Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 2359
Жаз келгенден бери Мамлекетте бийлик жана коом тараптан ММКлар өзгөчө КТРК аркылуу берүүлөрдү байкасаң истериялар бийлик, коом тараптан күчөгөнү байкалат. Бийлик Атамбаев баш болуп кыйкырыктын күчөгөнү  4-мартта Сотторду реформалоонун жыйынындагы айкырыгы «Как вообще в Кыргызстане можно БЕЗНАКАЗАННО говорить о возможном насильственном захвате власти» ого беш бетер күчөтүп жиберди. Ага коомдо пайда болгон имиштер, марттын башында болуп өткөн митингдер себеп болду окшойт. Президенттин бул айкырыгынын таң калтырганы коркконго кош көрүнгөнсүйт. Эмне себептен Атамбаев ушундай айкырык салат деген суроолорду туудуруп жатат.
 
Атамбаев митингден коркпош керек эле. Себеби өзү бийликке митинг, демонстрация “кетсин эле кетсин” деген кыйкырыктар менен келди эле го. Эл митингге чыгууга укуктуу.  Качан Атамбаевге бийлик керек болгондо гана митингге уруксат берилип, башка убакта андай укуктан калк ажыраганбы деген суроолорду пайда кылгансыйт. Өзгөчө Атамбаевди 24-мартта Жалал-Абаддагы 15 миң киши катышкан митинг коркутуп койду окшойт.  Себеби президент Атамбаев жакшы билет, Кыргызстанда бийликке каршы окуялардын баары Жалал-Абаддан башталаарын. Анткени, өзү да катышып жүргөн, төрт жагынан төрт киши жөлөктөп.
 
Президент өзү туура талдап, жөн эле кур ооз чакырыктар менен көчөгө чыкпагыла деген чакырыктардын ордуна “эмне үчүн эл чыгабыз деп жатат?” деп анализ кылса, туура иштерди жүргүзсө митинг, демонстрацияларга жол болбой калат эле. Тилекке каршы андай болбой жатпайбы. Эми элдин митингге чыгып жаткан себептерине токтолсок.
 
1. Кадр саясаттарында - өтө көп мүчүлүштүктөр кетип жатканы, өзүнүн тегерегине баякы эле элге белгилүү кошоматчыларды жыйнап алып иш алып барып жатканында, ал жөнүндө көп эле жазылып, айтылып да жатса көңүл бурулбаганында. Ал эмес өзүнүн жакын досу болуп жүрүп чындыкты жана кемчиликтерди айтса андай кишилер четтеп калышында. Же андай достор Атамбаевге бийликке келээрде, революция кылаарда гана керек болгонбу? Ал эми бийликке келгенде чындыкты бетке айтып, Конституциянын ак аткарылышын талап кылган досторунун кереги жок болуп калаары – Атамбаевдин жүзүн айгинелеп турбайбы.
 
2. Коомду тынчсыздандырганы Кытайга барып алып Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун салам деп берген убадасы, элдин пикирин эске албай темир жолдун ТЭОсунан бери даяр болуп калышы. Буга  эмне үчүн элдин кеңири тобу каршы болуп жатат? Себеби Атамбаев билбесе эл билет Кытай өлкөсүнүн саясатын. Кытай бийлиги доспуз деп жакшы мамиле жасаганы менен акырындап ушуга окшогон долбоорлор менен кирип алгандан соң, кылымдар бою келе жаткан Кыргыздар жок болуп кетишине шарт түзүлөт. Буга мисал, бизге кошуна болуп келген Синзян уйгурлар автономиясында 50-жылдарда 40 миллиондон ашык уйгурлар болсо 2010-жылдагы маалымат боюнча жети эле миллион уйгурлар калган. 50-жылдан бери Кытай бийлиги 50 миллион кытайды Синзян уйгур районуна көчүргөн,  уйгурлардын көтөрүлүшүнөн кийин Кытай бийлиги дагы жети миллион кытайларды көчүрүп алып келиш үчүн чечим кабыл алды. Муну менен кытай бүт уйгурларды жок кылууга алып келип жатат. 40 миллион уйгурду жок кылып жаткан кытай үч миллион кыргызды оңой эле жок кылбайбы. Андан башка Кыргыз бийлиги акыркы жылдарда бир миллиард долларга жакын кредит алып жибериптир. Кыргызстандын эки миңден ашык кичи-чоң алтын кендерин көпчүлүгү кытай ишкерлери иштетип жатат. Алар кантип кытайлардын колунда болуп калган? Эмне үчүн Атамбаев бийликке келгенден бери бул жакта тартип орнотпойт? Мыйзамсыз, экологияны көз көрүнө бузуп жатышат, кендин баарын ташып кетип жатышат. Кытайдын технологиясы дүйнөдө эң начар экени белгилүү эмеспи. Ошондой сапатсыз, начар технологияны колдонуп, элибиздин ден соолугуна, айлана-чөйрөгө оңбогондой  зыян келип жатса , анысы аз келгенсип алтын түздөн-түз уурдалып жатса эмне үчүн Атамбаев бүт бийликти колуна топтоп алып эч чара көрбөй, оозуна упчу салып алган адамдай болуп олтурат? Кытайдын айлана-чөйрөгө жасаган мамилеси бүт дүйнөгө белгилүү. Мисал үчүн алыс барбай эле коёлу. Бүгүн Кытайдын борбору Пекиндин экологиялык ахвалы  дүйнө жүзүнө көрүнүп турбайбы. Ар бир алтын кендин жана башка кирпич, жол проектилеринде жалаң эле кытайлар иштешет да кыргыздар жумушсуздуктун айынан бөлөк өлкөлөрдө тентип жүрүшү керек. Жамандын коногу бийлейт дегендей кытай ишкерлери кыргыздарды сабап жатса да эч кандай чара көрүлбөй жатат (Өзгөндөгү жана Кеминдеги жана башка жерлердеги окуялар). Эмне себептен ушундай көрүнүштөр үчүн эгемендүү өлкө болсок да мыйзамдарыбызды сыйлабагандарды, өзүн-өзү билип, төрүбүзгө өтүгүн илип жаткандарды өлкөдөн чыгарып жибергенге кудурет жетпей жатат?  Же баарын кытайлар сатып алып койгонбу? Өзгөндөгү кытайлардын кыргыздарды сабаганы боюнча ушул убакка чейин жыйынтык жок. Кытайлардын кылган кылмышы жабылып калганбы?
 
Ушул жерге келип иштеп жаткан чет элдик жарандар Кыргыз тилин, кыргыздын маданиятын, үрп-адатын билгендин ордуна, аларга ушундай шарт  койгондун ордуна, бийлик ушулардын сөзүн сүйлөп жатышат. Эгерде мурунку бийликти коррупционер катары күнөөлөсөк, бүгүнкү бийликтин деле алардан эч кандай айрымасы болбой жатпайбы. Бул жөнүндө туурасын айткан кишилер куугунтукталып, кошоматчы ММКлар аркылуу жамандатып жаткан бүгүнкүлөрдүн мурункулардан айырмасы кайсы?
 
Сот реформасын жүргүзөбүз деп аны андан бешбетер ашмалтайын чыгарышпадыбы. Өзүңөргө ыңгайлуу кишилерди коюп алдыңар. Буга мисал соттор кеңешинин жетекчиси Шамарал Майчиев СДПК партиясынан шайланган. Тилекке каршы  булар коомдун талабын аткара алышпады, ошондуктан көптөгөн сын пикирлерге дуушар болушту, коом тарабынан да, бирге иштешкен коллегалары тарабынан да. Сот кеңеши өзгөчө дискридитацияга туш келди. Буга далил катары жогорку соттун төрага орунбасары Г. Калиева соттор кенешинен судьялыкка кантип өтүп жатышканын айдан ачык айтып таштады го. Сот реформалоо эмес эле  жөн гана президентке ыңгайлуу кишилер өтүп жатканына дагы бир мисал – жогорку соттун жетекчилигине Тургунбеков дегендин өткөнү. Бул киши Акаев-Бакиев бийлигине өтө берилип кызмат кылгандардын бири. Буга окшогон мисалдар толтура болуп жатпайбы. Дагы бир мисал, “Ажо министрлерге “Кызматка жакын туугандарыңарды, досторуңарды алып келүүдөн ишти баштабагыла” деп айтып алып, өзү баңгизатты көзөмөлдөөчү агенттикке кудасы Алымбай Султановду алып барып олтургузган. А. Султанов кандай иштерди жасап жатканы тууралуу маалыматтар ушул күнгө чейин белгисиз болчу. Ажонун кудасынын Сабыр аттуу аткошчусу жакында Казакстандан ири көлөмдөгү баңгизат менен кармалыптыр. Бул биздин өлкөдө сөз болбой жатканы менен казактарда катуу талаш-тартыш болуп жатканы айтылууда. Сабыр деген шефтери үчүн өзү баңгизатты саттырып жүрчү экен деген версияны казак туугандардан уктук.” Муну “Кыргызстан бүгүн” деген сайты ачык эле жазып чыкты го: “Урматтуу Алымбай Султанов, казактарда айтылып жаткан версия канчалык деңгээлде чындыкка төп келет? Сабыр деген жигитти тааныйсызбы же жокпу? Өз жообуңузду айтпасаңыз, көпчүлүк чын эле ушундай окшойт деп ойлоп калышы ыктымал.” 
 
Биз убагында президент Бакиевди  сындадык элек кудасы Айтбаевди КГБнын башына коюп алганы үчүн коррупция деп.  Султановдун ГСКНын башчысы болгону ошого эле окшоп жатпайбы. Бул эмне коррупция эмеспи? Анда сиздин коррупцияга каршы күрөшүңүз канчалык чындык? “Баягы, баягы Баялынын таягы” дегендей эскиче эле жалган күрөш болуп калып жатпайбы.  Бакиевдин кудасы Айтпаевдин КГБ башына коюлганы менен Султановдун ГСКН дин башына кызматка коюлушун салыштырса анда Атамбаев менен Бакиевдин айырмасы эмнеде? Акаев убагында уулу Айдарды спорт комитетке жетекчи кылып шайлатты эле, аны туурап Бакиевдин уулу Максим да ошого окшогон жерге барган болчу. Эми сиздин күйөө балаңыз Семетей Султанов ушуга окшогон жерге барганда сиз дагы Акаев-Бакиевге окшоп “мен билбептирмин” деп койдуңуз.  Сиздин кадр саясатыңыз мурунку ажолорго жакын болуп жатат.
 
Ошол эле убакта коррупция күчөгөндөн күчөп жатпайбы. Мына жакында эле Бишкек шаарында бир канча жердин мыйзамсыз берилгенин, болгондо да берилбей турган эс алуу багынын аймагындагы жерлер берилгенин, ага түздөн- түз сиздин жакын досуңуз, шаардын мэри Иса Өмүркуловдун тиешеси бар экенин  Мавлян Аскарбеков жана СДПК депутаты Тербишалиев айтып чыгышты. Эмнеге мындай маалыматтар үчүн иш козголуп тергелбейт? Ал эми мэр Өмүркулов камсанабайт же сизге жакын адам болгону үчүнбү? Ошол эле убакта мэр Иса Өмүркуловго Солто коому Бишкектен жер сурап Бишкек баатырга эстелик орнотолук деп кайрылса, аларга жооп жок? Кыскача айтканда Солтолор бүгүн Өмүркуловго өтө нааразы. Сиз бир канча жолу айттыңыз эле  “менин башкаруумда кол тийбестик болбойт” деп. Буга чыдабай өмүрү тынч жатышкан солто коому да митингге чыгып нааразычылыгыбызды жеткиребиз деп кам көрүп жүрүшөт экен.
 
“Кумтөр” маселеси Кыргыз элиндеги эң көйгөйлүү маселелердин бири. Бул маселеге быйыл жыйырма жыл болот, токтолбой көтөрүлүп келе жатканына. 1993-жылы ошол кездеги легендарлуу парламент ызы-чуу салганда, премьер-министр Чынгышевдин Өкмөтү отставкага кеткенге мажбур болгон. Себеби ошол кездеги түзүлгөн алтын комиссиясына президент Акаевдин түздөн-түз тиешеси бар экенин далилдеген.  “Кумтөрдү” Акаев өзүнүн кызыкчылыгына иштетиш үчүн 1994-жылы парламентти таркатып, 1993-жылы кабыл алынган Конституцияны бурмалоо жолу менен өзүнө ылайыктап алган. Ошондон бери Акаевдик-Бакиевдик бийлик өз кызыкчылыктарына иштетишип келе жатышканын сизди жакшы билет, бир канча жолу “Кумтөр” денонсациялоо болсун деген талапты колдойт деген сизден үмүт чоң эле, тилекке каршы сиз колдобой жатасыз. Ошондуктан,  Бекназаров баштаган «Эл үнү» кыймылы Конституциянын негизинде он миңден ашык кол топтошуп ушул эле маселени Парламентке киргизип талап кылганы үчүн ал жөнүндө кандай гана жалган маалыматтарды сизге баш ийген маалымат каражаттары таратып жатышат. “Кумтөрдүн” талашындай маселени өткөн жылдары эле Латын Америкасындагы Перу, Аргентина мамлекеттеринин президенттери улутташтырып салды элдин талабын аткарыш үчүн. Мына элдин кызыкчылыгын ойлогон президенттер. 
 
Коррупция Кыргызстанда гүлдөп өсүп, Акаев-Бакиевдин учурунан да өтүп баратканын 11-апрелдеги Жогорку Кенештеги Батукаевдин тегерегиндеги чатак айгинелегенсийт. Бийликтин Батукаев үчүн тез арада, иреттүү иштеп, баардык тиешелүү мамлекеттик органдар тыкан аткарганына караганда бүгүн деле сиздин бийликтин баарын колуңузга алганыңыз менен криминал өлкөнү башкарып жаткандай сезилип калды.  Же бийлик ошолор менен биргелешип иштеп жаткансыйт. Бийликтин бүт тармактары ал эмес Башкы прокурор дагы кынтык таппай жатканында бийлик алдын ала даярданганы көрүнүп турбайбы. Бул жерден суроо туулуп жатат. Эмнеге бийлик Батукаев үчүн ушунчалык жанталашып аракет кылат дагы Өзгөндөгү, Кеминдеги кытайдан сабалган кыргыздар үчүн  чара көрмөк түгүл эстеп дагы коюшпайт? Депутат Келдибеков айткандай депутат Түлеев канча айдан бери ооруп жатса да ага тескери мамиле болот? Эмне Түлеев пара талап кылышканын айтып койгону үчүнбү? Депутат  Равшан Жээнбековдун бир жарым миллион доллар тууралу берген маалыматында тастыктады, бирок ошол эле сессияда 6 миллион жөнүндө да сөз болду. Батукаевди бошотуш үчүн ушул маалыматтарда чындык бар экенин айгинелейт. Баарынан таң калыштуусу башкы прокурор Салянова алдын ала тергебей туруп эле Батукаевдин чыгышында мыйзам бузулбаганын айтканы, күмөн  саноону ого бетер күчөтүп жибербедиби. Бийликтин мындан мурун эле криминал менен байланышы бар экени жазылып жүргөн, эл арасында да көп сөз болуп келаткан. Ага мисал, Атамбаев бийликке келери менен өзүнүн жан сакчысы Мамбеталиев Эркиндин өмүр бою кесилген жеринен тез арада бошогону эл арасында элек жок дегендей эле сөз болуп жүрөт. Эми анысы аз келгенсип акыркы убакта эл аралык издөөдө жүргөн Камчы Көлбаев жөнүндө көптөгөн маалыматтар чыгууда. 
 
Азыр коомдо   «Эл үнү» кыймылы колдогон  жана 12 миңден ашык кол топтоп Жогорку Кенештин сессиясына  «Кумтөрдү” денонсациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун киргизип, аны «Ата-Журт» фракциясы колдоп, чечим чыгаргандан бери, бул демилгени колдоо үчүн 12 миң киши Жогорку Кенештин алдына келет деп Бекназаров жарыялагандан кийин ар кандай маалыматтар чыга баштады. Маселен, Акаев убагында ак кепкачандарды митингчилерге каршы даярдаса , Атамбаев кара кепкачандарды даярдап жатат деген. Муну даярдап жаткандар Атамбаевдин жан жөөкөрлөрү Кулмурзаев, Мамбеталиев дегендер деген сөздөр көбөйдү. Дегеле сиздин жүрүш-турушуңуз, жасаган иштериңиз, тандаган кадрларыңыз Акаев-Бакиевдер салган жол менен бараткандай.
 
Ал эми Жогорку Кеңештин күнүнкү отурумунда болгону 20-30 гана депутат катышып мыйзам кабыл алынганы, ага президент кол коюп жатканы, президент менен жогорку кенеш кабыл алган мыйзамдар эч кандай талкууга алынбай чийки бойдон өтүп жатканы, ал депутаттардын саякаттап дүйнөнү кыдырып эбегейсиз чоң бюджетти ысырап кылып жатканы элди кыжырын күчөтүп жаткандан жаткан.
Мына ушуга окшогон көрүнүштөр бийликке ишенбөөчүлүктү тез арада башкача айтканда үч жылдын ичинде бийликтин абийирин кетирип, мындай бийликти кетириш керек деген сөз күндөн күнгө күчөп жатат.
Ошондуктан Сиз Урматтуу Атамбаев мырза, тез арада чыныгы революциянын талаптарын аткарчу жолго түшүп, эл талап кылган маселелерди аткарбасаңыз, сизге күндөп эмес, саат сайын элдин кыжыры кайнап, күчөп албууттап кетиши мүмкүн.
 
“Жаңы-Багыт” партиясынын лидери
Рамазан Дырылдаев