Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 5835
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров эксклюзивдүү маегинде “Кумтөрдөгү” абал, камактагы депутат А.Келдибеком менен мамилеси, бийликтин келечеги жана Бакиевдер менен байланышкан-байланышпагандыгы тууралуу айтып берди
 
- Садыр мырза, сиздин күтүүсүз өлкөдөн чыгып кеткендигиңиз тууралуу бүгүн да коомчулукта кызуу талкуу жүрүүдө. Анын арасында: инисин шылтоолоп, кайрадан камалып калуу коркунучунан улам өз өлкөсүн таштап чыгып кеткендигиңиз тууралуу версия басымдуулук кылууда. Өз өлкөңүздүн мекенчил уулу экендигиңизди буга чейин көп жолу айткансыз. Сыртка качпай эле, Кыргызстанда туруп бул бийлик менен күрөшкөндөн эмнеге корктуңуз?
 
- Биринчиден, менин инимдин оорусун душманымдын инисине дагы каалабайт элем. Экинчиден, өз өлкөмдөн азып, өзгөнүн өлкөсүндө жүргөнчө өзүмдүн киндик каным таамп, абасын жуткан мекенимде түрмөдө олтурганым жакшы. Мен бул жообумду өткөндө эле "Азаттыкка" дагы бердим. Бирок эмнегедир чыгарбай коюшту. Үчүнчүдөн, инимди мен биринчи жолу Минскиге алып барган жокмун. Буга чейин бир нече жолу алып баргам. Мурдагы жылы эле Сабыр Жумабеков Минскиге жөнөткөн. Көрсө алардын мыйзамдары башкача экен. Өлүм алдында жаткан адам эгер жашап кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, ал адамдын органдарын кезекте турган оорулуу пациенттерге сала беришет экен. Эгер жаран18 ге чыга элек болсо, анда ата-энесинен уруксат алышат. 18ден жогору болсо анда мамлекет өзү кожоюн болуп, эч кимден уруксаты жок эле ички органдарын кезекте тургандарга туура келсе сала беришет экен. Ошондуктан Белоруссияга дүйнө жүзүнөн келип кезекте турушат. Ушуга байланыштуу Сабыр Жумабеков 2 жыл мурда эле ошол жакка жиберип кезекте турганбыз.  Мисалы, Америка, Орусия, Израиль, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөн кезекте тургандар абдан көп экен. Муну мен элибизге маалымат катары айта кетейин дегеним. Ал эми инимдин операциясы болсо тилекке каршы бул өлкөдө болбой калды. Себеби донорлор туура келбей жатат. Кудай буюрса башка жактан жакында операция болот. Бийлик болсо элге Жапаровдор былтыркы жылдын октябрь айынан бери Минскиде качып жаткандай көрсөтүп жатышпайбы. Ал жакка былтыр октябрь айында барып 10 күн текшерилип, “мына операцияга жатабыз”,- дегенде иним каршы чыгып, “Сиздикин албайм, экөөбүз тең инвалид болуп жүргөндөн көрө мен аппаратта жатканым оң”,- деп, караманча каршы туруп алды. Айла жок, дүйнө кыдырып издеп кетүүгө туура келди. Ошондон бери Минскиге бара элекпиз. Телефондон: “донор чыга элекпи?”- деп анда-санда билип коюп жүрөбүз. Кудай жакшылыгын берсе жакында башка жакта операция болобуз.
 
- Азыркы “Кумтөр” алтын кенинин тегерегиндеги абалды талдасак, баары камалып чыккан “ата-журтчу” үч депутаттын айткандарына келип такалууда. Жада калса президент Атамбаев да ошо сиздер айтып жаман көрүнгөн позицияга ыктоодо. Демек, сиздер тууар маселе көтөргөнсүздөр. Мындай учурда, сиздер түз жерден камалып, мандаттан ажырап, жабыр тарткан турбайсыздарбы?
 
- “Кумтөр” маселесин чечүүдө биз көрсөткөн жол элдин пайдасына чечиле турган туура жол. Ал эми Атамбаев баштаган бийликтегилердин жолу - жеке өздөрүнө жана канадалыктардын пайдасына чечиле турган жол. Ал эми биздин мандатыбыздан адилетсиз ажырашыбызды адам эмес “Кумтөрдүн” айланасында жугунду жеп жүргөн айбанаттар деле түшүнүп калды го дейм.
 
- 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча бийлик институттарынын, айрыкча парламенттин, өкмөттүн, президенттин ишмердүүлүгү тууралуу кандай ойлорду айта аласыз?
 
- 2013-жылдагы бийликтин баардык бутактарына “2” деген бааны берсе болот го дейм. Себеби мурдакы бийликти: “мамлекеттик мүлктүн баарын сатып түгөтмөй болдунар, энергияны кымбаттатыңар”,- деп эл кууп чыккан. Бул бийлик алардан ашып кетти. Эч кем калган жок. Маммүлктүн баарын “иштете албайбыз”,- шылтоосун карманып, бүт сатышты. “Иштете албасаңар анда эмне ант берип, кызматка олтурдуңар”,- деп сураган киши жок. Мына эми электр энергиясына болгон бааны дагы жакында көтөрүшөт.
 
- Өлкөдө кырдаал чатак. Буга нааразычылык толкунунун кеңейип бараткандыгы себеп. 15-январда да Сарууда чоң жыйын болуп, катуу талаптар коюлду. Ушунун баары кайрадан бийликтин алмашышына алып келбейби?
 
- Кыргызда жакшы сөз бар: “жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу”,- деген. Анын сыңарындай, саруулуктар жыргаганынан чыгып жатышкан жок. “Кумтөрдүн” кесепетинин басымдуу көпчүлүгү Саруу айылына тийип атат. Мисалы Саруу айылына барып түн ичинде асманга жарык берип көрүңүз. Капкара буу менен, чаңдан башка эч нерсе көрүнбөйт. Мунун баары хвостохранилищеден учкан уулуу заттар. Анан дагы ушул эле Саруу айылында 18 жашка чейинки 45 бала майып болуп төрөлгөн. Ушунун баарын көрүп турган саруулуктар кайра-кайра нааразычылык акцияларына жатышат го дейм. Эгер бул бийлик талаптарын аткарбаса, “Кумтөр” деп күйүп чыгышкан балдарды камактан чыгарышпаса, сөзсүз алмашышына алып келүүсү мүмкүн.
 
- Бийлик коррупцияга каршы күрөш шылтоосу менен жалаң “ата-журтчуларды” камап жатат. Акыркы мисал – Ахматбек Келдибеков. Партиялашыңыздын камалышына чынында негиз бар беле? Анан да айрым маалымат булактары сиздин Келдибеков менен мамилеңиз начардап кеткендигин, дал ошондуктан камактагы досуңузду жакшы колдобой жаткандыгыңызды жазууда...
 
- Келдибеков экөөбүздүн эле эмес, партиялаштарыбыздын көбүнүн арасында пикир келишпестиктер бар. Бирок, ал биздин өзүбүздүн ички маселелерибиз. Убакыт келет, такташып алабыз. Ал эми Келдибековдун камалышы бийликтин түздөн-түз саясий буйрутмасы болду. Мен буга чейин деле айтып келе жатам го. Сөз жок, коррупция менен күрөшүү керек. Мен эки колдоп колдойм. Бирок өз же өзгө деп күрөшкөндөн бул бийлик коррупцияны жоё албайт. Системаны түп-тамырынан өзгөртүш керек. Ошондо гана коррупцияга бөгөт коюуга болот. Бул жөнүндө сөз көп, баары айтылат. Мен өткөндө бул маселе боюнча элге кыскача кайрылуу кылгам. Ошол жерде да айткам. Премьер-министр деген кызмат түп орду менен жоюлушу керек. Ошондо президенттин, премьер-министр менен парламентке жамынып алып жасап жаткан коррупциялык, ичкич-жегичтик иштери токтойт. Ошону менен бирге бир топ коррупциялык системаны дагы талкалап коюуга мүмкүн болот.
 
- Саясаттагы пландарыңыз кандай болот? Мурунку парламенттик жарышта биринчи орунду алган “Ата-Журт” алсырап турат. Ташиев, Мамытов жаан сиз шайлоого катыша албайсыздар. Келдибеков камакта. Бул кырдаалдан чыгуунун жолдорун караштырып жатасыздарбы?
 
- “Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту”,- дейт. Анын сыңарындай, шайлоого чейин дагы 2 жыл бар. Ага чейин дагы эмне болот? Жашай туралычы, анан көрөбүз.
 
- Дагы бир тактоо иретиндеги маселе – Минскиде Бакиевдер менен жолуккандыгыңыз, Ошто Мырзакматов өтпөй калса алардын колдоосунда чоң чыр чыгарууну пландаганыңыздар айтылууда. М.Мырзакматов жеңилди, ошондон улам чочулоолор көп болуп жатат. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
 
- Бул бийликтин кезектеги “өрдөк” эмес, крокодил учурган ушагы болуп турат. Ошто шайлоо болду. Кана Жаныш Бакиев? Кана Мырзакматов? Тынч эле тарап кетишти го. Өткөндө “5-каналдан” дагы “Жаныш Бакиев Үрүмчүдө жатып алып, Жапаров менен Талант Мамытовдун инилеринен акча берип жибериптир”,- деп көрсөтүштү. Бул жерде бийлик эл аралык этиканы дагы унутту. Себеби Кытай мамлекетин күнөөлөп жатпайбы. Кытай мамлекети Жаныш Бакиевди катып алып жардам берип жаткандай айтышпадыбы. Кытай мамлекети менен келишим бар. Эл аралык издөөдө жүргөн адамды биякка эле коелу, эки мамлекеттин ортосунда издөөдө жүргөн адамды Үрүмчүдөн биздин Караколдон алып келгендей эле алып келсе болот. Кытай дагы жашырбайт дароо берет. Атаханов ИИМ министри болуп турганда Кытай жаранын жөн эле өткөрүп бергени эсиңерде болсо керек. А негизи мындай иштерди башпрокурор аткарыш керек эле. Ага карабастан ИИМ министри эле чечип коюп жаткандан кийин кандай келишим бар экенин ойлобой деле койсоңор болот го дейм. Ошол себептен Жаныш Бакиев Кытай мамлекетине таптакыр келиши мүмкүн эмес. Себеби ал Интерполдо издөөдө турат. Бийлик болсо эптеп эле элди Жаныш Бакиев менен коркутуп, өздөрүнүн коррупциялык, уурулук иштерин улантып жатат. Бакиев беш жыл бою бир киши чүчкүрсө да Акаевке шылтап жүрүп, бешинчи жылы качты эле. Булар Бакиевге баарын шылтап олтуруп, акыры болбой калганда беш жылга жетпей, төртүнчү жылында эле кача тургандай болуп турушат. Эл жарылганы араң турат. Себеби, жылыш жок, күндөн-күнгө артка кетип баратабыз. 23 жылда сырткы карызыбыз 2,5 миллиард доллар болгон. Бул бийлик 3 жылда 3,5 миллиард доллар карыз кылды. Эмне деген акмакчылык. Келечекти ойлогон бирөө жок.
 
Маектешкен
Адилет Нуржигитов
Булак: “Майдан.kg”, №02 (131), 22.01.2014-ж.