Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 8061
Кыргыз элин бириктирүүгө кедерги болуп жаткан дагы бир көрүнүш, бул -  кыргыз тилинин бүткүл кыргыз журтчулугун камтый албай, өнүкпөй жаткан абалы болуп калууда.
 
Нарындын солто уруусунан Молдо Кылыч 1911-жылы Казан шаарынан араб арибинде жарык көргөн «Зилзала» китебинде элдин бөлүнүп жаткандыгын зар какшап айтат. Зилзала - бул жер титирөө, жер кыртышынан жарака кетүүсү. Бирок китептин негизги идеясы – жердин жаракасы эмес, элдер ортосунда кеткен жаракага багытталып, автор абалды өз жүрөгүндөгү жарака катары баяндайт.
 
Бул китепти даярдоочулар китеп башында: «Молдо Кылычтын «Зилзаласы» ошол кездеги орток тилдин үлгүсүнө салынган. Аны башкача (кыргыз эмес тилде) жазган деп айта албайбыз» - деп эскеришет. Ал  кайсы орток тил эле?
 
Молдо Кылыч өзү бул китебине кийинчерээк кайра кайрылып: «1911-жылы казак менен кыргыздын алфавити бирдей болгон. 1912-жылы Ахмед Байтурсунов ошол бирдиктүү алфавиттен казак диалектисин бөлүп чыкты. Ал эми 1924-жылы Ешеналы Арабаев кыргыз диалектисин казактан бөлүп чыкты» - деп баш сөз жазат. Молдо Кылыч казак менен кыргыз алгач бир тилде сүйлөп, бир альфавитте жазганы, анан барып бөлүнгөнүн кейип айтат. Анда ал кайсы бир тил эле?
 
Кыргыз тилинин бүгүнкү абалына назар салсак, Ешеналы (Ишеналы) Арабаев даярдаган кыргыз тили боюнча илим ошол бойдон токтолуп калгандыгы байкалат. Ешеналы Арабаев мезгилинде патриоттук иш жасаган, ал колу жеткен кыргыздардын сүйлөгөн сөзүн иликтеди. Анын Баткен тараптагы, Наманген, Паргана, Анжиян, Жыззак тараптагы, же Кытайдагы кыргыздардын тилин иликтөөгө мүмкүнчүлүгү жок эле. Эгер болгондо, аалам алкагында күн кечирип келе жатышкан бардык кыргыз журтчулугунун сүйлөгөн сөздөрүн иликтеп, бардык кыргыздарды камтыган ортолук кыргыз тилин жаратып, аны түркий тилдер арасына абройлуу даражага чыгармак. Окумуштуунун баштаган кадамы, түркий элдердин тарыхына карата адилетсиздикке душ болгондонбу, же анын артынан келген тил багытындагы окумуштуулар андай кадамга барууда али заары сакталып калган абалдан чочулаштыбы, алардын ичи тардыгы кошул-ташыл болуп кеттиби, ошол бойдон калып калды. Натыйжада, жалпы аалам кыргыздарынын ортолук тили эмес, кайсы бир региондун гана тили (ал да чолток) «официалдуу тил» болуп калыптанып, «неоокумуштуулар» тарабынан калган региондордогу кыргыз тили «диалекттик» катары бааланып «илимдери» жаралып кетти.
 
«Манас» эпосуна кайрылып көрөлү.
 
Саякбай Каралаевдин да, Сагынбай Орозбаковдун да айтуусундагы «Манас» эпосу китептеринин арт жагында көлөмдүү түшүндүрмөлөр жазылган. Кыргызга да кыргыз сөзү түшүндүрүлөбү? Ал сөздөр Манас мезгилинде пайдаланылып, балким бүгүн пайдаланылбай калгандыр? Андай болсо, саны 10-15тей болсо мейли эле, бирок ал кадимки эки элдин орто «словарындай» өтө көлөмдүү.
 
Анда манасчылар айткан кайсы сөз, кайсы тил эле?  “Түшүндүрүлүп” жаткан Манас бабабыз сүйлөгөн сөздөр Баткен элинин күнүмдүк турмушунда түшүндүрмөсүз эле кеңири пайдаланылып келе жатат. Бирок, булар сүйлөгөн сөздү «биз кыргыз тилин өнүктүрүп жатабыз» дешкен, бирок иш жүзүндө тескери жумуш жасап жатышкан регионалисттер сүйлөй да, жаза да алышпайт. Ал сөздөрдү азыркы кыргыздын 36 ариби менен жазууга да мүмкүн эмес, ал үчүн жок эле дегенде кошумча 2 арип керек болот.
 
Кыргыз болуп туруп Манас сүйлөгөн сөздөр унутулуп, жазылбай жатса, кыргыз тилинин өнүктүрүү тууралуу сөз кылуунун кажети барбы? Аалам кыргыздарынын тилин, маданиятын, тарыхын жалпылап ортолукка айлантпаса, анда кайсы биримдик? Эгер кайсы бир региондун тили, маданияты, уруусу өгөйлөнүп, бабалары айткан сөздөрдү кагазга түшүрсө «силер бөлүнүп жатасыңар» деген кине коюлуп олтурса, анан алардын кантип ичи жылысын? Элди бириктирбей жаткан  – мына ушулар болуп жүрбөсүн? Кыргыздарда, элдин аз сандагы бөлүгүнүн тили негизги тил болуп, көпчүлүк сүйлөгөн тил «диалекттик» аталып калган адилетсиздик, албетте кайра каралууга тийиш. 
 
Борбордук Азиядагы түрк элдеринин дүйнөнүн бир да элинде кайталангыс маданиятын, көп кырдуу адабиятын, илимдерин, каада-салттарын, каармандык мүнөзүн дүйнөгө тааныткан улуу ойчул-аалымдар Аль Фараби, Махмуд Кашкарий, Юсуф Баласагуний, Ахмед Яссавий, Девонаи Машраф, Алишер Навои ж.б.лар аты аталбай келе жаткан улуу тилде сүйлөшүп, жазышып, алардын «Кутатги-билиг», «Лугати-атут-түрк», «Гөр углу» сыяктуу улуу дастандары дүйнөлүк руханий казнада өтө салмактуу экендиги белгилүү. Бүгүнкү тарыхчылар, ал турсун адабиятчылар алардын чыгармалары «чагатай тилинде» жазылган деп айтышы өтө эле уят. Анткени, алардын мезгилинде али Чагатай туула да элек болучу, андай аталыш эч кимдин мээсинде да жок эле.
 
VIII-XI кылымдарда дээрлик бүткүл Азия аймагындагы казак, кыргыз, өзбек, түркмөн, кара-калпак, уйгур ж.б. түркий элдери сүйлөшкөн, парсылар, кытайлар, араптар саясатта жана соодада мамиле кылышкан, атактуу аалымдар жазышкан кубаттуу тил болгон эле. Ал тил XIII кылымдын экинчи жарымындагы Чагатай империясынын мамлекеттик тили болду. Түркий элдердин биригип кетүүсүнөн чочулаган саясат, артынан тарыхчылар ал тилди өз аты менен атагысы келбей, ал тил илимий даректерде «чагатай тили» болуп аталып келе жатат.
 
Орто кылымдагы «чагатай тилинен» дээрлик бардык туркий элдер тилдери келип чыгып, Молдо Кылыч айткандай казак-кыргыз тили бир болуп, «Манас» эпосу да байыртадан эле ошол «чагатай тилинде» айтылып келген болучу.
 
Анда ал ортолук «чагатай тили» кайсы тил эле?Аалам кыргыздары Кытайда, Туркияда, Пакистанда, Афганистанда, Иорданияда, Тажикстанда, Өзбекстанда ж.б. аймактарда өмүр кечиришип жатышкан кыргыздар 20 миллиондон ашып, алардын сөзү Баткен тили менен дал келип, бардыгынын тили ошол «чагатай тилинин» тикелей мураскери экендигин оңой эле баамдоого болот.
 
Көп адамдардын жүрөгү көтөрбөсө да айтып коюу керек, XV кылымга чейин эле Чагатай империясынын мамлекеттик тили жана кытай, инд, араб элдеринин саясий жана соодалык ортолук тили, ошол «чагатай тили» аталган тил - кыпчак тили экендиги мына эми айгине болуп калбадыбы. Баткен тили мына ошол улуу тилдин тикелей мураскери болуп саналат. IX кылымга чейин Европа элдеринин ортолук саясий жана соода байланышы, армияларында аскердик буйруктары да кыпчак тилинде берилгендиги, акыркы маалыматтардан белгилүү болду.
 
Кайра жаралуу доорунун атактуу акыны Франческа Петраркенин укмуштуудай бай китепканасында тери менен тышталган кайталангыс китептеринин ичинде өтө баалуу эсептелинген байыркы кыпчак (куман) тилинде жазылган «Кодекс Куманикус» («Словарь кыпчакских языков») деген китеп болот. Акын аны Венеция королдук китепканасына  1303-жылы белекке берет. Бул реликвия бүгүнкүкүнү Венециянын Ыйык Марка (Святая Марка) соборунун китепканасында сакталып турат. «Кодекса Куманикустун» алгачкы 55 барагы «латын-перс-куман сөздүгү»болуп, соода жана дипломатиялык байланыштарда пайдаланылган. Ага удаа немец-куман, куман-итальян жана башка сөздүктөр тиркелген. Андан ары, эки бетке нотасы менен «Вспоминая праведную кровь» аттуу католик гимни, «Аве, Мария» гимнинин ыры, дагын төрт белгилүү гимндер (христиандык сыйынуулар, Евангелий фрагменттери), ошондой эле бир топ ар тилдеги сөздүктөр жана кыпчак тилинин биринчи грамматикасы киргизилген. Акыркы бир барагында байыркы кыпчак тилиндеги 77 табышмактар берилген.
 
Бул китептин маани маңызын иликтеген көптөгөн еропалык иликтөөчүлөр окумуштуу даражаларга жетишсе, түркий элдердин окумуштуулары анда жазылып калган сөздөрдүн 35-45%ы өз элинде сакталып калгандыгын көрсөтүшүп, өз элинин ошол тарыхый улуу элдин урпактары экендиктерин сыймыктануу менен далилдеп жатышат. Ал эми кыпчак жазма тили боюнча көрүнүктүү окумуштуу адис Сейсенбай Кудасов «Кодекс Куманикус» кыпчак тилдеринин эстелиги деп жүрсөк, андагы 70-80% сөздөр азыркы кыргыз тилинде бар экен» деп белгилейт.
 
Кыргыз тарыхын жоготуу, бурмалоо, тилин өнүктүрбөй, элинин руханий жана экономикалык өсүүсүнө жолтоо болуп, бөлүп-жарып туруу балким бирөө жарымдарга керек болуп жүрбөсүн? Алар кимдер эле? Алар кандайча аракеттерди жасашууда? Суроолорго суроолор менен жооп береличи.
 
1. Кыргыз тарыхы ар түрдүү варианттар менен том-том болуп жарык көрсө да, алар эмнеден өз элинин көкүрөгүнөн орун таба албай келе жатат? Анткени, ар бир кыргыз атуулу көкүрөгүндө сезип турган калмактар менен кырчылдашкан каар мезгилди бул томдордон жолуктура алышпады. Бул томдор кимдер, кантип, кайсы жылдары бейиштей жерди калмактардан тазалап кыргыз журтуна тартуу кылынгандыгы тууралуу айта албады. Андай эрдиктердин башындагы Кан-Шырдак тууралуу бир ооз да айтылбай калды, элди алаксыта башка нукка бурчу маалыматтар менен гана чектелип калды. Кыргыздын чыныгы тарыхы болбогондон улам улуттук идеологиянын да өз орду жок болуп, кыргыз элинин биригүүсүнө болгон канчалаган чакырыктар жасалса да ал натыйжасын бере албай жатат. Анда ошол алаксытма тарых барактары кимдер тарабынан даярдалууда?
 
2. «Манас» эпосу кыргыздардын борбору Анжиян шаарын калмактар басып алгандыгы менен башталат эмеспи. Эпосто, эл оозунда Манастын «курама курап журт кылган» кыргыз элинин «Анжиян хандыгы» мамлекети болгондугу айтылат. Мына ушул «Анжиян хандыгы» тууралуу айтууга кыргыз тарыхчыларынын дарамети өтө эле аянычтуу болуп олтурса, бул хандык тууралуу калмак кандуу тарыхчылар ооз ачышмак беле.
 
3. Кыргыз элинин Манас идеясынын айланасында биригип кетүүсүнөн чочулашкандар Манастын тарыхый реалдуу инсан экендигин көрсөтпөө үчүн, ал турсун анын туусун калмактын көк туусуна алмаштырууга далбас уруша башташты. Кыргыз журтунун биримдигин бузууга дилгир топтун катары чындап коюуланып бара жатат. Кыргыз элинин тарыхый жоосу калмактар болсо, алар бейиштей болгон кыргыз жерин тепсеп кирсе, эли-жери үчүн Манас, Курманбек калмактар менен күрөшүп келсе, кан-Шырдак аларды кыргыз жеринен биротоло кууп чыгарса, кыргыздын, Манастын тарыхын калмак кандуу тарыхчылар жазышат беле, же кантип туура жазышмак эле?
 
4. Бүгүнү мамлекеттик кыргыз тили бардык кыргыздар пайдаланып келе жаткан тилди камтый албай калуу кесепетинен элдин ички өз-ара бөлүнүүсү сакталып келүүдө. Аалам кыргыздары пайдаланып келе жаткан миңге жакын уникалдуу сөздөр кыргыз адабиятында пайдаланылбай азыркы кыргыз тилинин өнүгө албай келүүсү, ал сөздөрдү жазууга бүгүнкү 36 арип жетишсиздигинен болууда. Кошумча жок эле дегенде 2 ариптин кабыл алынышы менен жалпы кыргыз уюткулуу бир журт бир тилде сүйлөп биригип кетүүсүнө ачык эле катуу каршы болуп жаткандар билинип калды.
 
Тымызын душман ар кандай күчтүү каардуу душмандан да коркунучтуу болот эмеспи. Бүгүн «кыргыз» болуп алышкан, бирок өз динин, өз тилин  бекем сактап келе жатышкан калмактар кыргыз тарыхы, Манас тарыхы, кыргыз тили тууралуу кандай жумуш жасамак эле, элестетүү эле канчалык коркунучтуу. Кыргыз тарыхын, Манас тарыхын ачыкка чыгара койбой бурмалап, кыргыз тилинин өнүгүп кетпеши үчүн кошумча ариптерди киргизе койбой, Манастан калган кыргыз туусунун өңүн калмактын көк түсүнө өткөрүүгө далалат кылып жаткандар, бүгүнкү күндө тил, Манас таануу, кыргыз тарыхы тармактарындагы илимпоздор, окумуштуулдар, тарыхчылар, саясатчылар «кыргыз» болуп алышкан калмак кандуулар экендигин айта кетсек эле түшүнүктүү болор. Алардын кимдер экендиги да билинип эле калбадыбы.
 
Бүгүнкү калмак кандуу жана регионалист окумуштуулар, саясатчылар кыргыз элин, анын тилин өгөйлөп жүрүп, кыргыз тили өнүкпөй, кыргыз эли бириге албай, бөлүнүп келе жатат. Аймактардан, айрыкча түштүк тараптан борборго окууга, жумуштап барган жаш өспүрүмдөргө тил боюнча жасалган орой мамилелер аларды чындап бөтөндөп жатканы жашыруун болбой калды. Анан кайсы элдин биримдиги тууралуу сөз болсун?
Тилге болгон бир тараптуу мамиле жана бир тараптуу түшүндүрүү чындап регионалисттерди жаратып, элди чындап бириктирбей турган абалга алып келип салды.
 
Парламентте айтылгандай, жалпы ааламдагы кыргыз тилин кучагына камтый албаган азыркы мамлекеттик аталган тилибиз кыргыз элинин өз мыйзамдарын даярдоого да кудуретсиз болуп жаткандыгы, ал тил жалпы аалам кыргыздарынын өтө эле аянычтуу пайызын ээлеп турган топтун гана тили экендигин моюнга алып коюу керек. Кыргыз элин бөлүп-жарып жаткан «түндүк-түштүк» психологиясы кыргыз тилинин өнүгүүсүнө да тикелей кедергисин тийгизип келүүдө.
 
«Кыргыз тилин өнүктүрөбүз» деген өңүткө жамынган айрым маассалык маалымат каражаттары андай бөлүнүү жарасын дарылабай эле ырбатып жатканы даана байкалат. Маселен, Кубат Оторбаев жетектеген КТРдин «Биринчи радиосунда» күнүнө 5-6 жолу элдин кулагына «Жүгөрүнү мака дейт, мени болсо ака дейт» деп куюп келе жатат. «Мака», «ака» сөздөрү бир адам тарабынан айтылбайт, аны жалпы кыргыздын байкуш пайызы эмес салмактуу бөлүгү айтышат. Таптакыр башка-башка өсүмдүктөр болушкан мака менен жүгөрүнүн айырмасын билбей туруп, билбеген адам билген болуп сүйлөсө өтө эле жагымсыз сезилет экен.
 
2012-жылдын 21-февраль күнү Бүткүл дүйнөлүк тил күнүнө карата «Азаттык» радио берүүсүндө кыргыз тилинин абалы тууралу түз эфирде бир азамат «кыргыз тилин кубаттабай жатат» деген таризде «мына Ош тараптагы кыргыздар өзбекче сүйлөп калышты» деп балп этип жиберди. Анын сөзүнөн, ал киши абдан регионалист экендиги, анын жалпы кыргыздар жашашкан аймактардагы тилдин орду тууралуу, атагы дүйнөгө таанымал Ж.Баласагундун, Махмуд Кашкаринин эмгектери кайсы тилде жазылгандыгы тууралуу түшүнүгү жок экендиги билинип калды. Ош, Баткен, Жалалабад элдери эч кандай өзбекче сүйлөп кетишкен жок, алар бабаларынын эле сөздөрүн ыйык сактап келе жатышат. Мындай сөздөр айтылып жүргөн мезгилде өзбек тили мындай турсун «өзбек» деген этнос да али жарала элек болучу. Кыргыз тилинин өнүкпөй жатуусу кесепетинен жанагындай эл бөлчү манкурттардын катмары коюуланып бара жатканы даана байкалат.
 
Өз үйүмдө эле болгон бир окуяны айтып берейин.
 
Мектепте 1-класста окуган неберем апасына «мен кыргыз тили сабагынан 3 алып калдым» десе, апасы чунаңдап калды «эмне болуп?» деп. Көрсө эжекейи жат жазуу жаздырганда, тооктун балапанын неберем «чөжө» деп жазса, эжекейи аны «жөжө» деп оңдоп коюптур. Анда кыргыз тилинен мугалим энеси «ооба, жөжө деп жазышың керек эле» десе, неберем «силер туура эмес айтып жатасыңар, мен туура жазган болчумун» деп жер тепкилеп ыйлап жиберди.
 
Мен аларды карап туруп, «бул менин неберемдин эле трагедиясы эмес, бул бүткүл Баткен элинин, Баткен тилине тектеш элдердин трагедиясы» деп койдум. Кыргыз эли Манастан калган өзүнүн тили менен кошо, бабаларынан калган баалуулуктардан кур жалак калып, өз бабасы Манасты да айта албай олтурат.
 
Гыламидин Абдрахманов,
КРнын Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү
 
Булак: “Майдан.kg”, №27, 31.07.2013-ж.