Ошентип бир жылга жакын чубактын кунундай чубалган “Ата-Журт” партиясынын үч депутаты – К.Ташиев, С.Жапаров жана Т.Мамытовдордун сот ишине Жогорку сот чекит койду. Соттун чечими менен Биринчи май райондук сотунун чечими күчүндө калтырылып, Бишкек шаардык сотунун чечими жокко чыгарылды же үч депутаттын экөөсү 1,5 жылдан, үчүнчүсү 1 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми тергөө учурунда депутаттардын СИЗОдо отурган бир күнү эки күн деп эсептелгендиктен, алардын жаза мөөнөтү аяктап, камакка алынган жок.
 
Бул жерде Жогорку соттун чечими “Карышкыр да ток, койлор да тирүү” деген эле эски лакапты эске салууда. Анткени үч депутат эркиндикте кала берип, бирок мыйзамга ылайык депутаттык мандатынан ажырайт жана мойнуна “соттолгон” деген каргы илинип, он жылга чейин саясый ишмердүүлүк менен алектене албайт. Ошентип азыркы бийликтегилердин жайытына он жыл боюу эч ким кол сала албайт.
 
Мындай чечим чыгаруу аркылуу президент А.Атамбаев жана анын тегерегиндегилер келечектеги күчтүү саясый атаандашынын “көзүн талап” түпкү максатына жетти. Кыраакы саясатчы жана сот, ЖК депутаты К.Осмонов бийликтин “Ата-Журттун” бул үч депутатына кылдай күнөөсү үчүн тоодой күнөө таккан негизги максаты башында эле ушундай болгондугун ачык айтты. Эгер Бакиевдер саясый атаандашын өзүнө тартып, алдап, ичирип-жедирип, анан кылмыш ишин козгоп же такыр эле көнбөсө күч колдонуу менен көзүн тазалаган ыкманы колдонсо, Атамбаевчилер ушундай атаандашынын артына бычак сайган Коңурбайчылык ыкманы колдонушту. Ал эми бийликтин “кара жащиги” аталган КТР менен адилеттик жолунан тайып бараткан “Азаттык” радиосу соттун мындай чечимин тойлоп, эски тасмаларын кайталап уктуруп, көрсөтүп, үч депутатты кыргыз элинин башкы душманы катары көрсөтүштү. Балким, кайсы бир бийлик акырынан жем жеп, уурулук кылган маңкурттарга мындай кара пиар жаккандыр, бирок көпчүлүк эл, айрыкча түштүктүктөр бул Кыргызстанда эки ирет революция жасоого түрткөн ыплас уктуруу менен көрсөтүүнү көрбөй, жерге түкүрүштү. Сыягы, өз элинин келечеги, кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн азамат уулдарын маскаралаган маңкуртчулук керек болсо биз диктатура деп атаган Казакстан менен Өзбекстанда да болбосо керек.
 
Алардын кайсы эрдиги бар дейсизби? С.Жапаровдун “Кумтөрдү” дале эл аралык шылуундар талап-тоноп, Кыргызстандын кызыкчылыгы корголбой жаткандыгын айтып чыккандыгы чыккынчылыкпы? 2010-жылы июнь окуясында республикабыздын түштүгүндө адам каны суудай агып, эки эл кагылышып, мамлекетибиздин жарымы жоголуп кетүү алдында турган каргашалуу күндөрү азыркы “жакшылар” А.Атамбаев, Т.Сариев, Ө.Текебаев, Жээнбеков сыяктуулар бир айлап жоголуп, кайда жүргөндүгү билинбей калып, эл өзү менен өзү болгон учурда К.Ташиев октон, оттон жалтанбай, миңдеген жаштарды токтотуп калгандыгы, эки тарапты жараштыргандыгы калппы!? Бул күндөр да өтүп, А.Атамбаев бийликтен кетер. Бирок ошондо алар элдин арасын кантип аралайт болду экен?
 
Баарынан да “тирүү аюунун терисин талашкандай” ошол эле КТР менен “Азаттык” “Ата-Журттун” журтунда ырк кетти, бөлүнүп-жарыла баштады деген алдын ала божомолдорду айта башташы акмакчылыктын жеткен чеги болууда. Макул, “Ата-Журт” бөлүнүп-жарылганда деле алардын үйүнө өрт түшүп жатыптырбы, Кыргызстан экиге бөлүнүп кетиптирби? Эгер бүгүнкү бийликтегилер терең ойлонсо, алар мындай жолго баруу менен өлкөбүздүн аймакка, уруу-урууга бөлүнгөн эски жарасын кайра козгоп, ортого жарака кетирди. Бул айланып келип эле Атамбаевден кийинки президенттик шайлоого да азыртан даярдык көрүп, атаандаштарды алсыратуунү көздөгөн арамза ойлордун ишке ашырылышы.
 
Салыштыруу үчүн ошол эле Россия бийлигин алалы, учурда Москва мэрлигине атаандашкан, №1-оппозиционер Алексей Навальныйдын чет өлкөдөн каржылык жардам алып, бүтүндөй өлкөгө будуң-чаң салып жаткандыгына, мурда ишинде ири каржылык мыйзам бузууларга жол бергендиги далилденгендигине карабай камаган жок. Башкача айтканда беш жылга соттоп, кайра бошотуп жиберди. Себеби В.Путин жана анын бийлиги А.Навальныйдын деңгээли төмөндүгүн жана өздөрүнүкү жогорулугун билишет. Ошондуктан көпчүлүк россиялыктар колдобойт. Бир чети эл аралык аренада Россияда демократия, сөз эркиндиги жана башка адам укугуна байланышкан жагдайлар сакталарын далилдешүүдө. Андыктан жогорудагы айрым далилдүү мыйзам бузууларга карабастан, А.Навальныйды эркиндикке чыгарып коюшту.
 
Балким, биздин бийлик  Россиядан айырмаланып, өздөрүнүн деңгээли, эл арасында кадыр-баркы төмөндүгүн жана “Ата-Журттун” үч депутаты менен башка оппозиционерлердин жогору экендигин билгендиктен, ушундай “ва-банкка” барып жатышкандыр. Демек, “Ата-Журттун” депутаттарын мандатынан ажыратуу менен бийлик убактылуу утушка ээ болгон менен мамлекеттин келечегине балта чабууда. Кыскасы, Кыргызстан күндөн күнгө экономикалык жана саясый кризиске кабылууда. Андай туңгуюкка өз башы менен иш кылбаган Атамбаев жана анын тегерегиндеги жеке кызыкчылыгынын деңгээлинде ой жүгүрткөн кыргыз элинин душмандары түртүүдө.
 
К.Жакшылыков
Булак: “Майдан.kg”, №029,14.08.2013-ж.