Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик тил катары 1989-жылы бекитилген. Алдыда мамлекеттик тил майрамы. Жылына эле бул күнгө карата ар бир мекемеде ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп калат. Анын канчалык деңгээлде пайда берип жатканын эч ким айта албайт. Негизи эле аталган мыйзам кабыл алынган күндөн бери эле кыргыз тилин көтөрөбүз деген сөздөр кайра-кайра эле айтылып келатат. Бирок майнап жок.
 
Кезинде Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев сыяктуу агаларыбыз бир-эки жылга жетпеген убакытта эле тыпыйтып калыпка салып койгон эне тил маселесин биз чейрек кылымга жакын убактан бери кайра-кайра кеп кылып, бирок абалды оңдой албадык. Азыр бул маселе тууралуу кеп кылуунун өзү уят болуп калды. Көрсө, мамлекеттик тил көйгөйү тууралуу бери жактагылар чуулдай бергенден такыр пайда жок экен. Ага мамлекеттик деңгээлде көздү ача турган атайын саясат керек тура. Эгемендик жылдарындагы үч президент тең бул маселеге тийди-качты мамиле кылып жөн гана өздөрүн да, бизди да алдап келатат.
 
Совет мамлекети кезинде кыргыз тили босогодо калганын айтып келишет. Азыр деле кыргыздар өз жеринде так ушу тилдин айынан кор болуп келатат. Кыргызстанда бир да орус жашабаган айылдар толтура. Ал жерден мектепти жалаң беш менен бүтүп келген идиректүү бала орус тилин билбесе андан ары окуп-чокуп кетиши кыйын. Алардын көбү ЖОЖдорго тапшыргандан соң орус тилин билбеген үчүн сынат, чүнчүйт, шылдың болот. Көпчүлүк алдыңкыбыз деген окуу жайларда сабак орус тилинде өтөт. Болбосо колдонуучу адабияттардын баары орус тилинде. Андыктан айылдык бала окууну таштап кеткенге мажбур, же эптеп-септеп диплом алып, бирок андан ары эч нерсеге жарабай калат. Айрымдары билим алууга кете турган убактысын тил үйрөнүүгө жумшап жүрүп эптеп орусча үйрөнөт деңизчи. А чынында ошол айылдык кыргыз бала Италияга, Францияга, Англияга барса деле ушундай кыйынчылык көрүп, чайналып жүрүп, акыры ошолордун тилинде буудай кууруп калмак. Кыскасы, ал тил жагынан өз мекенинде деле Италияда окугандай кыйналат. Ушундан улам өз мекенинде өгөйлөнгөн бала кийин өз мамлекетин сыйлай алабы деген суроо келип чыгат.
 
Ошол эле мезгилде жүрөгүндө улуттук духу жок, жандүйнөсүндө мекенге болгон сүйүү жашабаган, титулдук улуттун каада-салтын, психологиясын билбеген бир "киргиз" андан өйдө туруп, керек болсо мамлекеттик кызматтарга барып калышы мүмкүн. Бул билинбегени менен атайын эле арабөк кыргыз элитасын түптөө саясаты эмеспи? Эгер орус тилин билбеген таланттуу балдар коомдон четке сүрүлүп кала турган болсо, анда айылдардагы кыргыз мектептеринин эмне кереги бар? Убакыт коротуп балдарды эмнеге кыргызча окутуп кыйнайбыз? Анын он жыл окуганы турмушта толук пайдаланылбай калып атпайбы. Бүтүндөй кыргыз мектептерин жаап, орусча окутуш керек анда...
 
Орус тилинен расмий статусту алыш керек десе эле орус тилдүүлөр кетип калат деген шылтоону шынаа кылабыз. А чынында алардын арасынан бүгүнкү күндө мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп жаткан, алар кетсе эле асман түшүп кете турган ким бар? Колунан иш келгендери буга чейин эле чет өлкөгө кетип калган. Азыр биздин өлкөдө болгону кары-картаң, оорукчан, аракеч же союз кулары менен майлуу жерлерди менчиктештирип алган, учурда Кыргызстанда чоң-чоң ишканалары, имараттары бар гана орус тилдүүлөр калды. Алар үчүн ишкерлиги жүрүп турса эле болду. Эгер жумушу токтой турган болсо алар Кыргызстанда бир да мүнөт турбайт. Орус тилине расмий статус бересиңби бербейсиңби уруп ойнобойт. Албетте бул жерде биз кайсы бир бөлөк тилди такыр колдонбошубуз керек дегенден алыспыз. Кыргыз өзү үчүн жыландын тилин да үйрөнүшү керек. Бирок эгемен элдин эне тил боюнча конкреттүү саясаты болушу зарыл эле да. Орус тили биздин коргообузга такыр муктаж эмес. Бул тилде 170 миллионго жакын жаран сүйлөйт. Ал эми кыргыз тилин 2, 5 миллионго жетпеген киши колдонот. Албетте кыргыз тили чынында коргоого муктаж. Аны Джон же Сергей колдоп бербейт. Эне тилди ошол элдин өзү гана коргой алат. Өзүнүн эне тилин, кыргыз тилинде сүйлөгөн 71 пайыз элинин укугун коргой албаган мамлекетти сыйлаганга болобу? Албетте болбойт. Мындай мамлекетти чет элдиктерди мындай кой, өзүнүн эли да сыйлабай калганын акыркы жылдардагы президенттерге, бийликке жасалган мамилелерден улам көрүп атпайбызбы.
 
Эскертүү: Тил боюнча мыйзамда бардык жерде көрнөк-жарнактар чоң тамга менен биринчи кыргызча жазылып, анан башка тилде жазылыш керек.
 
Кыргыз тил кедей тил эмес
 
Сөз кайсы жерде жаралса, ошол сөздү башка элге которуп кереги жок, ошол боюнча кириши керек. Бүгүнкү күндө К.Тыныстанов атабыз 12 жыл чогулткан 66 миң нукура кыргыздын сөзү бар. Бирок кыргыз тилинде 97 миң сөз бар, 35 миң сөз сырттан келген сөз. Ошо менен биздин тил байып атат. Телевизорду, телефонду эмне үчүн которушубуз керек, аны биз ойлоп тапкан эмеспиз да?
 
Сандар сүйлөйт
 
Кыргызстанда 71 пайыз кыргыз жашайт, орустар 9 пайыз. Демек, көпчүлүк жерде кыргызча сүйлөсөк түшүнүшөт. Андан сырткары, 13 пайыз өзбек калкы бар. Өзбек менен кыргыз ортомчу тили жок эле бири-бирин өз тилдеринде мыкты түшүнүп келатышат. Демек, бүгүн Кыргызстанда 84 пайыз эл кыргыз тилинде сүйлөй, түшүнө алышат десек болот.
 
Кыргыз тилинин душманы ким?
 
Кыргыз тилине бут тоскондор - кыргыздар арасындагы "киргиздер". Казак президенти "Ана тил" деген гезитке интервью берип жатып: "Башка улуттарды казакча үйрөнгүлө деп кыйнабагыла, биринчи кезекте казак менен казак казакча сүйлөшөлү, анан айласы жок башка улуттар бизди ээрчийт" деп ураан таштаган экен. Бүгүн Казакстанда бул ураан катуу колдоого алынууда. Бизде деле кыргыздар бири-бири менен кыргызча сүйлөгөндү үйрөнүш керек.
 
Дагы бир эскертүү: мыйзам боюнча "Мамлекеттик кыргыз тил – улуттардын ортосундагы байланыштын, пикир алышуунун куралы".
 
"Эне тилде ыр, жомок болбосо, тил кантип өнүгөт?"
 
"Кайра куруу мезгилинде борбор калаабызда болгону жалгыз бир кыргыз мектеби бар экенин айтып жер сабагандар да болгон. Кийин канчалаган кыргыз тилдүү бала бакча, мектеп саны деле кыйла өстү, бирок эмне өзгөрдү? Андан бери кыргыз тилдүү бала бакча менен мектептердин тарбия, билим берүү деңгээли өтө начар болгон үчүн канчалаган билимсиз муун өсүп чыкты. Ал эмес балдарын кыргыз тилдүү бала бакчага бергенден жаа бою качкан кыргыз тектүү ата-энелер да жок эмес. Анткени андай ата-энелер кыргыз тилдүү бала бакча менен мектептер балдарга сапаттуу билим бере албаганын билет. Анткени бөбөктөр өз эне тилинде ыр жаттап, жомок окуй турганга шарт түздүкпү? Жок. Орус тилдүү бала бакча, мектептер менен кыргыз тилдүү бала бакча, мектептердин тарбия берүү деңгээлин дегеле салыштырууга мүмкүн эмес. Орус тилинде чоңойгон балдардын тилин гана эмес, ой жөндөмүн арттыруу үчүн алардын логикаларын өстүрө турган акыл гимнастикасына керектүү китептер, энциклопедиялар толтура. А бечара кыргыз тилдүү бала бакча, мектептерде акыл гимнастикасын өстүргөндү кой, жадагалса жөө жомок болсо да китеп түрүндө окуу куралы катары колдоноор балдар адабияты жетиштүү эмес. Эң күйгүзгөнү, ошол бөбөктөргө "Манасты" окутсак эле эл-жерин сүйгөн патриот болуп чыгат деген мээси бөксө "тарбиячы-идеологдор" толуп кетти. Канчалары эгемендик жылдарынан бери мектептерге ыйман сабагын бетке жамынып, дин жаатында билим берүүгө ооп кеткен мектептер арбып, бөбөктөрдүн мээсине канча эксперимент жүргүзүп келишти. Жыйынтыгы мына, бүгүн динге дуңку сезими менен кирип кеткен жаштар арбыды. Алар диндин асыл жактарын тааныбаган үчүн үстү-башына салбыраган чапан кийип, башына селде оронуп, сакалдарын батектей өстүргөн даватчыларга айланып чыга келишти. Себеби аларга эне тилибиздеги ыр, жомок китептер жетишсиз болгондуктан диний китептердеги догмаларды гана жаттап чыгышканынын кесепети болду".
 
Тил боюнча тирикарактар эмне дейт?
 
Олжобай ШАКИР, акын, журналист:
 
"Мамлекеттик тил мыйзамын биз 20 жыл мурун кабыл алганбыз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин чиновниктерибиз кыргыз тилин билишпейт, аны үйрөнүүгө ниеттери дагы жок. Учурдагы мамлекеттик тилдин абалы кыргыз элинин улут катары жок болуп кетүү коркунучун жаратууда. Мындай абалга биз көз карандысыздыкты алгандан кийин кептелдик. Кыргыз тил көйгөйү чечилбеген маселе катары калууда жана ага аткаруу бийлиги күнөөлүү".
 
Урмат АМАНБАЕВА, ЖК депутаты:
 
"Биз тилди эч качан күч менен үйрөтө албайбыз. Ал үчүн атайын мамлекеттик саясат керек. Кызматкерлерди эмес, кыргызча үйрөтүүнү бала бакчалардан баштоо зарыл".
 
Динара ОШУРАХУНОВА, укук коргоочу:
 
"Биздин кай жерде жүрсөк да өз эне тилибизди унутпай аны бийик сактап, ал үчүн күрөшүп келатканыбыздын себеби өтө терең. Эне тилин унуткан адамды кул кылып алса болот. Андай адамдар эне тил аркылуу бериле турган, анын канына, акылына шайкеш келген ата-бабасынын сырдуу коддорун билбей калат. Коргоно албайт. Ой жүгүртүүсү да жасалма болот. Табигый касиеттеринен, Кудайынан ажырайт. Бул жашоодо жөн гана тамак-аш талап кылуучу жандык бойдон жашай берет. Мындай инсандар тобун башка улуттар үйрөтүлгөн ит катары колдонушат. Кезинде биздин орустар да жаңылышып французча билүүнү мода деп эсептеп жоголуп кеткендер болгон".
 
Зайырбек Ажыматов
Булак: "Жаңы Агым"