“Ата-Журттун” камалып чыккан депутаты Талант Мамытов атайын басма сөз жыйынын өткөзүп, Башкы прокуратура менен Жогорку Соттун аракетин айыптап чыккандан кийин берки жээкте “тополоң” башталды. Себеби, үч депутаттан мындай катуу жоопту күтүшкөн эмес.
 
Эске салсак, июнь айынын аяк ченинде Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотунун “бийликти күч менен басып алуу” боюнча айыпталып жаткан “ата-журтчу” депутаттарды актаган 2013-жылдын 17-июнундагы чечимине даттанып, Жогорку Сотко кайрылган. Ал жактагылар ушуну эле күтүп тургансып, биринчи соттук олтурумду 16-июлга белгилей салышкан. Ошого байланыштуу депутат Талант Мамытов башпрокурор Аида Салянованы сынга алып, “анын максаты – бизге айып тагуу эмес, эптеп өзүн коргоо”,- экендигин билдирген болчу.
 
“Бизге кылмыш иши мыйзамсыз козголгон. Парламентарийлерге кылмыш ишин козгоо укугуна бир гана башкы прокурор ээ. Ал эми бизге анын милдетин аткарып турган, орун басары Нурлан Жээналиев кылмыш ишин козгогон. Ага кайсы мыйзам укук бергенин көрсөтүп бере алышкан жок. Экинчиден, Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси боюнча айыптоо туура эмес, анткени анда жазылгандай, бийликти басып алууга чакырыкты бийлик адамдары жасабайт да, аны жөнөкөй, катардагы эле, бийликке суусап турган адам жасашы мүмкүн. 3-октябрдагы митингге эл бийликти басып алуу үчүн эмес, бир гана “Кумтөр” маселесин оңунан чечүү чакырыгы менен чогулган. Ал жакка баргандардын баары жеке субъективдүү ой менен ар бири өзүнчө барышкан. Эч кандай алдын ала бийликти басып алуу сүйлөшүүлөр болгон эмес. Анан кийин эле прокуратура өзүнүн «боекторун» кошуп, иш козгогон», - дейт Т.Мамытов. Андан тышкары, Талант Мамытов башпрокурор Салянова менен Жогорку Соттун төрайымы Жамашева “ата-журтчу” депутаттарды актаган судьяларга жана эми ишти карай тургандарга кысым көрсөтүп жаткандыгын билдирген.
 
Башкы прокуратура буга дароо жооп токуп, сотторго аталган кылмыш ишти кароодо эч кандай кысым көрсөтүлбөгөндүгүн айтып чыкты. “Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотунун чечимине даттануу менен мыйзамсыз жана негизсиз чыгарылган чечимге өзүнүн мыйзамдуу даттануу укугун колдонду жана Жогорку сотто мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте ЖКнын үч депутатынын күнөөсүн далилдейт”,- делет билдирүүдө.
 
Жогорку сот да актанууга өтүп, Жогорку Кеңештин «Ата Журт» фракциясынын депутаттары К.Ташиев, С.Жапаров жана Т.Мамытовдун кылмыш иши боюнча маалыматтар Жогорку соттун өндүрүшүндө экендигин, бирок, аны кароо убагы тактала электигин айтып чыккан. Кароо мөөнөтү 16-июлга болжолдуу гана дайындалганын Жогорку Сот билдирген.
 
К.Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов 16-июлга белгиленген сот олтуруму белгисиз мөөнөткө жылдырылганын билдирген эле. Анын айтымында, мамлекеттик айыптоонун даттануу сунушун адвокаттар ала элек. Дал ошондуктан, жактоочулар Башпрокуратуранын сунушу менен алгач таанышып чыгуусу эп.
 
Жактоочу Айткулов андан тышкары “Кыргызстандагы адам укугу жана сот реформасы” тегерек үстөлүнө катышып, башкы прокурор Аида Салянованы жоопкерчиликке тартуу керектигин билдирди. “Мен бир топ убакыттан бери башпрокурордун үстүнөн кайрылып жатам. Президенттин аппараты, парламентке чейин бардым. Бирок, биринин да Саляновага тиши өтпөй калган окшойт. Карышкырга кой кайтарткансып, менин арызымды кайра эле Башкы прокуратурага жөнөтүшөт. Анан алар кантип өз шефинин катачылыгын казат? Салянованын “ата-журтчу” депутаттар жана экс-министр Равшан Сабировго байланыштуу кылмыш ишинде кетирген кемчиликтери кечирилгис. Бул тарыхта болуп көрбөгөн нерсе”,- деди жактоочу.
 
Бирок, коомчулукта башпрокурор Салянова менен Жогорку Сот төрайымы Феруза Жамашева тууралуу канча сын-пикир айтылса да президент унчукпайт. Же булар ажо Атамбаевдин ишенимдүү адамдарыбы? Элестетип көрүңүз: президент айтат, Салянова камайт, Жамашева соттойт. Парламенттин күчү жетпей жаткандыгы да корккондуктан окшойт. Төрт депутат камалгандан кийин, биздин ишенген эл өкүлдөрү кысчу жерин кысып эле олтуруп калышкандай. Себеби, баарынын арты былык. Чукуса бирдеңкесин табаары бышык. Ошентсе да, азыр эч кимдин күчү жетпегени менен, жооп берчү күндүн келээри, андан эч ким качып кутула албастыгы белгилүү иш эмеспи.
 
Аэлита Сатындиева
“Саясат.kg
 
P.S. Бүгүн Жогорку Сот өзүнүн мурунку, “соттук териштирүү 16-июлга болжолдуу гана түрдө белгиленген”,- деген билдирүүсүнө карама-каршы келген маалымат таркатты. Кыргыз Фемидасынын туу чокусу “16-июлга белгиленген соттук териштирүү башка убакка жылбайт”,- таризинде айбат көрсөттү. Демек, бийликтин айтканына чыкпаган судьяны таап алышкан окшойт да.