Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1909
Кылмыш дүйнѳсүнүн атаманы, бир канча кыргыздын кулагын кесип чыркыраткан башкесер Батукаевдин «адвокаты», Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун борттон ары тебилгенден кийин, Акыйкатчы институту аңгырап бош. Бир канча талапкерлер ат салышып, тизме такталып аягына чыкканы турат. Тизмеге тизмектеле каз катар тизилген талапкерлердин арасында анчейин акыйкатчы боло калчулар сейрек.
 
Маселен, кышында Екатеринбург шаарына мигранттар менен жолугушуга барып, сый үстүндѳ чардап, келээри менен берген убадасын унутуп, алыстагы мекендештерден наалат уккан “ата-мекенчи” депутат айым Асия Сасыкбаева жүрѳт. Ѳмүрүн батыштын баалуулуктарына арнаган НПОчу айым Азиза Абдырасулова бар. Ал айым убагында ѳзбек сеператистерине боор тартып, кыргыз коомчулугуна жек кѳрүнгѳн. Андан кийинкиси парламенттик жаңы системага аяк салганда бюлетендерди бүлүндүрүп, “Бүтүн Кыргызстанды” бүк түшүрүп, кийин ажонун шайлоосунда мигранттардын добушун жокко чыгарып, шайлоо укугунан ажыратып, кѳз кѳрүнөѳ 1 миллионго жакын мекендештердин конституциялык укугун бузган Акылбек Сариев деген жигит. “Бакырчак тѳѳнүн бары жакшы”,- дегендей, “акыйкатчы болом” дегендердин катарында Нурлан Мотуев, жакында эле карааны пайда болуп, батыштын баалуулугун туу туткан ѳзүн укук коргоочу атаган Рита Карасартова дегендер акыйкатчынын креслосун түш кѳрүп, түнү уйкусунан чочуп туруп аткан кездери. Бирок мындай Кыргызстандын акыйкатчысы боло турган адам, аталган институтту ѳзүнүн деңгээли менен ченеп коеру белгилүү болду. Маселен, Турсунбек Акун келгени Акыйкатчы институту ѳзүнѳ окшош жеңил желпи, жѳѳ жүгүрүк сыяктуу деңгээлге түшүп, акырында кыргыз элин жер каратып, бир бандитке бүгүлүп түшүп, этегине тооп кылып кызык эле болду.
 
Ал эми кийинки акыйкатчы боло турган адам деңгээли жердин битинен да ылдый болуп калган институттун кадырын кѳтѳрүп, акыйкат иш алып бара алган, кадырлуу адам болушу керектигин айтпаса да түшүнүктүү. Бийликтин кѳзүн карап жалтайлабаган, бандиттер басып келсе кол куушуруп Турсунбай Акунчасынан “хоп майли” дебеген, сабырдуу, салабатуу адам аталган институттун кадырын кѳкѳлѳтѳ алат. Ошол эле кезде акыйкатчы карапайым элдин муң-зарын уга билген, акыйкат жолун тааныган, керек болсо дини, дили таза адам болушу зарыл. Мындай талапкер бапырап, ѳзүн күзгүдѳн карабай акыйткачылыкка аттанып алгандардын арасында жалгыз гана татыктуусу Турдали Орозбаев жүрѳт. Турдали Орозбаев мурда Россиядагы Кыргызстандын Башкы консулу болуп иштеп турганда ал жактагы мигранттардын маанилүү маселесин, кыргыз орус ортосундагы мамилени жѳнгѳ салууда алгылыктуу кѳп иштерди жасаган. Ошону менен бирге бириндеп жүргѳн кыргыздардын башын бириктирип, ар бир аймактарга кыргыз коомдорун ачып, диаспора түзүүгѳ шыкак берип, жыйынтыгында кыргыздардын ортосундагы байланыш күчѳп, жергиликтүү саясий жана коомдук иштерде кыргыздардын активдүүлүгү байкалган. Мамлекеттик иштерде тажрыйбасы мол, табиятынан жѳнѳкѳй, кѳрѳгѳч жана лидер жетекчи. Дагы бир артыкчылыгы Акыйкатчылык институтка байланыштырып турганы Кудай жолундагы, акыйкаттыкты тааныган, ажылык сапарга барып, динди билген, дили таза инсан. Демек, Турдали Орозбаев бүгүнкү күндѳ жарыкта чырак менен издеген муктаж талапкерлердин катарында.
 
Зарема Айсариева
Булак: “Майдан.kg” гезити, №028 (110), 2013-жылдын 7-августу