«Байлык бир колго топтолсо (б.а паракорго) – эл тарап кетет, ал эми байлык бөлүп берилсе – эл биригет»
 
Конфуций, байыркы кытай ойчулу
         
Советтер Союзу өз учурунда дүйнөдөгү эң улуу держава болгонун окуучу жарандар билсе керек, бирок өзүнүн улуулугуна карабай анын туруксуз экендиги бүгүн ашкере болду. Мунун далили катары 1991-жылы СССРдин дүйнөнүн картасынан өчүрүлүшүн алдыга тартсак болот. Суроо туулат: мындай улуу мамлекеттин кыйрашына эмнелер себеп болду?
 
Бул суроого жоопту байыркы көчмөн кыргыздардын акылман осуятынан табабыз: «Тоонун пайдубалы бекем болсо – ал туруктуу болот, ал эми бошоң болсо – кыйрайт.» Бул осуяттын изи менен турак жайдын жашоочулары өз үйүнүн пайдубалын гана бекемдеп койбостон, анын айлана-чөйрөсүн дубал менен тосуп коёт. Ошондо пайдубал канчалык бекем болсо, ал үй жана үйдү тоскон дубалы дагы туруктуу болуп, тынч жана бейпил жашоого мүмкүнчүлүк берет.
 
Тилекке каршы Кыргызстандын жарандарынын караңгылыгы (б.а маңкуртчулук) -  мамлекеттин туруктуулугу (б.а бекемдиги жана коопсуздугу) анын пайдубалына карата гана аныктала тургандыгын түшүнүүгө жана аңдоого мүмкүнчүлүгү жеткен эмес. Ал эми «пайдубалдын» жоктугу СССРдин тагдыры сыяктуу кыйроого жана нейтрализацияланууга алып келет. Ошентип мамлекеттин «пайдубалы» аркылуу эмнени түшүнүүгө болот?
 
Дүйнөдөгү өтө бекем «пайдубалы» болгон мамлекет катары өткөндөгү Улуу кыргыз каганатын айтсак болот, анын жарандары миңдеген жылдар бою зордук жана зомбулуксуз жашап, эч качан экономикалык кризисти билген эмес. Мунун далили катары муундан-муунга өтүп жүрүп олтурган «Манас» баатырдык эпосунда көчмөн кыргыздардын ичиндеги коррупциялык же экономикалык тартыштык жөнүндө эч бир сөз кездешпейт.
 
Улуу кыргыз каганатындагы бекем «пайдубалдын» болгондугу жөнүндө өзгөчө аздектеген ИДЕАЛдардын, б.а. байыркы көчмөн кыргыздардын ЭРКИНДИККЕ, КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ЖАШООГО жана АКЫЙКАТЧЫЛЫККА умтулган ой-санаалары болгондугун айтсак болот, булар Кыргыз каганатынын өнүгүшүнүн стратегиялык жана геосаясаттык максаты болгон.
 
Биздин акылман ата-бабаларыбыз ЭРКИНДИК бул бирөөгө жасаган ЖАКШЫЛЫКТЫН жана АКЫЙКАТТЫН негизи боло ала тургандыгын жана буларга каганаттын жарандары өтө муктаж экендигин түшүнгөн. Эркиндик, бүгүнчө айтканда мамлекеттин «эгемендүүлүгү» деп аталып, анын көз карандысыздыгын аныктайт.
 
Бүгүнкү күнү дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин «пайдубалы» катары мамлекеттин негизги документи – анын Баш мыйзамы (б.а Конституциясы) эсептелет. Эгер Баш мыйзамы чыныгы болсо мамлекеттеги мыйзамдуулук эгемендүүлүк менен көз карандысыздыкка жол берет, жашоонун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылган болот, себеби эркиндиги бар жарандар укуктуу жана демократиялык мамлекетте, коррупцияга (б.а арамдыкка) жана экономикалык муктаждыкка кор болбой, толук кандуу (б.а жакшылык менен акыйкаттыкта) жашоого мүмкүнчүлүк алат.
 
Бирок Баш мыйзам жасалма жана жалган болсо, мамлекет «пайдубалын» жоготот, себеби мыйзамсыздык анын ички жана тышкы коопсуздугуна коркунуч келтирген өтө коркунучтуу мамлекеттик кылмыш – арамдыктын өзөгүн түзөт. Себеби, ички коркунуч жарандардын өз эркиндигинен ажыратып, алардын толук кандуу жашоосуна тосколдук кылат. Тышкы коопсуздук – мамлекетти эгемендүүлүгүнөн  жана көз карандысыздыгынан ажыратып, натыйжада мамлекет тышкы көмүскө күчтөрдүн экономикалык, кийин саясий көз карандылыгына дуушар болушуна алып келет.
 
Демек, АРАМДЫК (коррупция) – бул Ата Мекендин чыккынчысы жана саткыны, мамлекетке каршы уюштурган кылмыш, ал өлкөнүн саясий, экономикалык көз карандысыздыгына жана аймактык бүтүндүгүнө каршы багытталган, азыр «үй-бүлө» деп таанылган кылмыш тобу, ал өзү максатын жарандарды идеологиялык жактан адаштыруу жолу менен («эл укугу» идеясын колдонуп), экономикалык жактан эзилишине жана саясий жактан кулчулукка кармап турууга багытталган, ушуну менен мамлекеттин мүлкүн жана элдин каражаттарын талоонго түшүүсүнө көмөк берет.
 
Көрүнүп тургандай, арамдык зордук менен зомбулукка негизделип жарандардын, коомдун жана мамлекеттин жашоосундагы өтө маанилүү болгон жана мамлекеттин «пайдубалы» катары, анын туруктуулугун жана ички, тышкы коопсуздугун камсыз кылып келген эркиндигине, көз карандысыздыгына жана акыйкатчылыгына орду толгус зыян келтирет.
 
Кыргызстанда бул арамдыкты экс-президент Аскар Акаев баштаган, ал орус цивилизация институнун директору Олег Платоновдун «Арамдык империясынын бүтүшү» деген китебинде айтылгандай масонствонун Дүйнөлүк форумунун – дүйнөлүк башкарууга багытталган жөөт улутчулдарынын чыккынчы коомунун мүчөсү болгон. Масончулардын ишараты менен Акаев «легендарлуу» парламентке сунуш кылган Баш мыйзам (Конституция) 1993-жылы 5-майдан тартып ишке киришкен. Мамлекеттин негизги документин – анын Баш мыйзамын бурмалоо үчүн ал мамлекеттин чыныгы негизин суррогат (б.а жалган, чындык катары таңууланган) «эл» деген түшүнүк менен алмаштырган. Далил катары анын Баш мыйзамындагы 1-ст, 3-п окуп көрүңүз: «Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат».
 
Окумуштуу катары Акаев «эл» деген сөз бул абстрактуу (б.а алаксытылган) философиялык түшүнүк жана ал эч качан мамлекеттин негизи боло албасын эң сонун билген, себеби «адамсыз эл болбойт», - деп айтышкан биздин көзү ачык ата-бабаларыбыз. Демек Баш мыйзамды мындай бурмалоо менен Кыргызстанды мамлекеттин «пайдубалынан» ажыраткан арамдыктын (коррупциянын) келип чыгышына негиз болгон мыйзамсыздык келип чыкты.
 
Натыйжада Кыргызстандын жарандары ЭРКИНДИГИНЕН ажырады, б.а толук кандуу укуксуз калды, мамлекет болсо – эгемендүүлүк менен көз карансыздыгынан ажырап, жөөттөрдүн Дүйнөлүк форумуна караштуу МВФ жана Бүткүл дүйнөлүк банк деген финансылык институттарынын карамагына өттү. Бул жөнүндө АКШнын миллиард долларын чапчыган КРнын сырткы карызы далил болуп турат. Экономикалык көз карандылык болгону үчүн Кыргызстан дүйнөлүк жашыруун оюндарга катышкан күчтөрдүн – Дүйнөлүк форумдун саясий көз карандылыгына дуушар болду. Ушунун өзүн эле Акаевдин КРнын экономикалык жана саясий көз карандысыздыгына тийгизген зыяны деп баалоого болот.
 
Мындан тышкары ал Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн оройлук менен бузду: Үзөңгү-Куушту Кытайга, Каркыраны – Казакстанга, “Кумтөрдүн” алтынын – Канаданын «жеке фирмасына» жамынган жөөттөргө белекке берди. Айтмакчы, бардыгы болуп “Кумтөрдөн” 264 тонна алтын өндүрүлгөн, анын 1 тоннасы (0,5 пайызы) Кыргызстанга калып, калгандары – 263 тоннасы же 99,5 пайызы ушул убакка чейин дүйнөнүн жөөттөрүнө ташылып кетип жатат. Мунун баары жөөт улутчулдарынын кызыкчылыгы үчүн жасалган Ата-Мекендин чыккынчысы жана саткыны Аскар Акаевдин жасаган кылмыш иши.
 
Кыргызстандын жарандарын алдоо жана көзүн майлоо үчүн бузукулуктун генийи Акаев «Түндүк – бул кыргыз элинин символу», - деп ишендирип келген. Ал эми байыркы кыргыз көчмөндөрүнүн философиялык концепциясы «Ууксуз түндүк көтөрүлбөйт», деп аталат. Бул саясий көз караш менен айтканда – «Адамсыз эл болбойт» дегенди билдирет. Биздин даанышман бабаларыбыз «Кудай эркиндикти «элге» эмес, адамга берген» деген түшүнүктө болгон, себеби адамсыз «эл» болбойт. Ошондуктан «эл» мамлекеттин өзөгүн түзө албайт. Демек, мамлекеттин чыныгы өзөгү – жарандар болот. Эгерде кайсы бир адамга КРнын юрисдикциясы таркаса, ал Кыргызстандын жараны болуп эсептелет, анын тегине, жынысына, расасына, улутуна, ишенимине, саясий, диний ж.б жөрөлгөлөрүнө маани берилбейт.
 
Демек, биздин өлкөнүн жарандары эгер Баш мыйзамдын негизи же маанилүү түшүнүгү төмөнкүдөй редакцияга гана жазылганда чыныгы ЭРКИНДИККЕ ээ болушу керектигин билип жана түшүнүп коюшу керек: «Кыргызстандын жараны анын эркиндигинин,көз карандысыздыгынын, акыйкатчылыгынын жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин булагы болуп саналат».
 
Ушул жол менен чыныгы Баш мыйзамды калыбына келтирүү зарыл, б.а мамлекетти бекем «пайдубал» менен бекемдеп, ички жана тышкы коопсуздугун камсыздоо керек. Республикада туруктуулукту жана коопсуздукту коргоо Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин милдетине кирет. КР УКМКнын милдети мамлекеттин ички жана тышкы коопсуздугуна коркунуч туудурган бардык кокустуктардын алдын алуу, табуу жана өз убагында токтотуп калуу болуп эсептелет.     
 
 Бүгүн мамлекеттин өзүнө, ички жана тышкы коопсуздугуна арамдык (коррупциялык) коркунуч туудуруп турат, ошондуктан арамдыкка байланышкан кылмыштар Кылмыш-жаза  кодексинин «Мекенге чыккынчылык» статьясына (беренесине) туура келет, өз учурунда жазык жоопкерчилигинен качып, Акаев 1997-жылы аны КР Кылмыш жана жаза кодексинен билип туруп эле алып таштап, «нөлгө» айланган, аракетсиз 303-беренеси «Коррупция» (арамдык) менен алмаштырып койгон.
 
Натыйжада, УКМК өзүнүн жүргүзгөн ишинин укуктук негизинен кол жууду, б.а арамдарга каршы жазык иштерин козгоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Дал ушул себептен арамдар ушул кезге чейин жазаланбай келет. Ал эми жазасыз калуу каалаганын жасоого түртөт, мунун натыйжасынан Кыргызстан акаевдик башкаруудан бери арамдалган мамлекеттердин рейтингинде 168-орунду ээлеп келет. Азыр деле Акаев, Бакиев жана Отунбаеванын доорундагыдай эле авторитардык режим мамлекетти башкаруунун арамдык системасы менен сакталып келет, анын далили катары азыркы жалган Баш мыйзамдын 2-ст, 1-п бөлүктөрүн айтса болот. Айтууларга караганда бул Баш мыйзам «Ата-мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев тарабынан иштелип чыккан имиш. Иш жүзүндө болсо Мальта аралындагы жөөттөр тарабынан сунушталган, ага референдум жүрөрдүн алдында Ө.Текебаев барып келбеди беле.
 
Масондордун (б.а улутчул жөөттөрдүн) кеңешине кулак салып, Текебаев менен Атамбаев өзбек сепаратисти Кадыржан Батыров менен биригип алып өлкөнүн түштүгүндө өз ара достукта жашап келген өзбектер менен кыргыздардын ортосунда трагедиялуу улуттук жанжал жаратышты го. Республиканын бүт элин козутуп жана коркутуп референдум өткөрүштү, мамлекетти башкаруунун арамдык жана кландык-арамдык башкаруусун сактап калган Баш мыйзамды өткөрүп жиберишти. Бүгүн алар жарандардын, коомдун жана мамлекеттин өтө баалуу кызыкчылыктарына зыян келтирген жалган жана саткын саясатын жүргүзүп жатышат. Мунун мисалы катары «Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиясы» же Атамбаев айтып турган «Жол картасын» алсак болот. Бул Кыргызстандын жарандарын мурдунан сүйрөөгө, жиндидей алдоого жана аларды жумшаганга үйрөтүлгөн маңкурттарга багышталган саясий алдоо десе болот. Маңкурттук (б.а кем акылдык) – арамдыкты уюштурган адамдын жалганын же алданганын түшүнбөй жана сезе албаган адамдын саясий ойломунун бейпайы. Суроо туулат: Баш мыйзам жалган болсо Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө жетүү мүмкүнбү?»
 
Жооп: эч качан мүмкүн эмес, ошондуктан саясий иш-аракетте керт башынын пайдасын көздөө, менменчиликке берилүү, бийлик кумарына барууга орун болбошу керек. Аң-сезими жок, моралдык-адептүүлүгү төмөн жана турмуштук билим өксүгү бар адамдарга саясий бийликтин жогорку кабатынан орун болбошу керек. Ал эми өксүк сапаттары бар индивиддин (б.а адамдын) «элди башкаруу өнөрү» менен иш алып барууга укугу жок. Ошондуктан Алмазбек Шаршенович өз ыктыяры менен мамлекет башчылыгынын ордун өзүнө каршы арамдыкты уюштургандыгы үчүн кылмыш иши козголо электе өткөрүп берсе туура болор эле, себеби бардык парокорлорду «өзүлөрү уурдаган мүлктөрүн конфискациялоо менен өлүм жазасы» күтүп турат.
 
Демек, эгерде биздин мыйзам чыгаруучулар – Жогорку Кеңештин депутаттары жарандарга камкордук көрүп, тезинен эле Кылмыш-жаза кодексинин «Мекенге чыккынчылык» беренесин калыбына келтирип, «нөлгө» айланган. б.а иштебеген «Коррупция» деген беренени алып салышса эле УКМКнын  иштешине укуктук негиз таап берген болор эле. Эгерде ошол эле Жогорку Кеңештин депуттаттары чыныгы Баш мыйзамды калыбына келтирүү жолу менен негизги зордук, зомбулук-арамдыкты жоготсо ажайып сонун иш жасаган болор эле. Ошондой эле баалуу нерсе – 1993-жылдагы Баш мыйзамды калыбына келтирип, мамлекеттин жалган негизин чыныгы негиз менен алмаштырып, анын түптүү «пайдубалын» камсыз кылуу милдети турат.
 
Имаралы Кушматов,
УКМКнын отставкадагы полковниги.
Байланыш тел.: (0771) 04–22-54