? 
 
Маектешкен
Нургазы Анаркулов
Булак: “Майдан.kg” гезити