2013-жылы жайында стабилдүүлүк жок мезгилде шашылыш жана чукул жүргүзүл-гөн конституциялык реформа өзүн актаган жок. Башкага үлгү болмок түгүл, өз өнүгүүсү токтоп, экономикалык, моралдык-этикалык жана нравалык кризиске кептелген батыштын демократиясын  үлгү иретинде кабыл алынган Баш мыйзамга үч жыл өтсө да, анын биздин турмушка жараксыздыгы жалпы элге айдан ачык болду. Бийлик элдин суроо-талабын, көйгөйлөрүн чечпей, ишениминен кетип, көзөмөлсүз ээнбаш болуп коррупцияга батып, мыйзамсыздык, адилетсиздик болуп көрбөгөндөй күчөп, элдин нааразычылыгын пайда кылып толкундоолорду жаратып, аларды митинг, пикет жана ар кандай каршылык акцияларга чыгууга өзү мажбурлоодо. Бирок, эки жолу болуп өткөн төңкөрүштөр бул жолдун жараксыздыгын көрсөттү.
 
Бийлик башындагы адамдар алмашкан менен коомдук – саясий система, кадрдык саясат, экономика жана чарба жүргүзүү, идеология өзгөргөн жок, жашоо оңолуп кетпеди. Жеке адамдын укугу жана жеке менчиктин кызыкчылыгы коомдук кызыкчылыкты басмырлап, улут укугу тебеленди. Кыргыздын табиятына туура келбеген, ичи «октолгон» саясий партиялар тизме менен «оптом» шайланып жайнап кетти.
     
Мамлекеттүүлүккө доо кетире турган коркунучтар пайда болду. Глобализация процесси цивилизация менен бирге, жаратылыштын чоң нерсе кичинесине үстөмдүк кылуучу мыйзам ченемдүүлүгүнө ылайык, чоң мамлекеттердин бардык жаман жөрөлгө–жосунун жана үстөмдүгүн таңуулап, адегенде көзгө көрүнөр экономикасын ээлеп көз каранды кылып, андан кийин тилин, маданиятын өзгөртүп, улутун чоң элдер менен ассимиляция кылып, акырында мамлекеттүүлүгүн жок кылат. Глобализация эли жери чакан, саясий системасы начар, туруксуз жана башканы ээрчиме, бийлиги жоопкерсиз жана коррупциялашкан, экономикасы чабал жана карызга белчесинен баткан, биздей артта калган өлкөлөргө өтө коркунучтуу. Сепаратизм жана диний экстремизм деген арабызга терең кирип, бекем орун алды.
    
Коңшу өлкөлөр менен чечпестен, улам кийинкиге жылдырып койгон чек ара, жер, суу жана жол маселелери согуштун суук илеби келген коркунучтуу чыңалууну жаратууда.
    
Эгемендикке ээ болгондон бери иштебеген “Эл - эгемендиктин ээси жана бийликтин булагы” деген мыйзам жобосу абдан маанилүү бири-биринен ажырагыс үч компоненттин аракети менен ишке ашат: 1. Бийликке татыктууларды шайлоо. 2. Бийликтин ишмердүүлүгүн өнүгүүгө багыттоо. 3. Бийликтин ишмердигине көзөмөл кылуу.
    
Бирок, иш жүзүндө, эл бийликти шайлап эле тынчып-тынып тим болуп, анын ишмердүүлүгүнө багыт берилбей, көзөмөл орнотулбаган. Бул, башкаруусу бузулган, ичи адамга толо самолет менен белгисиз жакка учкандай. Багытсыздык чаржайыттыка, көзөмөлсүздүк жоопкерсиздикке жана өзүм билем ээнбаштыкка жол берет. Президент жана депутаттар, аларды шайлаган элге отчет бербейт, сот бийлиги кабыл алган туура эмес чечимдери үчүн такыр эч кимге жооп бербейт. Өкмөт өөндөн куралган ала чапандай болуп, ар кайсы партиядан куралып, бирдиктүү максаттагы уюм эмес. Чабал оппозиция бийликке көзөмөл кылып, аны жоопкерчиликке тартууга кудуретсиз.
     
БИЙЛИК, өзүнүн чаржайыт жана жоопкерсиз ишмердиги менен МАМЛЕКЕТТИ ТУТАШ СИСТЕМДИК КРИЗИСКЕ, эң алды менен БАШКАРУУ КРИЗИСИНЕ кептеди.
     
Башкаруу кризиси - бийликтин элдин ишениминен кетиши, эл менен бийликтин ортосундагы ажырым, талапкерди тикелей шайлоо механизминде жана бийликтин жоопкерсиздигинде катылган. Карапайым шайлоочу, көпчүлүк учурда бийликке талапкерди жакшы биле бербейт. Мурда таанып билбеген талапкерлер элге кызуу убадаларды берип, шайлоочу тандоосунан адашат. Ал эми, эгер талапкер бийликтин өкүлү болсо, административдик ресурсту толугу менен колдонушат. Булар кайдыгерликти жаратып, көп адамдар шайлоого барбай, алардын добуштары бийликтин өкүлүнүн пайдасы үчүн уурдалат. Шайланган азамат элге берген убадасын дароо унутуп, эч кимге отчет бербей, өзүн жоопкерсиз сезет. Ал элдин кызыкчылыгы эмес, өз кызыкчылыгы үчүн гана аракеттенип калат. Эл, тикелей шайлоодо колундагы бийлик укугун - добушун эмдиги шайлоого чейин талапкерге өткөрүп берип, ал элден алыстап, элде бийликти көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүгү болбой, ал өз көйгөйү менен өзү калат.      
    
ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК? Башкаруу кризисин жоюу үчүн, бийлик бутактарын тикелей эмес, эл өкүлдөрү аркылуу бири-биринен көз карандысыз кылып шайлап, алардын ыйгарым укуктарын өлкөнүн өнүгүүсүнө багыттап, ишмердүүлүгүнө көзөмөл орнотуу зарыл. Бул ишти кылымдардын катаал сыноосунан өткөн Курултай түзүмү гана аткара алат. КУРУЛТАЙ ТҮЗҮМҮНҮН ФУНКЦИЯЛАРЫ: Бийликтин бардык бутактарына - Аткаруу, Мыйзам чыгаруу жана Сот бийлигинин жетекчилигине татыктууларды ШАЙЛОО, бийликтин ыйгарым укуктарын өлкөнүн өнүгүүсүнө БАГЫТТОО, бийликтин ишмердүүлүгүн КӨЗӨМӨЛДӨӨ, анын отчетун угуп, ишмердүүлүгүнө нравалык баа берүү. «Ишеничсиз» деген баа алган кызматкер кызматынан бошотулат. Кыргыздын асыл баалуулуктарына негизделген жана башка элдердин да жакшы өрнөктөрүн пайдаланып, жаратмандыкка жана өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик идеологияны түптөйт. Курултай түзүмдөрү бийликтин күнүмдүк ишине кийлигишпейт.
      
КУРУЛТАЙДЫН ТАБИЯТЫ боюнча, элдик өкүлдөрдү шайлоо ар бир айылдын жалпы жыйынынан башталып, алар кийин айыл округу жана аймактык жыйындарда табийгый түрдө улам тандалып отуруп, республикалык деңгээлге өкүлдөрдүн эң татыктуу-лары гана чыга келет. Мындай механизм ар бир деңгээлдин шайлоочусу өзү жакшы билген, ишенген, билерман, жөндөмдүү жана иштиктүү өкүлдөрдү төмөндөн жогору карай шайлоого толук шарт түзөт. Бул «жөнөкөйдөн татаалга», «аздан көпкө» жана «сандан сапатка» деген өнүгүүнүн мыйзамына да туура келет. Курултайдын шайлоосу - тандалгандардын тандоосу! Курултай түзүмү -өкүлчүлүктүү элдик демократиянын үлгүсү.
      
ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫН СТРУКТУРАСЫ. Элдик курултай коомдук башталышта иштеп, айылдарда жана айыл округдарда 50-300 өкүлдөн турган Элдик Жыйын, аймактарда жана Бишкек, Ош шаарларында 400-500 өкүлдөн турган Аймактык Курултай жана республикалык деңгээлде 800-1000 өкүлдөн турган Улуттук Курултай болуп үч түргө бөлүнөт. Өкүлдөр үч жылдык мөөнөткө чакырып алуу укугу менен шайланат.
    
Улуттук Курултайдын ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн анын Катчылыгы, Шайлоо Комиссиясы жана Элдик Көзөмөл Комитети шайланат. Кыргыз урууларынын кадыр барктуу аксакалдарынан жогорку бийлик башчылыгына талапкерлерди ылгап тандап, шайлоо үчүн сунуштоочу өзгөчө ыйгарым укуктуу уюм - Даанышман Кеңеши түзүлөт.
    
Курултай түзүмүнүн чечимдери императивдик күчкө ээ болуп, Улуттук Курултайдын чечимдери бүткүл республиканын ал эми Аймактык Курултайлардын чечимдери тиешелүү аймактардын бардык мамлекеттик жана коомдук уюмдары, жеке жарандары тарабынан милдеттүү жана сөзсүз түрдө аткарууга жатат.
 
КУРУЛТАЙ ТҮЗҮМҮНҮН ОРДУ. Облустар жоюлуп, райондор ириленип, аймактар түзүлүп, үч баскычтуу (республика, аймак, айыл округу) башкаруу киргизилет. Премьер-Министр кызматы жоюлуп, Президент менен Өкмөттүн аппараттары бириктирилип, Президент Өкмөттү түздөн-түз башкарат. Улуттук Курултай Президентти шайлайт, анын сунушу менен Өкмөттүн түзүмүн жана анын персоналдык курамын, борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилерин кызматка бекитет.
     
Мыйзам чыгаруу бийлигинде чоң реформалар жүргүзүлүп, Аймактык Курултайларда шайланган 45 депутаттан турган Мыйзам чыгаруу Жыйынын (МЧЖ) түзүлүп, ал негизинен мыйзамдарды чыгарып, кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөл-дөйт, аларга атайын түшүнүк берет, мамлекеттик бюджетти бекитет жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт, эл аралык келишимдерди бекитет же жокко чыгарат. Анын Төрагасы жыл жыйынтыгы менен Улуттук Курултайга, ал эми депутаттары өздөрү шайланган Аймактык Курултайларга отчет берет. Ким «ишеничсиз» деген баа алса же отчет бербесе, анын ыйгарым укугу токтотулат. Иштебеген же милдетин аткарбаган депутатты МЧЖ нын сунушу менен тиешелүү Аймактык Курултай өзүнүн депутатын кайра чакыртып алып, ордуна башка депутатты шайлайт. Эгер, аймак өз депутатына белгилүү мөөнөттө чара көрбөсө, анда МЧЖ ал депутатты мандатынан ажыратат, ал эми аймак депутаттын бошогон ордун толуктоо укугунан бир жылга ажырайт.
    
Депутаттар кол тийбес иммунитетке ээ болбойт.
    
Сот бийлигинде чыныгы реформа жүргүзүлүп, соттордун ТОЛУК КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫГЫ орноп, аларды АДИЛЕТТҮҮ ИШТӨӨГӨ МАЖБУРЛООЧУ кубаттуу рычагдар киргизилет. Аймактардын, Бишкек жана Ош шаарларынын соттору жергиликтүү эл тарабынан түздөн-түз ошол аймак үчүн 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Жогорку Соттун курамы жергиликтүү соттордун ичинен Улуттук Курултай тарабынан иргелип шайланат. Бардык соттордун соттоо практикасы жыл сайын Жогорку Сот тарабынан милдеттүү жана сөзсүз түрдө изилденет. Үч жолу иши бузулган сот кызматынан четтетилет, а эгер туура эмес кабыл алынган чечим оор жагдайларды жаратса, ал соттун мыйзам чегинде жоопкерчилиги каралат. Жогорку Соттун Төрагасы Улуттук Курултайга, жергиликтүү соттордун Төрагалары Аймактык Курултайларга жыл сайын отчет берип турушат. Сотторду ротациялоо жоюлат.   
       
Акимдер, Мэрлер жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери элге бекем байланып, алар Аймактык Курултайларда шайланып, кызматка бекитүү үчүн Акимдер менен Мэрлерди Президентке, ал эми жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилерин борбордук инстанцияларга сунушталат. Жыл жыйынтыгы менен алардын отчетун угуп, алган баасын жогорку инстанцияларга билдирилет.   
    
КУРУЛТАЙ ТҮЗҮМҮ ЭЛГЕ ЭМНЕ БЕРЕТ?  «Эл эгемендиктин ээси жана бийликтин булагы» деген мыйзам жобосу иш жүзүндө иштей баштайт. Бийликтин ар бир бутагы бири - бирине көз карандысыз болуп, дайыма элдин көзөмөлүндө болот. Жоопкерчилик пайда болуп, эл зарыгып күткөн АДИЛЕТТҮҮЛҮК орнойт, коррупциянын тамыры кыркылат.
     
Мамлекеттик маанидеги маселелер жана жергиликтүү көйгөйлөр эл менен кеңешип чечилип, бардык мүмкүнчүлүктөр бир нукка бурулуп, ӨЛКӨ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНА ТҮШӨТ.
    
Пикет, митинг, шайлоо тополоңу өзүнөн өзү токтоп, тынчтык тартип өкүм сүрөт. Улутуна, уруусуна, жашаган жерине, саясий көз карашына карабай эл биригет. Мамлекет менен эл бир бүтүнгө айланат. Саясий партиялар кескин кыскарат. Глобализация, сепаратизм, диний экстремизм ж.б. деструктивдүү күчтөр мекенибизге мурдагыдай кооптуу кырдаал жарата албай калат. Жакшы жөрөлгөлөрдүн жана моралдык-нравалык сапаттардын өсүшүнө шарт түзүлөт. Элдик демократия жана өнүгүү процесси, ага болгон кызыгууну күчөтүп, Кыргызстандын эл аралык кадыр баркы жогорулайт.
     
Курултай – тирешүүнүн, пикет, митингдин, кан төгүлгөн кармашуунун эмес, абалдан чыгуунун ата-бабалардан калган акылдашып-кеңешип чечүүнүн ыйык тынчтык жолу.
    
Курултай – элдин нарктуу, салттуу, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүү жыйыны!   
 
КУРУЛТАЙ ТҮЗҮМҮН ТҮПТӨӨ мыйзам чегинде элдин керектүү санда колун топтоп, конституциялык реформа жүргүзүү аркылуу референдум өткөрүү менен ишке ашат. Ушуга байланыштуу, “Элдик курултай – өлкөнү өнүктүрүүнүн өбөлгөсү” аттуу концепция жана анын негизинде Курултай түзүмүнүн ыйгарым укуктарын камтыган жоболор киргизилген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоору иштелип чыгып, Элдик Курултайдын Жалал-Абад облустук Кеңешинде жана Аксакалдар Кеңешинде жактырылып, жалпы элдик талкуулоо үчүн сунушталды.
 
АБДУРАСУЛОВ. Б. С.,
коомдук ишмер
   Жалал-Абад ш.,
тел. 0773 36 46 58