Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 2100
Нариман Түлеев 2007-жылдын июлунан 2010-жылдын апрелине чейин Бишкек шаарынын мэри болуп иштеди. Кыргызстандын жаңы тарыхында борбор калааны ондон ашык адам жетектеди, бирок алардын ичинен демилгелүү, көзгө көрүнөрлүк иштери менен Түлеев гана шаардыктардын эсинде калды. Анын дем алышты билбеген, карамагындагылары  менен эртең мененки 8ден кечки саат 10го чейин иштеген күжүрмөндүгү жөнүндө мурдагы советтик мезгилден чыккан эски активдер убагында жылуу маанайда жазып, айтып жүрүштү. Бирок анын мына ошондой иштермандыгы, шаардыктардын арасында жетекчи катарында аброюнун бийиктиги,  жөндөмдөрү болбосо да борбор калааны биротоло  ээлегиси келгендердин,  жумушка  анда-санда келип, бешимге чейин араң чыдагандардын куйкаларын куруштуруп, ачууларын келтирип, аны элдешкис душмандай куугунтукташып, бир жылдан ашык убакыттан бери түрмөдөн чыгарбай жатышкандыгы өкүндүрөт. Тилекке каршы,  бир эмес бир нече адамды өлтүрүп, алардын денелерин мазактагандан да эл үчүн баш-оту менен берилип иштеген инсан бийликтеги айрымдар үчүн коркунучтуу болгон заманда жашап жатканыбыз үчүн арызыбызды Кудайга айтып, чындыкты дагы бир жолу кайталагандан башка эч нерсе  кыла албайбыз.
 
Экс-мэрдин ишиндеги чындык кандай?
         
Н.Түлеев Жогорку Кеңештин депутаты экендигине карабастан 2012-жылдын 21-июнунда камакка алынып, ага 2008-жылы Кытайдын  “Ясинь” деген автозаводунан 200 автобусту алдырганда тендер өткөргөн эмес, ар машинага  “жеткизилгендиги үчүн 7000 доллардан ашыкча чыгымдап, мамлекетке жалпысынан 1 млн. доллар зыян келтирген, аны ал ишке катышкандар менен бөлүп алган” деген формулировкада Кылмыш Кодексинин “Кылмышка катышкандыгы үчүн” деген 30чу, “Коррупция” деген 303чү, “Кылмыш жолу менен табылган кирешени легалдаштырганы үчүн” деген 183чү беренелери менен күнөө коюлуп, иши сотко өткөрүлүп, бирок койгон айыптар ырасталбагандыгы  үчүн 2012-жылдын 15-августунда Жогорку Сот анын баш коргоо чарасын өзгортүү боюнча чечим чыгарган. Соттук кароодо заводдон ар бири 24 337 доллардан сатылып алынган автобустарды Кыргызстанга жеткирүү үчүн 7700 доллардан же 5,5 миң километр аралыкка алып келүү үчүн ар километрге 1,3 доллардан сарпталары, транспортировкалоого катышкандар ар автобусту алып келүүгө 7 миң 63 доллардан чыгымдоо менен 637 доллардан үнөмдөп калышкандыгы аныкталган. Буларды дагы бир жолу тактап тастыктоо үчүн Түлеевдин адвокаттары Эсептөө палатасынын өкүлдөрүн чакырышса, алар келбей коюшкан. Маселе, антип  айыпталуучу үчүн оң жагына оогондон кийин Жогорку Сот жогоркудай чечимди чыгарууга аргасыз болгон. Бирок  ал чечим күчүнө кире электе Башкы прокуратура 2008-жылы күзүндө  Кытайдын “Хубе” заводунан ар бири 16 миң доллардан турган акыр-чикирлерди ташыгыч 16 машинанын ар бирин  45 миң доллардан алып,  Шопоков көчөсүндөгү балдар бакчасынын 35 млн. сомдук имаратын “Айрус” фирмасына  30 млн. сомго сатып мамлекетке ири суммада зыян келтирген, шаардык кеңешке кысым көрсөтүп, жалпы суммасы 200 миллион сомдук облигацияларды чыгарткан деген айыптарды коюп, ошол замат кайра камакка алдырган. Эмесе бул коюлган айыптарга токтололу.
 
“Ясинь” заводу менен Бишкектин автотранспорттук ишканасына ортомчу болгон “Тонгда” деген компания 2008-жылы күзүндө  шаарга ар бири 45 миң долларлык  автобусту  алып келип өткөргөн. Аларды заводдон сатып алып, Бишкекке жеткирүүдө ашыкча чыгашага жол берилмек түгүл, ар автобустан 637 доллардан үнөмдөлгөндүгүн айттык. Ал эми  Башкы прокуратурадагылар акыр-чикирлерди ташыгыч ар машина 16 миң доллардан турат дегенди эмнеге негизденип чыгарышкан? Алардын  далилдик базасы “бир сайттарда ошентип көргөзүлгөн” дегенге негизделген. Аргументтик базаны минтип негиздөө тарыхчылардын “чоң атама бирөө минтип айткан экен” дегениндей деңгээлдеги илимий аргумент  экендигин көрүп турасыздар. Азыр сайттарда эмнелер гана жок. Аларды акыл-эсинен ажырай баштаган адам эле укуктук далил  кылып албаса, башкалар көңүл деле бурбайт. Андан көрө Кытайдын Соода же Өнөр жай палаталары деген сыяктуу мамлекеттик расмий органдарына расмий кат менен кайрылышса, автобустардын чыныгы бааларын алар дароо тактап беришмек. Түлеевдин адвокаттары заводдон, ортомчу болгон фирмадан андай документтерди алып, соттук ишке кошушкан. Бирок, аларды Башкы прокуратура “ айыпталуучулардын күнөөсүздүгүн далилдөөчү документ катары эсептелбейт” деген публицистикага окшогон билдирүүлөр менен гана жооп берип атат. “Эгерде автобусттарды чыгарган заводдон, ортомчу болгон фирмадан алынган документтер далил катарында эсептелбесе, анда  эмнелер  далил катарында эсептелүүсү керек?”- деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Публицистикалык маанидеги билдирүүлөрбү?  
 
Ал эми “Тазалык” ишканасы үчүн алынган машиналарга келсек, соттук кароого күбө катарында тартылган, акыр-чикирлерди ташуучу машиналарды сатууга адистешкен компаниялардын өкүлдөрүнүн көрсөтмөлөрүнө ылайык, баасы 39 миң доллардан төмөн акир-чикир ташыгыч жаңы машина деги эле болбойт, нормалдуу андай жаңы машиналардын орточо баалары 43-52 миң доллардын тегерегинде гана болот экен. Чындыгында атайын механизмдер кошо орнотулган, жалаң темир-тесектерден  турган жаңы чоң автоунаанын (“КаМАЗ” тибиндеги) баасы ар кандай кошулмалардан жасалган, консерванын банкасындай сапаттагы  жапондордун жеңил машиналарындай болот деген деги акылдуу эстүү адам ишене турган нерсеби? Бирок,  мындай техника жаатында аздыр-көптүр түшүнүгү бар жөнөкөй жарандын акылы жеткенди Башкы прокуратурадагылардын моюндарына алгылары келбей атканы  түшүнүксүз.
 
Эмнеге Түлеевди камоону гана көздөп атышат?        
    
Мында дагы бир кызык жагдай, прокуратуранын тергөөчүлөрү  акыр-чикирлерди ташуучу машиналарды сатып алуудагы коррупциялык көрүнүштүн далили катарында Эсеп палатасынын тактамасына шылташкан. Ал эми Эсеп палатасынын жыйынтык кагазды түзгөн аудити Болотбек Өмүрканов дегенди соттук кароого чакырып сураганда, ал эч кандай өз алдынча текшерүү жүргүзбөй эле  тергөөчүлөрдүн материалдарынын негизинде беш күндө Палатанын тактама аныктамасын жазып бергендигин айткан. Ал өз кагазын бүтүргөндөн кийин тергөөчүлөр айыптоо корутундусу ошого негизделди деп жазып коюшкан. Мындай “чыгармачылык” укуктук жактан кандай интерпретацияланат, жалган документти түзүү делеби же кызматтык кыянаттык катарында бааланабы?  Ушундан эле алдын ала тергөө иштеринин кандай  ыкмаларда даярдалгандыгын көрүүгө болот.  1937-1938-жылдарга мүнөздүү    андай ыкма  менен кимге карата деле болсо кылмыш ишин козгой берсе болот.
 
Кылмыш ишинин кыймылсыз мүлккө байланышкан бөлүгүнө кайрылсак, “Айрус” деген фирма Шопоков көчөсүндөгү пайдаланылбай турган балдар бакчасынын имаратын мэриядан 30 миллион сомго сатып алып, көп өтпөй “Кайзер” деген фирмага аз-аздан төлөп кутулууга (рассрочка) 35 млн.  сомго сатып жиберген. Бул кайра сатуудан “Айрус” фирмасы тапкан 5 млн. сом да Түлеев мамлекетке келтирген зыян катарында кылмыш ишине кошулган. Сатуу, кайра сатуу иштеринин негиздүү, мыйзамдуу болгонун же болбогонун  билбейбиз, бирок Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон бери  бир кичинекей балдар бакчасынын имараты эмес, канчалаган ири өндүрүштүк жана социалдык обьектилер колдон колго өтүп, ээлерин өзгөрттү, ортодон канчалаган адамдар пайда табышты, алардын баарын эсептеп чыкканга да мүмкүн эмес. Анда алардын же рыноктук экономикага катышкандардын баары кылмышкер болуп эсептелишеби?  Чындап келгенде имарат “Айруска” өткөндөн кийинки операция  эки фирманын ортосундагы эле жекече маселе. Аны Түлеевге жана анын айланасындагыларга жабыштыргандын келечеги жок. “Айрус” накталай акчасын төлөп, менчигине өткөрүп алгандан кийин имаратты кимге, канчага сатат, ал өзүнүн жекече иши. Аны бирөөлөрдөн сурап, макулдугун алууга милдеттүү эмес.
 
Түлеевге коюлган айыптардын бири – шаардын бюджетине жардам кылуу үчүн 200 миллион сомдук облигациялардын чыгарылгандыгында. Ал шаардык кеңештин атайын чечими менен чыгарылган. Бул жерде Түлеевдин же анын жакындарынын жекече кызыкчылыктары жоктугун Башкы прокуратура да танбайт. Анткени  облигациялар шаардын бюджетин толуктоо максатында гана чыгарылган, аларды эч ким менчиктеп же бекитип алган эмес. Бирок  Башкы прокуратура аны да Түлеевди айыптоо ишине кошуп, ага “алар шаардык кеңешке административдик кысым көрсөтүү аркылуу чыгарылган” деген күнөөнү койду. Бюджетти мыйзамдуу жол менен толуктоо (бул өнүккөн өлкөлөрдүн өз алдынча башкаруу органдарында кеңири тараган көрүнүш) аракетинин кылмыш катарында трактовкалануусу адаттан тышкаркы нерсе, опурталдуу прецедент.
 
Соттук кароолордо Түлеев жана анын адвокаттары 22 документтин негизинде жогорудагыдай айыптоолордун  түккө да арзыбай тургандыгын далилдеп чыгышты. Күбө катарында суралган 30га жакын адамдардын бири да Түлеевге каршы көрсөтмө беришкен жок. Ал тууралуу Н.Түлеев өзүнүн ушул жылдын 12-июлунда Башкы прокурор А.Саляновага кайрылган ачык катында бардыгын айтты, бирден санап чыкты. Аларга каршы Башкы прокуратурадагылар “тигил документ кылмыш ишинде бар, бул документ аргумент катарында эсептелбейт” деп соттун ишине кийлигишип, анын функциясын да өзүнө алууга багытталган аракеттен башка элди да, сотту да ынандыра алгыдай бир да документти көрсөтө алышкан жок. Анын үстүнө акыркы убактарда Башкы прокуратуранын атынан Түлеевди айыптоочулар соттук кароого келбөөнү адатка айландыра башташкандыктан сот аларды мажбурлап алып келүү тууралуу чечим да чыгарды. Сыягы,  далилдик базалары ыдырап кеткендигин көргөндөн кийин  алар соттук кароого катышкандан  уяла башташты окшойт.
 
Бул жерде Кайрылууда айтылгандарды кайталагыбыз келбейт, ал ЖМКларда жарыяланган, бирок ага цивилдүү  түрдө соттук ачык  атаандаштыкта жооп бергендин ордуна Башкы прокуратура басма сөз катчысы аркылуу “биз өз позициябыздан кайтпайбыз, соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыктары биз каалагандай болушу керек” деген маанилерде билдирүүлөрдү таркатып, контрдалилдерди ревизиялаганга өтүп, сотко кысым көрсөтүү жолуна түшүп алгандыгын гана айткыбыз келет. Бирок ревизиялоо да конкреттүү далилдерге, документтерге негизделүүсү керек. Укуктук жол менен эмес, публицистикалык ыкмада ревизиялап, сотко өз позициясын таңуулоого аракеттенүү  Башкы прокуратуранын ишенимдүү далилдик базасынын жоктугун гана айгинелейт.  Бир эмес бир нече адамды өлтүргөнгө  жаалдуу адвокаттык кылгандар эмне үчүн чоң ишкер жана чарбачы, өмүрүндө чоң саясатка чындап аралашпаган  Түлеевге балдын жытын сезген сары аарылардай жабышып, анын баш коргоо чарасын да өзгөрткүлөрү келбей, кандай жол менен болбосун каматууга гана аракет кылып атышат?
  
“Бирөөгө ор казсаң, кең каз...”   
 
Н.Түлеевдин иши башында эле саясый буйрутма экендиги, ал буйрутманын артында шаардык кеңешке депутаттарды шайлоодо мэрликте калгысы келгендер гана эмес, андан чоң кызыкчылыктагылардын жекече антипатиялары  тургандыгы өткөн жылы эле ачык болгон. Андай антипатиялардын эмнелерден улам пайда болгондугун эл катары угуп жүргөн менен чыныгы себептерин билбейбиз, бирок  саясый  кызыкчылыктар да  болбосо дароо аны камакка алдырышпастан жөн деле суракка алып, тергөө иштерин жүргүзө   беришсе болмок. Эгерде ал качып кетсе, кайра тергөөчүлөргө жеңил болмок. Айыптоо корутундусун өздөрү каалагандай толтурушуп, кысым,  басым көрсөтүү аркылуу сыртынан өкүм чыгарттырып салышмак. Бирок кептин уңгусу, Башкы прокуратурадагылардын Түлеевдин эч жакка качпастыгын, айыптоолордун пайдубалдары да бошоңдугун  билип, ошентсе да аны дароо сындырып, убактылуу болсо да сыздаткысы келип,  жогорудагыдай сапаттагы айыптоолордун  негизинде парламенттин мүчөсү экенине карабастан камакка алдыртып, анын баш коргоо чарасын да өзгөрттүрбөй жаткандыгында болуп жатпайбы. Козголгон кылмыш ишин уюшкан топтукундай   көрсөтүү үчүн экс-вице мэр Валерий Корниенкого, шаардык автотранспорттук ишкананын мурдагы жетекчиси Медет Кожобергеновго, муниципалдык менчик башкармасынын мурдагы  жетекчиси Руслан Бейшенбаевге, “Тазалык ишканасынын мурдагы директору Бакыт Сыдыковго каршы да кылмыш ишин козгоп, аларды камакка алдырып, дагы экөөнө карата издөө жарыялашты. Эгерде ушундай сапаттагы айыптоо корутундуларынын негизинде адамды камоого мүмкүн болсо, анда соттук кароодо жогорудагыдай айыптоолор кыйрагандан кийин дагы жаңыларын козгоп, Түлеев пенсияга чыккыча тергөөлөрдө сүйрөп жүрө  беришсе деле болот. Анткени, мэриянын карамагындагы 100дөн ашык  түзүмдө  27 миңден ашык адам иштейт. Сталиндик мезгилден калган “адам эле болсо, айыптоочу берене табылат” деген учкул сөздөгүдөй, жакшылап чукулашса 27 миң адамдын ишинен кантип бир нерсе табылбасын. Жогорудагыдай укуктук принциптерге тиешеси жок  логика менен аларды да Түлеевге, анын айланасындагыларга алып келип жабыштыра берүүгө неге болбосун! Бирок андан Башкы прокуратурадагылар эмне табышат? Эч ким кызматта түбөлүккө турбайт, азыркылардын 3 жылдан ашык иштешерине деги эле эч ким ишенбейт. Элибиздин эзелтен келаткан, акыркы жылдарда эле бир нече ирет далилденген “Бирөөгө ор казсаң, кең каз...” деген сөзүн  да эстей жүрүшсө жакшы болмок.
 
Эргеш Тогузбаев
Булак: “Майдан.kg”, №026, 2013-жылдын 23-июлу