“Эл үнү” саясий кыймылынын лидери, камактагы Жогорку Кеңештин депутаты А.Келдибековдун адвокаты Азимбек Бекназаров менен маек
 
- Азимбек Анаркулович, депутат Келдибековдун жактоочусу катары айтсаңыз, ага карата козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө кандай жүрүп жатат? Кандайдыр бир эл билбеген жаңы жагдайлар чыккан жокпу?
 
- Ахматбек Келдибековдун кармалганына мына бүгүн жыйырма күндүн жүзү болду. Ушул убакытка чейин бир дагы тергөө амалдары жүргүзүлгөн жок. Же болбосо “тергөө амалдарын жүргүзөбүз”,- деп да адвокаттар тергөөчү тарабынан чакырылбады. Жыйырма күн мурун “шектүү катары сурайбыз”,- дегенде биз адвокаттар өтүнүч келтиргенбиз, үч кылмыш ишин бир өндүрүшкө бириктирүү боюнча. Бул протоколго Келдибеков өзү да кол койгон. Анткени, мыйзамдын талабы ушундай, конкреттүү бир адамга козголгон кылмыш иштери биригиши керек. Бирок ушул убакытка чейин бириктиришкен жок. Өзүңүздөр деле жакшы билесиздер, азыр Ахматбек Келдибековичти бир гана Жогорку Кеңеште спикер кезиндеги жүргүзгөн иштери боюнча камакка алышты, а калган эки иш  ачылган боюнча турат. Кокус Жогорку Соттон Нариман Тулеевдей кылып баш коргоо чарасын өзгөртүп коё турган болсо, анда калган эки иш менен кайра эле шектүү кылып камап коюу вариант менен күтүп отурушат. Келдибековду кылтакка илүү - саясий буйрутма менен пландаштырылган кылмыш иши болгондуктан, баардык варианттары каралып, эске алынган. Дагы бир жолу баса белгилеп айтып кетейин, мына жыйырма күндөн бери үч кылмыш иши бириктирилгени боюнча дагы, же жаңы жагдайлар ачылып тергөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын дагы айтышкан жок. Мына мен кечээ эле Ахматбек Келдибековичке жолугуп чыктым, камалгандан бери адвокаттардан башка эч ким келе элек экен. Учурдан пайдаланып өлкөдө болуп жаткан мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы чыгып жаткан жалпы эле кыргыз калкыма Ахматбек Келдибековдун өзү айткан ыраазычылыгын сөзмө-сөз билдирип коёюн: “Эгерде эл менен жолугуп калсаңыз мени колдоп аткан, мыйзамсыздыкка каршы чыгып аткан жалпы журтума - элиме менин ыраазычылыгымды айта барыңыз, мен алардын моралдык колдоосун, духун сезип жатам. Мен саясий заказ менен караланып, ак жеримен күнөөлүү болуп жаткандыктан, эч убакта сынбайм жана акыры аягына чейин мыйзам чегинде күрөшөм! Мейли мени абакта он жыл кармашсын, мен акыйкаттуулук үчүн болгон күрөшүмдү түрмөдө жатып деле уланта берем. Менин булардын зордук-зомбулугунан корко турган эч кандай күнөөм жок”.
 
- Юрист катары сезсеңиз керек, Келдибековго козголгон кылмыш иштеринин сотко барганда суу кечпей калаарын?
 
- Азыркы бийлик башында турган адамдар комплекстүү бир планды – Ахматбекти саясий аренадан чыгаруу максатын көздөп жатышат. Кылмыш иши деп айта албайм. Эгерде кылмыш иши болсо эмне үчүн ошол мезгилде 2004-жылы, 2007-жылы өз учурунда, жок эле дегенде 2010-жылы козголбойт? Ошондуктан бул жерде “Эмне үчүн?”- деген суроо туулат. Мисалы, 2004-жылы Соцфонддун төрагасы болуп турганда ачылган кылмыш ишин мен өзүм дагы бир сыйра иликтеп көрдүм. “Ротак” менен Соцфонддун башкармалыгынын (правлениясынын) чечиминин негизинде келишим түзүлгөн экен. 2004-жылы ноябрь айында башкармалык чечим кабыл алып атат. Мына ушул чечиминин негизинде декабрь айында келишим түзүлүп атат. Келишимге Келдибеков эмес, Соцфонддун төрагасынын орун басары кол коюп атат. 2005-жылы акчалар котурулуп атат. Анан дагы бул жерде баса белгилеп кетчү жагдай, акчалардын көпчүлүк бөлүгү Лаврованын (Келдибековдон кийин төрага болуп иштеген) убагында которулган. Ошондуктан  Келдибековду жоопко тартардан мурда ошол эле башкармачылыктын мүчөлөрүн, азыркы каржы министри Лаврованы да жоопко тартуу зарыл. Министрликтин мыйзамы боюнча бул жерде башкармалык чечет да. Ал эми төрага, төраганын орун басарлары ал чечимди аткарат.
 
Ал эми экинчи ачылган кылмыш иши боюнча өзүңөр деле көрүп атасыңар. Азыркы убакта президент деле өзүнүн стуруктурасын түзүп атпайбы. Ошол  сыңарындай эле спикер деле өзүнү стуруктурасын түзгөн да. Мисалы, президенттин деле өкмөттө өкүлчүлүгү жок болчу, 2010-жылда кийин ал деле өзүнө өкүлчүлүк түздү. Өкмөттүн да президентте өкүлчүлүгү жок болчу, алар да өкүлчүлүк түздү. Ошол сыңарындай эле Жогорку Кеңеш дагы парламенттик башкарууга өткөндөн кийин өзүнүн кошумча өкүлчүлүгүн түзгөн. Бирок, башкалардан айырмаланып, көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен өзүлөрүнө бөлүнгөн гана акчанын алкагында өкүлчүлүк түзүп атат. Бул эми карапайым калкка деле түшүнүктүү болуп калды десем жаңылышпайм.
Ал эми үчүнчү кылмыш иши боюнча сөз деле кылуунун кереги жок деп ойлойм. Бул жерде салык кодексинин 46-статьясында жазылып турат. Кимден патент алып, кайсыл жерге төлөйт, ким менен келишим түзөт, өзү түздөн – түз салык мамилелерине катышабы же ишенимдүү кат берип, өкүлү аркылуу катышабы ал салык төлөөчүлөрдүн өзүнүн эрки. Бул жерде Келдибековдун тийешеси жок. Эгерде кимдир бирөө салык төлөөчүлөрдү алдап кеткен болсо, же ушундай эле жоопко тарткылары келип жатса, анда ошол фирманы, ошол жоопкерчилиги чектелген коомду тартсын. Бул жерде чыгым же кандайдыр бир казынага зыян жок. “Недобор” болуп калган дейт. Мындай боло турган болсо “бул жылы казынага мынча акча түшпөй калган”,- деп баардык министрликтеги жооптуу адамдарды жоопко тартсын. Негизи эле салык төлөөчүлөрдүн акчасын эч ким көзөмөлдөй албайт. Алар бир айда көп, бир айда аз төлөп калуулары толук мүмкүн. Ошондуктан мен айтаар элем, Келдибековго карата ачылган кылмыш иши ойлонулуп, пландалып жасалган нерсе.
 
- Ушунун баары, тагыраагы, кимге кылмыш ишин ачып, камаш керектиги Коргоо кеңешинде каралыптыр го?
 
- Негизи эле Коргоо кеңешинде: “Кимге кылмыш ишин ачыш керек? Кимди камаш керек”,- деген маселелердин каралганынын өзү уят. Коргоо кеңеши –Кыргызстанды душмандардан кантип коргоо керек деген максатта иш алып баруучу мекеме. Бул мекемени “кимге кылмыш ишин ачуу керек, кимди камоо керек”.- деген суроолор баш оорутпоосу зарыл. Ал эми бул Коргоо кеңешинин ишин көзөмөлдөп, алардын ордун көргөзүп туруучу Жогорку Кеңештин өзүнүн дарамети жок болуп жатпайбы!
 
Буга жөнөкөй эле мисал, бир килейген фракциянын башчысы генерал Кулов айтып жатат, бул маалыматы баардык эле маалымат каражаттары жазып чыкты. Атамбаев Куловду  чакырат экен, кылмыш ишиң бар экен деп. Анан Кулов түшүндүрүп берсе, “аа болду кылмыш ишиң жабылат”,- деген имиш. Ушул жерде юрист катары Кулов айтпайбы, “ай сиздин ишиңиз эмне? Биз укуктук мамлекет куралы деп умтулуп атабыз. Сиз президентсиз! Сиз кылмыш ишиң бар экен деп мени шантаж кылбаңыз. Мындай жоругуңузду токтотуңуз. Биз бул жолду басып өткөнбүз”,- деп айткандын ордуна кудуңдап интервью берип жүрөт дейт «мен таза экем» деп. А качантан бери адамдардын канчалык деңгээлде күнөөлүү, күнөөлүү эместигин Атамбаев чечип калган? Мына ушул жерден деле байкасак болот, мамлекеттеги баардык күч түзүмдөрүнө, күч органдарына президент басым жасап башкарып жатканын. Мына бул бизде жүрүп жаткан саясаттын жүзү.
 
Мен дагы бир жолу айтаар элем - Келдибековдун камалышы саясий заказ! Анткени, Ахматбек мырза өзүнчө саясий аренага көрүнүп, чоң бир партия түзөйүн деп аракеттерди жүргүзүп атканы жашыруун эмес эле. Ошондой эле бир топ саясий күчтөр менен дагы мамилеси бар экендигин да билишкен. Мына ушундай кадамдарын көргөн бийлик бир жагынан алдын-ала ооздуктап коелу дешип, Келдибеков коррупционер деген план түзүштү дагы, такталбаган маалыматтар менен коррупционер катары көргөзүп коёлу дешти. Кыргызстанда ушундай да, “жеп-ичкич”,- деп койсоң эле элдин бары тескери ойлоп жатып калат. Азыркы бийлик башындагылар коомдун, элдин аң сезимине жараша ушундай бир саясатты жүргүзүшүп жатышат. Бул чындыкпы, же жөн гана бир топтун кызыкчылыгы үчүн айтылып жаткан калппы, ал эч кимди кызыктырбайт. “КТРден айтпадыбы, чын да”,- дешет.
Бул жерде Акаевдин доорунан бери келе жаткан Абдил Сегизбаев, Фарид Ниязов деген Осмонакундун шакирттери үйрөнгөн саясаттарын жүргүзүшүүдө. Булар илгертеден бери ушуга көнгөн. Мына Куловду да, Исмаил Исаковду да, мени да ушундай каралашкан. Мына, он жылдан бери бүтпөгөн бир үйдүн терезесин коюп алышып эле, “мына Бекназаровдун үйүн көргүлө”,- деп айтып келе жатышпайбы? Аргалары кеткенде интернеттен тапкан бир сүрөттү көргөзүшөт, “Бекназаровдун Швейцариядагы үйү”,- дешип. А карапайым калк, элдер ишене берет. Ошондуктан мен дайыма журналисттерге айтып келем: “ошол үйдү таап келгиле, нотариустун акчасын өзүм төлөп туруп сага ошол үйдү белек кылып, каттатып берейин”,- деп. Мындай нерселер жөн гана элге жек көргөзүүнүн бир ыкмасы. Мына ушул ыкманы Келдибековго каршы абдан күчтүү иштеп чыгышты. Мына ошондуктан көп адамдар “бул бай, ууру турбайбы”,- деп атышат.  Бирок, чындык эртели кеч ачыкка чыгат. Бул нерселер такталганда, же кылмыш иши өндүрүштөн кыскарып калса эмне болот? Акталып чыкканда эмне болот?
 
Андай эле коррупция менен күрөшөт экенбиз анда неге 20 жылдан бери Кыргызстандын завод –фабрикаларын, айыл-чарба техникаларын, корпорацияларды, керек-жарак коомун талкалаган адамдарды, сырттан келген карыздарды сууга сиңгендей жоготуп аткандарды, биздин кен байлыктарды, “Жерүй”, “Кумтөрдү” бергендердин баары эле жүрбөйбү? Мына коррупциянын башаты. Мына коррупциянын кайда жаткандыгы. Мына ошол завод-фабрикаларды талкалаган адамдарга  эмне үчүн кылмыш иши козголбойт? Мен билгенден Келдибеков, Ташиев  мамлекетти зыянга учуратып бир дагы завод-фабриканы менчиктештирип алган эмес. Мен муну Келдибековдун адвокаты эмес, бир нече жолку Жогорку Кеңештин депутаты, өлкөнүн башкы прокурору, ошондой эле эки революциянын катышуучусу катары тарых үчүн айтып коюшум керек. Мына ошондой мамлекеттик ири ишканаларды менчиктештирип алган адамдардын көбү азыр бийлик башында отурат. Эмне үчүн депутаттар алсыз? Алардын көбү мамлекеттин казынасына кол салышса, жарымысы 2010-жылы революцияда мародерлук кылышкан. Ошон үчүн кың дебей отурушат. Эгерде бир эле үн ката турган болушса, бир жеринен бурап коёт. А бийликти тике сындап, каталарын айтып жаткан саясатчылар таза адамдар, ошон үчүн коркпойт алар!
 
Мына бүгүн бийлик башына жалаң байлар, акчалуулар барып жатат. Буга жөнөкөй эле мисал - кечээ жакында Нарын облусунун губернатору кылып Аманбай Кайыповду алып барышты. Ал менин досум, өмүр бою Дордойдо контейнер санагандан башканы билбейт. Эмнеге анын ордуна чыныгы адисти алып барса болбосун!
 
- Оппозицияны бир жактуу каралап жатышат. Атамбаевдин акыркы кезде модага айлантып алган сөзү бар: “Уурулар түрмөгө олтуруш керек”,- деген. Азкыркы ажо дагы мамкызматта жүрүп байыптыр. Эмнеге аны казып чыга албайбыз?
 
- Сиз айткан маселе боюнча эки революциядан тең кийин да каттуу иликтөө башталган. Бирок, эки жолу тең бул ишти иликтөөгө алып баштаган башкы прокурорлор кызматтан кетишкен. 2005-жылы мен 5 ай он төрт күн иштедим. 2010-жылы Байтемир Ибраев 5 ай он үч күн иштеди. Анткени калыс, “баарын мыйзамдуу түрдө карайбыз”,- деген прокурорлордун бийликке кереги жок экен. Аларга унчукпай, “сиз айтканды гана аткарабыз”,- деген адамдар жагат. Кыргыздын оңолбой жатканынын себеби ушул болуп жатат да. Кыргыз эмнеге оңолбойт: мыйзам чегинде обективдүү өз алдынча, эч кимге көз карандысыз, тергөө, иликтөө болбой жатат. 2005-жылы биз билебиз мамлекеттик комиссия түзүлүп, бары өз нугунда келе жатканда эле мени кызматтан алып ыргытып ийишти. Башталган иш токтоду. 2010-жылы да ушундай эле көрүнүш болду. Биз болгону мамлекетке 50дөй объект кайтарып калдык, бирок бул боюнча азыр эч жерде айтылбайт. Мына ушул биз мамлекетке кайтарган обекттер дагы жең ичинен сатылып кетпедиби. Эгерде үчүнчү жолу дагы ушундай бир толкундоолор келе турган болсо анда сөзсүз элдик кыймыл түзүп, биринчиден ушул нерселерге чекит коюшубуз керек. Мындай кылбай турган болсок, кайра ушул көрүнүш кайталанып, чындыкты айткан, издеген адамдар коррупционер болуп четке чыгып, май-талканды кармагандар дагы деле ушул саясатын жүргүзө беришет. Биз ушуга бөгөт коюшубуз керек. Бир жолу мамлекеттик коммисия түзүп, эки жылдык мөөнөт берип кайсыл заводду ким алганын, канчага сатканын, кимге сатканын, мындан мамлекет канча зыян тартканын, кайсы кен байлык канчага, кимге сатылганын, “Кумтөрдү” сатууга кимдер жардам бергенин ачык-так далилдеп чыгасың - дешибиз керек. Анан жыйынтыгында баарын тактап, “мына бул адамдар талкалаган, бул адамдар буларга көмөктөшкөн,мындан кийин ушулар саясий аренада болбосун”,- деп кустурганын-кустуруп, жалпы бир саясий чечим кабыл алып, жаңы барак менен жаңы өнүккөн Кыргызстанды түзүшүбүз керек.
 
Мына эки революция болду бирок, жаңы өзгөрүү болгон жок. Мен Атамбаевге айтып коёюн: ал өз заманыңды куралган жок. Сен эски бийликтин заманы менен жашап атасың. Эски бийликтин заманы менен жашаган адам, эски бийликтин тагдырын кийет.  Эгерде Атамбаев өз заманын кура билгенде элде: “биз жаңы заманга баратабыз”,- деген ынануу, үмүт болот эле. А азыркы бийлик элге андай ишеним, андай ынануу бере алган жок. Чындыгында өз заманын куруп, тарыхта калса болот эле. Башкасын айтпайлы, 7-апрелде Ак үйдүн алдында окко учкан балдардын кылмыш иштери ачылбай, сот төрт жылдан бери бүтпөй жаткандан кийин, Атамбаевден башка эмнени күтүп, эмнени талап кылууга болот? Анан кантип азыр ал бийликте отурганда, убагында менчиктештирип алган завод-фабрикаларды иликтей алабыз. Ташиевди, Келдибековду жана башкаларды куугунтуктагандан, “Кумтөргө” адвокат болгондон көрө,  ошол Атамбаевдин өзүн бийликке алып келебиз деп окко учкан балдардын арбагын сыйлап, мыйзам чегинде сотту создуктурбай бүттүрүп күнөөлүлөрдү жазалап коюшу керек эле.
 
- Бакиев бийлиги кулаарына бир жыл калганда эле “ыңкылап болору” тууралуу сөздөр айтыла баштаган. А Атамбаевдин тушунда бул сөздүн чыккандыгына андан ашык убакыт болуптур. Демек, бийлик алмашуу жакынбы?
 
- Мен кайсы бир гезитке берген маегимде кыргыз саясаты үчүн бул күз аныктоочу күз болорун айткам. Эми, жаз чечүүчү учур болот. Бирок, бул нерсени мен каалабас элем. Ошондой эле революциялык жол менен кайра-кайра бийликти алмаштырбай, биз мыйзамдуу, шайлоо жолу менен бийликти алмаштырсак жакшы болот эле деп айтып келем. Бир адамдын башкаруусундагы бийлик болбосун деп канчалаган адамдардын каны менен ушул парламенттик системаны курдук эле. Бирок бул тилегибизди азыркы парламентте отурган депутаттар ойронун чыгарды. Конститутция боюнча эч кандай бийлиги жок болсо дагы, азыр баардык бийликти президентке өткөрүп, президенттин алдына жатып беришти. Азыр баш мыйзамды окуса эч ким ишенбейт. Атамбаев эртең Бажы союзуна кирер-кирбесибизди чечип атыптыр. Баш мыйзам боюнча анын бул жерде эмне иши бар? Кылмыштуулук жана мыйзамдуулук менен негизи Өкмөт  күрөшү керек. А бүгүн Сатыбалдиев айтып атат, “мыйзамдуулукка менин тийешем жок, бул менин функцияма кирбейт”,- деп. Конститутцияны бир жолу окуп койбойт. Ал айтылып турбайбы: “мыйзамдуулукту камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөш өкмөткө карайт”,- деп. Мындайча айтканда парламент дагы, өкмөт дагы мыйзамсыз бир адамдын алдына жатып берди. Мунун өзү үчүнчү революцияга алып баратат. Анткени эл революцияны: “кайрадан бир адамга баш ийели, эски бийликтин нугу менен кете берели”,- деп кылган эмес, “демократия болсун, мыйзам алдында тегиз бололу, кош стандарт болбосун, саясий куугунтук токтосун, кен байлыктарыбызга өзүбүз ээ бололу, биздин укуктарыбыз сакталсын”,- деп кылган да. Тилекке каршы, мындай болгон жок. Ошондуктан чынын айтканда үчүнчү революцияга жакындап келе жатабыз.
 
Алтынай Ормотоева
Булак: “Майдан.kg” гезити