Барпылыктардын “Ата-Журт” мекенчил партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты, саясий туткун Камчыбек Ташиевге эстелик тургузуу демилгеси коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Айрымдар: “адамга көзү тирүүсүндө эстелик орнотулбайт”,- десе, көпчүлүк талдоочулар элден чыккан демилгени колдошуп, “азыркылардын арасынан бул урматка татыса бир гана Камчыбек татыйт”,- деп турушкан чак.
 
Келечекте айылдык кеңеш депутаттарынын демилгеси ишке ашаарынан шек жок. Алар деле кыргыздын илгертен келе жаткан “адамга көзү тирүүсүндө эстелик тугузулбайт”,- каадасын жакшы билгени менен, муну айла кеткендеги, бийликтин акыл-эстен ажырап, маңкурт кебетесин кийгенине кыжыры келгенден жасалган кадам катары кабыл алуу кажет. Анткени, бийликке жүз миңдеген адамдар Камчыбек Ташиев баш болгон “ата-журтчу” депутаттарды абактан актап бошотуу талабын коюп, канча ирет элдик жыйынга чогулса да, Ак үй адатынча артын салып, коомчулуктун пикирин түкүрүп да ойнобостугун көрсөтүүдө. Мына ошондуктан эл дүйнө коомчулугунун көңүлүн абактагы саясий туткундарга дагы бир жолу буруу максатында ушул кадамга барганын баамдасак болот. А экинчи жагынан алып караганда, чынында Камчыбек Ташиев элдин мына ушундай зор колдоосуна татыктуу саясатчы. Буга анын 2010-жылдын июнь айында өлкө түштүгүндө орун алган кайгылуу окуяларды токтотууда жасаган эрдик кадамдары таасын далил боло алат. Өз өмүрүн тобокелчиликке салып жатып, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү жашырынып, ысык чай менен “жинди суудан” бошобой турган чакта К.Ташиев Сузактагы өзбек журтуна каршы агылган калың элди: “өткүңөр келсе мына мени өлтүргүлө да, өтө бергиле”,- деп жатып, кармап калган. Башка адам болгондо угушмак эмес. “Санпа” пахта заводунун тушундагы кыргынды да Ташиев токтоткон, ок атып жаткан өзбектерге куралсыз кирип барып. Мына ошол баатырдыгы үчүн да эстелик орнотуп койсо эч ким жаңылышпайт.
 
Дагы бир жагынан алып караганда, Камчыбек Ташиев канча жылдан бери көтөрүлүп келе жатса да, ордунан козголбой келе жаткан “Кумтөр” маселесине терең кароого бардыгыбызды түрттү. Буга чейин далай саясатчылар бул маселени көтөргөнү менен, эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Бир гана К.Ташиев 3-октябрдагы кыймыл-аракети менен “Кумтөр” маселесине башкача аракет жасоого бийликти, коомчулукту ынындырды. Бул жагынан, анын жактоочусу Икрамидин Айткулов айткандай, “Ташиев – эффективдүү саясатчы” экендигин далилдей алды. Өз эркиндигинен кол жууп олтурса да, Ташиев келечектеги кыргыздын урпактары үчүн өтө чоң иш жасай алды. Абактагы депутат Садыр Жапаров туура белгилегендей, “азыр баары Ташиевди дарбазадан ашып түшкөндүгү үчүн шылдыңдаганы менен, учуру келгенде, 5-6 жылдан кийин ал улуттук баатырга айланат”. Акыйкатты өйдө койгон Садыр Нургожоевич болгону мөөнөттөн гана жаңылыптыр, анткени, Ташиев 5-6 жыл эмес, азыр улуттук баатырга айланууда.
 
Бийлик анткен менен, Ташиевди таяныч катары эмес, чоң коркунуч катары кабыл алды. Болбосо, мына ушундай эл камын жеген адамдарды тегерегине чогулта алганда, азыркыдай кемелери чөгө баштамак эмес. Эки жүздүү, кошоматчы кадрларды айлана-тегерегине топтоп алгандыктан эки жолу ажо качкан кыргыздан. Эмнеге ушул буларга сабак болгон жок? Эмнеге алар Акаев менен Бакиев таптап кеткен жолго түшүп, элдик саясатчыларга кутум уюштуруп, камап, 37-жылды эске салышат? Өздөрү деле ушундай куугунтукту башынан кечирбеди беле. Канча ойлосок да, буларга эч кандай жооп жок. Же бийликке “ажыдаарды” жеңгени баргандын баары эле кайра өздөрү ажыдаарга айланып кетишеби?
 
Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдун абактан чыгаар күнү да келет. Маселе – алар кандай жол менен чыгаарында. Бийлик эл талабын угуп, жасалма кылмыш ишин токугандарды жазалап, саясий туткундарды бошото алабы? Буга эрки жетпесе, башка жол турат – эл өзү бул азаматтарды бошотуп алат. Эстелик тургузуу чечиминде да ушундай коңгуроо кагылды. Кеч бололекте ойлонушса боло бай болгурлар. Өздөрү деле көрүп турушпайбы, канча сындырам десе да, Камчыбек Ташиев сынбай тургандыгын далилдеп жатат. Ага кошоматтанып, сыз камерадан ооруканага которолу дешкенде да баш тартып койгондугунан эле Ташиевдин эрки бекем экени билинип турат. Сындыра албашына көздөрү жетти, кармап эмне кылышат? Балакетти баштагандарды жазалап, жоопкерчиликке тартып, чыгара бер да. Буга бийлик төбөлдөрү бара албай калды окшойт. Анткени, укташса да түшүнө Ташиев кирип калган. Алар Ташиевден коркот. Мына анын эмдигиче камакта олтургандыгынан себеби...
 
Адилет Нуржигитов
Булак: “Майдан.kg”, №018 (100), 15.05.2013-ж.