Өлкөбүз социалдык-экономикалык өнүгүү мезгилинен базар экономикасына өтүүдө даярданбай туруп, тобокелге салгандай эле кирип баргандай болдук. Кылган ишибиздин жыйынтыгына маани бербей, статус символдоруна маани берген бюрократтык аң- сезимибиз менен көпчүлүк учурда майнапсыз мыйзамдарды кабыл алып, көнүмүш адаттарыбыздан арыла албай, артка кетенчиктей бергенибизди моюнга алалы. Мындай кесепеттердин аркасы жакшы болбой, иштеп турган өндүрүшүбүз, өкмөтү баш, ишкерлери төш болуп карыздын сазына баткандан батып баратабыз. Тышкы карызга караганда өзүбүздүн ички инвестициябызды жолго коюу бизге алда канча пайдалуу экендигин да аңдабадык. Алмайдын бермейи бар сыңарындай эле, сырттан карыз алганыбыз бул - жашоо деңгээлибиздин ылдыйлап бара жатканын тек гана жайлатуу процесси.
 
Мамлекеттик башкаруу менен коомчулуктун ортосундагы рыноктук системадагы атаандаштык көйгөйлөрүнүн күч алышы, өкмөттү барган сайын түйшөлтүүдө. Жаралган маселени чечүүдө Өкмөттүн аткаруу командасында ийкемдүүлүктүн жана өз алдынча чечим кабыл алуунун жоктугу- партиялар тарабынан сунушталган жооптуу кызматкерлерге, коомдук байкоочуларга, комиссияларга жана сырттан келген кеңешчилерге шылтоолонуп, ар бир иштин аягы кумга сиңгендей эле жок болуп кетип жатат. Ошондуктан өкмөттү реорганизациялап "ак жакалуулардын" эмгек өндүрүмдүүлүгүн же болбосо интеллектуалдык дүйнөтааным деңгээлине чейин изилдеп чыгуунун удулу келип турат.
 
Валюталык рыноктор өз ара телекоммуникациялык байланыштар менен биригип турган маалда, каржы ресурстары жер шарынын каалаган жерине көз ачып-жумгуча жеткирилет. Интеграциялык процесстер бүткүл жерде барган сайын өз кулачын кеңири жайылтууда. "Жаман үйдү, коногу билет" болуп коомчулуктун ыркы жокто, сырткы инвесторлор барган сайын күч алып, өлкөнү карыздын сазына батыруунун үстүндө жан үрөп иштеп жаткан мезгили.
 
Өтө тез жана үзгүлтүксүз өзгөрүүлөрдү талап кылган бүгүнкү динамикалык рынокту өкмөт кууп жете албай, чет өлкөлүк атаандаштыктагы өз чабалдыгын, алардын соода саясатынын чынчыл эместигине шылтоолоп келишүүдө.
 
Ошондой эле экономика жаатында заманбап түшүнүгү жок айрым чиновниктер, ири иш чараларды иштеп чыгуунун ордуна, турган нерсени иштей албай мамлекетке пайдасыз ишмердүүлүгүн улантууда.
 
Экономикалык өнүгүү бул — утулбай турган оюн же эки тарапка тең пайдалуу кызматташтык. Ошол себептүү экономика тармагындагы биздин атаандаштарыбызды душман деп эсептөө жөнсүз. Алар жөн гана союздаштар, керектөөчүлөр жана камсыздоочулар.
 
Өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасы башкаларга жабык нерсе. Андай жерде башкаруу рычагында турган кадрлардын бат-баттан алмашуусу өлкөгө терс таасирин тийгизет. Орчундуу багытты көздөгөн жерде адамдык капитал — жаратылыш ресурстарынан, чогулган байлыктан дагы жогору бааланат. Анткени, таланттуу адамдар гана баалуу идеяларды бере алат. Алар жаңылык гана киргизбестен калкты жумуш менен камсыздап, дүйнөлүк жетишкендиктерди камсыздай алат. Ар бир улут сабаттуу түрдө жетишерлик каражат тапмайынча өзүнүн жашоо дэңгээлин жогорулата албасы турган иш. Мына ошондуктан келечек муунга туура билим берүү максатында, окутуучунун кадыр-баркы эң жогорку деңгээлде бааланып, эмгек маянасы да ошого жараша.
 
Ал эми бизде болсо жеңил ойлуу жетекчилердин кесепетинен, өлкөбүз кедейликтин сазына батканын башта айтып өтпөдүкпү. Кайдыгерлигибизден улам экономика жаатындагы рынок системасынын заманбап талаптарына жана дүйнөлүк глобалдашууга ылайык өкмөттүн аппаратын өз убагында реорганизациялай да албадык. Буга жөнөкөй эле бир мисал келтире кетели, калкыбыздын дээрлик бөлүгү жеке ишкердик менен алек болгондугуна байланыштуу, алардын иш убактысы нормадан сырткары. Нормадан сырткары дегенибиз өкмөттүн кызматкерлериндей, аларда каникул же даталуу күндөр деген түшүнүк жок. Ошондуктан өлкөбүздүн социалдык-экономикалык процессин жакшыртуу жана анын коопсуздугун камсыздоо үчүн, мамлекеттик башкаруудагы кадрдык аппарат, коомго кызмат этүүнү биринчи кезекке коюусу зарыл.
 
Бул бир дейли, ал эми экинчиден кайсы гана министрлик же департаментке барба эшигин сагалап турганың турган. Алардын айта турган жообу да даяр "иш убактысы бүттү" же болбосо дагы ушуга окшогон толгон-токой шылтоолорду угасың. А бирок, азыркы базар экономикасына ылайык, чиновниктердин кызмат убагы коомдун ишмердигине шайкеш болуп, тоскоолдук болбошу кажет эле.
 
Өлкөбүз рынок системасына алда качан өткөндүгүнө карабастан, мамлекеттик башкаруунун чиновниктик аппараты эски иш убактысы режимин өзгөртөйүн деген ойлору жок. 1 жылда 365 күн болсо, анын ичинен 220 сы иш күнү деп белгиленген. Ал эми калган 145 күн эс алуу, эмгек өргүүсү же майрам күндөрү экен. 1 жылда 8760 саат болсо, анын ичинен график боюнча 1760 саатты б.а. 20% гана иш жүзүндө. А калган 80% эс алууга кетет.
 
Ошондой эле элдин мүдөөсүн аткара турган депутаттарыбыз 2 айлык жайкы каникулун эсептегенде, бир жылдын жарым жылы жөн эле эс алууга кетет экен. Андан сырткары жалпы коомчулукка тиешелүү жаңы жыл, эгемендүүлүк жана эмгек күнүн эле белгилеп, ал эми эркектерге тиешеси жок, аялдардын 8-мартка окшогон майрам күндөрүн иштен кийин белгилесе деле болот эле да. Мындай майрам күндөрү окладда олтурган кызматкерлерге гана пайдалуу болбосо, жалпы коомчулукка зыяны гана тийет. Убакытты эс алуу менен өткөрүп жатканыбыз менен өлкөбүз артка кетип, алдыга жыла албай жаткандыгыбыздын бирден-бир себеби мына ушунда. Маселен, Түштүк Корея уйкуга болгону 5 саат бөлүп, калган убактысын пайдалуу иштин үстүндө өткөрөт экен. Жапон кызматкери өзүнүн кыска мөөнөттөгү эмгек өргүүсүндө жөн жатпай, мекемесиндеги жаңылыктардан куру калбай маал-маалы менен барып турат экен. Ал эми өкмөтүбүз "окладчылардын армиясы" менен смендешип иштеп, коомчулукту түшкү тамактануу жана эс алуу күндөрү менен чектеп коюшуп, иш убактыларын узартууга жарабады. Өлкөдөн алганыбыз эле болбосо, бергенибиз билинбей жатат.
 
Рыноктук системада административдик имараттардын (ремонт, жылуулук, техникалык жагы) 20% пайдаланууда элдин каражаты кетип жатканын биле жүргөнүбүз оң. Элден түшкөн каражат, коомчулуктун жакшы жашоосуна багытталышы керек.
 
Өнүккөн өлкөлөрдө башкаруу системасынын аппаратка жүктөлгөн ишмердүүлүгүн салыштырсак, маселен, каржы-кредиттик ишканаларда 10 миң калкка 4 гана штаттык бирдик каралган. Алардын статистикалык түзүлүшү да жогору деңгээлде. Ал эми биздин бөлүнүп-тараган каржы системасындагы, бүтүндөй армиянын салык жаатындагы алып барган иштери үстүртөн экендиги жашыруун деле эмес. Буга бир эле мисал, статистика боюнча өлкөбүздөгү оор жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу тармагынан жылына 100 млрд сом түшөт экен. Ал эми транспортчулар бюджетке анын 1/4 бөлүгүн гана көрсөтүшөт. Ошентип, өлкөбүздүн ички дүң продукциясына 75 млрд.сом киргизилбей калып кетет.
 
Чакан өлкөдө тармак жана түзүмдөрдү реорганизациялап, реформалоо алда канча жеңил. Анткени, идеялык резервдер али ачыла элек. Практикасы жок теорияны стажировкалоо бул катачылык. Элдин эмгеги менен гана өлкөбүз гүлдөп, алдыга жылаарын эсибизден чыгарбайлы.
 
Аскарбек Асаналиев,
"Идея жана экономика борборунун" директору