Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 2585
Учурда коомчулуктун бүйүрүн кызытып жаткан “Батукаев операциясы” жогорку деңгээлде даярдалып жаткандыгы мындан туура 1 жыл 2 ай мурда, тагыраагы 2012-жылдын 15-февралында “Кереге” гезитинин башкы редактору Кубаныч Зайнидинов тарабынан айтылган болчу. Президент баш болуп кыргыз гезиттерин “ушакчы” атагандыктан, коомчулуктун да башы айланып, “аа, булар жаза берет турбайбы”,- дегендей бул орчундууу маселеге эч ким ошол убакта башын ооруткусу келген эмес. Жыл айланбай ошол макалада көтөрүлгөн көйгөй турмуш чындыгына айланып олтурат.
 
Ошондо чындыкты айткан гезиттер жакшыбы же ага кулак түрбөгөн бийликпи? Эсиңизде болсо, Акаевдин да, Бакиевдин да бийлиги кулаар алдында гезит беттеринде ушуга окшогон чындыктар жайнап кеткен болчу. А кезде азыркы ажо Атамбаевди да тегеректеп жүргөн кошоматчы сөрөйлөр “ээ буларга ишенбегиле, ойдон чыгарып жаза беришет”,- дешкен. Кудум ошол көрүнүшкө азыр да күбө болуп олтурабыз. Бүгүнкү күндө “Батукаевди ким бошотту”,- деп калп эле чырылдамыш этишип, комиссия түзүп, садага чабыла турган сары улак издешүүдө. Ушундан кийин бет калдыбы буларда? Биз да сөздү узартпастан, “Кереге.kg” гезитинин баш редактору К.Зайнидиновдун 1 жыл 2 ай мурун жарык көргөн “Бабанов белгисиз учак ичиндеги адам менен жашыруун эмнелерди сырдашкан?”,- аталышындагы макаласын кайра окурман журтчулугуна сунуштайбыз. Окуп, кептин төркүнү кайда жатканына бир күбө болуңуз.
 
КГБ (“Кыргыз гезиттер биримдиги”)
 
 
Бабанов белгисиз учак ичиндеги адам менен жашыруун эмнелерди сырдашкан?
 
“Алма сабагынан алыс түшпөйт”,- деген кеменгер кыргызым. Калетсиз кеп, эй. Кыргыздын ар бир кеби теңдешсиз философияны камтып, чоң маанинин чордонунда турганы анык. Жыйырма жылдан бери шордон арылбаган кыргызым, адилет, калыс, таза бийлик жүргүзгөн башчыларга зарыгып келет. Ооба, союз тарап, эгемендүүлүктү эңип алып, "Өз бетимче бийлик жүргүзөм"-деген күнөстүү Кыргызстан ошол кездеги союздаштарынан атчабым алдыга озуп чыгып кетчүдөй түр көрсөткөн эле. Бирок, бийлик башына келген "өзгөчө мыктыларынын" айынан күнү бүгүн да баш көтөрө албай, экономикасы эңгиреген абалга кептелип, миллиондон ашуун атуулдары чет өлкөлөрдө кара курсактын айынан кайыгып жүрүшөт. Буга ким күнөөлүү?
 
Жыйырма жылдын ичинде куру кыйкырык, убадалар менен курсак тойгузган, амбициясы аттын башынан ашып, элди авторитаризмдик тууларынын астына чөгөлөткүсү келип, ашкере эсирип кеткен "башчы" сөрөйлөрдүн айынан карапайым калк эки ирет оор ыңкылапты башынан өткөрүп, ага катарлаш эле улут аралык ынтымакты сактай албай, бүтүндөй дүйнө элине "канкор, жырткыч" атыгып отурат. Буга ким күнөөлүү?
 
Төрөлө элек урпактарыбызга чейин карызга батырып, же ал карызга алган акчасына өндүрүштү өйдөлөтпөй, же айыл чарбасын алдыга сүйрөбөй, мамлекетибизди ден-соолугунда мандеми бар балача арабөк абалга калтырганга ким күнөөлүү?
 
Суроолор оголе көп. Арийне, бир гана жооп бар. Бийликтегилер!
 
Бир эмес, эки ирээт ыңкылап кылдык деп төш кагып атабыз. Улам ыңкылап болгон сайын, "Мурункулар силерди кууратып жаткан, эми биз жыргатабыз"-деген топтор да көп. Бирок, буга да бир эле жооп бар. Али эч ким жыргатып, же өзгөртүп жибере элек. Себеби, Кыргыздын бийлик башчылары эзели мурункудан сабак албайт өңдүү.
 
Улам калк үмүтүн артынып чыккан лидерсымактарыбыздын ар кандай кадамдарынан улам бийликти тизгиндеген билермандарыбыздан калктын көңүлү үч көчкөн журттай эле калып бүттү. Бүгүн да бийлик билермандары тээ мурункулардын тас кейпине түшүп бараткан өңдүү. Сөзүм куру болбос үчүн, учурда өлкөнүн патриоту, мекенчили, лидери катары көрүнгүсү келип аткан баш-баканыбыз Бабановго тиешелүү бир маалыматты алдыңарга тартууга туура келүүдө.
 
Маселе айкыныраак болуш үчүн мен макаламды бир аз артка чегинүү менен баштасам… Билебиз, апрель ыңкылабынан соң Кыргыз бийлиги уюшкан кылмыштуу топторго каршы согуш жарыялаган. Бирок, бир топ жаш, спортсмен жигиттерди камап, тагыраагы чабактарын баса калышып, каймактарына батынып бара албай, качты кылып кутулушкан. Бир эсе "караларга" карата жарыяланган бул "СОГУШ" учурунда калк катмарынан бир топ эле колдоого алынып, жылуу пикирлерди жаратканы ырас. Анткени Бакиев бийлиги учурунда "каралар" бийлик менен "жылаңайлак" катышып, коомчулук тургай, өлкө келечегине да бир топ коркунуч туудуруп койгон эмес беле. Эстеп көрөлүчү… 2005-жылдын июнь айында айтылуу авторитет Рыспек Акматбаевдин иниси, ошол кездеги ЖКнын депутаты Тынычбек Акматбаевге жана жаза аткаруу кызматынын башчысы Икматулло Полотовго №31 түзөтүү колониясынан кол салуу болуп, каза табышкан. Аталган колонияда ошол кездеги КРнын премьер министри, "темир генерал" Феликс Куловдун "табакташы" катарында сыпатталып жүргөн Азиз Батукаев аттуу чечен "көзөмөл" жүргүзүп турган. Бийлик ээлеринин белине казыкты матыра каккан ал адамга батынып эч ким бара албай коюшкан. Премьер-министр башы менен Кулов өзү колониядагы Батукаевге барып жолуккан соң гана маркумдардын сөөгү сыртка чыгарылганы али эсибизде эмеспи.
 
2005-жылдагы революциядан соң мына ошол кадамдары менен өзгөчө чоң темага айланган Батукаев бүгүн да Кыргызстандын башбаканы, премьер-министр Бабановду "чөгөлөтүп", кайрадан чоң темага айланып туру.
 
Мага жеткен маалыматта өткөн бейшемби, 9-февраль күнү "Манас" Эл аралык аэропортуна белгисиз самолёт келип конгон. Самолёт конгону менен андан жан адам сыртка чыккан эмес. Бирок, самолётко кыргыз тараптан барандуу адам, "бадаркесин" (анын ичинде өрүк, мейиз, көйнөк-көнчөк, чепкен-калпак. ж.б.лар) көтөрүп барып, учактын ичинде узакка эзиле сүйлөшүп чыккан. Ал эми учактын ичинде Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун ишенимдүү кишиси, оң колу болуп жүргөн Адам аттуу киши болгон. Анын бул жакка келишинин максаты, Батукаевди батыраак Чеченстанга алып кетүүдө экендиги ачыкталган. Ал эми ага башын ийип барып, кол куушуруп учурашкан, айтылуу Максимчиктин кан досу, учурдагы бакыйган баш бакан Өмүрбек Бабанов болгон делинет. Учактагы сырдуу адам менен Бабанов Батукаевдин баасын ошол эле жерден чечишкендиги, кыргыздын кыйла кыраан жигиттерин тындым кылган Азиз Батукаевди Чеченстанга аман-эсен өткөрүп берүү үчүн Бабановго бир нече миллиондогон жашылбайлар сунушталгандыгы айтылууда.
Айтылган маалыматтын чын-төгүнүн биздин улуу урматтуу премьер-министрибиз Өмүрбек Токтогуловичтин өзүнөн сурап турам. Албетте, гезит аркылуу.
 
Урматтуу Өмүрбек Токтогулович, сиз мамлекетте экинчи адам болгон соң, өлкөнүн премьер-министри кызматын аркалап жаткандан кийин сизде "жеке кызыкчылык", же "жашыруун" деген иштер болбошу керек. Сиздин ар бир кадамыңыз элдин, коомчулуктун көз алдында ачык болушу шарт. Андыктан, менин бул суроолорума түз жооп бересиз деп ойлойм. Биринчиден, ал учак эмнеге жашыруун келген? Экинчиден, ал учактын ичинде кимге жолуккансыз? Үчүнчүдөн, эмне үчүн иш бөлмөңүздө эмес, белгисиз учактын ичинде сүйлөшүү жүргүзгөнсүз? Төртүнчүдөн ал белгисиз учактагы белгисиз коногуңуз менен эмне маселе боюнча узак сүйлөшүү-талкуу жүргүздүңүз? Бешинчиден, Батукаев менен кандайча байланышыңыз бар, жана аны Чеченстанга өткөрүп берүүдөгү эмгегиңиз канча миллиондорго бааланды?
 
Урматтуу Өмүрбек Токтогулович, балким бул суроолор сизге жакпастыр. Ошентсе да сиз коомчулукта өзүңүзгө карата жаралуучу терс пикирлердин алдын алып "Акты-ак, көктү-көк"-деп жооп берерсиз.
 
Ал эми кийинки соболдорум УКМКнын башчысы Шамил Есенжановичке жөнөтүлмөкчү. Белгисиз учак тууралуу сиздерде кандай маалымат бар? Өлкөнүн баш баканын алдына чакыртып келип сүйлөшкөн Адам деген ким? Премьер-министр аэропортко жөнөп жатканы жана чеченстандык конок менен жолугары туурасында сиздерге маалымат берилип, расмий протоколдо каралганбы? Берилсе эмне маселе, ким менен жолугушуу болору кандайча айтылган? Сиз мамлекеттин коопсуздугун жетектеген соң мамлекеттин экинчи адамынын ар бир кадамы тууралуу маалыматта болуп турушуңуз шарт. Анүстүнө сиздер билбей калгыдай учак катардагы учуп жүргөн чымын эмес да… Андыктан сиз да туура түшүнүү менен бул суроолорго кечиктирбей жооп берериңизге ишенем.
 
Сиздерди терең урматтап
"Кереге.kg" гезитинин
башкы редактору
Кубаныч Зайнидинов