Сыягы, дүйнөнүн эч кайсы бурчунда эгемендүү мамлекеттин жарандарын башка өлкөнүн жоокерлери кирип келип ит аткандай атып салган окуя болбосо керек. Эгер кокус эле андай окуя болсо чоңбу, кичинеби, армиясы күчтүүбү, күчсүзбү  сөзсүз адекваттуу жооп берилет. Себеби ошон үчүн мамлекет деп аталып, эли президентин шайлап, армиясын, куралдуу күчтөрүн багууга, маяна төлөөгө букаралары салык төлөйт.
 
Бирок эгемендүү атыбыз болгон менен биздин Кыргызстанда кошуналарыбыз эгемендүүлүккө ээ болгон 23 жылдан бери миңдеген гектар жерибизди ар кандай айла-амалдар менен алып коюп, бүтүндөй бир айылдын элин сабап кеткен (жыл башындагы Баткен районунун Чарбак айылындагы окуя), ал тургай ээн-эркин келип, атып салган окуялар байма-бай катталууда. Алар ушундай ыкма менен акырындап талаштуу жер деген шылтоону бетке кармап, жерибизди ээлеп жатат. Жада калса өз жерибизге да жол сала албайбыз (кайра эле Баткендин Тажикстандын Ворух анклавын айланып өткөн жана Ала-Бука районундагы Көкташ айылындагы 10 метр жолду өзбек чек арачылары тосуп алып, былтыр бир жоокерибиз окко учкан окуялар мисал болот).
 
Албетте, мындай көрүнүштөр кыргыз бийлигинин алсыздыгынан жана коркоктугунан кайталанууда. Өзүнүн кыраан жигиттерин тап душмандай куугунтуктаган менен мамлекетти башкаруу, чек ара көйгөйү эмне экендигин билбеген биздин чиновниктердин сырын билип алган кошуналар атайылап ушундай “оюндарды” уюштуруп жатышат.  Айрыкча 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин бийликке келген Атамбаевдин заманында Кыргызстандын түштүгүн Өзбекстан жана Тажикстандын бийлиги көкбөрүдөй эле талап жатышат. Кала берсе бир жарым жыл иштеген аял-президент Р.Отунбаеванын учурунда да мындай окуялар болчу эмес.
Айрыкча 20-июнда Кадамжай районунда орун алган окуя ар бир намысы бар кыргыз атуулунун жанын кашайтып, канын кайнатып жатат. Баарынан да өзбек бийлиги кечирим суроонун ордуна кайра “өлгөндүн үстүнө көмгөн” кылып, биздин атуулду күнөөлөсө, кыргыз бийлигинин маркум менен митингге чыккан баткендиктердин оозун баскан кемчонтойлугу ашты.  Алар ортодо чоң эл аралык чатак чыгып кетпесин деп, чындыкты жашыруудан да кайра тартышкан жок.
 
Эмесе, окуянын кандай болгондугун баяндап берели. 20-июнь күнү саат болжол менен 00:00дөр чамасында Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Марказ айыл округунун Сарыбай айылынын жашоочусу, 1976-жылы туулган Тагаев Бакытбек Казакбаевич өзүнө таандык болгон «Гольф-3» үлгүсүндөгү мамлекеттик номуру О 00 53 М унаасында Кадамжай районунун Майдан айыл округунун Сары-Алтын айылы менен чектеш чегарага барып, Майдан айыл округунун Сары-Алтын айылынын аймагында чегарада токтоп турган жеринде, өздүктөрү белгисиз болгон Өзбек Республикасынын чегара кызматкерлери тарабынан «АК-74» үлгүсүндөгү ок атуучу куралдан ага карата ок чыгарылып, Б.Тагаев денесинен жараат алган.
 
Күтүлбөгөн жагдайда жарадар болгон Б.Тагаев кыргыз-өзбек чегарасынан Кыргызстандын аймагындагы түштүк тарапта 220 метр аралыкта жайгашкан Кадамжай районунун Майдан айыл округунун Бак айылында жашаган Э.Э. аттуу атуулдун үйүн көздөй качып келген. Октун дабышынан улам ойгонгон Э.Э. үйдөн чыкканда, бети-башынан кан агып келген Б.Тагаев андан ооруканага алып баруусун суранган. Ошол эле замат Б.Тагаевдин артынан кубалап келген Өзбек Республикасынын 2 чегара кызматкерлери Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл округунун Бак айылынын жашоочусу Э.Э.ни «сен жакындабагын» - деп, аны колундагы «АК-74» үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен коркутуп, анын көз алдында качып келген Б.Тагаевти тээп уруп, колундагы курал менен Бакыт Тагаевке карата эки жолу ок чыгарган. Натыйжада тийген октун жараатынан улам Б.Тагаев окуя болгон жерде Э.Э.нин үйүнүн алдында каза болгон.
 
Андан кийин Өзбек Республикасынын чегара кызматкерлери окуя болгон жерден качып кетип, Кадамжай районунун Майдан айыл округунун Сары-Алтын айылы менен чектешкен жеринде окуя башталган жерде токтотуп койгон Б.Тагаевке таандык болгон «Гольф-3» үлгүсүндөгү мамлекеттик номурлуу О00-53М унаасын Өзбек Республикасына айдап кирип кетип калышкан.
 
Окуя болгон жерди текшергенде Майдан айыл округунун Бак айылынын жашоочусу Э.Э.нин үйүнүн алдынан далил буюм катары 2 даана 5,45мм. «АК-74» үлгүсүндөгү ок атуучу куралдын гильзалары жана окуя башталган жерден Майдан айыл округунун Сары-Алтын айылы менен Өзбек Республикасынын Фергана облусунун Фергана районуна караштуу Гулпиян айылы чектеш чек арадан 120 метр аралыкта Сары-Алтын айылынын аймагынан 1 даана 5,45 мм. «АК-74» үлүгүсүндөгү ок атуучу куралдын гильзасы жана 1 даана «АК-74» үлгүсүндөгү ок атуучу куралдын тетиги (шомполу) табылып, далил буюм катары алынып, толук Өзбек Республикасынын чегара кызматкерлери Кыргыз Республикасынын чегарасынан мыйзамсыз өтүп келип, Кыргызстандын аймагында бир нече жолу ок чыгарып жараат келтирип, андан кийин ага карабастан Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл округунун Бак айылында жашаган Өзбек Республикасынын Фергана облусунун Фергана районуна караштуу Гулпиян айылынан 220 метр аралыкта жайгашкан кыргыз жарыны Э.Э.нин үйүнүн алдында «АК-74» үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен контролдук ок чыгарып атып салган.
 
Мына, окуянын кандай болгондугу. Кыргызстандын жараны Б. Тагаев жок жерден эле автоматына ишенген өзбек чек арачылары тарабынан ит аткандай атылган. Ал эми биздин бийлик Ташкентке оңдуу нота жибергенге да жараган жок. Себеби алар эл аралык нормага ылайык жооп кайтарбастыгын жана теңине албай тургандыгын билишет. Кайра эле баягы чырылдагандан башка колунан эч нерсе келбеген Акыйкатчы Турсунбек Акун чуркап жүрөт. Ал өлгөн баласына кун сураган Б. Тагаевдин ата-энеси менен туугандарына ким жооп берет. Каримовдун бийлиги менен тең ата сүйлөшө турган кыргыз бийлиги келиш үчүн дагы канча жигитибиз окко учуш керек?...
 
А. Нуржигитов
Булак: “Майдан.kg