Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 8481
"Атамбаев миң адамдын мандатын алса дагы, миң адамды түрмөгө отургузса дагы мамлекетке жарытылуу өзгөрүүлөрдү жасай албаса Атамбаевдин саясий бийлиги, саясий жашоосу көпкө узабайт. Мен муну башынан бери эле айтып келе жатам, дагы да айтам: эгерде ушу бойдон кете турган болсо Атамбаевдин ашып кетсе бир-бир жарым жыл бийлик убактысы калды".- дейт Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков.
 
- Равшан Бабырбекович, Жогорку соттун чечимине ылайык, оппозициялык көз караштагы үч депутат мандатынан ажыраганы турат. Муну бийликтин саясий каршылаштарын ачык куугунтуктоосу катары кабыл алсак болобу?
 
- Бул маселе боюнча мен мурдатан бери эле көз карашымды айтып келе атам. Үч депутатка коюлган күнөөлөрдүн эч кандай далили жок. Бул саясий куугунтук, саясий чечим болуп эсептелинет. Мыйзам боюнча, депутаттар мыйзамдын негизинде жеңил кылмыш үчүн жоопкерчиликке тартылышпайт. Ошол жеңил кылмыш үчүн жоопкерчиликке тартылбаганы үчүн үч депутатка «күч менен мамлекетти басып алуу» деп оор кылмышты илишкен. Бирок, сотто депутаттардын күч менен мамлекетти басып алуу күнөөсү далилденбесе да, күнөөлүү болушуп, 1,5 жылга эркинен ажыратылып жатат. А бирок, мыйзам боюнча, эгерде бул депутаттар оор кылмыш боюнча күнөөлүү болуп табыла турган болсо, анда жок дегенде 10-15 жылга эркинен ажыратылышы керек болчу. Бирок, аларды оор кылмыш боюнча күнөөлүү кылып, жеңил жаза берип, мандатын алуу боюнча аракеттер болуп атат.
 
Мына ушундай логикага сыйбаган нерселер боюнча жыйынтык чыгарсак болот: бул мурдатан эле айтылып келгендей саясий чечим, бийликтин өз каршылаштарын саясий аренадан жок кылуу аракети жүрүүдө. Кыргызстанда күчтүү саясатчылар канчалык көп болсо, азыркы бийликке, президент Атамбаевге ошончолук кыйын болот. Ошондуктан саясий аренадан күчтүү, эл колдогон саясатчыларды сүрүп чыгарууга болгон күчүн жумшашууда.
 
Дагы бир жаман нерсе, бизде бүгүнкү күндө депутаттарды мандатынан ажыратуу өнөкөтү пайда болуп жатат. Бул өнөкөттү колдогон саясатчылардын тобу пайда болду. Мен бир нерсени айткым келет, 30-жылдардан баштап Сталин 20 миллионго жакын адамды өлтүрүп, саясий куугунтук кылып, түрмөгө камай баштаганда , Советтер союзунун элинин дээрлик көпчүлүгү кол чаап карап турушкан. Баардыгы Сталиндин туура кылып жатышкандыгын айтышкан. Көпчүлүк эле адамдар, кээ бир саналуу гана адамдарды айтпаганда баардыгы Сталинди колдоп, “мамлекет үчүн туура кылып атат, Сталиндин жасаган ишинин баары туура”,- деп айтып келишкен. А азыркы күндө тарыхыбызды карай турган болсок, анын бул кадамы эч кандай туура болгон эмес, ал 20 миллионго жакын адамды кырып таштаган. Бүгүнкү күндө дагы Атамбаевдин жасап аткан ишин кээ бир депутаттар, саясатчылар кол чаап, “туура кылып жатат”,- деп жатышат. Депутаттарды мандатынан ажыратуу эч убакта биздин мамлекетти жакшылыкка алып келбейт. Бүгүн үч депутатты мандатынан ажыратса, эртең дагы башка депутаттарды - ким Атамбаевге каршы чыгып жатса - ошолорду мандатынан ажыратуу процесси башталат. Эртең мындай күн менин башыма келиши мүмкүн, балким дагы бир башка депутатка барышы мүмкүн, анан дагы башкасына барышы мүмкүн. Ошондуктан бүгүнкү күндөгү үч депутатка саясий куугунтук жасап жатканы жана аларды мандатынан ажыратуу өнөкөтүнун башталганы - мамлекеттеги жаман көрүнүш болуп эсептелинет.
 
- Акыркы сот процесси да абдан шашылыш өттү. Жадагалса жалдама, дүжүр адвокаттарды таңуулашып, түнкү саат он бирден өтүп чечим чыгарышты, бул эмнени түшүндүрөт деп ойлойсуз?
 
- Мен аралашып жүрбөгөндүктөн процедуралык деталдарды жалпысынан билбейм. Бирок, бир нерсени айтсак болот: аталган сот процесси - Россияда Ходорковскийди камагандай, же болбосо Гудковду депутаттык мандатынан ажыраткандай эле, биздин бийликтин депутаттарга, саясатчыларга карата: “кимиңер мага каршы баш көтөрө турган болсоңор, бүгүнкү күндөгү соттор, прокуратура менин чөнтөгүмдө, мен баарыңарга каалаганымды кылам”,- деген сигналы. Атамбаев ушул сот аркылуу баардык саясатчыларга, коомчулукка ушинтип эскертүү жасагысы келип атат. Ошону менен баардыгынын башын жерге салып, “баардыгын мен билем, мен чечем”,- деген мамлекет курууга аракет жасап атат.
 
Экинчисинен, сот эмне үчүн бат чечим чыгарып атат? Анткени жайында эл дагы, саясатчылар дагы аябагандай пассивдүү. Баардыгы ар жакка тарап кеткен. Мына ошол учурда чечим чыгаруу – “эл митинге чыга албайт, каршы тура албайт, саясатчылар чогула албайт, бат чечим чыгарып таратып койсок, күзгө чейин тынчып калышат”- деген ойдо жасалган нерсе.
 
- Депутаттарды мандатынан ажыратуу менен коомдук-саясий кырдаал курчуп кетиши мүмкүнбү?
 
- 2007-жылы мен анда «Ата-Мекен» партиясында элем. Бакиевдер аталган партия шайлоодон утса дагы, биздин мандатыбызды бербей койгон. Ал убакта албетте, бизге бир топ кыйын болгон. Эгерде утуп алган мандатын бербей койсо, ал адам, ал саясатчы аябагандай оор абалга дуушар болот. Бүгүнкү күндө деле Камчыбек Ташиевди жана башка депутаттарды мандатынан ажыратып койсо эле, мамлекет өзүнөн-өзү эле жыргап асманга учуп кетпейт. Атамбаевдин кадыр-баркы өзүнөн-өзү эле асмандын башына көтөрүлүп кетпейт. Соттордун кадыр-баркы өзүнөн-өзү эле оңолуп кетпейт! Атамбаевдин кадыр-баркынын көтөрүлүшүнө, сотторго эл ишеничин орнотууга же болбосо мамлекетти өнүгүүгө алып келе ала турган бир нече баягы эле биз айтып жүргөн факторлор бар. Бул мамлекеттеги реформа, бул мамлекеттеги башкаруу системасын өзгөртүү болуп эсептелинет. Эгерде президент Атамбаев миң адамдын мандатын алса дагы, миң адамды түрмөгө отургузса дагы мамлекетке жарытылуу өзгөрүүлөрдү жасай албаса Атамбаевдин саясий бийлиги, саясий жашоосу көпкө узабайт. Мен муну башынан бери эле айтып келе жатам, дагы да айтам: эгерде ушу бойдон кете турган болсо Атамбаевдин ашып кетсе бир-бир жарым жыл бийлик убактысы калды. Депутаттардын мандатын алган менен ал көпкө отура албайт. Атамбаев бийлигин тапшырып берет же парламентке Конституцияга ылайык башкарууну өткөзүп берип, өзү чектелген укугу бар ажо катары гана калат. Ушуну аткарбай турган болсо, ашып кетсе бир-бир жарым жылдын ичинде Атамбаевди бийликтен кетирүү процесстери башталышы мүмкүн.
 
- “Кумтөр” маселесин кароо бийлик тарабынан улам артка жылдырылууда. А бийликтин элге берген убадасы боюнча бул маселе бир ай ичинде каралышы зарыл болчу.
 
- Эми «Кумтөр» боюнча так айтыш кыйын. Бул маселени эки тараптуу карасак болот. Бирок, бул маселелерге тийиштүү сүйлөшүүлөргө катышпагандан кийин так айталбайм. Болжол менен айтсам болот. Биринчи варианты - «Кумтөрдүн» негизги акциясын ээлеген адамдар үчүн Кыргызстандан пайда табуу бир топ маанилүү болгондуктан, алар көрүнүктүү кандайдыр бир чегинүүлөргө барышат. Балким, акцияларды кайра бөлүштүрүшөт. Экинчи вариант - алар эл аралык сотко барат. Экөөсүнүн кайсынысын тандап алабыз, биз азырынча айта албайбыз. Бирок кандай болгон күндө дагы «Кумтөрдү» алсак дагы, албасак дагы бул биздин маселебизди толук чече албайт. Биздин мамлекетибиздеги маанилүү маселе «Кумтөр» же кайсы бир ГЭСтерди куруу эмес, эң негизги бизди ойлонто турган нерсе - мамлекеттин башкаруу системасын өзгөртүү жана реформаларды жасоо. Эгерде биз ушул эки маселени жасабасак, «Камбар-Атаны» курабызбы-курбайбызбы, «Кумтөрдү» алабызбы-албайбызбы - биз үчүн экинчи катардагы маселелер болуп эсептелинет. Ошон үчүн бизге «Камбар-Ата» дагы, «Кумтөр» дагы бизге ийгиликтерди, көп байлыкты алып келе албайт. Биздин эң маанилүү маселебиз стуруктуралык өзгөрүүлөр болуп эсептелинет.
 
- Өлкөдөгү азыркы саясий абалды кантип жакшыртса болот. Бул үчүн кандай кадамдарга баруу зарыл деп ойлойсуз?
 
- Бүгүнкү күндө биздин өкмөтүбүз дагы, сотубуз дагы, Жогорку Кеңешибиз дагы эч маселе чечпейт. Бүгүн Жогорку Кеңеш дагы Атамбаев, өкмөт дагы Атамбаев, сот дагы Атамбаев! Бардык бийлик Атамбаевде! Ошондуктан «Камбар-Атаны» курабыз деп аракет кылып атканы бул Атамбаевдин гана көз карашы. Анткени ушул «Камбар-Атаны» эптеп куруп жиберсем, бир чоң нерсе жасадым деп тарыхта калам деген гана ою, элди ошону менен гана алаксытам деген аракетти. Менин так көз карашым боюнча жанагыле айтып кеткендей Атамбаев өкмөт башчысы, Атамбаев Жогорку Кеңештин ээси, Атамбаев соттун башчысы бир нерсени түшүнүшү керек, «Камбар-Ата» дагы, «Кумтөр» дагы, депутаттарды мандатынан ажыратуу дагы, саясий куугунтук дагы эч маселе чечпейт! Мен тажабастан айта берем, биздеги негизги маселе - башкаруу системасын өзгөртүү жана мамлекетте  реформа жасоо. Эгерде Атамбаев ушуну түшүнсө - өзгөрүү болот. Түшүнбөсө мен жогоруда айтып кеткендей эле революциялардын кучагына кайра-кайра келе беребиз.
 
-  Ошентсе да, “Кумтөр” аркылуу көп экономикалык маселелер чечилиши мүмкүн да?
 
- “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөр мамлекеттин пайдасына чечилген күндө да, ал Кыргызстан үчүн чоң ийигиликтерди алып келе албайт. Албетте бул маселе кандайдыр бир деңгээлде маанилүү. Бул биздин анча-мынча маселелерибизди, экономикалык, социалдык каражат маселелерди чечиши мүмкүн. Бирок толугу менен биздин маселебизди чече албайт. Ошонуктан “Кумтөр” биз үчүн эң приоритеттүү, эң маанилүү маселе эмес. Эң приоритетүү маселелер башка жакта жатат.
 
- Бийлик толугу менен Атамбаевдин колунда экенин айттыңыз. Демек, өлкөдө эмне процесс болбосун, ажо жеке өзү жооп бериши керек экен да?
 
- Бүгүнкү күндө бир нерсени моюнга алышыбыз керек. Мыйзам түрүндө президенттен кыйла ыйгарым укуктарды алганыбыз менен, факт жүзүндө баардык нерсе президенттин колунда. Бул кишиде ушунчалык жакшы система пайда болду: кааласа саясатчыларды, партияларды бири-бири менен кагыштырат. Кааласа биринин үстүнө бирин мингизет. Кааласа бирин тартат, кааласа экинчисин алыстатат. Эч кандай Конституцияда көргөзүлгөн укуктары жок эле президент мына ушундай жазылбаган нерселерге ээ болуп калды. Ошондуктан бүгүнкү күндө кайсы бир саясатчы президенттин жанына чуркап барса, биз ага таң калбашыбыз керек. Эгерде кайсы бир саясатчыны камап таштаса ага да таң калбашыбыз керек. Ошондой эле кайсы бир саясатчынын көкөлөтсө ага да таң калбашыбыз керек. Анткени бүгүнкү түзүлгөн система президентке ушундай мүмкүнчүлүк берип, каалаган нерсесин жасаганга шарт түзүп берип атат.
 
- Айрым маалыматтарга караганда, Бишкекке Торугарт аркылуу элдик митингдерге каршы колдонулуучу суу аткыч 4 водомет менен 3 брондолгон аскер ташуучу машина алынып келинди.  Буга чейинки 2 кыргыз президенти болгону 1 эле водомет алып келүүгө батынса, Атамбаев дароо эле 4 водомет алып келди. Бир кезде, 2006-жылы ноябрда Бакиев элге каршы 1 водометту колдонгондо ызы-чуу салган демократтар эми Атамбаевдин 5 водометуна унчугушкан жок.
 
- Мен бир нерсени так билем жана көзүм жетет. Атамбаев эки машина эмес жүз машина алып келсин! Атамбаев «Камбар-Атадан» жүздү курсун! Эгерде, мамлекетте көрүнүктүү өзгөрүүлөрдү, экономикада көрүнүктүү өзгөрүүлөрдү, улуттун биримдигин, бюджеттин тартыштыгын чече албай турган болсо анда Атамбаевдин бийлигинин келечеги жок. Водометтору, брондолгон техникалары анын бийлигин сактап кала албайт.
 
- “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев республикачылардын анабашчысы Бабановго кайрылып, “фракциядагы айрым кылмыш жообуна тартылган депутаттарды берсең, “Республиканы” коалициянын курамына киргизебиз” деген билдирүү жасады. Сиздин оюңуз?
 
-Эми саясатчы катарында ар бир адам өзүнүн көз карашын айта берүүгө болот. Колициянын негизги чечип аткан адамы катарында ал адамдын көз карашы бир жагынан туура эле. Антип айтканга укуктары да бар. Анткени бүгүнкү күндө мамлекетти эки адам башкарып атат. Бирөөсү Атамбаев, экинчиси Текебаев. Алар каалаганын айтса, каалаганын жасаса боло берет
 
Маектешкен
Алтынай Ормотоева
Булак: “Майдан.kg”, №30, 21.08.2013-ж