Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 4332
Бишкек шаардык сотунда “Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет” жана “Конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырык” беренелеринин алкагында күнөөлөнүп жаткан Жогорку Кеңештин “ата-журтчу” депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, генерал-майор, эксперт Кубатбек Кожоналиев жана үч жансакчынын үстүнөн жүрүп жаткан процесс да акырындап аягына чыга баштады.
 
Салянова сотко келгенден коркот
 
24-майдагы соттук териштирүүнүн башында адвокат Акин Токталиев “Кумтөрдөгү” азыркы абал тууралуу маалыматты ишке тиркеп коюу өтүнүчүн келтирди. Анын айтымында, “Кумтөр” кенинде экологиялык чоң кырсыктын учкуну байкалууда. “Садыр Жапаров канча какшаса да тоготкон эмессиңер. Петров көлү уулуу калдыктардын кесепетинен ээрип, жарылуу коркунучунда турат. Анын уу сактагыч менен аралыгы 300 метрди түзөт. Эч кандай дамбасы жок көл ташкындап кетсе, аянты 360 гектар уу сактагычты жууп кетип, анын кесепетинен Токтогул ГЭСи талкаланып, Нарын дайрасы биздин айыл-шаарлар менен кошо, Өзбекстан, Казахстанга чоң кырсык туугузат. Абактагы депутаттарды камагандын ордуна көтөргөн маселесин туура түшүнгөндө ушул кейпибизди киймек эмеспиз”,- деди жактоочу Токталиев. Андан тышкары, жактоочулар чакырылса да сот олтурумуна башпрокурор Аида Салянованын келбей жаткандыгына нааразычылык билдиришти. Башпрокурор сотке келсе көп нерсенин бети ачылмак. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаттарын камакка алууга ким буйрук бергени, аларды мыйзамсыз 8 сааттан ашык эмнеге кармашкандыгы сыяктуу. Бирок, мына ушуга окшогон чындыктын чыгып кетишине корккон башпрокурор эч бир шылтоо айтпастан, сотко келбей жатат. Бул жагынан алып караганда, адвокаттар кийинки жыйында Салянованы күч менен сотко алып келүү маселесин койчудай.
 
Сот олтурумунда жактоочу Жыргалбек Бабаев К.Ташиевге Барпы айылдык кеңешинин “Кыргыз эл баатырын” ыйгаруу тууралуу президент, премьер-министр, парламентке кайрылуусун, Жалал-Абад шаардык кеңешинин “Шаардын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу чечимин ишке тиркөө багытында өткөзүп берди. Андан тышкары, депутат Талант Мамытовдун 3-октябрь митингине спикер Асылбек Жээнбековдун тапшырмасы менен катышкандыгы айтылды. Бул маселенин чын-бышыган жетүү үчүн Жогорку Кеңештин төрагасын кийинки сот олтурумуна чакыруу токтомун сот коллегиясы кабыл алды.
 
Андан кийин, “ата-журтчу” депутаттардын адвокаттарысуракты айыпталуучулардан баштоо тууралуу өтүнүч келтиришти. Алардын айтымында, жабырлануучулар буга чейин эле айыпталуучуларга эч кандай доо арызы жоктугун тастыктаган көрсөтмөлөрдү беришкен. Дал ошондуктан, суракты “жабыр тарткандыгы” айтылган адамдардан эмес, айыпталуучулардан баштоо зарылдыгын адвокаттар бир ооздон айтып чыгышты. Абактагы депутат Садыр Жапаров: “Эгерде жабырлангандар шашып жатышса биринчи көрсөтмө берип кете беришсин, биз акырында берели", - деген да пикирин билдирди.
 
Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы угууну кезеги менен баштоо чечимин кабыл алды. Биринчи айыпталуучулар, жабырлангандар жана күбөлөр сурала турган болуп чечилди. Андан тышкары, жактоочу Азимбек Бекназаров соттук олтурумду жумасына эки ирет жасап, ишти кароону батыраак бүтүрүү сунушун киргизди. Бирок, сот бул тууралуу чечимди жыйын аягына чейин ачык калтырып, аягында “унутуп койгондой” түр көрсөттү.
 
С.Жапаров: “Канадалыктардын артынан аларга адвокат болгон чиновниктер качат”
 
Биринчи болуп “Ата-Журт” фракция лидери Садыр Жапаровго сөз берилди. С.Жапаров өз сөзүндө “Кумтөр” маселеси 1992-жылдан баштап эле кыргыз элинин трагедиясына айлангандыгына басым жасады. “1998-жылы Барскоондо сууга 2 тонна цианид куюлган. Айыл элин ошондо шашылыш көчүрүшпөгөндө, кырылып калмак. Анткен менен агып жаткан сууга бетин чайкай коём деп уудан майып болгондор көп болгон. Элди 15 күндөн кийин гана, тазалоо иш-чарасынан кийин гана алып келишкен айылдарына. Ошондон улам, мен 2003-жылдан баштап бул маселе боюнча катардагы жаран катары изилдөө жүргүзө баштадым. 2005-жылы Түптөн депутат болуп шайландым. Биринчи эле олтурумда ушул маселени көтөрдүм. Бул жалдыр аралыгында парламентте “Кумтөр” маселеси канча көтөрүлгөну менен, эч кандай пайда бербеди. 2010-жылы  “Ата-Журт” партияы аркылуу кайра депутат болуп шайланып келгенден кийин, мен кайра изилдөөмдү улантым. 2012-жылдын 15-февралында курамына ар бир фракциянын өкүлдөрунөн турган, жалпысы 10 депутаттан турган комиссия түздүк. Алардын 9у мени бир добуштан төрага катары шайлап, ишти баштадык. Көз карандысыз 40ка жакын эксперттерди тарттык. Башында бул эксперттерге кеткен чыгымды “Кыргызалтын” толугу менен өз мойнуна алмак. Бирок, алар мамлекетке баш ийбеген ишканан катары өздөрүн көрсөтүп, ал чыгымды төлөөдөн баш тартты. А чындыгында “Кыргызалтындын” толук ээси мамлеке болуп саналат. Болгону, алар бийликтин буйругун аткарып, ушундай кайдыгерликке барды. Ошентсе да кыргызда патриот инсандар көп экен. Мына ошолордун жардамы менен биз эксперттердин жарым айлыган 150 миң доллар чогултуп төлөп бердик. Азыркыга чейин Казахстандын лабораториялык институтуна карызбыз. Алар керектүү анализдин баарын чыгарып берген. Цианид, мышьяк ж.б. уулуу заттардын таасири адамдарга, сууга, жаныбарларга тийип жатканын чыгарган. Биз аларга ушул анализ үчүн азыр да 15 миң доллар карызбыз”,- деди ал.
 
Садыр Нургожоевич учурда “Кумтөр” кенинде түзүлгөн кырдаалга да баа берди. “Осмонбек Артыкбаев борпоң тектердин күнүнө 2-4 метрге жылып жатканын айтты. Бул калп маалымат. Тектер күн сайын 15 метр жылууда. Фабрикадан чыккан уулуу заттар Давыдов мөңгүсүнө таасир берүүдө, ал жакта 10 чакты уулуу элементтер бар. Ошонун таасирин мен канча ирет айттым. Эч жыйынтык жок. Бүгүн борпоң тектер административдик корпусту, унаа койчу жерди басып калган. Жумушчулар шаарчасына 500 метр калды. Андан ары дагы 500 метрден кийин уу сактагыч жайга жетет. Анын тереңдиги 35 метр. 100 миң тонна цианид жатат. Уу сактагычтын тегерегин бетон менен эмес, таштандылар менен таптап, жасап койгон. Катуу жамгыр эле шыпырып кетет.
 
Петров көлүн тоскон дамба жок. Уу танштандылар түшүп атат. Быйыл болбосо эмки жылы жарылып кетүү коркунучу турат. Кудай сактасын. Бирок, Петров көлү ташкындаса Нарын суусу 35 метр бийиктеп, сел жүрөт. Ушул жерди алдын-алып, бетон дамба куруу керек. Канадалыктарды толук түшүндүм, кырсык болсо чемоданын жыйыштырып чыгып кетет. Анын артынан аларга адвокат болгон чиновниктер качат. Кесепетин биз кыргыз эли көрөбүз”,- дейт Садыр мырза.
 
Депутат Жапаров аларга тагылып жаткан айыптын баары күлкү келерлик экендигин билдирди. “Башкы прокуратуранан токтомунда “чу” дегенде, “Кыргызстандын элине берген антты бузуп...” – деп башталыптыр. Ооба, биз ант бергенбиз. Бирок, биз байлыгыбызды жөөттөр келип уурдап жатса көрмөксөн болобуз деп ант берген эмеспиз. Алардын акчасына аралдардан вилал сатып алабыз да, чардайбыз деген ан болгон эмес. Тескерисинче, биздин милдет – ошолордон пара алып, кыргызды кууруткандардын бети ачуу”,- дейт Садыр мырза.
 
“Көпчүлүк калк Камчыбек Ташиевди дарбазадан ашып түшкөндүгү үчүн жаман көрүшү мүмкүн. Бул күн да өтөт. 8 айдан бери камакта жатабыз. Бирок, Ташиевдин секириги тарыхта оң баасын берет. Ал өз аракети менен козголбогон “Кумтөр” маселеси боюнча чоң жылыш алып келди да, коомчулуктун көңүлүн бура алды”,- деди Садыр Жапаров.
 
К.Ташиев: “Мага да, бул жакта айыпталып жаткандарга да чындык керек”
 
Андан кийин “Ата-Журт” мекенчил партиясынын лидери, депутат Камчыбек Ташиев көрсөтмө берди. К.Ташиев мамлекеттик айыптоочулар алдын-ала сүйлөшүп, бийликти басып алууга аракет жасашкандыгын эч бир далил менен бышыктай алышпагандыгын баса белгиледи. “Бизге кандай күнөө тагып жатышкандыгын кайталап коеюн. Бизди 25-сентябрда алдын-ала чогулуп, сүйлөшүп алып, бийликти басып алууга аракет жасагандыгыбызды айтып, күнөө тагышкан. Бирок, ал бир да далил менен бышыкталган жок. Алдын-ала “сговор” жасаганыбызды бир да конкреттүү аудио, видеоматериалдар менен далилдеп бере алышпады. Кайсы бир жерде чогулуп, бийликти басып алуу тууралуу сүйлөшкөнүбүздү бир дагы күбө далилдеп айтып берген жок. Ал аз келгенсип, мени “президент, премьер-министр, башпрокурор жана Улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын жоктугунан пайдаланып, бийликти басып алгысы келген”,- деп да күнөөлөштү. Тилектерине каршы, президент да, премьер да, УКМК башчысы да, башпрокурор да мага эртең кайда болоору тууралуу отчет бербейт. Алар ошол күнү кайда болгонун ошондуктан жеке мен билген эмесмин. Айтып жатышпайбы, ок атуучу куралдар, таш, арматуралар менен парламенттин имаратына барганыбызды. Бирок, күбөлөрдүн бардыгы элдин колунда эч кандай курал, жада калса таш же арматура болбогондугун далилдеп беришти. Милиция кызматкерлери да бул көрсөтмөлөргө кошулду. Мамлекеттик айыптоо мындан тышкары өкмөт үйүндө темир тосом бар экенин жазып алыптыр. Булар адашып жазып алышыптыр, өкмөт үйүндө тосмо жок, ал Ак үйдө бар”,- деди Ташиев.
 
К.Ташиев Ак үй тарапка митингчилер менен барганын коомчулуктун көңүлүн “Кумтөргө” буру максаты менен түшүндүрдү. “Биз болгону, үнүбүздү ошол жакта олтургандарга жеткизүүнү максаты кылганбыз. “Кумтөрдү” күн тартибине киргизип, парламентте кароосун талап кылуу үчүн бардык. Биздин аракет анткен менен текке кетти. Эгерде биздин бийликти басып алуу планыбыз бар болсо, анда эмнеге мен Грециядагы семинарга баруу үчүн эртеси күнгө билет сатып алмак элем? Айтор, мен өз аракетим менен мыйзамды бузган жокмун”,- деди ал.
 
Мамлекеттик айыптоочунун “Анда эмнеге сиз трибунага чыгып, Ош, Баткен жана Жалал-Абадда бийликти басып алууга чакырдыңыз?”- деген суроосуна Ташиев: “Талант Мамытовдун абалын көрүп, элге каршы агрессиянын жыйынтыгына күбө болуп, ушундай сөздөрдү ачуум менен сүйлөдүм”,- деди.
Өзүнүн жактоочусу И.Айткуловдун: “СИЗОго сизге кимдер келди?”- деген суроосуна жооп берип жатып, Камчыбек Ташиев президенттен башка бардык бийлик адамдары соодалашканы келгендигин ачыктады. “Бул сот – саясий процесс. Бизди сындыруу максатында кылмыш иши козголгон. Эгерде мен чыккым келсе, соодалашуу жолу менен эбак азаттык алмакмын. Бирок, мага да, бул жакта айыпталып жаткандарга да чындык керек”,- деди “Ата-Журттун” лидери.
 
Т.Мамытов: “25-сентябрда Тажикстанда болгом”
 
Андан кийин сотто депутат Талант Мамытов көрсөтмө берди. Өз сөзүндө Талант мырза митингге расмий бийликтин атынан элдин суроолоруна жооп берүү максатында келгендигин айтты. Бул багытта Асылбек Жээнбековдун спикер катары тапшырмасы бар (парламент төрагасы кийинки сотко чакырылган). Мамытов спикер өзү деле СИЗОго бир нече ирет келип, ал тапшырмасын тастыктаганын айтып өттү.  “Бизди алдын-ала сүйлөшүп, бийликти басып алууга аракет жасаган адам катары көрсөткүлөрү келүүдө. Ойдон чыгарылган жалаа. Анткени, булар ошол “сговор” катары тандап алган күнү, башкача айтканда 2012-жылдын 25-сентябрында мен Тажикстанда болгом. Тийешелүү документтер толугу менен сот ишине тиркелген”,- дейт Т.Мамытов.
 
Мамлекеттик айыптоо адатынча Мамытовду адаштыруу максатында бир катар провокациялык суроолорду берди. Маселен, “эмнеге сиз өткөзүү-киргизүү посту аркылуу кирген жоксуз да, тосмодон ашып түштүңүз?” – сыяктуу. Талант Мамытов билдиргендей, жумуш кабинетине киргизбей койгондуктан гана ашып түшкөн. Ошол учурда аны Ак үйдү кайтарган атайын кызматтын кызматкерлери тегеректеп, ур-тепкиге алышкан. Экспертизанын жыйынтыктарын Мамытов сотко берүүгө даяр экенин кошумчалады.
 
Соңку сөз ордуна
 
Сотто үч депутаттан кийин көрсөтмө берген генерал-майор Кубатбек Кожоналиев конкреттүү фактылар менен бул процесс бийликтин буйругу менен ишке ашып жаткандыгын далилдеди. Кийинки процесс 7-июнда уланат. Айтаарыбыз, сот процессинде камактагы депутаттардын күнөөсүз экендиги дагы бир ирет ачык көрүндү. Ошондуктан, Бишкек шаарды сотунун чечимин коомчулук бир гана жагдайдан улам күтүүдө: бийликтин айтканын аткарабы же атуулдук позициясын сактап, акыйкат чечим чыгара алабы?
 
Адилет Нуржигитов
Булак: "Майдан.kg"