Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 3759
Өткөн жумада Бишкек шаардык сотунун судьялары Курманкул Зулушев менен Медер Сатиевдин иши Соттор кеңешинде каралды. Эске салсак, бул эки судья “Ата-Журт” партиясынын мурунку депутаттарына карата актоо чечимин чыгаргандыгы үчүн айыпталган. Соттор кеңешинин эки судьяны мөөнөтүнөн эрте кызматтан алуу боюнча чечими чыккандан соң, Курманбек Зулушев өздөрүн кайсы берененин негизинде кызматтан алышканы боюнча суроо узатты. Бирок, бул суроого жай аныктама чыгарган Жогорку соттун коллегиясынын төрагасы Жакыпбек Абдырахманов ага жооп бере алган жок. Кызматынан бошотулган судьянын ошондой эле “соңуна чыккан процессти кайра жандандырууга тыюу салган берене барбы?” деген суроосу дагы так жоопсуз кала берди. Бул маселе боюнча коомчулук кандай пикирде?
 
Бүбүайша Арстанбекова, укук коргоочу:
 
“Президент судьяларды кайра ордуна кайтарса тарыхта калат”
 
- Бишкек шаардык сотунун судьялары К.Зулушев менен М.Сатиевдин ишин Соттор кеңеши карап, мөөнөтүнөн мурда бошотууга чечим кабыл албадыбы. Эми ал чечим президентке жөнөтүлөт. Бул чечим мыйзамсыз кабыл алынды, себеби Соттор кеңеши эң биринчиден соттордун укугун, кызыкчылыгын коргоо үчүн түзүлгөн. Судьялардын укугун карап, калыс тескеп, соттук ишти кароо тартиби эмнеге өзгөрүлдү, эмне себеп болду, аны ошончолук мыйзам чегинде тартип бузуу деп кабыл алса болобу, караш керек эле. А бирок Соттор кеңеши жогоркулардын гана буйругун аткарды деп ойлойм. Эми президент өзү карап, калыс чечим кабыл алса, Кыргызстанда чыныгы соттук реформа орноду деп эсептесек болот. Бул соттор жөнөкөй соттор эмес, реформа аркылуу шайланып келишкен. Ошол себептерге президент көңүл буруп карап, сотторду кайра ордуна калтыра турган болсо, Кыргызстандагы тарыхый реформага айланат. Анда президенттин соттук реформа жүргүзгөнү аныкталмак жана соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылган президент катары тарыхта калат.
 
Марат Кайыпов, экс-Адилет министри:
 
“Пакистандын президенти дагы дал ушинтип адилет сотту бошотуу менен өзүнө өкүм чыгарып алган ”
 
- Азыркы Соттор кеңеши соттордун  укугун, кызыкчылыгын коргобой, күн карама болуп, президенттин айтканын аткарды. Атамбаев мурунку президенттердин саясый катачылыгын кайталап атат. Мурунку президенттер да саясый куугунтук уюштурушуп, аны соттордун чечими менен ишке ашырууга аракет кылышкан. Эсиңиздерде болсо керек. 2005-жылы февралдын аягы, марттын башына өткөн шайлоодо республика боюнча 30дан ашык шайлоо аймактарында утуп алгандарды соттордун чечими менен жокко чыгарып, утулгандарды депутат кылып алып келишкен. Жер-жерлерде эл нааразычылык акцияларына чыгышкан. Азыркы Соттор кеңеши чыгарган чечим да ошол кезге кудум коендой окшошуп турат. Депутаттардын иши саясый буйрутма экени анык. Актаган сотторду процессуалык мыйзамды бузду деген Жогорку соттун жай аныктамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматтарынан бошотушуп, бул чечимди президентке сунуш кылып атышат. Биз бул маселени укукчулар, саясый серепчилер, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү болуп “Адилеттүү сот” деген коомдук уюмдун тегерек столунда терең талкуулаганбыз. Ошондо белгилүү болгондой шаардык соттун судьялары К.Зулушев менен М.Сатиев депутаттарга карата адилет чечим чыгарышкан. Актаган чечимди Жогорку сот аркылуу оңдоп алышып, депутаттарды кылмышкер деп эсептешти, а соттордун болсо артынан куугунтук жасап түшүп алышты. Атамбаевдин эсинен эч убакта кетпесин, Пакистандын президенти да адилет сотту кызматтан эрте алып койгону үчүн эл көтөрүлүп чыккан. Биздин эл да көтөрүлүп чыгат. Азыр элдин таянычы болуп ушундай адилеттүү, чындыкты издеген, мыйзамды туу туткан соттор калды. Себеби бийликке ишенич кеткен.
 
Рита Карасартова, жарандык активист:
 
Сот системасын дээрлик өлтүрдүк, бир гана топурак таштамайыбыз калды”
 
- Сот реформасы башталып-баштала элегинде ушундай жагдай жаралып аткандыктан, жарандык коом четте карап тура албайбыз. Анткени экономиканын өсүшү сот системасынын көз карандысыздыгына байланыштуу болот. Артты карап, өткөн жолду баамдап көрсөк, ар убактарда биз бийликтин керектүү учурда мыйзамды ыңгайлуу тарапка буруунун куралы болуп жүргөнүбүздү түшүнөбүз. Азыр да кайсы жерге чакырышпасын, ал тууралуу жакшылап алдын-ала маалымат алууга аракеттенем. Анткени, дагы да болсо кимдир-бирөөнүн куралына айланып калышыбыз мүмкүн. Бирок бүгүн биз эмнеге ээ болсок, ал качандыр бир кайсы бир жерден унчукпай калганыбыздын, көрүп туруп көрмөксөнгө салганыбыздын жыйынтыгы. Ошонун кесепети. Бүгүн сот системасын дээрлик өлтүрдүк, бир гана топурак таштамайыбыз гана калды. Эки судьяга жасалган куугунтук кечээ башталган жок, чечим чыгарышкандан кийин эле башталды. Эмнеге дегенде, Бишкек шаардык сотунда судьялардын жетишпей, бүгүн түшкөн иш декабрда каралчудай болгон тартыш абалга карабай, судьяларга өндүрүшкө иш беришпей келишти. Ушундай кырдаалдардан улам соттордун укугун коргоого көтөрүлдүк.  
 
Сот системасынын эркин эместигинен улам коомчулукта сотторго болгон ишеним дээрлик жок. Мисалы, жарандар кайсы бир дооматын айтып депутаттарга барат, президентке барат, мен айтам «Силер соттордун ордуна 120 депутат чечим чыгарышын каалайсыңарбы?» - десем жок дешет. Же соттор үчүн чечимди президент чыгарсын. Анда эмнеге барасыңар аларга, дооматыңарды депутаттар аркылуу жыйында айттырып калуу үчүнбү? Биз жарандар менен иштешибиз керек. Мыйзамга таянышсын. Мыйзам туура болбосо, оңдойлу. Жарандар чындыкты соттордон эмес, Жогорку Кеңештен издеп калган чекке жетти.
 
Эгер ушундай абалда депутаттарга карата чыгарган чечими үчүн сотторду жоопкерчиликке тарта турган болсок, анда соттордун көз карандысыздыгынын тамырын кыркып салган болобуз. Жарандык коомго Бакиевдин убагындагы да соттор келди, саясый заказды аткаруудан баш тартканы үчүн өз учурунда алар да кызматтан четтетилишкен. А соттор кеңеши ошол убакта да соттордун кызыкчылыгын коргобой, тескерисинче кызматтан четтетүүгө чечими менен жардам беришкен.
 
Сот системасын эмне кылып атканыбызды ойлоо коркунучтуу болуп калды. Бүгүн эркиндиктин тамырын кыркып салсак эртең экономикалык өсүш же көз карандысыздык тууралуу кеп козгоо кеч болуп калат. Кайсы багытка кетип баратабыз? Сот оңолсо Кыргызстан оңолот, оңолбосо, кечирип койгула бизде эч нерсе өзгөрбөйт.
 
Равшан Жээнбеков, ЖК депутаты:
 
“Атамбаев өмүр бою президент болуп турбайт, КГБсы өмүр бою адамдарды коркута албайт”
 
- Эгерде жакшы мамлекет курабыз десек өзүбүзгө тиешелүү болгондо гана көтөрбөй, адилеттүүлүктү дайыма көтөрүш керек. Бул принципиалдуу маселе. Камчыбек мага эч ким эмес, Садыр да. Сотторду дегеле тааныбайм, мага принцип маанилүү. Соттордун эегемендүүлүгү, өз алдынчалуулугу биздин мамлекет, келечек үчүн эң маанилүү 3 нерсе болсо, ошонун бирөөсү. Ошондуктан бул маселени парламенте биринчилерден болуп көтөрүп чыктым. Соттор туура эмес чечим кабыл алган күндө да, бирок булардын чечимин мен туура деп эсептейм, ал жөнүндөайтып жүрөм, биз аларды жазалоого акыбыз жок. Бүгүнкү күндө соттор кеңешинин бул эки судьяны кызматтан кетиребиз дегени Бакиевдин тажрыйбасы, андан үйрөнгөн укук коргоочулардын, сот жетекчилеринин ыкмасы болуп эсептелинет. Бул эки сотту кетирбешибиз керек. Кетиришсе эртеби-кечпи кайра алып келебиз. Атамбаев өмүр бою президент болуп турбайт, КГБсы өмүр бою адамдарды коркута албайт, заказдары дайым эле ишке аша бербейт. Көп болсо 1-2 жыл калды, а азыр аракет кылалы бардыгыбыз. Жыйынтыгында айтып коеюн, адилеттүүлүк тууганчылыкка, жердешчиликке карабайт, адилеттүүлүк бул бар же жок. Соттун адилеттүүлүгүүчүн баарыбыз күрөшүшүбүз керек.
 
Даярдаган Гүлмайрам Турусбекова
Булак: “Майдан.kg”, №36, 02.10.2013-ж.