Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында митингчилер тарабынан Бишкек-Ош жолунун тосулушу элдин айла кеткендеги кадамы болуп саналат. Бул көрүнүш бир күндө же ойлонулбай эле жасалган акция эмес. Чырдын башы өткөн жылдын 3-октябрында “Кумтөр” маселесине байланыштуу “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары К.Ташиев, С Жапаров жана Т.Мамытовдун митинг өткөрүп, кылдай күнөөсү үчүн тоодой айып тагылып камакка алынышына барып такалат.
 
Эгер далай кыргыз жигиттеринин кулагын кесип, депутат Тынчтык Акматбаев, ЖАББнын ошол кездеги төрагасы Ихматулла Полотовдорду буйрутма берип өлтүрткөн кан ичкич жана бүтүндөй Кыргызстан мамлекетин тебелеп-тепсеген “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди бошоткон бүгүнкү кыргыз бийлиги мыйзамдын чегинде иштесе, бул үч депутатка “бейбаштык” беренеси боюнча эле айып тагып, администрациялык айып салып койсо, бүгүнкү жол тосуу жана облусттук администрацияны басып алуу сыяктуу ызы-чуу болмок эмес. Ачыгын айтканда президент А.Атамбаевдин тегерегиндеги идеологдорунун максаты - келечекте өзүнө жана башкаларга атаандаш боло турган 44 жаштагы К.Ташиевди жана анын жакын досу С. Жапаровду саясый аренадан биротоло жоготуу болгон. Ошондуктан алысты көрө албаган же эски бийликтерден да аша түшкөн куугунтуктоо жана репрессия жолуна түшкөн жасоолдордун чоң катачылыгы бүтүндөй бир аймактын элинин нааразычылыгын жаратууда.
 
Биринчи май райондук соту тарабынан үч депутаттын алды бир, арты бир жарым жылга соттолгондо эле алардын СИЗОдо жаткан бир күнүн эки күнгө эсептеп, мыйзамга ылайык чыгарыш керек болчу. Бирок, оор кылмышкер А. Батукаевге чагылгандай тездик менен паспортун даярдап, аэропорттун VIP залынан (эми канкордун буту баскан залдан президент, премьер-министр, депутат жана башка чиновниктер кантип өтүшөт?) сый-урмат менен узаткан укук коргоо органдары үч депутатты мөөнөтү бүтсө да чыгарбай жатышы, алардын Ак үйдүн саясый буйругун аткарып жаткандыгынын кашкайган далили.
 
Албетте, өткөн жумада Жети-Өгүз районундагы элдин “Кумтөр” кенине байланыштуу митингге чыгып, электр энергиясын берүүчү көмөкчордонду өчүрүп коюшу жалал-абаддыктарга дем бериши мүмкүн. Анткен менен бул эки окуянын тамыры бир болуп жатпайбы. Анысы аз келгенсип, 2010-жылы бүтүндөй түштүк аймагына кыргын салган Кадыржан Батыров жана башка өзбек сепаратисттерин качырган бийликтин жасоолдору Медер Үсөновду өтө “оперативдүүлүк” менен кармап, Бишкекке “ала качты”. Бийликтин мындай мамилесине нааразычылыгы ого бетер күч алган эл Жалал-Абад облусттук администрациясынын имаратын ээлеп алгандан тышкары, Бишкек-Ош кан жолун кан буугандай тосуп салды. Алар М.Үсөнов бошотулбаса, жол да ачылбай тургандыгын билдиришти. Андыктан Бишкек-Ош жолунун тосулушуна бийлик түздөн-түз күнөөлүү. Бирок “эки дөө кагышса, бейажал чымын өлөт” болуп, түштүктөн түндүккө зарыл иши менен бараткан, жашылча-жемиш ташып бизнес кылган ишкерлер эле жабыр тартууда. Жол тосулган жердин эки тарабында бир миңден эки миң автомашиналар кармалып, жол тоскондор менен тоскоолдукка кабылгандардын ортосунда нааразычылык жаралууда. Эгер алар тирешип кетсе да жоопкерчилик бийликке жүктөлөт. Бул аралыкта Бишкектин Биринчи Май райондук соту М.Үсөновдун тагдырын аргасыздан эл талап кылгандай чеип ийди. Бийликтин корккондугун ушундан билсе болот.
 
Ар качан бийлик менен байлардын таламын көбүрөөк коргогон Акыйкатчы Турсунбек Акун М.Үсөнов сөзсүз үй камагына чыгарылышы керектигин айтып, “М. Үсөнов элдик жигит, аны Аксы окуясынан бери билем”,- деген болчу. Медер мыкты жигит, эл камында жүргөн. Бирок, аны чыгарган менен бийлик митингдин негизги талабын – “ата-журтчу” депутаттарды бошотуу жагын аткарбай жатпайбы.
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев митингчилерге кайрылып, жол тосуу мусулман дининде айыптала тургандыгын эскертти. Бирок бийликтин сөзүн сүйлөгөн чоң молдоке Атамбаевдин аткаошчуларына да күнөөсүз адамдарды, болгондо да  мандатынан ажыратылбаган депутаттарды эл душманы катары камап, мөөнөтү бүтсө да бошотпой жаткандыгы шариятка ылайык келбей тургандыгын шыбырап койсо болмок.
 
Алгач Жалал-Абад облусттук администрациясынын имаратына кирип баргандарга ал жердегилер туура мамиле жасап, куугунтукка албаса, анда өздөрүн кубалап чыгышмак эмес болчу. Анткени М.Үсөнов алардын максаты облусттук бийликтин имаратын басып алуу эмес, болгону “Ата-Журт” партиясынын үч депутатын камактан чыгаруу жана “Кумтөр” маселеси боюнча митинг уюштурган Жети-Өгүз районунун элин колдой тургандыктарын билдиришкен. Тилекке каршы облусттук бийликтин коркок чиновниктери иш бөлмөсүнөн качып чыгышты. Анын арты жол тосуу, ар кандай көйгөйлөр менен коштолууда. Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирип турган кан жолдун көпкө жабылып турушу өлкөбүздүн экономикасына өтө көп зыян келтирүүдө. Бирок элди ушундай аргасыз кадамга барууга мажбурлаган бийлик чечкиндүү кадам жасай албай жатат. Ал эми өкмөт жол тосуудан келтирилген чыгымды эсептөөдө.
 
Акыркы маалыматтарга ылайык, Бишкектин Биринчи май райондук соту М. Үсөновду күрөөгө бошотуп, Жалал-Абадка жөнөттү. Эми жол ачылууга тийиш, ансыз эки тарапта турган элдин чыдамы түгөнүүдө...
 
К. Сапаров
Булак: “Майдан.kg”, №021, 05.06.2013-ж.