Байыркы кыпчактар тууралуу маалыматтар дүйнөлүк даректүү илимий маалыматтарда, айрыкча грек, рим, немис, кытай, араб элдеринин тарыхый даректүү илимий булактарында кеңири кезигет. Грек булактарында «гунндар», рим булактарында «варварлар» (мааниси «чужеземец»),  немис, норман булактарында «геттер», парсы булактарында «сактар», орус, поляк ж.б. европа элдеринин булактарында «половецтер» деген аттар менен белгилүү. Улуу Кытай сепилинин пайда болушу тууралуу кытай булактарындагы маалыматтарда да байыркы кыпчактардын Азиядагы бутагы «хунндар» деген ат менен жазылып калтырылган. Байкалып тургандай, «гунндар» илимий булактарда канчалык байыркы жана канчалык улуу эл болуп берилбесин, алар байыркы кыпчактардын болгону кайсы бир мезгилдеги, кайсы бир региондогу бутагы гана болуп калууда. Маселен, кыпчактын «Бөрү-сак» уруусу да гунндардын тарыхынан алда канча нары мезгилден жолугат.
 
Мына ушул дүйнөлүк илимий булактарда байыркы кыпчактардын бешик-башаты Алтай экендиги, ал жерде кылымдар бою көбөйүп, топ-топ болуп уруулар пайда болуп, түрдүү уруулар жаңы жерлерге көчүп, бүткүл Европа континентине, Азия аймагында Корей, Жапон аралдарына чейин, Аляска (алыскы) аркылуу Америка континентине барып отурукташып, ар түрдүү жердин табигый шарттарына жараша түрдүү элдер пайда болгондугу жазылып, айтылып келүүдө. Жаңы эранын башталышында Борбордук Азиядагы гана кыпчактар 92-96 уруудан тургандыгы, азыркы 42 түрк тектүү элдер мына ошол уруулардын уландысы экендиги, бул түрк тектүү элдердин айрымдары 2-3 кыпчак уруудан куралгандыгы жашыруун болбой калды. Мына ошол себептүү түрк тектүү элдердин тилинин, кулк-мүнөзүнүн ж.б. толгон окшоштуктары даана байкалат.
 
Тарых ушул күнгө чейин жок кылынып, бурмаланып жазылып келди. Мындай аракеттер грек, рим чиркөөлөрүндө жасалып, орус падышалыгын колго алууда анын теги да Романов (ромдук, римдик) болуп аталып кетти. Түпкү теги «теңгрианство» болгон «древний православ» чиркөөсү рим чиркөөсүнүн көрсөтмөсү менен өзгөрө баштап, летопистер бүтүндөй өзгөртүлүп, кайрадан жазыла баштады. 1666-жылдагы чиркөө реформасынан кийин Алтайды карап турган кремлдердин башындагы кресттер Рим тарапты карап калды. Мына ошол бурмаланып кайра жазылган летописттерге таянып «илимий» аталган тарыхый китептер даярдалып окутууга берилди. Падышалык Россия тушунда, айрыкча Совет мезгилинде мектептен баштап академияларга чейин ошол бурмаланган тарыхтар окутулуп, ошол туура эмес тарыхты айткандар гана класстан класска көчүп, жогорку окуу жайларына өтүшүп, илимий даражаларга жетишип келишүүдө. Мына ошонун кесепетинен ушул күнгө чейин кыргыз тарыхынын чыныгы жүзү көрүнбөй, жок дегенде кыргыз эли качан, кимдин жетекчилигинде азыркы өз жерине ээ болуп калгандыгы да айтылбай келүүдө.
 
Ошондой бурмаланган тарыхтар менен «илимпоз» боло калган айрым кыргыз тарыхчылары «кыргыз башка, кыпчак башка» деген ата менен баланы өз ара душман кылгандай саясаттан алыс боло алышпай, «кыргыздар сактардан, кыпчактар скифтерден келип чыгышкан» деген догмалар менен элдин башын айлантууда (караңыз, К.Матикеев «Кыргыз, Манас жана тарыхый география» Бишкек, 2012).
 
Ар бир эл үчүн өз тарыхын жоготкондон коркунучтуу эч нерсе жок болуу керек. Мезгилинде Гиммлер «кайсы бир элди кул кылуу үчүн анын тарыхын гана жоготуп салуу керек» деп, душман болсо да бизге достук маалымат таштап кетиптир. Жетим козу көрүнгөн койдун эмчегине тумшугун тийгизип тепки жеп калган сыяктуу, тарыхы жок элдин тарыхчылары да бөтөн тарыхка асылып калат окшойт.
 
Биз канчалык көкүрөк какпайлы, чыныгы кыргыз тарыхы али жарала элек. Ошол жок тарых менен илимпоз болуп алышкан агалар чыныгы тарыхты тизмектей алышпаса да, өз аракеттерин туура багытка салып алышса сындардан анча эле арылып калышмак. Жогорку козу сымал, айрымдар «кыргыздар Адам-Атага чейин эле жаралган» десе, экинчиси андан тыянак чыгара «Адам-Ата кыргыз болгон» деп жиберишти. Айрымдарды бул апыртмалар да канааттандырбай, «Кыргыздар чүкө ойнойлу деп Жерге келишсе, Жер али каймакталып катый элек экен, Марска барып ойношуптур, карасаңар Марста издери да турат» деп жиберишти. Тообо, мындай адамдар турганда космонавтика илиминин эмне керектиги бар деп да жакаңды кармай каласың. «Энеси жок эмчек издейт» болбой, илимпоздон баштап жөнөкөй саресепчиге чейин ушундай абалга кириптер болгонубузду алгач моюнга алып, чыныгы тарыхыбызды, чыныгы тегибизди, каарман бабаларыбызды билип алсак жакшы болбойт беле. «Бойокчу бойойот десе сакалын кошо бойоптур» демекчи, акыркы мезгилдерде эмненин эле башы көрүнө калса (Амир-Тимур, Аттила) ошол «кыргыз болгон» деген көзү ачык билермандар да чыгып кетти.
 
Ооба, кыргыз элинин тарыхтагы шыбагасы өтө чоң, эмнегедир өзүбүз ошол шыбаганы тепкилеп жаткандайбыз. Эгерде «кыргыздар кыпчактын таза кандуу бутагы болушкан» деп айтышса гана байыркы атактуу тарыхтарга ээ болуп, дүйнөлүк тарыхый илимде эч мүдүрүлбөй абройго жетмекпиз. Жакында жарык көргөн «Аттила кыргыз болгон» деген тарыхый китеп буга жакшы мисал боло алат. Анткени, дүйнөлүк тарыхый жана интернет булактарында «Воины царя Аттилы к середине V в. завоевали почти всю Европу. Аттила по призванию «Бич Божии» из кипчакского рода Бори-Курсак (Бори Сак)» деп жазылып турат.
 
Дүйнөлүк илимде Аттила «VI кылымдын адамы», ал эми Чынгыз-хан «XIII  кылымдын адамы» болуп жоон тамгалар менен жазылып  калышты.
 
Түрк элдеринин биригип кетүүсүнөн чочулаган саясат Чынгыз-ханды канчалык «жапайы», «кан ичер», «баскынчы» деп окутуп келсе да, европа илими анын жасаган улуу иштеринен өрнөк алышып, анын чыныгы тегин «Чингизхан из кипчакского племени ЕЛЬБОРИ (из народа волков). «Бори тегы шын» - двадцать второй предок Чингизхана» деп ачык эле айтып келе жатат. Чынгыз-хандын жыйырманчы бабасынын аты Бөрү деп аталгандыгы белгилүү. Мурда байыркы бабалырыбыз балдарынын аттарын эки багытта, биринчиси жаратылыш багытында Күн, Ай, Жылдыз, Жер, Тоо, Деңиз, Токой (Тукай, Урман, Ормон), Шамал…, экинчиси айбанаттар багытында Арстан, Жолборс, Кабылан, Бүркүт, Бөрү… деп аташып келишкен эмеспи. Мезгилинде бир уруу кыпчак ханынын аты Бөрү болуп, анын урпактары жана эли «Ильбөрү» (Эл-бөрү, бөрүнүн эли) деген ат менен эскерилип, монгол жана казак элдеринде «Боржигин» (Бөрү-жиги, Бөрү-тегин) аттары менен айтылып келет.
 
Чынгыз-хандын өз жеринде да даражалуу бааланбай, 2012-жылы гана аз да болсо илимий конференция менен эскерилгени, балким анын чыныгы тегинен болуп жаткандыр. Дагын бир башчы Мади-шанью тарыхый даректерде «Мадияр-кыпчак» деген лакам аты менен белгилүү болуп, ал кыпчактын «Бөрү-корсак» уруусунан болот. Кыпчактын «Корсак» уруусунун атынан улам Венгриядагы мадияр кыпчактарынын борбор шаары «Корцак» аталып келе жатат. Мындай маалыматтарды жана аталыштарды канчалык атасаң да түгөнбөчүдөй.
IX кылымда эле байыркы кыпчак бабаларыбыздын «бирөөнүн чанасына отурба» деген макалы али орустар жарала электе эле айтылып жүргөн болсо да, биз аны орустун «не садись в чужую санью» деген макалы деп билебиз.  Орустун жер-суу аттары, ал турсун дээрлик 95% дворяндарынын «родословнясы» кыпчактарга барып такалары жашыруун эмес. Ошон үчүн «ар кандай орусту силкисең татар келип чыга келет» деп бекеринен айтылбаганын бардыгы эле биле бербестир. 
 
Чындык ачуу болот, бирок андан качып кутулууга болбойт. Кандай болсо да чыныгы тарыхка ээ болуп, дүйнө элдеринин арасында энесин тапкан козудай болуп абройлуу даражага жетүү үчүн аракет жасай беришибиз керек. 

Гыламидин Абдрахманов,
Батке шаары,
КРнын Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү
Моб. байл: 0772 19-01-39
Эл.почта: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
 
Булак: “Майдан.kg”, №35, 25.09.2013-ж.