Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 2234
Жаңы жылдын алгачкы айы Кыргызстанга, айрыкча бийлик төбөлдөрүнө бир топ кыйын эле болууда. 11-январда тажаал тажиктер Баткен тараптан басып кирип, алты жоокерибизди сулата атып, чек ара тууралуу эл аралык нормаларды бузгандыгын моюнга албай, кайра бетибизди тытып, “Кыргыз жоокерлери тажик жерине кирип келип, алгач бизге ок чыгарышты” деп омуроолоп жатканда, “өлгөндүн үстүнө көмгөн” болуп, капталдагы Кытай тараптан уйгур сепаратисттери кол салып, шаштыбызды кетирип койду.
 
Эгер Россия же Казакстан сыяктуу үлкөн өлкөлөргө кошуналары жерине басып кирип, жоокерлерин эликтей атып, элин тебелеп-тепсесе, алар менен кудагыйдай сүйлөшүп отурбай,  эбак эле душмандарынын катыгын берип коймок. Бирок биздикиндей бийлиги мажирөө, коркок, оппозициядан түзүлгөн “ички” душмандан башка жоону билбеген, аскерлери ачка, колунда куралы жок, болсо да огу жок чабал мамлекет үчүн сырттан беш-алты сакалчан кол салса деле бүтүндөй армиябыз дүрбөп калат эмеспизби.
 
Чындыгында чек аралар демаркация, делимитация болуп, тикенек зымдар тосулган, куралчан чек арачылар түнү-күнү көз ирмебей кайтарган кытай тараптагы чептен чак түштө бандиттер кол салат деп эч кимибиз ойлогон эмеспиз. Ким билет, эгер маркум мергенчи Александр Барыкин (жаткан жери жайлуу болсун) байкап калбаганда, 11 уйгур сепаратисти жайбаракат кирип келип, Кыргызстанда бир балакетти баштамак же бул жактагы туугандарына аралашып, жүрө бермек. Дал ушул жагдай же уйгур сепаратисттеринин кандай максат менен чек араны бузуп өткөндүгү азыр көпчүлүгүбүздү бушайман ойго салууда. Анткени алардын жеке планынан тышкары да артында кимдер тургандыгы көбүрөөк суроо жаратууда.
 
Бир караганда чек арачы жоокерлерибиз А.Барыкинди мыкаачылык менен өлтүргөн бандиттерди багынып бербеген соң баарын жок кылып, эрдик жасашты. Тиелекке каршы жогоруда айтылган суроолор жоопсуз бойдон калгандыктан, жок дегенде бир-экөөсүн бутка атып жарадар кылып, ушул суроолордун жообун алсак болмок. Баардык эле согуштарда душманды атып өлтүргөнгө караганда “тил” катары тирүү кармап, андан маалымат алуу жогору бааланат. Бул жагынан биздин чек арачылар бир аз шашылып, чабалдык кылып коюшту окшойт. Анткени баарынан да ошол 11 сепаратисттин Кыргызстанга өлүмдү моюнга алып, башка буюмдарын айтпаганда да кепинин кошо көтөрүп келгендиги өтө табышмактуу болууда.
 
Алгач Кыргызстандагы баардык ызы-чууну Бакиевдерден көргөн айрым “көзү ачыктар” (“Азаттык” радиосу) бул уйгур сепаратисттерин да “Учурда Үрүмчүдө жүргөн Жаныш Бакиев жөнөттү”,- деген жоромол айтып, элдин башын бир топ маң кылып, качан гана Кытай элчилиги андай эместиги тууралуу маалымат берген соң, “отбой” дешти. Андан соң мамлекеттик чек ара аскерлигинин жетекчилиги баш болуп, ар кандай  божомолдорду айтышууда. Бири “Уйгур сепаратисттери Кыргызстанга өтүп келип, террордук актыларды уюштурмак”,- дешсе, дагы башкалары “Кыргызстандан курал-жарак алып кетип, кайра Кытайга барып террорчулук жасамак”,- деген божомолун божурашууда. Кыскасы, жок дегенде бир душманды тирүү калтырып, андан чындыкты билип албагандыктан, ушундай түбү түгөнбөгөн суроолор жаралууда.
 
Ошентип, уйгур сепаратисттери тууралуу биздин бийликтегилер менен серепчилер ар кайсынын башын бир айтып башы маң болуп отурганда Бүткүл дүйнөлүк уйгурлардын конгресси бул окуяга байланыштуу билдирүү таратты. Анда мындай деп айтылат (макаланын мазмунун бузбаш үчүн билдирүү орус тилинде берилгендиктен, ошол боюнча берүүдөбүз) : “Убитые в Кыргызстане нарушители границы, возможно, были беженцами, спасающимися от репрессий. Конгресс выражает озабоченность в связи с формирующейся официальной версией инцидента. Китай имеет тесные отношения с Кыргызстаном через Шанхайскую организацию сотрудничества (ШОС), миссия которой борьба с терроризмом и сепаратизмом. КР остается важным каналом, через который уйгурские беженцы могут избежать репрессий, которым они подвергаются в Восточном Туркестане. Хорошо известно, что китайские власти экспортируют репрессии за рубеж, чтобы обуздать уйгурскую активность и уйгуров, ищущих убежища.
 
Конгресс считает, что «у уйгурских патриотов, борющихся в Китае за свои права и свободу своей родины, нет никаких причин совершать теракты в соседней тюркской республике, где, помимо братского уйгурам кыргызского народа, проживает и достаточно крупная уйгурская община.
 
Конгресс призывает к полному, прозрачному и независимому расследованию инцидента. Наиболее вероятным представляется то, что уйгуры перешли границу Кыргызстана, спасаясь от преследований в Китае, где на уйгурских патриотов давно навесили ярлыки террористов”.
 
Сыягы, уйгурлардын Бүткүл дүйнөлүк конгрессинин бул билдирүүсү чындыкка жакын болушу мүмкүн. Анткени алар өздөрүнүн мүчөлөрүнүн кандай максатты көздөгөндүгүн жакшы билет эмеспи. Ошондуктан бул окуяны көбүртүп-жабыртып, сырттан душман кол салгандыгы тууралуу айтуунун анчалык деле мааниси жок.
 
Баса, ушул жуманын дем алыш күнү Караколдо баатырларча курман болгон А.Барыкиндин сөөгү аскердик сый-урмат менен жерге берилди. Президент тарабынан анын үй-бүлөсүнө 50 миң сом жардам көрсөтүлдү. Андан тышкары “Эрдик” медалы берилери айтылууда. Бул жагынан ал орус улутунан болсо да Кыргызстандын чек арасын баатырларча коргогон мекенчил атуул катары калды. Андан башкаларыбыз үлгү алсак болот...
 
Ж.Касымов
Булак: “Майдан.kg”, №03 (132), 29.01.20140ж.